АВЕРЧЕНКО Аркадий: Сокурлар (аңгеме, кыргызчалаган Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

«Юмор – бул кудайдын белеги…»

Королдун сейил багы бул убакта ачык болгондуктан, жаш жазуучу Аve ал жакка эч тоскоолсуз эле кирди. Ал кум төгүлгөн жол менен бир аз басып келди да, өңү жагымдуу, бир топ жашка барып калган адам отурган отургучка  келип, шашпай көчүк басты.

Жашап калган, жүзүнөн нуру төгүлгөн сүйкүмдүү мырза Аveге бурулуп карап калды да, бир аз ыңгайсыздангансып суроо узатты:

– Сен кимсиң?

– Менби? Ave. Жазуучумун.

– Жакшы кесип,– жактыргандай күлүп койду бейтааныш. – Кызыктуу жана керектүү иш.

– А Сиз кимсиз? – деп сурады эч куулук-шумдугу  жок  Ave.

– Менби?  Мен королмун.

– Ушул өлкөнүнбү?

– Ооба, анан кайсы өлкөнүкү болмок эле…

Өз кезегинде Ave да тигинден кем калышпай жайдарылана үн катты:

– Эми бул дагы жакшы кесип — кызыктуу жана ардактуу.

– Ох, айта көрбө, – король үшкүрүп койду – ардактуу болсо болгондур, бирок кызыктуу деп айтууга болбойт. Жаш жигит, мен сага айтып коёюн, король болуу көпчүлүк ойлогондой балдай таттуу нерсе эмес.

Ave  алаканын жайып таңгала кетти:

– Бул өтө кызык экен! Мен өз тагдырына ыраазы болгон бир да адамга жолуга элекмин.

– А өзүң ыраазысыңбы? – деди король ага кытмыр жылмайып.

– Таптакыр андай эмес. Кээде сынчылар ушундай бир жаман сөздөр менен урушат, тим эле ыйлагың келет.

– Көрдүңүзбү! Сизди көп болсо он, он беш сынчы сындайт, а менин сынчыларым миллиондон да көп.

– Мен сиздин ордуңузда болсом эч кандай сындан коркпойт болчумун, – деди Ave ойлуу, анан башын чулгуп алып, эзелтеден эл бийлеп көнгөн королдордон бетер, кошумчалап койду. – Иштин баары, жакшы мыйзамдарды чыгаруудан башталат.

Король колун шилтеди:

– Болбойт! Баары бир андан майнап чыкпайт.

– Байкап көрдүңүз беле?

– Байкап көргөм.

– Мен сиздин ордуңузда болсом…

– Э, менин ордумдабы! – жиндене кыйкырып жиберди карт король, – Мен түзүк жазган көп эле королдорду көргөм, бирок жок дегенде үчүнчү сорттогу, эң жаман король болгон бир дагы жазуучуну жолуктура элекмин. Сенин ордуңда болсом деп коёт…Көрөр элем жок дегенде бир жума өзүмдүн ордума койсом кантериңди..

– Каякка… кайда отургузам дейсиз? – абайлап сурады  Ave.

– Өзүмдүн ордума!

– А! Өзүңүздүн ордуңузгабы… Ошентсе болобу?

– Эмне үчүн болбосун!  Бизге, королдорго азыраак ичтери күйсүн үчүн, азыраак сындап, сындаса да акыйкат сындап туруш үчүн да ошол ишке барам!

– Мейли анда—дейт Ave бир аз кымырылып,— эмнеси болсо да байкап көрөйүн. Бирок эскертип коёюн: мен бул ишти биринчи жолу кылып жатпаймбы, кокус… кандай десем…сизге күлкүлүү көрүнсөм, мени шылдыңдай көрбөңүз.

– Эчтеке эмес, –деп жылмайды король. – Бир жума ичинде анчалык деле жаман иштерди жасап жибере койбоссуң…Эмне, каалайсыңбы?

– Байкап көрөйүн. Айтмакчы менин башымда бир кичинекей бирок абдан керектүү мыйзам бар. Бүгүн эле ошону элге жарыялап салса болот.

– Кудай жолуңду ачсын! – деп баш ийкеди король. – Кеттик хан сарайга.  Жакшы болду, мен бир жума болсо да  эс алып алайын. Жашыруун болбосо ал эмне деген мыйзам?

– Бүгүн көчөдөн өтүп бараткан сокур абышканы көрдүм… Ал байкуш колдору менен дубалдарды сыйпалап, жолду таягы менен чукулап араң баратты, арабанын астына кирип кетиши деле мүмкүн болчу. Карап турсам аны менен эч кимдин иши жок, ар ким өз иши менен шашып жүрөт…Мен сокурларга камкордук көрсөтө турган мыйзам чыгаргым келет, ал мыйзам боюнча полиция кызматкери жолдон сокур киши көрсө колдон алып жетелеп, аң-дөңгө чалынтпай, арабаларга тебелетпей үйүнө чейин жеткизип коюшка милдетүү болот. Менин мыйзамым жагабы?

– Сен боорукер жигит экенсиң,– чарчаңкы күлдү король.– Кудайым өзү жар болсун. А мен уктаганы кеттим.

Ал кетип баратып табышмактантып кошумчалап койду:

– Байкуш сокурлар…

Жазуучу Ave бийлик кылганына үч күн болгон. Акыйкат үчүн айта кетиш керек, ал күтүүсүздөн колго тийген бийлик берген мүмкүнчүлүктү өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон жок. Анын ордунда башка киши болгондо сынчылар менен айрым өзүнө жакпаган жазуучу сөрөйлөрдү түрмөгө тыкмак, элди нандын ордуна өзүнүн чыгармаларын —күнүгө бир китептен кем эмес сатып алууга мажбурламак. Ave андай азгырыктан кутула алды.

Ал королго убада кылгандай  “Сокурларды сырткы кырсыктардан: арабалардын, аттардын тебелеп кетүүсүнөн, чуңкурлардан жана башка жагдайлардан сактоо максатында полициялар сокурларды коомдук жайларда коштоп жүрүүсү жөнүндө мыйзамды” чыгаруу менен баштаган.

Бир жолу (бул төртүнчү күндүн таңы болчу) Ave өзүнүн бийлик жүргүзгөн кеңсесинин терезесинен көчөгө көз салып турган эле.

Капыстан анын көңүлүн адаттан тышкары бир көрүнүш бурду: эки полиция кызматкери жолдон бирөөнү колтугунан алып сүйрөп, үчүнчүсү аны көчүккө тепкилеп баратыптыр.

Ave жаштарга тиешелүү шамдагайлык менен кеңсесинен атып чыгып, бир мүнөткө жетпей көчөдө болду.

– Эй, аны кайда алып баратасыңар? Эмнеге аны сабап атасыңар? Бул адамдын эмне жазыгы бар? Ал канча кишини өлтүрдү?

– Ал эч нерсе кылган жок, – деп жооп берди полиция кызматкери.

– Анда эмне үчүн уруп атасыңар, аны кайда алып барасыңар?

– Улуу урматтуум, бул адам сокур, мыйзам боюнча муну полиция участогуна камаганы алып баратабыз.

– Мый-зам боюнчабы? Эмне ошондой мыйзам бар бекен?

– Бар эмей анан! Үч күн мурда элге жарыяланып, күчүнө кирген.

Ave, башын мыкчып онтолоп жиберди:

– Менин мыйзамымбы?!

Арт жактан өтүп бараткан кебетеси кадыр-барктуу адам жиндене кобуранып өттү:

– Чыгарган мыйзамдарын кара! Эмне жөнүндө ойлошот? Каалагандары эмне?

– Ошону айтпайсыңбы, – деп тигини колдой сүйлөдү экинчиси, – акылдуу мыйзам экен: «Көчөдөн сокур көрсөң жакадан алып, көчүккө тепкилеп полиция участогуна алып барып кама”. Аябай акылдуу мыйзам. Сокурларга көрсөткөн чоң камкордук!

Ave  куюндай учуп кеңсесине кирди да катуу кыйкырды:

– Министрди чакыргыла! Аны тезинен таап, биякка алып келгиле!! Мен өзүм териштирем бул ишти!

Териштирүүдө “Сокурларды сырткы кырсыктардан коргоо” мыйзамы менен болгон табышмактуу окуянын сыры ачылды.

Иш мындайча болуптур.

Биринчи эле күнү Ave  министрди чакырат да ага айтат:

– “Сокурларды сырткы кырсыктардан: арабалардын, аттардын тебелеп кетүүсүнөн, чуңкурлардан жана башка жагдайлардан сактоо максатында полициялар сокурларды коомдук жайларда коштоп жүрүүсү жөнүндө мыйзамды” чыгарыш керек.

Министр жүгүнөт да чыгып кетет.

Ал өзүнө шаар башчысын чакырып, ага мындай дейт:

– Мыйзамды жарыялагыла: мындан ары сокурлар коштоочусу жок көчөгө чыкпасын, эгер коштоочусу жок болсо полиция кызматкерлери аларды коштоп, бара турган жерлерине чейин жеткизип коюшсун.

Министрден чыгып,  шаар башчысы өзүнө шаардык полициянын башчысын чакыртып,  ага тапшырма берди:

– Шаарда сокурлар коштоочусу жок жүрүшөт дейт. Мындан ары ага жол бербегиле! Силердин кызматкер коштоочусу жок жүргөн сокурларды колдон алып, алып барчу жерге алып барсын.

– Айканыңыз аткарылат!

Полиция башчысы ошол эле замат өз карамагындагы бөлүмдөрдүн башчыларын чогултуп:

– Мырзалар, бизге жаңы мыйзамдын кабыл алынганын кабарлашты. Мырзалар, мындан кийин көчөдө коштоочусу жок жүргөн сокурлар полиция тарабынан кармалып, тиешелүү жактарга жеткирилет. Түшүндүңөрбү?

– Так ошондой, башчы мырза!

Бөлүм башчылары өз кызмат орундарына барып, сержанттарды чакырып түшүндүрүштү:

– Мырзалар! Карамагыңардагы полиция кызматкерлерине жаңы мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө. «Көчөдө арабалардын жана жөө адамдардын  кыймылына  тоскоол болуп, сандырактап жүргөн сокурларды кармап, жеткизчү жерлерине жеткизип салгыла”.

– “Жеткизчү жерлерине” дегенди кандайча түшүнсө болот? – деп сурап жатышты сыртка чыккан сержанттар бири-биринен.

– Участокко эле болуш керек. Камайбыз да… Башка кайда алып бармак элек…

– Ошондой эле болуш керек.

– Балдар! – дешти сержанттар  полиция өз кызматкерлерин кыдырып. – Эгер тентип жүргөн сокурларды көрсөңөр, жакадан алып участокко алып барып камап салгыла!

– Алар участокко баргылары келбесечи?

– Эмнеге барбайт экен? Желкеден ары эки муштап, көчүккө жакшылап теп, барбаганын көрөйүн!

“Сокурларды сырткы кырсыктардан коргоо” мыйзамын териштирип бүткөн соң  Ave  өзүнүн келишкен король тагына  отурган жеринен ыйлап жиберди.

Аңгыча кимдир бирөөнүн жумшак колу аны башынан сылады.

– Көрдүңбү? Сенин мыйзамың жөнүндө укканда мен “байкуш сокурлар!”— деп айттым беле? Бул окуяда сокурлар уттурушту,а мен уттум.

– А сиз эмнени уттуңуз? – деп сурады Ave, өз тумагын издеп жатып.

– Утушумбу? Сынчыларым бир адамга азайды. Кош бол, сүйүктүүм. Кандайдыр бир реформа жүргүзгүң келсе – кел, күтүп алам.

«Чуркап келе жатам, күтө бер!» –деп ойлоду да, Ave  королдун кеңсесинин керемет кооз тепкичтери менен секирип узап баратты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ