АБУ-БАКАР Ахмедхан: Тоолуктардын эрмеги (аңгеме, которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ)

ЭССЕ

(Дагстан адабияты)

АЛИ-ГАЖИНИН АСКАСЫ
Алыскы айылдардын биринде жыйырманчы жылы Улуу Октябрь майрамын биринчи жолу белгилешти. Бул салтанатка байланыштуу сөз сүйлөө мурдагы батракка, айылдык кеңештин биринчи председатели Али-Гажиге тапшырылды. Ал эл алдына чыгар күнү, таңга жуук, али сүйүү рахатын татып көрө элек чагында, бирок эмне үчүн күрөшкө чыкканын терең сезген анын жападан жалгыз уулу, граждандык согушта алган жаратынан көз жумду. Али-Гажи аялына сыртка чыгып, эл көзүнө көрүнбөөнү эскертип, кайгысын муштумуна түйүп, аянттын ортосунда турган аска ташка, милдетин аткаруу үчүн башын жогору көтөрүп, чыга келди да, мындай деди:
– Буга чейин: «Бул менин майрамым!» – деп ар бирибиз айта турган мындай майрам элибизде эч качан болгон эмес. Сакляда азыр эле жалгыз уулумдун жан бергенине карабай – бул менин майрамым. Менин жана ушул жерде турган ар бирибиздин, элдин жана элдердин майрамы. Жашасын Октябрь – жер жүзүнүн мыкты уулдарынын каны менен алоолонгон эркин турмуштун таңы! Мен башкача айта албаганымдан ушинтип айтып жатам, бул майрамга татыктуу болгула, адамдар! – Ушинтти да, Али-Гажи башын сыймыктуу көтөрүп, аска таштан түшүп, үйүн көздөй жөнөдү.
Артынан бүткүл айыл үн-сөзсүз чубашты. Кедейдин биринчи жолку чыгып сүйлөгөн сөзү эмгиче элдин эсинде. Ошонун эстелиги катары айылдаштары ал аска ташты Али Гажинин аскасы деп атап коюшту.

СУКУР–СУРХАЙ
Даргинче «Сукур» сокур дегенди билдирет, а Сукур-Сурхай туулгандан сокур болчу жана айылдагы жолдун баарын кайдан башталып, кайдан бүтөрүнө чейин көздүүлөрдөн жакшы билер эле. Бирок түн ичинде сыртка чыкканда дайыма фонарь ала жүрчү.
– Сокур кишиге фонардын эмне кереги бар? – деп сурашат көздүүлөр.
– Мен муну өзүм үчүн эмес, силерге окшогон сокурлар үчүн алып жүрөм, антпесе мага урунуп, жыгып кеткен жатпайсыңарбы, –дептир Сукур-Сурхай.

ДЕҢИЗ
Кадырман Мирза-Ражаб шаарга барып калган күндөрдүн биринде небересине суроо бериптир:
– Кана, чүрпөм, мага айтып берчи, деңиз деген эмне?
– Деңиз дегенби? – небереси ойлоно калды. – Деңиз – бул суу.
– Суу дегениң го туура – суу, бирок тигине – графинде да суу, кранда да суу, суу түтүктө да суу, а деңизчи?
– Таптым, – деп кубанычтуу кыйкырды небереси, – деңиз, менимче, – бул эркиндиктеги суу.

КУДА БОЛБОСОҢ КОЁ КАЛ
Жогорку айылга барып жалгыз уулуң үчүн Халилдин кызына куда түшүп кел деп аялы эрин араң көндүрдү.
– Аныкындай жакшы кызды менин орунсуз уулума бер деп кантип уялбай айтам? Алар ошого макул болушмак беле?
– Ой, мен алар менен сүйлөшүп койдум, эми, салтты сактап, сенин барып кулдук уруп коюшуң гана калды, – деп безилдеди аялы.
Арга барбы, аялы айткан соң эри, аты Мустафа болчу, Халилдин саклясына көтөрүлдү. Халил аны кучак жайып тосуп алды, аялы жадырап дасторкон жайды. Анан дасторкон четинде Мустафа сөз баштады:
– Менин эмнеге келгенимди билесиңерби?
– Айтсаң билебиз.
– Оңтойсузданып турам, бирок айтпасам болбойт, уулум үчүн сенин кызыңдын колун сурап келдим, ошентсе да бир эскерте кетчү нерсе бар: эгер менин жүз кызым болсо, а сенин меникиндей жалгыз уулуң болсо, мен ага бир кызымды да бербес элем.

КООДОГУ КОРКУНУЧ
Бир чыйыр жол менен Кудагу деген айылдан бир жесир аял түшүп келатат, экинчи чыйыр жол менен Катагни айылынан бир тоолук жигит түшүп келатат. Анан эки чыйыр жол кан жолго келип кошулду да, экөө бирге сапар тартышты. Жигиттин жонунда көтөргөн казан, бир колунда колтугуна кыса кармаган тоок, экинчи колунда – таяк, ал аз келгенсип, мүйүздүү текени жетелеп алган. Жол коо аркылуу өтөт. Ушул жерге келгенде жаш жесир буйдалып калды.
– Кеттик, эмне токтоп калдың?
– Корком!
– Эмнеден коркосуң?
– Биз коонун ичине киргенде сен мени бирдеме кылып коёсуңбу деп корком… – дейт жесир, уялганынан бети чоктой кызарып, жоолугу менен калкаланып.
– Кайдагы немени айтасың, өзүң көрүп турбайсыңбы, жонумда казан, колтугумда тоок, экинчи колумда таяк, ал аз келгенсип жетелегеним теке болсо. Менин колум байлануу, коркпо, – деп жигит жесир келинди ынандырууга аракеттенет.
– Ооба, сага ишенип болобу… Таягыңды жерге саясың, ага текени байлайсың, казанды көмкөрөсүң да, тоокту бастырып коюп, анан мага кылгылыкты кылсаң ээ! Сага ишенип болобу!?
Бул айтылгандардын мааниси жигитке жетти да, кыйкырып жиберди:
– Мындай акыл менин оюма эч качан келбес эле!
Ошентип коонун ичине түшкөндө жигит таякты жерге сайды, текени ага байлады, казанды тооктун үстүнө көмкөрдү да, жигит каалаган ишти жасады. Анан экөө коодон аман-эсен өтүп кетишти.

КАЙСЫНЫСЫ МУРДА?
Гудеканда күндөрдүн биринде: жер жүзүнө дарак мурда пайда болгонбу же мөмөсү мурда пайда болгонбу? деген талаш жүрүп калды.
– Мөмөсү мурда пайда болгон, анткени анын уругунан дарак өсүп чыгат, – дешти бир даары, тим эле сөздөрдү күмүшкө чегелеп жатышкансып.
– Дарак мурда пайда болгон, анткени ал мөмөлөп, андан урук пайда болот, – дешти дагы бир даары, бул сөздөрдү тим эле мык менен кагып жатышкансып.
Ал эми Акылмандын уулу Сурхай бул талаш-тартышка көпкө чейин аралашпай четте турган, бирок талаш өтө эле тереңдеп, жер силкине турган болгондо, колун Сулевкен капчыгайы жакка жаңсап, мындай деди:
– Эй, достор, келгиле, тетиги капчыгайдын ичине топурак төгүп толтуралы да, бак тигели.
– Эмне дейт? Тетиги капчыгайдыбы?
– Тамашаңды койчу! Ал учу-кыйырсыз узак жана пайдасыз иш эмеспи!– деп чурулдашты тургандар.
– Ал канчалык учу-кыйырсыз узак болгон күндө да, силер бул талашыңарды чечип бүткүчө, – деди салабаттуулук менен Сурхай, – биз ал капчыгайга топурак толтуруп, түздөйбүз, бак-дарактарды тигебиз жана алчанын кайнатмасын дербент чайына татытып, ичип олтурган болобуз.

КӨРҮП АЛГЫЛА
Бир цудахарлык жыкжыйма өрүк толтурулган чабраларын эшегине жүктөп алып кетип баратыптыр. Аска боорундагы кууш чыйыр жолдон эшеги тайгаланып, туптуура эле күрпүлдөп агып жаткан дарыяга барып түшөт. Цудахарлык үнүнүн жетишинче кыйкырып, элди өзүнө чакыра баштаптыр. Жакын арадагы айылдардан келишкендер аны тегеректеп калганда, ал мындай дептир:
– Мына, айланайын эл-журт, мен силерди бул жерге чакырганымдын себеби, кийин силер менин башымды айландырып: бул кандайча, кай жерде болду эле, эшегиң кайсы аскадан кулап, кайда барып түштү эле дешпесин дедим. Мына, өзүңөр көрүп алгыла!
Ушинтти да, этеги делдейген кийиз калпагын көзүнө түшүрө кийип, жолуна түштү.

ЧИЙ КАЛПАК
Айылдын четинен кубачылык бирөөнө бейтааныш, бирок абдан сөзмөр, узун кулак бирөө жолукту. Саламдашып, кол алышып, демейде айтыла жүрчү: «Жашоо, ал-жай кандай, баягыдай эле устачылык кылып жатасыңбы? Билем, билем, силер бүт дүйнөгө атагы чыккан чеберлерден эмессиңерби, кубачылыктар. Баягы былтыр уулдуу болгон неме кандай турат? Мал-жаныңар кандай, чөп-чарды көп камдап алдыңар беле? Кышка даярдыгыңар кандай, таш көмүр тартып келип атышабы же баягыдай эле тезек жагасыңарбы? Баягы, ким эле атың өчкүрдүн, тазы айыкканбы?» деген сыяктуу суроолорду берип бүткөн соң, иши кылып, тоолуктар айткандай, босогодон морго чейин сурап билгенден кийин, бейтааныш кубачылыктан дагы бир нерсе сурап билгиси келди:
– Айтчы, бай болгур, айылыңарда акимиңер арбынбы?
Буга кубачылык ойлонбой туруп жооп берген имиш:
– Биздин айылда акимдер көпбү, азбы билбейм, тууганым, бирок сегиз киши чий калпакчан жүрүшкөнүн так билем.

ЖАҢЫЛЫП КАЛБАС ҮЧҮН
Илгери тоолуктар өздөрүнүн, кенедейлигинен айрым учурда кементайдын алдында калып издеттирген тектир талааларынан жарыбаган түшүм жыйнап алган соң, бирдеме иштеп табуу үчүн өрөөнгө, же балык кармоого, же жүзүмчүлүккө түшүшчү. Ошондой күндөрдүн биринде айылдын бир топ кишилери суунун жээгине тыным алмакчы болушат, убакыт – бешим намазынын маалы экен.
Алардын бирөө бут кийимин, бешмантын чечет, даарат алат да, кийимин жая салып, намаз окумакчы болот. Бирок кайсы жакты карап окуу керектигин унутуп калат да, кадырмандардын бирөөнө кайрылат:
– Айтчы, кудай жалгагыр, жаңылып калбас үчүн мен жүзүмдү кай тарапка бурушум керек?
А кадырман болсо мындай сапарда көп жүрүп, тажрыйбалуу болуп калган неме экен, мыйыгынан күлүп туруп айтат:
– Жаңылып калбас үчүн, кымбаттуум, сен кийимдериңди чечкен, бут кийимиң турган тарапка жүзүңдү бур! Анткени менин башыман өткөн: мен Каабага бурулуп намазга жыгылганда, кийимдерим жылан сыйпагандай жок болуп, сапарымды жыңайлак улагам.

АБДУЛ-АЗИЗ
Бул окуя тээ илгери, тоолуктар айткандай, жолдордо жырткычтар эмес, каракчылар жойлоп жүргөн чакта болгон. Төкөр Абдул-Азиз Таркама өрөөнүнөн арабага кап-кап оокат жүктөп, Сирагин тоолоруна кайтып келаткан болот. Трисанчин көпүрөсүнүн кулагынан аны каракчылар тосуп турат, аны канжар суурганга да үлгүртпөй, болгон оокатын тартып алышат, койдун терисин сыйыргансып, анын үстүндөгү черкескасын сыйрып алышат, анан келекелеш үчүн бийлөөгө мажбурлашат. Бечара Абдул-Азиз бийлөөгө аргасыз болот. Өмүрүндө үйлөнүү үлпөтүндө да бир жолу бийлеп көрбөгөн бечара көпүрө үстүндө жаналы калбай бийлеп кирди. Айланада бийчини сүрөп, алакандарын чапкылаган каракчылардын жапайы кыйкырыгы турду. Абдул Азиз токтоп, тигилерди жалооруй карады, бирок каракчылар боло турган эмес:
– Эми аялча бийле, – дешти.
Анда Абдул-Азиз мындай деди:
– Мен ансыз эле аялча бийлеп жатам. Эгер мен эркек болсом мени минтип шылдыңдап күлгөнгө силерге жол берет белем?

ЫРЧЫ ЦУДАХАРЛЫКТАР
Бул чыны менен эле ушундай. Цудахарлыктар ырды абдан жакшы көрүшөт. Эгер бирөө: «А-а-а-а!» – деп баштаса, аны баары дароо коштоп кетишет. Күндөрдүн биринде цудахарлыктар араба менен тоого баратышса, бирөөнүн буту арабанын дөңгөлөгүнө кыпчылып калат да, ал: «О-о-о-о!» – деп кыйкырып жибериптир. Ошол замат аны бараткандардын баары: «О-о-о-о!» – деп коштоп кетишиптир.

АРГАСЫЗ МОЮНГА АЛУУ
Эки дос, эки кошуна – Али жана Вали. Ошентип Алинин аялы эри менен бирге иштешкен Асият аттуу аял менен эринин байланышы бар деп шекшип, өзүнчө да, элдин көзүнчө да Алини жемелеп, жер жеберине жете бере турган болду. Али аялын тынчытып койчу деп досу Валиге кайрылды. Ошентип Вали досуна жардам бермек болду.
– Сен бекер эле эриңди тилдеп жатасың, Алинин Асият менен эч кандай байланышы жок.
– Сен менин көңүлүмдү жубатпай эле кой, мен билем, элдин баары билет, уялганыман элдин бетин карай албай калдым.
– Мен айтып жатпайымбы, андай эмес!
– Сен досуңду калкалап, калп айтып жатасың.
– Мына мунуң жарабайт, мен эч качан калп айтып көргөн эмесмин. Ишенсең, мен чынын айтып жатам.
– Сен калп айтып жатасың.
– Жок.
– Ооба.
– Биринчиден, сенин эриң менен Асияттын ортосунда эч нерсе жок, экинчиден, мен калп айткан жокмун, мен аны далилдейм.
– Далилде.
– Жарайт. Бирок бир шарт коём, сен мени калпычы дегениңди коёсуң жана эриңдин жер-жеберине жеткениңди токтотосуң.
– Жарайт, айт.
– Айтам. Айта албайт деп ойлойсуңбу. Сенин мени калпычы атаганың мага жагып жатат деп ойлойсуң го! Сенин Алиң, эгер ошончо эле билгиң келсе, Асият менен байланышын эчак токтоткон, азыр ал Забидат менен жүрөт.
Досунун бул жардамынан кийин эмне окуя болгону жөнүндө тарых унчуга элек.

ЭКЗАМЕН
Сессия эмне экенин билерсиңер? Ал дени-карды соо жөнөкөй адам бир жыл бою даярданып жүрүп билген нерсени студент бир түн ичинде билип алат дегенди билдирет. Ошентип сессияда профессор студентке төмөнкүдөй сунуш киргизди:
– Эмесе мындай, коллега: Экзамен деген эмне? деген бир гана суроого жооп берсеңиз, мен сизге башка суроо бербей эле коёюн.
– Экзамен – бул эки акылдуу адамдын маеги.
– А эгер алардын бирөө акылсыз болсочу?
Студент улутунду:
– Анда экинчиси стипендиясыз калды дей бериңиз.

ИШЕНҮҮ КЫЙЫН
Жай мезгили. Кадырман Мырза-Хажила Ражаб өзү мекендеген аскалары аркайган тоосунан Каспий жээгиндеги ызы-чуусу көп, гүлгө оронгон шаарга биринчи ирет түшүп келди. Келди да, бул кооз, бардыгы шайма-шай, ыр, күлкүгө карк күнөстүү шаардын көчөлөрүндөгү элдин көптүгүн көрүп, аң-таң калды. Аны ээрчитип жүргөн жанындагы жигитке суроо салды:
– Ой, бул шаарыңда деги канча адам бар?
– Бир жүз сексен миң жети жүз кырк беш, – деди жолдошу такалбай, сыягы, эл каттоого катышкан неме болсо керек.
– Калп! – деди карыя, таягы менен асфальтты «тык» сайып. – Карандай калп!
– Эмне үчүн, кадырман Мырза-Хажила Ражаб?
– Эмне үчүн экенин өзүң деле билип турбайсыңбы. Ойлоп көрчү, бири ары баратса, бири бери келатса, аларды саноого мүмкүнбү деги?

Которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ