АКУТАГАВА Рюноске: Түпкүрдө (новелла, которгон Назгүл ОСМОНОВА)

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

НОВЕЛЛА

Соттук төрөнүн сурагында отунчунун айтканы
Ооба. Өлүктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адатымча, тоолор жакка жыгач кыюу үчүн жөнөп кеттим. Ошентип, тоо түбүндөгү токойчодо өлүк дене жатыптыр. Кайсы жерде дейсизби? Болжол менен Ямасинге кеткен жолдон төрт-беш чакырым алыстыкта. Бул бамбук дарактары солкулдак жаш криптомерия дарактары аралашып өскөн элсиз жер.
Сөөктүн кийгени жеңи ачык бозомтук-көгүш чапан менен эски эбоси шапкеси экен, мындай биш кийимди борбордо гана кийишет. Сөөк чалкасынан жатыптыр. Иш мындай болуптур, анын денесинде бир гана жараат болуп, бирок ал дал көкүрөк тушунда экен, андыктан айланадагы кургак бамбук дарактары кудум кызыл боёкко боёлгон сымал сезилет. Жок, кан акпай калыптыр. Ооба, дагы бир байкаганым, жараатка конуп алып, менден коркуп да койбостон, сайгак кан соруп жатыптыр.
Кылыч же ушуга окшогон нерсе жок бекен дейсизби? Жок, ал жерде эчтеке жок болчу. Болгону өлүк жаткан криптомерий дарагынын түбүндө жип жатыптыр. Анан дагы… ооба, ооба, жиптен башка ал жерде тарак жаткан. Дененин айланасында ушул эки буюм гана жатканын көрдүм. А тегеректеги чөптөр менен күбүлгөн жалбырактар катуу уйпаланган, өлгөн адам жашоосун оңой бербегени көрүнүп турат. Аттар жок беле дейсизби? Ал жакка эч кандай аттын буту жете албайт. Аттар жүрчү жол — түпкүрдүн ары жагында.
Соттук төрөнүн сурагында жер кезген кечилдин айтканы
Өлгөн адам менен кечээ жолуккам. Кечээ… менимче, чак түштө. Кай жерде дейсизби? Сэкиямадан Ямасинге кеткен жолдо. Ал атта отурган аял менен Сэкияма тарапка бараткан эле. Аялдын башында кырбусу кенен жүзүн жапкан баш кийим болгондуктан, анын жүзүн көрө алган жокмун. Хаги гүлдөрү менен саймаланган жибек көйнөгү гана көрүнөт. Алардын мингени кыркылган жалдуу жээрде ат эле. Боюбу? Кадимкиден бир аз өйдөрөөк… Ооба, мен деген кечилмин да, мындай нерселерди жакшы түшүнө бербеймин. Эркек болсо… ооба, анын белинде байланган кылычы да, далысына асынган жаасы да бар эле. Азыр дагы анын сырдалган саадагынан жыйырма беш жебе чыгып турганы эсимде. Ал минтип өлөрү түшүмө да кирбептир. Аныгында адам өмүрү шүүдүрүм же чагылган сымал көз ирмемде жок болот. Ох, ох, мунун канчалык кайгылуу экенин сөз менен айталбайсың.
Соттук төрөнүн сурагында күзөтчүнүн айтканы
Мен кармаган адамбы? Бул — атактуу каракчы Тадземару.
Мен аны кармаганымда, ал аттан жыгылып, Авадагутидеги көпүрөнүн жанында онтоп жатыптыр. Качан? Кечээ кечинде, күзөттүн биринчи саатында. Өткөн жолу аны кармап ала жаздаганымда үстүндө азыркы көк жеңсиз чапаны менен белиндеги кылычы бар болчу. А бул жолу, көрүп турганыңардай, жаа менен жебеси да бар болуп чыкты. Ушундай дегилечи? Булар ошол өлтүрүлгөн адамдыкы бекен? Анда, аны Тадземару өлтүргөнү шексиз. Тери капталган жаа, кара сыр менен сырдалган саадак, карчыганын канатынан жасалган он жети жебе, мунун баары өлтүрүлгөн адамга таандык болгон. Ооба, сиздер айткандай, ат кыска жалдуу жээрде ат эле. Тагдыры ушундай көрүнөт, ал үстүндөгү адамды алып ыргытыптыр. Ат көпүрөдөн алыс эмес жолдогу чөптөрдү отоп жүрүптүр, артында сүйрөлгөн чылбыры бар.
Бул Тадземару борбордо тентиген башка каракчылардан айырмаланып, аял дегенде эт-бетинен кетет. Эсиңердеби, өткөн жылы Биндзурунун урматына салынган Акиторибэ ибадатканасынын артындагы тоодо кыз жетелеген аялды өлтүрүп кетишкен, менимче, алар зыяратчылар болсо керек. Бул иш Тадземарунун колунан келген деп айтышкан. Жээрде ат минип келаткан бул аял дагы, эгерде эркекти ал өлтүрсө, анда ал кайда кетти, тагдыры эмне болду? Белгисиз. Аралашканым үчүн кечирип коюңуздар, бирок муну иликтеш керек.
Соттук төрөнүн сурагында кемпирдин айтканы
Ооба, бул менин кызым турмушка чыккан кишинин сөөгү.
Бирок ал борбордун тургуну эмес. Ал Какуфу менен Вакастан келген самурай. Аны Канадзава Такэхиро деп аташат, жашы жыйырма алтыда. Жок, ал ким бирөөнүн каарына калмак эмес, анын мүнөзү абдан жумшак.
Менин кызымбы? Кызымдын аты Масаго, жашы жыйырма беште. Мүнөзү тайманбас, ар кандай эркектен кем калбайт. Такэхиродон башка сүйгөн адамы эч качан болгон эмес. Кызым кара тору, сол көзүнүн алдында меңи бар, жүзү кичинекей келип, бир аз сөлпүрөөк.
Кечээ Такэхиро менин кызым менен Вакаска карай жол алган. Кайсы күнөөбүз үчүн бизди мындай бактысыздык басты! Кызыма эмне болду? Күйөө баламдын жазмышына айла жок, бирок кызым үчүн санаам тынбай жатат. Мен, карыган кемпир, бардык ыйыктардын атынан суранам, болгон токойлор менен шалбааларды карап чыксаңар да мага кызымды таап бергиле!
Бул Тадземару дегениңер эмне деген кара санатай неме! Күйөө баламды эле эмес, кызымды дагы… (бир сөз айта албай өксүп ыйлайт).
Тадземарунун моюнга алуусу
Ал адамды мен өлтүрдүм. Бирок аялды өлтүргөн эмесмин. Ал кайда жоголду? Муну да билбеймин. Токтоп тургула! Мени канчалык кыйнаганыңар менен өзүм билбеген нерсени айтып бере албаймын. Анын үстүнө, болору болгон соң, коркуп отурбайм жана эчтекени жашырбаймын. Мен бул эркек менен анын аялын кечинде, чак түштөн өтүп кезиктирдим. Эскен желден жибек жамынчысы булая түшкөн аялдын жүзү саамга ачыла калды. Көз ирмемге гана жылт этти да кайра жабылды, балким, ушундан уламбы, айтор мага анын жүзү аял кудайдын жүзүндөй көрүндү. Ошентип мен ошол замат, атүгүл эркегин өлтүрүүгө туура келсе да аял меники болот деп чечтим. Силерге бул коркунучтуу көрүнүп жатабы? Арзыбаган иш, эркекти өлтүрүү – кадимки эле окуя! Аялды ээлеш үчүн, эркекти дайым өлтүрүшөт. Болгон айырмасы, мен белимдеги кылычым менен өлтүрөм, а силер баарыңар кылыч менен эмес, бийлигиңер, акчаңар, а кээде жагалданган сөзүңөр менен өлтүрөсүңөр. Албетте, мындай болгондо кан төгүлбөйт, эркек бүтүн бойдон калат, ошентсе да силер аны өлтүрдүңөр. Эгерде кимдин күнөөсү оорураак экенин ойлонсо, менинби же силердинби, ким билип олтуруптур! (Шылдыңдуу күлкү).
Бирок бул эркекти өлтүрбөй туруп, аялга ээ болуу мүмкүн болсо, мага жакпайт дегендик эмес. А бул жолу болсо, аялга эркекти өлтүрбөй туруп ээ болом деп чечтим. Бирок өткөөл жолдо мындай ишти жасай албайсың. Андыктан, ал экөөнү токойдун түпкүрнө кантип азгырууну ойлондум.
Бул кыйын деле эмес болуп чыкты. Аларга жолдон кошулган жолоочу катары жанаша басып, маңдайдагы тоодо коргон бардыгын, аны казганымды жана ал жактан көптөгөн күзгүлөр менен кылычтарды тапканымды, анын баарын тоонун алдындагы токойчого эч ким көрбөстүгү үчүн көөмп койгонумду, эгерде каалоочу табылса, ага кайсы буюмду болбосун, арзан бере саларымды айттым. Эркек акырындап менин сөзүмө азгырыла баштады. Мынакей анан – эмне деп ойлодуңар эле! Ач көздүк деген эң коркунучтуу нерсе! Жарым саат өтпөстөн, алар атынын башын бурушуп, мени менен тоого кетчү чыйыр жолго түшүштү.
Биз шалбаага келгенибизде, мен буюмдар чытырман токойдун өзүндө көмүлгөнүн айтып, чогуу көргөнү барууну сунуш кылдым. Эркекти ач көздүгү кыйнап, албетте, буга каршы болгон жок. Бирок аял аттан түшпөй күтүп турарын айтты. Бул туура акыл эле, себеби, аял токойдун калыңдыгын көрүп турган. Баары ойдогудай баратты, аялды жалгыз калтырып, эркекти чытырман токойго алып кеттим.
Чытырман токойдун четинде бамбук дарактары гана бар эле. Бирок биз жолдун жарымына жеткенде криптомерийлер да кездеше баштады. Мен ойлогонду ишке ашыруу үчүн мындан ыңгайлуураак жерди табуу кыйын болчу. Бутактарды жылдырганча, казына криптомерийлердин алдына катылган деген тарыхты айтып бараттым. Мени угуп бараткан эркек бул дарактардын ичке сөңгөктөрү көрүнүп турган жакка шашылып басып баратты. Бамбук дарактары улам азая берди, криптомерийлер жолубузда турду, ошондо мен капысынан ага асылып, жерге жыктым.
Ошентип ал заматта дарактын сөңгөгүнө таңылып калды. Жип кайдан дейсиңерби? Кайсы каракчы жипсиз жүрөт? Жип менин белимде болчу, кашаадан өтүү үчүн ал мага дайым керек болуп калышы ыктымал.
Албетте, ал кыйкырбастыгы үчүн оозуна күбүлгөн бамбук жалбырактарын тыгып койдум, эми аны менен алышуунун кажети жок эле. Эркегин тынчыткан соң, аялга кайтып келип, анын жолдошу капысынан ооруп калганын жана көрүп коюшу керектигин айттым. Бул жолу да максатыма жеткенимди айтып отуруунун кажети жоктур. Ал кырбусу кенен баш кийимин алып, колумдан колун албастан, токойдун түпкүрүнө карай басып жөнөдү. Бирок биз анын күйөөсү таңылган жерге келгенибизде, аял күйөөсүн көрөр замат колун колтугуна жиберип, канжарын сууруп чыкты. Мен эч качан мындай тайманбас, өткүр аялды көргөн эмесмин. Эгерде ошондо этият болбосом, ичиме сокку жесем керек эле. Мындан кутулдум дечи, бирок аял тажаалдык менен канжарын шилтегилей берди. Бирок мен да бекеринен Тадземару бекем, акырында кылычка чуркабай туруп, аялдын колунан канжарын кагып жибердим. А колунда куралы жок эң эр жүрөк аялың да эчтекеге жарабайт. Ошентип, өзүм каалагандай, эркегин өлтүрбөй туруп, андан аялын тартып алдым.
Ооба, эркегин өлтүрбөй туруп. Мен андан кийин да аны өлтүргүм келген эмес. Бирок качан мен ыйлап жаткан аялды таштап токойдон чыгып кетким келери менен, аял кокустан акылдан адашкан сыяктанып, жеңимден тартып, деми кыстыккансып, кыйкыра баштады: «Же сиз өлөсүз, же менин күйөөм… силердин экөөңөрдүн бирөөңөр өлүшүңөр керек… а мен тирүү калганыңарга барамын”. Мына ошондо эркекти өлтүргүм келди.(Кайгылуу дүүлүгүү).
Азыр, муну силерге айтып жатканымда ырайымсыз адамдай көрүнсөм керек. Силерге ошондой көрүнөт, себеби, силер бул аялдын жүзүн көргөн жоксуңар. Себеби, силер анын жалындап күйгөн көздөрүн көргөн жоксуңар. Анын көзүнө көзүм чагылганда, турган ордумда чагылган уруп кетсе да, аны аялдыкка алгым келди. Аны аялдыкка алуум керек — башымда ушул ой гана турду. Жок, бул силер ойлогондой, кумарпоз аял жандуулук эмес эле. Эгерде мени бул сезим гана кыйнаса, аялды бутум менен жыга тээп, кетип калмакмын.
Ошондо эркек кылычын өзүнүн канына боёмок эмес. Бирок дал ошол токой түпкүрүнүн күүгүмүндө аялдын жүзүнө тиктегенимде, ал жактан эркекти өлтүрмөйүнчө кетпейм деп чечтим.
Бирок эркекти өлтүрүүнү чечкеним менен, арсыздарча өлтүргүм келбеди. Аны байлоодон бошоттум да, мындай дедим: — Кел, кылыч менен салгылашабыз. Силер дарак сөңгөгүнөн тапкан жип ошондо мен ыргыткан жип. Өңү бузулган эркек оор кылычын сууруп алып, бир сөз айтпастан каарданып мага жүткүндү. Бул салгылашуу эмне менен аяктаганы айтпаса да түшүнүктүү. Кылычты жыйырма үчүнчү жолу шилтегенимде анын көкүрөгүн шылып өттү. Жыйырма үчүнчү шилтемде — суранам, ушуну унутпагыла! Мен алигече таңгалам: бүт дүйнө боюнча жалгыз ал гана мени менен кылычын кайчылаштырды. (Шайыр жылмаюу).
Ал жыгылып түшөр замат, колумдагы кандуу кылычым менен аялга бурулдум. Бирок элестетсеңер, аялдын карааны да көрүнбөйт! Аны дарактардын арасынан издей баштадым. Бирок күбүлгөн бамбук жалбырактарынын арасында бир да из калбаптыр. Айланага кулак салсам, өлүм алдында жаткан эркектин кырылдаган үнү гана угулат.
Балким, биз салгылаша баштаганыбызда, аял токойчодон суурулуп чыгып, жардамга чакырганы кеттиби? Бул ой башыма келери менен маселе менин өмүрүм тууралуу болуп жатканын түшүндүм. Өлүктүн кылычын, саадак, жебесин алдым да, мурунку чыйыр жолго чыктым. Ал жакта аялдын аты мурункудай эле бейкапар чөп искеп жүрүптүр. Андан кийин эмне болгонун айтып отуруунун өзү бейпайда. Бир гана айтарым: борборго кирер алдымда менде ал кылыч жок эле. Моюнга ала турганым ушул гана. Мени эң катаал жазага тарткыла – мен дайым акыры менин башым кайсы бир түркүктө илинип турарын билгемин. (Тайманбаган түр).
Киэмидзу ибадатканасына келген аялдын айтканы 

Мага ээ болгондон кийин, бул көк чапанчан эркек байлануу турган күйөөмдү карап, мыскылдуу каткырды. Күйөөм үчүн абдан эле кыйын болсо керек! Бирок ал канчалык жулкунбасын, аны чырмап турган жип ого бетер денесине чырмалды. Эрксизден ага карап жүткүндүм, — жок, болгону ага карап умтулдум. Бирок тиги эркек буту менен мени жерге жыга тепти. Мына ошондо ушул иш болду. Ушул ирмемде күйөөмдүн көздөрүнөн кандайдыр бир сөз менен айткыс жалынды көрдүм. Айтып бергис… атүгүл азыр да анын ошондогу көздөрүн эстесем, дене боюм калтырайт. Бир сөз айтууга жарабаган абалында күйөөм ушул бир көз карашы менен жан дүйнөсүндөгү бардык нерсесин айтып салды. Бирок анын көздөрү каарданууну да, азап тартууну да билдирген жок, анда бир гана мага деген жек көрүү бар эле! Алар мына ушуну гана айтып турду! Тиги эркектин тепкисинен эмес, бул көз караштан коркуп, өзүмдү билбей бир кыйкырып, эсимден тандым.
Эсиме келгенимде, көк чапанчан эркектин изи сууптур. Болгону криптомерия дарагына күйөөм мурункудай эле байланып туруптур. Күбүлгөн бамбук жалбырактарынан кыйынчылык менен өйдө болуп, анын жүзүнө үңүлө тиктедим. Бирок күйөөмдүн көз карашы таптакыр өзгөрбөптүр. Анын көздөрү мурункудай эле муздак жек көрүү менен жашырынган жек көрүүнү билдирет. Ошондо эмнелерди ойлогонумду кантип айтарымды билбеймин… уят да, кайгы да, жек көрүү да… Теңселе ордумдан туруп, күйөөмө келдим.
“Угуп туруңуз! Болуп өткөн окуядан кийин, мен сиз менен кала албаймын. Мен өлүүнү чечтим. Бирок… сиз дагы өлөсүз. Сиз менин шерменде болгонумду көрдүңүз. Мындан кийин сизди тирүү калтыра албаймын”. Канчалык кыйын болсо да, күйөөмө дал ушундай дедим. Ошондо да күйөөм мага мурункудай эле жек көрүү менен карап турду. Көкүрөгүмдү жарып жиберчүдөй болгон толкундануумду басып, анын кылычын издей баштадым. Бирок кыязы аны каракчы алып кеткен болуу керек, кылыч гана эмес, атүгүл саадак менен жебе да токойдун эч бир жеринен көрүнбөдү. Бактыга жараша, канжар бут алдымда жатыптыр. Мен канжарды күйөөмө көрсөтүп, дагы бир жолу мындай дедим: “Эми мен сизди өлтүрөмүн. Анан ошол замат артыңыздан кетемин”.
Күйөөм бул сөздөрдү укканда, күчтөнө эриндерин кыбыратты. Албетте, эч кандай үн угулбады, себеби оозу бамбук жалбырактарына толгон эле. Бирок мен анын эриндерине караганымда, дароо эле ал эмне айтканын түшүндүм. Баягы эле жек көрүүсүнөн жазбаган күйөөм мага бир гана сөз айтты: “Өлтүр”.
Эс-акылдан дээрлик ажыраган абалда күйөөмдүн бозомтук-көгүш чапан алдындагы көкүрөгүнө канжарды терең малып алдым.
Чамасы, ушул жерде кайрадан эсимди жоготтум окшойт. Өзүмө келип, көзүмдү ачканда мурункудай эле байланып турган күйөөм дем албай калыптыр. Бамбук сөңгөктөрү менен чырмалышкан коюу криптомерий бутактарынын арасынан анын купкуу жүзүнө күн нурлары чачырады. Боздогонду күч менен басып, өлүү денедеги жипти чечтим. Андан соң… андан соң мага эмне болду? Бул тууралуу айтууга күчүм жетпейт. Эмне гана кылбайын, өлүүгө күч таппадым. Мен канжарды тамагыма такадым, тоонун этегиндеги көлгө чөккөнгө аракет кылдым, мен, мен… Бирок мына өлбөдүм, алдыңарда тирүү турамын жана мунум менен сыймыктана албаймын. (Кайгылуу жылмаюу).
Балким, боорукер, кайрымдуу Каннон кудай мага окшогон эч нерсеге арзыбаган жандан жүзүн бурган чыгар. Бирок мен, күйөөсүн өлтүргөн, каракчы тарабынан мазакталган мен эмне кылышым керек? Мен эмне… мен… (Капысынан үмүтү үзүлө боздойт).

Өлгөн адамдын арбагы көзү ачыктын оозу менен эмне деди?

Аялыма ээ болгондон кийин каракчы анын жанына отуруп, соорото баштады. Менин оозум, албетте, жабылуу эле. Өзүм дарак сөңгөгүнө байлангамын. Бирок ушул убакыт ичинде аялыма көзүм менен белги берип жаттым: “Ага ишенбе! Анын айткандарынын баары жалган”, — ага мына ушуну айткым келди. Бирок жалбырактардын үстүндө кайгырып отурган аялым көзүн тизесинен албады. Чынын айтсам, ал каракчынын сөзүн кунт коюп угуп атат деп ойлоого мүмкүн эле. Мен кызганычтын туйлап жаттым. А каракчы болсо чебер сүйлөп, максатына жеткиси келди. Тазалыгыңды жоготуп, күйөөң менен жашашың кыйын. Күйөөң менен калгандан көрө, ага, каракчыга кеткениң жакшы эмеспи? Ал деген бул ээнбаштыкты аны жактырып калганы үчүн жасады да… Каракчынын тайманбастыгы ушул сөздөрдү айтууга чейин жетти.
Каракчыны угуп отурган аялым акыры жүзүн ойлуу көтөрдү. Эч качан анын мынчалык сулуу экенин көрбөгөмүн! Бирок жанында байлануу турганымда менин сулуу аялым каракчыга эмне деп жооп кайтарды? Азыр мен бар менен жоктун ортосунда учуп жүрөм, бирок анын жообун эстеген сайын кыжырым кайнайт. Аялым мына мындай деди: “Анда мени каалаган жагыңызга алып кетиңиз”. (Узакка тунжуроо).
Бирок анын күнөөсү мында гана эмес. Бул сөздүн айынан гана мен караңгыда каңгып жүрүп мынчалык кыйналмак эмесмин. Андан соң мына бул нерселер болуп өттү: аялым куду түш көргөн сымал, токойчодон чыгып бараткан каракчыны колунан кармап ээрчип баратып капысынан өлөрчө кубарып, даракка байланган мени көрсөттү. “Муну өлтүрүңүз! Бул тирүү болсо, сиз менен боло албаймын!..” – деген аялым акылынан ажырагандай, бир нече ирет кыйкырды.
“Өлтүрүңүз!” – бул сөздөр азыр дагы бороон сыяктуу мени түбү жок орго алып жөнөйт. Мындай жийиркеничтүү сөздөр качандыр бир адам баласынын оозунан чыкты беле? Мындай карасанатай сөздөр качандыр бир адамзат кулагына угулган беле? Качандыр бир… (Капысынан заар күлкү угулат). Бул сөздөрдү укканда, атүгүл каракчы да кубарып кетти. “Өлтүрүңүз аны!” – каракчынын жеңине асылган аялым кыйкырып жатты.
Аялымды тигиле тиктеген каракчы “ооба” деп да, “жок” деп да жооп кайтарган жок жана кокустан эле аны үйүлгөн жалбырактарга карай ыргыта тепти (Кайрадан заар күлкү угулат). Колун көкүрөгүнө кайчылаштырган каракчы мага бурулду: “Бул аялды эмне кылуу керек? Өлтүрөйүнбү же ыракым кылайынбы? Жооп ордуна башыңызды ийкеңиз”. Өлтүрсүнбү? Жалгыз ушул сөз үчүн мен аны бүтүндөй кечирүүгө даярмын. (Кайрадан узакка тунжуроо).
Мен олку-солку болуп турганча, аялым капысынан кыйкырып жиберип, токойдун түпкүрүнө качып жөнөдү. Каракчы ошол замат артынан жүгүрдү, бирок чамасы, жадагалса жеңинен да кармап кала албады көрүнөт. Мунун баарын жөөлүп жатып көргөнсүдүм.
Аялым качып жөнөгөндө, каракчы менин кылычым менен саадак-жебемди алып, жиптин бир учун кесип койду. Анын токойдон чыгып баратып, күбүрөгөнү кулагымда турат: “Эми өзүм тууралуу ойлонушум керек”.
Ал кеткенден кийин айлананын баары тыптынч болуп калды. Жок, баары эмес, — жанымда кимдир бирөөнүн боздогону али угулуп жатты. Аркандан бошонуп жатып, кунт коё уга баштадым. Анан эмне болду? Өксөп ыйлап жаткан өзүм болуп чыктым. (Үчүнчү жолу узакка тунжуроо).
Өлдү дегенде араң азап тарткан денемди сөңгөктөн бошотуп алдым. Алдымда аялым түшүрүп койгон канжар жаркылдайт. Мен аны өйдө көтөрдүм да, бир шилтем менен көкүрөккө матырдым. Тамагыма кандайдыр кандуу толкун келгенин сездим, бирок мунун азаптуу эч нерсеси жок эле. Көкүрөгүм муздап чыкканда айлана ого бетер жымжырттыкка чөмүлдү. О, бул кандай жымжырттык эле дейсиң! Бул тоолуу токойчодо бир дагы чымчык сайрабайт. Криптомерий менен бамбук дарагынын сөңгөктөрүндө гана батып бараткан күндүн аянычтуу нуру күйөт. Батып бараткан күндүн… Бирок алар да акырындап өчүп баратышты. Дарактар да, бамбук да көрүнбөй калышты. Ошондо жерде суналып жаткан мен дүлөй жымжырттыкка оролдум.
Мына ошондо кимдир бирөө акырын жаныма басып келди. Мен бул ким экендигин билгим келди. Бирок айлананы караңгылык каптады. Анан бул кимдир бирөө… көрүнбөгөн колу менен көкүрөгүмдөн канжарды сууруп алды. Ошол замат оозум кайрадан жайпаган канга толду. Ушундан кийин мен түбөлүк караңгыга чумкудум.