АКУТАГАВА Рюноске: Үч кенч (пьеса, которгон Амирбек АЗАМ уулу)

Жапон адабиятынын классиги Рюноскэ Акутагава (1892-1927) жарык дүйнөгө келгенине он ай болгон мезгилде апасы жиндиканага кабылып, ошол жактан асынып өлгөндөн улам аны таякеси Митиаки Акутагава багып өстүргөн. Митиаки өз канынан бала көрбөй өткөндүктөн Рюноскэ таякесинин фамилиясына катталып калган.

1913-жылы Токио университетинин англис тили факултетине өтүп, достору менен бирге «Синситё» адабий журналын чыгарууга катышып жүрүп, өзүнүн эң алгачкы «Чал» (1914) аттуу аңгемеси жарыяланган. Ошондон тарта анын чыгармалары биринин артынан бири ийгилик жаратып, өз чыгармачылыгын дүйнө адабияты менен тез эле жуурулуштуруп кеткен. Бара-бара анын чыгармаларынын өзөгүн жапон элинин мифологиялык түшүнүнтөрү менен фольклордук казынадагы уламыш, анекдоттору түзгөн.

ПЬЕСА

Которгон Амирбек АЗАМ уулу

1

Токой. Үч каракчы чырдашып-тилдешип, уурдап келген асыл буюмдарын: күлүк өтүктү, көзгө көрүнбөс плащты жана болот кесчү албарс кылычты бөлүшө албай жатат. Ырас, асыл буюмдар дегени эч нерсеге жарабаган эски буюмдар экени бир караганда эле байкалат.

Биринчи каракчы. Плащты бергиле бери.

Экинчи каракчы. Жетет, токтот сөздү. Кылычты мага бергиле. Эй, мендеги өтүктү кымырып кетишиптир.

Үчүнчү каракчы. Эй, бул менин өтүгүм! Сен аны менден кымырып алгансың.

Биринчи каракчы. Макул. Макул. Плащ баары бир меники болот.

Экинчи каракчы. Эй, айбан! Эмнеге бербейсиң?

Биринчи каракчы. Жетет, жетет дедим го! Силер эмне, менин кылычымды да кымырып кеттиңерби?

Үчүнчү каракчы. Эй, ууру, менин плащымды бер!

Каракчылар мушташа кетишти. Ошо чакта токой аралаган жолдо атчан принц бараткан.

Принц. Эй, эй, эмне болуп жатасыңар? (Аттан түшөт.)

Биринчи каракчы. Мына бул баарына күнөөлүү. Менин кылычымды уурдап алганы аз келгенсип, плащымды да талашып жатат.

Үчүнчү каракчы. Ал өзү күнөөлүү. Ал плащты менден кымырып албадыбы.

Экинчи каракчы. Бул экөө эмнени десең уурдашат. Мунун баары меники болчу да.

Биринчи каракчы. Калпыңды ызгытпа!

Экинчи каракчы. Сен өзүң накта калпычысың!

Алар кайра мушташканга даяр турушат.

Принц. Токтой тургула, токтой тургула. Силер эмне үчүн ажылдашып атасыңар?  Кимге эски плащ тийсе, кимге жыртык өтүк тийсе, анын эмне айырмасы бар?

Экинчи каракчы. Жок, мындай болбойт. Бул жөнөкөй плащ эмес. Плащты киер замат, эч кимге көрүнбөй каласың.

Биринчи каракчы. Бул кылыч кандай болот тулга болбосун, бөлө чабат.

Үчүнчү каракчы. А бул өтүктү кийсең, бир көз ирмемде бир миң ри аралыкка зымырап жетесиң.

Принц. Ооба, мындай асыл баа кенч үчүн талашып-тартышса болот. Суктук кылбай, ар бирөөң бирден буюм алсаңар болбойбу эмне?

Экинчи каракчы. Бөлүштүрүп эле көрчү. Көзүңдү ачып жумганга үлгүрбөйсүң. Бул кылыч башыңды тоголото чабат.

Биринчи каракчы. Ал да эч нерсе эмес. Андан да жаманы бар. Бул плащты ким кийген болсо, ал каалаган нерсесин уурдай берет.

Экинчи каракчы. Ал да кеп бекен! Өтүктү кий, көңүлүңө жакканын ал. Көздөн кайым болосуң. Ким көрдү сени?

Принц. Ооба, сөзүңдүн калети жок. Бирок талашып-тартышпас үчүн балким силер бардык үч буюмду тең мага сатасыңар?

Биринчи каракчы. Кандай, мына бу мырзага сатабызбы?

Үчүнчү каракчы. Мүмкүн, бул сунуш ырас эле баарынан жакшы окшойт?

Экинчи каракчы. Канча акча бересиң?

Принц. Канчага… Келгиле, мындай кылалы. Силердин кызыл плащыңардын ордуна өзүмдүн кызыл плащымды берейин. Ал алтын жиптер менен тигилген. Өтүктүн ордуна сербаа таштар менен кооздолгон өтүгүмдү алгыла.  Эгер мынабу алтын жалатылган кылычты алып, өзүңөрдүн кылычыңарды мага берсеңер, эч нерсе уткурбайсыңар. Кана, жарайбы? Ушу баага макулсуңарбы?

Экинчи каракчы. Мейли. Мен мынабу плащтын ордуна анын плащын алам.

Биринчи жана үчүнчү каракчы. Биз да макулбуз.

Принц. Болуптур эмесе. Андай болсо, келгиле алмашалы.

Принц плащты, кылычты жана өтүктү алмаштырып алып, кайра атына минди дагы токой аралай кеткен жолду көздөй теминди.

Тиги, алды жакта керебен сарай барбы?

Биринчи каракчы. Токойдон чыгарыңыз менен “Алтын чоор” деген кербен сарай болот. Ак жол сизге!

Принц. Түшүнүктүү. Эсен болгула. (Кетет.)

Үчүнчү каракчы. Пайдалуу иш бүтүрдүк. Анын ушундай өтүгү бар деп ойлогон да эмесмин. Карагыла. Кончу асыл таштар менен кооздолуптур.

Экинчи каракчы. Эмне, анын плащы жаман бекен? Аны киериң менен мырзага окшоп каласың.

Биринчи каракчы. Мынабу кылыч да кымбат баа буюм болду. Сабы жана кыны алтындан жасалыптыр. Биз аны жепжеңил алдадык. Сыягы принц — ынсаптуу акмак окшойт. Туура айтамбы?

Экинчи каракчы. Тсс! Дубалдын да кулагы бар. Атүгүл арактын бош шишеси да сүйлөп жибериши ыктымал. Жүргүлө эми. Бир жерге барып ичпейлиби.

Үч каракчы өз ара тамашалашып, принц кеткен жолдун башка тарабын көздөй жөнөшөт.

2

“Алтын чоор” кербен сарайынын ашканасы. Бурча принц нан жеп отурат. Ашканада дагы жети-сегиз адам бар. Алардын баары дыйкандар.

Кербен сарайдын ээси. Жакында принцессанын тою болот сыяктуу.

Биринчи дыйкан. Ооба, ошентип айтышууда. Күйөө бала ынды кара падыша дешкени ыраспы?

Экинчи дыйкан. Эл ичиндеги кеп-сөздөргө караганда, принцесса жанагы падышаны жек көрөт имиш.

Биринчи дыйкан. Эгер аны жек көрсө, нике тойдон баш тартканы жакшы болмок.

Кожоюн. Бул падыша — үч кенчтин ээси. Биринчиси —  күлүк өтүк, экинчиси- болотту кесчү албарс кылыч, үчүнчүсү — көрүнбөс плащ. Ал мунун баарын келиндин атасына тартуу кылмак болууда. Анткени биздин сараң падышабыз ага кызын беремин деп убада кылган.

Экинчи дыйкан. Бечара принцесса десе.

Биринчи дыйкан. Кантип эле, эч ким принцессаны куткарам деп аракет кылбадыбы?

Кожоюн. Эмнеге? Балким, түрдүү өлкөлөрдүн принцтеринин арасында принцессаны куткарууну каалаган кимдир бирөө болсо керек. Бирок эч ким ынды кара падышаны жеңе албайт. Ошон үчүн үн чыгарбай отурушат да.

Экинчи дыйкан. Андан тышкары да зыкым падыша принцессаны эч ким уурдап кетпесин деп, аны ажыдаарга кайтартып коюптур дешет ко.

Кожоюн. Жок, ажыдаарга эмес, солдаттарга кайтартып койгон дешет.

Биринчи дыйкан. Эгер мен сыйкырдуу дуба билген болсом, принцессага биринчи болуп жардам бергенге шашмакмын.

Кожоюн. Түшүнүктүү да. Мен сыйкырдуу дуба билсем, сизди күтмөк да эмесмин.

Баары каткырып күлүшөт.

Принц. (Күтүүсүздөн сөзгө аралашат). Жаныңар ачыбасын. Мен принцессаны куткарам.

Баары. (Таң калып). Сизби?!

Принц. Ооба. Ооба. Кел, ким кааласа келсин. Ынды кара падышабы же башкабы, келсин. (Жеңин  түрүп, тургандарга карайт). Баарыңды катарыңар менен чабам.

Кожоюн. Бирок падышанын үч кенчи бар дешет ко. Биринчиси — күлүк өтүк, экинчиси…

Принц. Болот кесчү албарс кылыч? Менде да бар. Карагылачы, мынабу өтүктү. Карагылачы, мынабу кылычты. Карагылачы, мынабу эски плащты. Бул кенчтин баары ынды кара падышанын кенчинен эч айырмаланбайт.

Баары (кайра таң калып). Ушул өтүкпү?! Ушул кылычпы?! Ушул плащбы?!

Кожоюн(күмөнсүрөп). Бирок сиздин өтүгүңүз жыртык турбайбы.

Принц. Ооба, өтүгүм жыртык. Өтүгүм жыртык болсо да бир кадам шилтесең, миң ри аралыкка учуп жетесиң.

Кожоюн. Чын элеби?

Принц (өкүнүп). Сен сыягы, мени жалган айтууда деп ойлойт окшойсуң. Мейли, кантип учканымды азыр сага көрсөтөйүн. Эшикти ач. Даярбы? Абага көтөрүлбөй жатып, көздөн кайым болом.

Кожоюн. Бирок мырза, адегенде мүмкүн болсо, акчасын төлөсүн!

Принц. Жалчыбаган акча да. Мен бир көз ирмемде кайра келем. Сага кандай белек алып келейин? Италиянын анарынбы? Испаниянын коонунбу? Же балким, алыскы араб өлкөлөрүнүн курмасынбы?

Кожоюн. Эгер белек болсо, кайдан болсо да айырмасы жок. Эми кантип учканыңызды көрсөтүңүз.

Принц. Учуп жатам. Бир, эки, үч!

Принц күчүнүн барынча секирет, бирок босогого да жетпей кучагын жайып жерге жыгылат.

Баары каткырып күлөт.

Кожоюн. Мен ушундай болот деп ойлогом.

Биринчи дыйкан. Мына сага миң ри. Эки-үч кэн аралыкка да учкан жок.

Экинчи дыйкан. Жок, ал миң ри аралыкка учту. Бир жолу тиякты көздөй миң ри учту, экинчи жолу бери көздөй миң ри учту. Мына, эми эски ордуна кайтып келди.

Биринчи дыйкан. Тамашаңды койчу. Бул өзү макоо неме экен.

Баары каткырып күлүүдө. Принц араң ордунан туруп, эшикти көздөй ындыны өчүп баратат.

Кожоюн. Токтоңуз, акчаны төлөңүз.

Принц үн чыгарбай ага акча ыргытат.

Экинчи дыйкан. Белек кана?

Принц (Бир колу менен кылычтын сабын кармайт). Эмне?!

Экинчи дыйкан (Артка кетенчиктеп). Жок, жок. Мен эч нерсе дегеним жок. (Өзүнчө күбүрөгөнсүп). Кылыч менен, балким моюнун үзө чапса болоттур?

Кожоюн. (Жылуу маанайда). Мырза али өтө эле жаш. Ал ошон үчүн атасынын падышалыгына кайтып барса жакшы болот азыр. Ал канчалык аракет кылбасын, баары бир ынды кара падышаны жеңе албайт. Баарынан да адамдын акыл эстүү болуп, өз күчүнө жараша иш кылганы жакшы эмеспи!

Баары. Угуңуз, угуңуз, ал сизге жакшылык каалап атат.

Принц. Менин колумдан баары келет, баарын жасай алам деп ойлогом. (Ыйлайт.) Мен сиздердин алдыңыздарда уят болдум. (Бетин жабат.) Мен жердин астына кирип кеткенге даярмын.

Биринчи дыйкан. Мырза, мынабу плащты кийип көрсүнчү. Балким ошондо көздөн кайым болор.

Принц. Айбан десе!(Жер тепкилейт.) Мейли, каалашыңарча шылдыңдагыла. Мен кандай болгондо да принцессаны ынды кара падышадан куткарып алам! Мейли, өтүктү кийип, миң ри аралыкка учпайын. Бирок менин кылычым бар. Жана плащым бар. (Албууттанып сүйлөйт.) Жок! Мен принцессаны ушул жылаңач колдорум менен болсо да куткарамын. Карагылачы, ошондо өкүнүп калбагыла! (Жинди немедей ашканадан атып чыгат.)

Кожоюн. Болуптур, эми эмне кыласың? Аны ынды кара падыша өлтүрбөй тирүү калтырса, жакшы болмок.

3

Падыша сарайынын алдындагы бак. Роза гүлдөрдүн ортосундагы фронтандан асманга суу оргуштап атууда. Обол эч ким көрүнбөйт. Бир топ убактан соң плащчан принц пайда болот.

Принц. Ушу плащты кийер замат, мени эч ким көрбөй калды сыягы. Мен сепилдин дарбазасынан киргенимде, күзөтчүлөрдү жана падыша сарайындагы фрейлиналарды кезиктирдим. Бирок бир адам да токтотподу мени. Демек, мен бул плащты кийип, розанын жытына жыргаган жел сыяктуу принцесса уктачу бөлмөгө кирип кетет окшоймун. Ой, ким келатат бул жакка? Мен уккан принцессанын өзү болуп жүрбөсүн? Азыр эмне болсо дагы жашына турайын. Эгер бул жерде тура берсем, принцесса да мени көрбөйт.

Принцесса фонтандын жанына келип, терең үшкүрөт.

Принцесса. Мен кандай бактысызмын. Бир жумага жетпей, жанагы коркунучтуу ынды кара падыша Африкага алып кетет мени. Арстандар жана крокодилдер жашаган Африкага. (Чөпкө отурат.) Мен дайыма ушул сепилде жашаганды каалайм. Розалардын арасындагы береги фонтандын үнүн уккум келет…

Принц. Принцесса кандай сулуу! Мен өлсөм да аны куткарам.

Принцесса. (Принцти чочуп карап.) Сиз ким болосуз?

Принц. (Өзүнчө күбүрөнүп жаткандай болуп.)  Шайтан алгырдыкы! Мен сүйлөп, бекер кылдым да.

Принцесса. Эмнеге сүйлөп бекер кылдыңыз? Сиз эмне болуп жатасыз? Жүзүңүз оголе сүйкүмдүү экен, анан минтип…

Принц. Бетимби? Сиз менин бетимди көрүп турасызбы?

Принцесса. Көрүп турам, албетте. Буга эмнеге таң калдыңыз?

Принц. Мынабу плащты да көрүп турасызбы?

Принцесса. Ооба, аябай эски плащ экен. Туура айтамбы?

Принц (абдырап). Бирок сиз мени көрбөшүңүз керек эле.

Принцесса (таң калып). Эмне үчүн?

Принц. Бул плащты кийсең, эч кимге көрүнбөйсүң.

Принцесса. Мындай плащ ынды кара падышада гана бар.

Принц. Жок, бул да ошондой плащ.

Принцесса. Бирок сиз көрүнбөй калбадыңыз да?

Принц. Мен күзөтчүлөргө жана фрейлиналарга жолукканымда, мени чындап эле эч ким көрбөдү. Мен жолуккан адамдардын эч кимиси мени токтоткон жок. Бул айткан сөзүмө далил эмеспи.

Принцесса (күлөт). Дал ушундай болуш керек эле да. Эски плащчан жүрсөңүз, сизди малай деп ойлошту да.

Принц. Малай! (Абдырап жерге отурат.) Ушундай эле нерсе бул өтүктөр менен да болду.

Принцесса. Өтүктөр менен эмне болду?

Принц. Булар — күлүк өтүктөр.

Принцесса. Эмне, ынды кара падышанын өтүгүндөйбү?

Принц. Ооба. Жакында эле өтүктөрдү кийип алып басайын десем, эки-үч кэн аралыкка да учкан жок. Менде кылыч да бар. Ал болотту да бөлө кесет…

Принцесса. Сиз аны менен бир нерсени кесип көрдүңүзбү?

Принц. Жок, ынды кара падышанын башын алмайынча, мага аны менен эч нерсени кесүүнүн зарылдыгы жок.

Принцесса. Аа, ошондойбу! Сиз ынды кара падыша менен салгылашканы келдиңизби?

Принц. Жок, мен салгылашуу үчүн келбедим. Мен сизди куткаруу үчүн келдим.

Принцесса. Чын элеби?

Принц. Чын.

Принцесса. О, кандай бакыт!

Капылеттен эле ынды кара падыша пайда болот. Принц жана принцесса айран таң болуп карап калышат.

Ынды кара падыша. Саламатсыздарбы. Мен азыр эле бир секирип Африкадан учуп келдим. Көрдүңөрбү, менин өтүгүм эмнеге жөндөмдүү экенин?

Принцесса (жактырбай). Эми кайра Африкага жөнөй берсеңиз болот.

Падыша. Жок, мен бүгүн сиз менен шашпай отуруп сүйлөшкүм келет. (Принцти байкайт.) Бул малай кайдан келди?

Принц. Малай? (Кыжырданып ордунан турат.) Мен принцмин. Мен принцессаны куткарганы келдим. Мен бул жерде турганда, принцессага колуңардын учун да тийгизе албайсыңар.

Падыша (атайылап сылык сүйлөп). Мен үч кенчтин ээсимин. Муну сиз билесизби?

Принц. Кылыч, плащ жана өтүк? Ырас, менин өтүгүм менен бир тё аралыкка дагы уча албайсың. Бирок принцесса менин жанымда жүрсө, бул өтүк менен болсом да мени не бир миң ри, не эки миң ри аралык  коркута албайт. Эми мынабу плащты караңыз. Үстүмдө ушу плащ болгон үчүн мени малай деп ойлошту жана принцессанын жанына жеткенге мүмкүн болду. Демек, плащ мени көрүнбөс кылды. Же андай эмеспи?

Падыша (мыскылдап). Мактанганды токтотуңуз. Жакшылап караңызчы, менин плащым эмнеге жөндөмдүү экенин. (Плащты кийет да көздөн кайым болот.)

Принцесса (алаканын чапкылап). Оо, жок болду. Бул адам жоголор замат, мен өзүмдү чындап бактылуу сездим.

Принц. Падышанын береги плащы  ыңгайлуу экен. Атайын биз үчүн жасалыптыр.

Падыша (күтүүсүздөн кайра пайда болот. Жагымсыз үн менен сүйлөйт). Туптуура. Ал атайын силер үчүн жасалган. Мага анын эч кандай пайдасы жок. (Плащты ыргытып жиберет.) Бирок менде кылыч бар. (Принцти каардуу көздөрү менен карайт.) Сиз менин бактыма кол салып жатасыз. Мен сизди адал эрегишке чакырам. Менин кылычым болотту да кесет. Сиздин башыңыз ал үчүн кылдай да болбойт. (Кылычын сууруп чыгат.)

Принцесса (ыкчам ордунан турат да принцти дене бою менен калкалайт). Эгер сиздин кылычыңыз болотту кылдай кессе, анда менин көкүрөгүмө жөн эле кирет. Келиңиз, көкүрөгүмө бир сайыңызчы.

Падыша (артка кетенчиктей). Жок, кылыч сиздин көкүрөгүңүзгө  кирбейт.

Принцесса (шылдыңдай). Ал кантип эле менин көкүрөгүмө кирбесин? Сиз айтпадыңыз беле, атүгүл болотту да кылдай кесет деп.

Принц. Токтой туруңуз. (Принцессаны четке жылдырат.) Падыша туура айтат. Мен ага душманмын жана аны менен адал эрөөлгө чыгышым керек. (Падышага.) Келиңиз, баштабайлыбы эрөөлдү? (Кылычын кынынан сууруйт.)

Падыша. Сиз жаш болсоңуз да, чыныгы эркек турбайсызбы. Даярсызбы? Кылычка тийип көрүңүзчү — жашоо менен кош айтышасыз. Байкаңыз!

Падыша менен принцтин кылычтары кайчылашат. Күтүүсүздөн падыша принцтин кылычын чыбыктай эле бөлө чабат.

Кандай экен?

Принц. Менин кылычым чынында эле быркырап сынды. Бирок ага карабай мен сиздин жүзүңүзгө карап күлө берем.

Падыша. Эмне, эрөөлдү улантабызбы?

Принц. Албетте. Ии, жакын келиңиз.

Падыша. Жок, эрөөлдү мүмкүн болсо токтотобуз. (Күтүүсүздөн эле кылычын ыргытып жиберет.)  Сиз жеңдиңиз. Менин кылычым эч нерсеге жарабады.

Принц (таң калып падышаны карайт). Эмне үчүн?

Падыша. Эмне үчүн? Эгер мен сизди өлтүрчү болсом, прицесса мени ого бетер жек көрүп калат. Сиз эмне, муну түшүнбөйсүзбү?

Принц. Жок, түшүнбөймүн. Сиз, ошон үчүн муну түшүнгөнгө макул болдуңуз да.

Падыша (ойго батып). Менде үч кенчим бар үчүн принцесса меники болот деп ойлогом. Бирок көрбөдүңүзбү, жаңылышкан экенмин.

Принц (колун падышанын мүрүсүнө коюп). А мен  үч кенчим бар үчүн принцессаны куткарам деп ойлогом. Бирок мен да жаңылышкан окшойм.

Падыша. Ооба, биз экөөбүз тең жаңылыштык. (Принцтин колун колуна алат.) Келиңиз,  элдешели. Сизден кечирим сурайм.

Принц. Сиз да мени кечириңиз. Азыр экөөбүздүн кимибиздин жеңгенибиз да түшүнүксүз.

Падыша. Жок, сиз мени жеңдиңиз. А мен болсо, өзүмдү өзүм жеңдим. (Принцессага). Мен кайра Африкага кетем. Ошон үчүн көп кыжаалат  болбоңуз эми. Принцтин кылычы болотту чөптөй кескендин ордуна, менин болоттон да бекем жүрөгүмдү жаралантты. Үйлөнүү тоюңарга үч кенч: кылыч, өтүк жана плащ тартуу кылам. Эгер силерде береги үч кенч  болсо, менин оюмча, дүйнөдө силерге касырет кылчу кара санатай болбойт. Эгер кайсы бир шүмшүк табылса, ал жөнүндө менин падышалыгыма кабар бергиле. Мен кайсы мүнөттө болбосун, силердин душманыңардын сазайын берүү үчүн миллион ынды кара атчан менен казатка чыгам. (Муңаймдуу үн менен.) Сизди келет деп Африкадагы өзүмдүн борборума мармар таштан сарай курганмын. Сарайдын айланасында лотос өсөт. (Принцке.) Сиз кээде алдагы өтүктөрдү кийип, көңүл ачканы менин жаныма учуп келиңиз.

Принц. Сөзсүз, конок болгону учуп барам.

Принцесса (ынды кара падышанын төшүнө роза гүлүн тагат). Мен сиздин алдыңызда абдан айыптуумун. Сиздин мындай жароокер экениңиз, үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Мени кечирип коюңуз. Мен, чындыгында эле абдан күнөөлүүмүн. (Падышанын төшүнө башын жөлөп алып, жаш баладай ыйлайт.)

Падыша (принцессанын чачын сылап). Рахмат. Муну угуп, жаным элжиреди. Мен кайсы бир заары ташкан жин эмесмин да. Каардуу жинге окшош ынды кара падыша жомоктордо гана болот. (Принцке.) Туура айттымбы?

Принц. Туптуура. (Көрүүчөлөр отурган залга кайрылып.) Достор! Биз үчөөбүз уйкудан ойгондук. Каардуу жинге окшош ынды кара падыша жана үч кенчке эгедер принц жомоктордо гана болот. Бирок биз уйкудан ойгонгон үчүн, бизге жомоктор өлкөсүндө калуунун эч зарылчылыгы жок. Биздин алдыбыздагы тумандан кучакка батпаган кең дүйнө көрүнүүдө. Жана биз баарыбыз чогуу розалар менен фонтандардын дүйнөсүнөн ушул дүйнөгө кетип баратабыз. Кучак жеткис дүйнөгө! Ал ырайы суук, ал ажайып кооз, бул дүйнө – аябаган чоң жомоктун дүйнөсү! Бул дүйнөдө бизди эмне күткөнүн:  кайгы-капабы же кубанычпы, билбейбиз. Биз бир нерсени билебиз — бул дүйнөгө эр жүрөк солдаттардай болуп, тайманбай баруу керек.

Декабрь, 1922-жыл.