АВЕРЧЕНКО Аркадий: Теоретиктер (аңгеме, кыргызчалаган Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Бир жолу ресторанда отуруп, кошуна үстөлдө отурган эки жиндинин сүйлөшкөнүнө аргасыздан күбө болдум. Алардын сөзүн укпаган киши болуп гезит менен бетимди калкалап алдым.

Алардан уккандарым булар:

— Уксаң…Эмне үчүн ичкенден кийин баш ооруйт?

— Ичпей эле кой, ошондо оорубайт.

— Макул дейли. А бирок мен мурда эле ичип алсамчы?

— Анда сооп болуптур, ооруй берсин. Өзүңдөн көр.

— Мен ал жөнүндө айткан жокмун. Кандай түшүнбөйсүң! Мен илимий жагына кызыгып жатсам, а сен демейдеги фактылар жөнүндө айтасың да.

— А сага эмне керек?

-Мен сурап жатам: эмне үчүн киши ичкенден кийин анын башы ооруйт?

— Ии, өзүңдүн акмакчылыгыңа төлөш керек.

— Та-ак. Бул окуяга моралдык жактан берилген баа. А мени маселенин физиологиялык жагы кызыктырат.

— Бир тууганым, мен сени түшүнсөм кудай урсун.

— Мына карасаң: рюмканы алып, ичиндегисин оозуңа куясың, туурабы? Ичкениң анан кайда барат?

— Ашказанга барары бышык.

— Жакшы. Ашказан деген башыңдан ылдый турат да чынбы?

— Ооба, чын?

— Мени кызыктырганы ушул – эгер ичкилик ашказаныңда чогулса, эмне үчүн башыңа чыгып кетет. Билебиз да жердин тартылуу күчү боюнча…

— Сен даана эле жинди турбайсыңбы!

— Эмне үчүн андай дейсиң? Бизге белгилүү да, жердин тартылуу күчү…

— Сен деги тирүү масты көрдүң беле?

— Хи-хи… Көрүп калганым бар.

— Мына ал көчөдө баратат, бакырып ырдап алган. Тили менен тамагы болушунча иштеп атат,— а буттары тайталаңдап баратат! Эмнеге?  Түшүнүктүү да, арак ашказандан бутка түштү. Башы соо, буттары мас. Анан тууганым, буттары чарчап жүрбөй калганда, жолго төбөсү менен сайылат. Так ушул жерде, баш ашказандан ылдый жайгашты. Анан баары башка агып барат… Ошондуктан досум — бутунда турган адам — кенедей да мас эмес.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ