АБУ-БАКАР Ахмедхан: Тоолуктардын эрмегинен (аңгеме, которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ)

КЕЛИНИМ УШУНДАЙ БОЛСО…
Отузунчу жылдары Дагстандын келин-кыздары эркиндиктин жолунда теңдиктин туу чокусун карай жаңыдан гана кадам таштай баштаган кез эле. Ырас, өздүк көркөм чыгармачылыктын оюндарына келе башташкан, бирок сахнага чыгып, ырдап-бийлөө деген, астахпырулла, андай шермендечиликке эч ким бара элек болчу; пьесаларда аялдардын ролун ал кезде жаш жигиттер аткарышар эле.
Күндөрдүн биринде, ал кезде али боз улан, азыр биздин белгилүү акыныбыз Шах-Эмир кыздын ролун ойноп чыгат. Ойногондо да ушунча жакшы ойноптур, оюнду карап олтурган энеси ушунчалык берилгендиктен бышактап ыйлап, жанындагы олтурган коңшусунан сураптыр:
– Бул уятсыз кимдин кызы болду экен? Эгер тигил тырың-пырыңдарын таштоого макул болсо, менин уулума мындан артык колукту табылбас эле!

РЕПОРТЕР ЖАНА ХУЖА-АЛИ
Редакцияга келип түшкөн бир макаладагы фактыны текшерүү үчүн Сутбук айылына репортер келди.Макалада жазылган киши гудеканда олтурган эле.
– Ырас болбодубу ушул жерде олтурганың, – деди репортер ХужаАлиге кайрылып. – Редакцияга сен жөнүндө материал түштү…
– Мен жөнүндө? Материал дейсиңби? – күтүүсүздүктөн ХужаАли бети-башын тырыштырды. – Менин кошуналарым бир нерсе чиймелешсе керек. Гм-гм, тим жүрүшпөйт да! Кана, алардын каалаганы эмне экен? Макул, мен жаш аял алыпмын, анда алардын эмнеси кетти, а?
– Жок, сөз ал жөнүндө эмес… – репортер мыйыгынан жылмайды.
– А-а, билдим, – деди Хужа-Али башын ийкегилеп, – колхоздун койлоруна өз койлорумду кошподум беле, ошону жазышкан го! Э-э?
– Жок, тапкан жоксуң…
– Токто, токто, дароо башыма келбегенин кара, – Хужа-Али алаканы менен маңдайын «тарс» чапты, – токойдон эки-үч бак кыйбадым беле, ошол жөнүндө го, ээ? Үч жыгач үчүн да кагазды карала кылышабы, гм-гм-гм, мына, кагаз баарына чыдайт деген ушу экен да…
– Ой, дегеле ал жөнүндө эмес, кымбаттуум…
– Анда эмне жөнүндө анан? – Хужа-Али колдорун эки жакка жайып, таң калды. – Дагы эмне кылып таштадым экен, эсимде жок.
– Макалада мындай деп жазыптыр, – деп акыры түшүндүрө баштады репортер: – Сен, кымбаттуу Хужа-Али, өткөн жумада үч карышкырды атып салыпсың да, колхоздун койлорун кыргындан сактапсың…
– Ооба, ооба, бул болгон, бирок анын эмне жаманы бар? Терилерин өткөрдүм да, тийиштүү шыбагамды алдым, бир тыйын ашыгы жок… – деп кабагын салып, кобурады Хужа-Али.
– Демек, баары жайында, – деди репортер, макалада карышкырлар жөнүндө эч кандай сөз болбосо да.

ШЕКСПИРДИН ДОСУ
Кадырлуу тоолуктар гудеканга чогулушуп, кыйын абалга туш келген, бирок эмне кылууну билбеген бир адам жөнүндө айтып жатышты. Абдул-Бари деген кадырлуу адамдын бири мындай деди:
– Мындай абалда менин бир досум: бар же жок деген эле.
– Муну Шекспир айткан, – деп каршы болду бирөө. – Эмне, сен анын досу белең?
– Эң жакын досум…
– Койсоңчу, сен эмне деп жатасың, анын өлгөнүнө төрт жүз жылдан ашпадыбы.
– Андай болушу мүмкүн эмес?!
– Дал ошондой.
– Капырай, мезгилдин тез өткөнүн карачы! – деди башын ойлуу чайкап, кадырман Абдул-Бари.

ЧОҢ ЭНЕ
– Чоң эне, космоско киши учту!
– Кандай киши экен ал? – таң калды чоң эне.
– Биздин советтик киши. Аты – Юрий. Алланын жоктугуна эми ишендиңби, ыя? – деп мойнунда кызыл галстугу бар небереси кубанычтуу кыйкырды.
– Чын элеби… Анда, неберем, сен кубанбай коё тур, ал кишиң али асманда да…– деди да, чоң эне маржан таш теспесин алып, бир нерсени шашыла күбүрөй баштады.
Тарыхта биринчи жолу космоско учкан киши жерге кайтып келди.
– Көрдүңбү, чоң эне, Алла деген жок бекен?
– Биле албайм, уулум, мүмкүн жоктур. Бирок мен жок деп айта албайм.
– Эмне үчүн? – деп таң калды небереси.
– Ошон үчүн, неберем… Мен биздин Юрий жерге кайтып келсин деп Кудайга жалынып жатпадымбы.

БИРИ КЕМ ЭЛҮҮ
Бечара Мустафа чабан кошунасына карыз болуп калды. Карызын алыш үчүн чабан ага балдарын, аялын жибере берди, а Мустафанын эч нерсеси жок жана эч жактан акча да алалбайт. Мустафанын саклясынын терезесинен шамал кирип, каалгасынан чыгып кетсе да эч нерсе илинбейт деп эл бекеринен айтышпайт да. Бирок кошунасынын тажатма талабы Мустафанын көкөйүнө көк таштай тийди.
Күндөрдүн биринде, Мустафа эртең менен саклясынан чыгып, куураган чычырканактарды, ар кандай тикенектүү өсүмдүктөрдү короосуна жаналы калбай чогулта баштады. Аны жайкы жайыттагы коюна бараткан кошуна чабан көрүп:
– Эй, Мустафа, карызыңды берейин деген оюң барбы? – деп кыйкырды.
– Эх, тажатып бүттүң го, кошуна! Сага карызымды бербей өлүп кетет дейсиңби мени? Андан көрө менин муунуп өлгөнүм жакшы эмеспи! Көрүп турбайсыңбы, ошо сен үчүн аракеттенип жатканымды – дубалды айланта тикенек чогултуп жатам. Жакында менин саклямдын жанынан жайкы жайыттан кыштоого койлор чубап өтө башташат. Койлор тикенектерди жөөлөп өткөндө жүндөрү илинип кала берет. Мен аларды чогултуп алам, аялым бул жүндөн мыкты килем согот, баалуу килем болот. Мен аны жайма базарга алып барып, кымбатка сатам. Сенин бири кем элүү сомуң мен килемден алган акчага салыштырганда эмне болуп калыптыр, чака тыйынчалык да эмес, мына ушул!
– Ошо чака тыйынчалык да болбойт, аның туура! – деп какшыктай күлдү чабан.– Мындан ары, кошунам, койлорду жайлоодон жакага түшүрөрдө кыркмай болушту.
– Мына, баарын бузду да койду. Мен айтып жүрбөймбү: турмуш – жакшы нерсе, эгер аны бири кем элүү сом үчүн сага окшогондор бузбаган болсо.

БАЗАР ҮНҮ
Акуша деген айыл алаканга салгандай көрүнүүчү дөңгө туруп алып, сирагиндик бирөө базар күнү товары өтпөй калганы үчүн айылдыктарды оозго алгыс сөздөр менен боктоп сөгүп жатты. Анын тегерегине сабырдуулуктары менен атагы чыккан салабаттуу акушиндиктердин бир кыйласы чогулуп калды.
Базарга келген бир цудахарлык топту аралап өтүп, акушиндиктин бирөөнө кайрылды:
– Бул жерде эмне болуп жатат?
– Мында бир сарагиндик бизди, акушиндиктерди, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып тилдегенин угуп жатабыз.
– Айтчы, кудай жалгагыр, ал менин айылым Цудахар тууралуу жаман бир сөз айтканын уктуңбу? – деп сурады цудахарлык, белиндеги канжарын оңтойлото кармап.
– Жок, жок, Цудахар тууралуу сөз кылган жок.
– Ошондой дейм да… болбосо ал дал ушул дөңдө өзүнүн көрүн казып калат эле. Бул, албетте, анча жагымдуу иш эместиги белгилүү, – деди да, цудахарлык топту аралап басып кетти.

ЖОЛДО
Губернатордун резиденциясы жайгашкан Дагстандын мурдагы борбору Темир хан Шуруга бараткан жолдо тоодон келаткандардын бир тобу баратты. Алардын ичинен вихриндик Али-Булат деген бирөө качандыр бир кезде ал жортуулга чыгып, ат уурдап жүргөндүгүн жолдо ката оозу тынбай айтып олтурду. Анан ал андан башка эч ким жолдо бир сөз катпай келаткандарын байкап, сапарлаштарына кайрылды:
– Бу силер эмне үчүн үн катпайсыңар, кадырмандар?
Ушул жерден ага ат уурдоочулардын үстүнөн губернаторго арызданганы бараткан цудахарлык жооп берди:
– Миң аскер үчүн бир эле айгак жетиштүү, кымбаттуум.

МИЛДЕТТИН КУРМАНЫ
Цудахарлык Амирхан мээрман, ак көңүл адам боло турган, кишиден жакшылыгын аячу эмес жана кайратман Хасбулаттын мыкты кошунасы деп эсептелчү. Ар базар сайын анын үйүнө Ирахиден достору келүүчү. Амирхан аларды кабыл алып, колунан келгени менен сыйлап узатчу. Ал эми ал Ирахи айылына барып калса, эч ким аны конокко чакырчу эмес. Бул жөнүндө тоолуктардын ар-намысын катуу сактаган жана башкалардан да ошону талап кылып, аны бузууга эч кимге жол бербеген Хасбулат угуп калат.
Ачуусу келген Хасбулат кошунасына мындай деди:
– Эй, Курбандын уулу Амирхан, сен мындан ары менин кошунам эмессиң.
– Эмне үчүн?
– Сен үйүңдө уятсыз ирахиндиктерди коноктойт экенсиң. Алар болсо сени шылдыңдап күлүшөт экен.
– Жарайт, мындан ары аларды коноктобойм.
– Жок, сен ага чыдабайсың, аларды коноктобой коё албайсың. Андан көрө мен сенден кутулганым жакшы.
– Кантип?
– Мен сени өлтүрөм!
– Ант берем сага, намыскөй Хасбулат, мындан ары аларды коноктобойм. – Ошентти да Амирхан Куран кармап ант берди.
Ошентип кийинки базар күнү меймандос цудахарлыктын үйүнө кайрадан ирахиндиктер келишти. Амирхан аларды үйүнө киргизди, тапанчасын сууруп алды да, мындай деп кыйкырды:
– Мен өзүмдү өлтүрүп коё электе менин сакляман чыгып кеткиле!

БАЙЛЫК – КУБАНЫЧ ЭМЕС
Улуу-Чай деген дарыя боюнда бир тоолук олтурду. Жанында бир кап пияз. Ал пияздан жеп коюп, ыйлап олтурат.
– Кандай балаага кабылдың, шордуу байкуш? – деп сурады өтүп бараткан киши.
– Базарга шашып баратам. Дарыядан сүзүп өтүш керек. Бир кап пияз суунун түбүнө тартып кетеби деп корком. Жеп салайын деп чечтим. Ушунча оокатты кантип таштайм.
Ал ошол жерде эмгиче пияз жеп, ыйлап олтурат дешет… ким билет, мүмкүн, ошондойдур…
Байлык кээде ошого алып барат!

КҮЛКҮЧҮ УУРУ
Он жаштардагы бир бала бирөөнүн багына кирип, алма багына чыгып алып, али быша элек көк алманы койнуна солоп жатат. Ит үргөнүнөн сыртка чыккан үй ээси бактын башындагы баланы байкады. Ал баланы уяткара баштады:
– Ай-ай-ай! Ушунуң да болобу, уят деген сенде барбы! Коё тур, сени атаңа айтпасам элеби!
Бала качып кеткендин ордуна, кыткылыктап күлдү.
– Сен эмне күлөсүң?
Көрсө, күлчү себеби бар экен: анын атасы да катарындагы бакта баласы жасаганды жасап атыптыр.

МЫНДАЙ ДА, АНДАЙ ДА БОЛОТ…
Гудекандагы бастырманын алдында маек курушуп эки эркек олтурушту. Алардын бирөө колхоздун башкармасынын уулун – бригадир Мырза-Гажини мактай баштады.
– Анын таң каларлык эмнеси бар? – деди Саид. – Дарагына жараша жемиши деген ошол!
– Жок, мунуң туура эмес, – деп каршы болду коңшусу. – Биздин белгилүү чабан Муктарды баары жакшы билишет, ал эми анын атасы жеткен алдамчы эмес беле. Ал алдап сызга олтургузбаган киши калган эмес! Уулу болсо булактын суусундай таза, ичинде таруудай карасы жок жигит.
– Анын таң каларлык эмнеси бар? – деди Алымбек, ак сакалын уучтай кармап.
– Роза – гүлдүн коозу, бирок тикендүү бадалда өсөт. Турмушта мындай да болот, андай да болот…

ЖАРЫЛГАН ТАШ
Айылдын ортосундагы аянтчада эзелтен бери чулу, чоң жалпак таш жатат. Анын чок ортосунда, бирөө темир шынаа коюп барскан менен ургансып, жарака бар. Эски кишилер айтышат, мындан жүз жыл, а мүмкүн, эки жүз жыл илгери, ошол таштын үстүндө эки киши сүйлөшүп олтурушуптур.
– И-и дебейсиңби, кошуна, –дейт алардын бирөө, – менин атамдын бою абдан узун болуптур. Ал атка мингенде, башы тармалданган булутка кирип, көрүнбөй калчу экен…
– Анын эмнеси бар? Болот! – деди экинчиси. – Жанагы сенин атаңдын башы кирип кетип көрүнбөй калган тармал булут чачка окшоп катуу экенин атаң айтты беле?
– Эсимде жок… Мүмкүн, айтса айткандыр… А эмне экен?
– Эмне болмок эле, кымбаттуум, мына ошол тармал булут менин чоң атамдын сакалы экен.
– Болсо болот. Анын эмнеси бар?
Мындай мактанчаактыкка чыдабай, таш жарылып кетиптир.

КАРАПАЧЫЛАР
Кубачы айылынын төмөн жагында, кууш капчыгайды жарып аккан Хала-Ак – Улуу дарыя – суусунун жээгинде Алты-Бойдок айылы жайгашкан. Байыркы убакта бул жерде кароол мунара болуптур да, анда бар болгону алты бойдок күзөтчү жашачу экен.
Кийин күзөтчүлөр үй-жай күтүшүп, анан ошол айыл пайда болот. Ошентип айылдыктар карапа жасоо менен кесипчилик кылып калышат, анткени дарыянын жээгинде карапа жасоого табылгыс чопо бар эле. Бирок айыл укмуштай чебер карапачылары менен эле эмес, калкынын намыскөйлүгү менен да белгилүү. Айылды жарып аккан жана жай саратанда кургап калуучу тоо суусу чынында эле Улуу дарыя экенин билгизүү үчүн айылдыктар суусу кургап калган сайдан өткөндө белинен ылдый жылаңачтанып алышат.
А эгер алардын кимисинен болбосун: айтчы, дүйнөдө өлгөндөр көппү же тирүүлөр көппү, – деп сурасаң, эч токтолбой туруп жооп беришет:
– Карапачыларды кошкондо тирүүлөр көп, анткени алардын иши түбөлүктүү.
А эгер жер жүзүндө жамандык көппү же жакшылык көппү, – деп сурап калсаң, өтө олуттуулук менен жооп берет:
– Эгер карапачылар өздөрүнүн элге пайдалуу жакшы иштерин таштап койсо, жамандык алда канча арбын болмок.

ГИДАТЛИНДИКТЕР
Гидатлиндиктер шайыр эл келет, гидатлиндиктер боюн шарап менен жылытканды жакшы көрүшөт, гидатлиндиктер тамашакөй, гидатлиндиктер шек калтырышпайт. Күндөрдүн бир күнүндө жолдон эки гидатлиндик жолугушту. Бирөө токойдон, а экинчиси тегирменден айтып келаткан. Экөө жолугушууну кору келишкен шарап менен белгилешти, анан өткөндөгү кызык окуяларды эстешип, күлүп жатышты. Анан капыстан эле тиги тегирменден келатканы насиптешим мага күлүп жаткан жокпу деп шектене баштады.
– Эй, Мухаммад, сен мага күлгөнүңдү кой!
– Койсоңчу, кантип сага күлөйүн?
– Сен мага күлүп жатасың!
– Ой жок, эмнени айтып атасың?
– Сен калп айтпа, мага күлүп атасың.
– Жок.
– Ооба, күлүп атасың.
– Жок, – деп атпайымбы, ишенсең.
– Жок, күлүп атасың!
– Жок деп атам го, – деди да, Мухаммад канжарын кынынан сууруп алып, өз чыпалагын керте чаап көрсөттү: – Мына мынчалык да күлгөн жокмун! – деди.
Ошо күндөн тартып гидатлиндик Мухаммадды эл: «Мына мынчалык да!» – деп атап калышты.

БОЛОЧОК
Узак оорудан кийин Минж-Саиддин аялы көз жумду. Өлүм жөнүндөгү кабар боло жүргөндөй, айылга тез тарады жана эл Минж-Саидге көңүл айтуу үчүн ар тараптан агылып келип жатышты. Эркектер, зайыптар, жесирлер жана кыз-келиндер келишти. Минж-Саид болсо эки колун бооруна алып, террассасында жалаң аялдар, жесирлер жана келин-кыздар чогулушуп, маркумду жоктоп ыйлап турушкан тараптан көз албай, телмире карап тура берди.
– Сен кай жакты карап турасың, кымбаттуу Минж-Саид? – деп сурады кошунасы.
– Болочокту! – деди Минж-Саид ойлуу.

КУРБАН-АЛИ
Барабанчы Курбан-Алинин аштылык Магомет-Расул деген кыйбас досу бар, ал зурнайчы. Тоолуктарда барабан менен зурнай ажырагыс.
Экөөнүн тең жашоосу жакшы, анткени аларсыз тоолуктардын бир дагы үйлөнүү үлпөтү өтпөйт.
Күндөрдүн биринде зурнайчы барабанчыга суроо салды:
– Э досум, айтчы, бал таттуубу же жан туттуубу?
Анда барабанчы ойлонбой туруп жооп катты дейт:
– Ал эки достун ички ишине кийлигишпей эле коёлучу, бай болгур.

БААРЫ БИР
Экинчи класстын окуучусу мектептен келип, атасынан күндөлүгүн жашырып койгусу келди, бирок дал ошол аракети менен атасын шектентти жана дароо атасы күндөлүгүн көрсөтүүнү талап кылды. Бала күндөлүктү атасына берер бермексен болуп сунду. Атасы күндөлүктөгү арифметикадан «эки» деген бааны көрдү. Атасы ачууланды, баласы башын жерге салды.
– Мунуң уят! – деди атасы, – ушунчалыкка барып калган экенсиң да? Биздин тукумда арифметиканы беш колундай билбеген адам али болгон эмес. Ай-ай-ай!
– Мен күнөөлүү эмесмин, ата,– деди бала акырын.
– Анан ким күнөөлүү?
– Мугалим эжей мени доскага чакырып, эки жерде алты канча болот? – деп сурады. Мен: «Он эки»,– дедим, – ал кайрадан: – Алты жерде эки канча болот ? – деди. Мен: «Баары бир!» («Один черт!») – дедим.

АЧКАНЫН ОЮНДА…
Бул өткөн кылымда эң катаал кургакчылык жылы болуптур, аны кадырман карыялар эмгиче үшкүрүксүз эстей алышпайт. Бир бай Таркама өрөөнүндө кетип баратып, жеңил арабасына бир кедейди олтургузуптур да, эрмектешкиси келиптир. Арабадагы байдын жанында куржун жатат жана анын көзүнөн жаңы бышырылган токоч кылтыйып көрүнүп турат.
– Эгер сен акылдуу болсоң, мен табышмак айтайын тапчы, – дептир бай. – Кана, тапчы, сары, тегерек, бирок алма да, алмурут да эмес – бул эмне?
– Токоч! – дептир кедей.
– Жок, таппадың. Менин чөнтөгүмдөгү алтын тыйын. Эмесе, муну тапчы: аппак жана тунук, жылтылдайт жана абдан кымбат, суу да, айнек да эмес.
– Токоч! – дейт кедей.
– Дагы таппадың. Бул менин шакегиме чөгөрүлгөн алмаз. Узун жана баалуу, ак жана кызыл менен кооздолгон, билерик да, кур да эмес – бул эмне?
– Токоч!
– Мындан башка сөзүң жокпу? Бул кызыл маржан таш чөгөрүлгөн күмүш менен кооздолгон менин аттарымдын жабдыгы эмеспи!
– А токоч жөнүндө табышмакты качан айтасың? – дептир бечара кедей куржундан көзүн албай туруп.

МЫНДАЙ ДА БОЛОТ
Африканын жээктеринин биринде кеме кыйроого учурап, андан бир гана адам аман калыптыр, ал кыл кыякчы экен. Ал үч күн бою ээн чөлдө тамак издеп сенделип жүрөт. Төртүнчү күн дегенде ал өзүнө окшоп тамак таап жесем дегенде эки көзү төрт болгон чөл падышасын – арстанды көрөт. Ал түз эле аны көздөй келатат. Бечара кыл кыякчы эмне кылмакчы? Кумдуу дөңчөгө олтуруп, өлөр алдындагы акыркы күүсүн тартмак болду. Кыл кыяк тартуу жагынан өлчөөсүз мыкты эле.
Арстан анын жанына келди, күүнү тыңшап турду да, башын колуна жөлөп, күүгө магдырап кетти. Артынан дагы бир арстан келди, ал да күүгө маашырланып, рахатка батты. Ошентип арстандар биринин артынан бири келе берди. Чөл падышалары өмүрүндө угуп көрүшпөгөн мындай укмуштуу күүгө сыйкырлап койгондой арбалышып, магдырап угуп олтурушту. Аңгыча тээ алыстан саксайган картаң арстан көрүндү. Ал кадамдарын оор таштап, ыкшоо басып келатты жана көз алдындагыларды көргөн көзүнө ишенген жок.
Анын туугандары кайдагы бир кыл кыяк тарткан адамды тегеректеп алышыптыр. Карт арстан туугандарын жөөлөп алдыга өттү да, килейген оор колу менен кыякчыны тырайта чапты.
Карт арстандын туугандары аябай ачууланышты. Алар: «Бул эмне кылганың? Зөөкүрлүктүн да чеги болуш керек! Мындай музыкантты биз өмүрүндө уккан жок элек да… Бул деген гений болчу!» – дешип, карт арстандын туш-тушунан чыгышты. А карт арстан болсо колун кулагына такап:
– А? –деди.
Картаң арстан дүлөй болчу.

ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙСЫҢ!
Бир ак чач карыя тоо жолунда өр тартып кетип баратты. Колунда таяк, ийининде куржун, бели эңкейип, башы ийилген. Аңгыча анын алдынан жаш тоолук жигит чыкты, папахасын кырданта кийген, буттары жеңил шилтенип, көздөрүнөн от чачырайт. Жаш жигит карыяга кайрылды:
– Чоң ата, издегениң эмне, мүмкүн, мен табууга жардам берермин?
Карыя башын көтөрүп, бет алдында турган бактылуу жигитти карап жылмайды да, мындай деди:
– Жардам бере албайсың, неберем! Мен жаштыгымды издеп жүрөм.

ОКШОШТУК ЖАНА АЙЫРМАЧЫЛЫК
Бул гудеканда болгон иш. Мырза тамеки чегип олтурган, анан капысынан эле атагы биздин айылдан алыска кеткен акылман Сурхайга суроо берип калды:
– Айтыңызчы, кадырман Сурхай, келесоо менен акылдуунун эмне окшоштугу бар?
– Акылдуу мен акылдуумун деп кыйкырбайт жана келесоо да кыйкырбайт өзүнүн келесоолугу жөнүндө,– деди Сурхай ойлонуп олтурбай.
– Макул дейли, – деди Мырза канжасын «бур» эттирип. – Андай болсо алардын ортосундагы айырма кайсында?
– Бир айырма бар: келесоо он акылдуу жооп бере албай турган суроолорду берет.

СЕБЕБИ БИР
Мажилиске бараткан жолдо эки колхоздун башкармасы жолугуп калды. Мустафа жапжаңы «Волга» айдап баратты, Абдулла карыган кырчаңгысын жемелеп атты:
– И-и, «Запорожец!» Дагы жардын башына келип туруп калдыңбы!..
Кол алышып, анан адаттагы ал-жай сурашуулардан кийин Абдулла чыдабай кетип сурап калды:
– Айтчы, досум, сен эмнеден мынча байыдың?
– Жүзүмдөн, досум, жалаң гана жүзүмдөн…
Мустафа «Запорожецтин» суйдаң жалын өкүнүчтүү карап турду да, өз кезегинде акырын суроо салды:
– А сен, досум, эмнеден … мынча жакырландың?
– Мен да ошонун өзүнөн, жүзүмдөн, – деп көңүлсүз бурк этти Абдулла.
–Эмне, өспөйбү? Ооруп калдыбы?!
– Эмнеге ооруп калмак эле? Тиккен эмесмин!

КУРЖУНДУН ЭКИ КӨЗҮ БАР
Кадырлуу профессор студентке суроо берет:
– Кана, айтыңызчы, жаш жигит, сиз жолдо баратып куржун таап алдыңыз, анын бир көзүндө акча, экинчисинде билим. Сиз кайсы көзүндөгүсүн алат элеңиз?
– Аны сурап да кереги жок, албетте, акчаны алмакмын! – деп кубанып кетти студент.
– А эмне үчүн билимди эмес?
– Кымбаттуу профессор, ар бир адам эмнеге муктаж болсо ошону алат да,– деди студент.

Которгон Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ