АВЕРЧЕНКО Аркадий: Өмүрдүн бир күнү (аңгеме, кыргызчалаган Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Үйдө

Эртең менен, аялым тура электе, ашканада аялымдын жеңеси менен чай ичип олтурдум. Жеңебиз — акылы аз, былтыйган семиз аял, чөйчөктү кармаган оң колунун чыпалагын чычайтып алган, анысын тимеле өзүнө куп жарашкан, ак сөөктөр коомунда кабыл алынган укмуш кыймылдардын бирине жетишип калгансып сезет.

— Кандай уктадыңыз? — дейт жеңебиз, карандай чайга чылап, кашыгы менен эзип жаткан онунчу кургатылган нандан менин көңүлүмдү буруп.

— Сонун. Таң аткыча сиздин элесиңиз көз алдымдан кеткен жок.

— Ай, кудай ай! Мен сизден чын ниетим менен сурасам, а сиз кайрадан орунсуз тамашаңызды баштайсыз.

Мен анын эки бети салаңдаган тоголок жүзүнө ойлуу көз жүгүртүм.

— Жакшы болот. Олуттуу сүйлөшөлү… Сизди чын эле менин түндө кандай уктаганым кызыктырабы? Анын сизге эмне кереги бар? Эгерде мен жаман уктадым десем — анда эмне, кечке чейин кайгырып жүрөсүзбү? А жакшы уктадым десем — кубанычыңыз койнуңузга батпай сүйүнөсүзбү?.. Бүгүнкү күн майрамдай сезилип, бардык нерсе күн нуруна киринип, жүрөгүңүзгө кубаныч толобу?

Ал тултуңдап, чөйчөктү колу менен ары жылдырды.

— Мен сизди түшүнбөйм…

— Мына, жакшы айттыңыз, чын дилиңизден. Алибетте, сиз мени түшүнбөйсүз… Кудай урсун, мен сизге эч жамандык каалабайм… сиз жөнөкөй, кадимки эле аялсыз… Бирок айта турган сөзүңүз жокпу — унчукпай олтура бериңиз. Бул оңой эле. Сиз кандай уктаганымды жөн эле сурап койдуңуз да, чынбы?… Эгерде мен: «Рахмат сизге, жакшы уктадым», — десем, сиз дагы кандай суроо берсем деп кыйналмаксыз. Анан, анын он экиге чейин эч качан турбасын менден жакшы билсеңиз да: «А Женя тура элекпи?» — деп сурамаксыз….

Көпкө чейин унчукпай олтуруп калдык. Бирок ага унчукпай калуу өтө кыйын. Ал таарынып жатса да, мен анын томпойгон кызыл чекесинде тынчтык бербеген, өжөр суроо бышып жетилип келе жатканын сезип турдум: дагы эмне деп жиберсем?

— Күн узара баштады, — деп үн чыгарды ал акыры, терезени карап.

— Сиз эмне дейсиз?! Мына эмесе! Айтыңызчы, сиз бул чанда кезикчү нерсени байкап, илимий ачылыш жасаганыңызды басма сөзгө берип чыгартасызбы же менин мындан аркы кандай аракет жасарымды билип коюшум үчүн, мага эскертип жатасызбы?

Ал секирип туруп, жини менен калдырататып, олтургучту ары жылдырды.

— Сиз, оозуна алы жетпеген орой адамсыз. Башка эч кандай касиетиңиз жок.

— Кантип эле — башка эч кандайбы… Менин башка дагы толтура жаңылыштыктарым бар… Мен эч кандай орой эмесмин. Эмне үчүн күндүн узарып жатканын айттыңыз? Аны элдин баары, ал эмес жаш балдар да билишет. Анын узарганын сааттан, календардан, күндөн күнгө кечирээк жагылган шамдардан билинип турбайбы.

Жеңебиз эттүү ийиндерин солкулдатып ыйлап кирди.

Мен кийинип, үйдөн чыктым.

Көчөдө

Астымдан кызматына шашып бараткан чиновник Хрякин чыкты. Ал мени көрө сала, ажарлуу жүзү жаркылдаган күлкүсүнө эрип (ал экөөбүз күндө эртең менен жолугушабыз), колун мага тез суна салды да, басып баратып сөз ыргытты:

— Жашооңуз кандай, эмне кылып жатасыз?

Ал токтоп тургусу келбей алдыга жүткүндү. Бирок мен анын колун коё бербей, жүзүмдү олуттуу кылып алып, жооп бере баштадым:

— Жашообу? Аны мен сизге азыр төкпөй-чачпай айтып берем… Жашоомдо анчалык деле өзгөрүү болбосо да, сизди кызыктыра турган жагдайлар бар… Мурда күнү бир аз ооруп калыптырмын, катуу ооруу жабыштыбы деп корком, кудай жалгап жеңил эле экен. Термометр салып көрсөм, ал…

Чиновник Хрякин колун акырын чыгарып алууга аракет кылды, бирок мен анын бекем кысып коё бербей ар бир сөзүмдү таптап, бир калыпта тажатма үнүм менен кобурап жаттым:

— Ооба… Эмне деп жаттым эле… Күзгү алып тамагымды карасам – кызарган деле эч нерсе жок… Ойлодум, жеңил эле окшойт — көчөгө чыга берсем болчудай. Сыртка чыктым…Карасам, почточу чакыруу кагазын алып келатыптыр. Эмне болгон ызы-чуу… Кайдан чыгып жатат? Элестетиңизчи…

— Кечирип коюңузчу, — деди чыдамы кете баштаган Хрякин, — мен шашып бараттым эле…

— Жок, коё туруңуз, сиз өзүңүз менин эмне кылып жүргөнүмө кызыгып жатпадыңыз беле. А мен ошону айтып берип атпаймынбы… Эмне деп аттым эле? Ах, ооба… Дагы эмне кылдым эле? Баса, кечээ Кокуркиндикине баргам, алар жакында коё турган спектакль жөнүндө билейин дегем — ал жерден Мария Потаповнага жолугуп калдым. “Эртең келиңиз деди, ал эртең бизде…”

Хрякин чымырканып, колун менден жулуп алды да, бири-бирине жабыша түшкөн манжаларын ушалап, силкип-силкип алды да ары-бери өткөн адамдардын арасына кыпчылып кирип кеткиче шашты…

Андан ары тротуар менен келатып, бир мүнөт өтпөй башка бир таанышым Игнашкин менен сүзүшүп калдым. Игнашкин шашылган жок.

— Саламатсызбы. Эмне жаңылыгың бар?

— Болбогондочу, — дедим мен энтиге. — Везувий кечээ кулады. Окудуңузбу?

— Ошондойбу? Мына сага. А мен кечээ клубга барып жети сом утуп алдым. Чегесизби?

— Жок, мен чекпейм.

— Бактылуу экенсиң. Акча топтоп атасызбы?

— Жок, андай деле эмес.

— Бул жөнүндө анекдот бар…

— Билем, бирөө экинчисине айтат: «Эгерде сиз тамеки тартпай, акчасын чогултсаңыз, эмдигиче үй сатып алмаксыз». А тиги андан сурайт: «А өзүңүз чегесизби?» — «Жок».

— «Демек үйүңүз бар экен да?»

— «Жок».

— «Ха-ха!» Ошондойбу?

— Мен сизге дал ушул анекдотту айтып берейин деп аткам. Аны кайдан биле койдуңуз?..

Мен анын сөзүн бөлдүм:

— Жашооңуз кандай?

— Болот. Өзүңүз кандай?

— Рахмат. Көрүшкөнчө. Келип туруңуз.

— Келем. Көрүшкөнчө. Рахмат.

Мен анын бейкапар, уйкусураган жүзүнө жийиркенүү менен карадым да, мындай дедим:

— Шайтан алгыр, сиз бактылуу адам экенсиз!

— Эмне үчүн шайтан алгыр?

— Ушундай анекдот бар. Көрүшкөнчө. Келип туруңуз.

— Рахмат, келип кетем. Баса, жаңы армян анекдотун билесиңби?

— Билем, билем, аябай күлкүлүү. Көрүшкөнчө.

Өлүм менен бетме-бет

Бул күнү өлгөнгө бардым.

Столдо бөтөлкөлөр, табактарга жылдызча иретинде тизилип салынган колбасалар, көбүрөк көрүнсүн деп табактын бетине жука шыбалган икра турду.

Менин жаныма оозун бет аарчысы менен жаап алган жесир басып келди.

— Уктуңуз го? Менде ушундай чоң кайгы…

— Уккан үчүн ушул жерге келип олтурам да… Укпасам эмнеге келмек элем.

— Ооба, ооба…

Мен андан маркум көпкө жатып калдыбы, кыйналган жокпу? — деп сурап, жесирге баарыбыз бир кудайдын колунда экенибизди эскертип коймокчу болгом, бирок оозумдан негедир башка сөздөр чыгып кетти:

— Эмнеге бет аарчыңыз менен оозуңузду жаап алгансыз? Жаш ооздон эмес, көздөн чыгат да?

Ал мени үңүлө карады да, шашып калды:

— Арактан алыңыз? Колбасадан… Маркумду эскерип коюңуз.

Анан солкулдап ыйлап жиберди…

Боз көйнөкчөн аял дагы ыйлап жатып ага мындай деди:

— Сабыр кылыңыз! Өзүңүздү аяңыз…Сооронуңуз.

— Жоок!!! Токтой албайм!! Оо, кудайм ай! Сен мени эмне кылып кеттиң, Иван Семеныч?!

— Ал сизди эмне кылып кетти? — кызыга сурадым мен.

— Өлүп калды!

— Ооба, — деп үшкүрүп койду, кир чепкенчен ак чач карыя. — Адам деген ушу экен. Жашайт, жашайт анан эле бир күнү өлүп калат.

— А сиз кандай болсо деп ойлодуңуз эле? — деп сурадым.

— Эмнени? — түшүнбөй калды карыя.

— Жөн эле… Мына сиз айтып атпайсызбы — жашайт, жашайт анан өлүп калат деп. А сиз жашап, жашап жүрүп эле бир күнү султандын гареминдеги бычмал болуп кетишин же уй фермасындагы сүттүү уйга айланып кетишин каалар белеңиз?

Карыя капыстан эле кыткылыктап күлүп жиберди.

Оюма келе калды: аны, ага боору оорушкандыктан эле чакырып коюшса керек, мени уюштуруучулардын бири деп ойлоп, качан кууп чыгат деп чочулап тургансыйт. Мен анын нымдалышкан алаканын кысып койдум. Толук мырза жашын аарчып (ал жаңы эле горчица шыбалган колбасаны оозуна салган) суроо берди:

— Маркум канчада эле?

— Алтымышта болчу.

— Оо, кокуй күн! — деп башын чайкады толук адам. — Жапжаш эле бойдон турбайбы.

Бул классикалык сүйлөм, дагы үч классикалык сүйлөмдү жаратты:

— Берген да кудай — Алган да кудай! — адис катары үн катты, саксайган дин кызматкери.

— Баарыбыз кудайдын колундабыз, — деди боз көйнөкчөн аял.

— Эл айткандай, бир күнү баарыбыз барабыз ал жерге, — дешти үшкүрүктөрү таш жарган эки конок жарышып.

— Так ошондой — «эл айткандай», — деп кошула кеттим. —А мен чындыгында Иван Семеничке азыр кандай жакшы!

— Ооба, — деп үшкүрдү толук адам. — Ал азыр тигил жакта!

— Тияктабы же жокпу  — ал чоң суроо… Бирок ал эми биз чыдап угуп олтурган нерселерди угуп баш оорутпайт.

Толук адам капыстан эңкейип менин кулагыма шыбырады:

— Ал тирүү кезинде эле көп нерсени укчу эмес… Жинди чалыш неме болчу. Аялы тиги… көрүнгөн немелер менен эмне кылып жүргөнүн байкачу эмес. Уктуңузбу?

Ошентип биз, акылсыз, шүмшүк адамдар өзүбүздүн жолдошубузду — акылсыз жана шүмшүк адамды акыркы сапарга узаттык.

Көңүл ачуу

Бул күнү көп окуялардан тышкары, көңүл ачканга да үлгүрдүм: Кармалеевдердин тоюна бардым.

Жети киши кыялына жетпей, арыктап, кубарган селкини тегеректеп алышып, аны талап жатышты.

— Ырдап коюңуз!

— Коюңузчу, ырдай албайм…

— Эми ырдап коюңуз!

— Ишенсеңиз,бүгүн менде үн жок!

— Ырдап коюңуз!

— Мырзалар, чынында эле мен сурантып ырдаганды жаман көрөм, бирок…

— Ырдап коюңуз, биз сиздин үнүңүздү уккубуз келет!

— Айтып жатам го — бүгүн үнүм жок…

— Эч нерсе эмес! Ырдай бериңиз!

— Сиздерди эми эмне кылам, — деп күлдү селки. — Ырдап берейин.

Бул жашоода кереги жок нерселер көп: сырттан караганда суранып жаткандар ал селкинин ырдаганына суусап жатышкандай, ал эми селки такыр эле ырдагысы келбегендей көрүнөт… Чындыгында, баары тескерисинче, анын ырдаганын эч кимдин деле уккусу келген эмес, ал эми селки өзүнүн болбогон үнү менен начар романсты ырдап берүүнү аябай самап жаткан. Акыры, ошондой болуп бүттү.

Ал ырдай баштаганда күбүр-шыбыр болушуп, шылдыңдап жатышты, бирок тиги акыркы ноталарды созуп бүткөндө, анын талантына суктанышкандай түр көрсөтүшүп, кол чапканды да унутуп, жымжырт боло түшүштү.

«Азыр, — деп ойлодум мен, — эстерине келип, кол чаап мактай башташат:  “Эң сонун! Кандай укмуш ырдады! Ах, кандай жагымдуу үн!…»

Мен тигилердин бир мүнөткө эстеринен тана түшкөнүнөн пайдаланып, манжаларым менен столду тырсылдатып, жагымдуу жумшак үнүм менен мындай дедим:

— Да-а… Анча эмес, анча эмес. Начар чыгып калды. Сиз өзүңүз айткандай, бүгүн үнүңүз жок окшойт.

Баары делдейип, ооздору ачылган боюнча туруп калышты. Мен ордуман туруп, башка бөлмөгө чыгып, ал жактан бөлөк аялга жолугуп калдым. Ал сулуу, акылдуу жана мен чындап сыйлаган айым эле.

— Келиңиз, сүйлөшүп олтуралы, — деп сунуш кылдым анын жанына олтуруп жатып.— Сиз акылдуусуз, көп нерселерге жөндөн-жөн эле таарына бербейсиз. Бул жерде бүгүн канча селки бар?

Ал мага карап жылмайып койду:

— Алты даана.

— Бардыгы күйөөгө тийгилери келеби?

— Өлө кыялданышат.

— Алар өз ара сүйлөшкөндө, эч качан күйөөгө тийбейбиз дешет да?

— Ананчы… Баары бир ооздон.

— Бардык айымдар күйөөлөрүн тытып жеп, анан көздөрүнө чөп салышабы?

— Темпераменттүү болсо — көзгө чөп салат,  анан тыта баштайт, темпараменти жок болсо — күйөөсүн тытып жеген менен чектелет.

— Өзүңүз да ошолордойсузбу?

— Ооба, да.

Бөлмөдө экөөбүз эле болчубуз. Мен бул сүйкүүмдүү айымды кучагыма бек кысып, ыраазычылыгымды билдирип, бетинен өптүм да, Кармалеевдердин үйүнөн бир аз көңүлүм жай алгансып чыгып кеттим.

Уктаар алдында

Кечинде аялым ыйлап тосуп алды:

— Эртең менен эмнеге жеңемди таарынттың?

— А эмне өзү сүйлөйт?!

— Анан эмне дудук болсунбу…

— Айтарга эч нерсеси болбосо, болсун.

— Ал карып калбадыбы. Жашын сыйлап койбойсуңбу.

— Бизде эски килем бар, туурабы? Сен аны кызматчыга күндө чаңын күбүтүп жатасың го. Мага жеңеңдин чаңын бир жолу күбүп коюшка мүмкүндүк берип кой. Экөө тең эски, экөө тең акылы жок, экөөнү тең чаң басып турат.

Аялым ыйлап, дагы бир күндү классикалык сүйлөм менен аяктады:

— Силер, эркектердин баары бирдейсиңер.

Чечинип, төшөккө кирдим.

— Оо Кудай! Жок дегенде Сен пендеңди аяп, жакшы-жакшы, көңүлдү тазарткан түштөрдү жибере көр!..

Которгон Абийрбек Абыкаев