АЛИ Сабахаттин: Качуу (аңгеме, которогон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ

Эки жандарма кызматкери Идиристи колтуктап алышып, дикилдетип жетелеп баратышат.

Идирис буттарына таканчыктап, өзү жалгыз басууга мүмкүн эмес абалда. Жандармалар байкушту катуу сабашкан, бирок кантсин, эптеп басууга аракетин жасамыш этти.

Майрам намазы окулуп жаткан учурунда Имамкөй мечитине кирип, намаз окуп аткандардын буям-тайымдарын уурдай качканын акырында мойнуна алган болчу.

Ал эми ушундай окуя болуп өткөнүнөн өзүнүн деле кабары жок…

Эмне айла кылат?… Бул деген токмок да… Баардык нерсени айттырат.

Эми жок эле дегенде жети жылга кесилип кетет.

Басуу үчүн болгон күчүн жумшап, анда-санда буту ташка илинип сенделе түшкөндө, жандармалардын бирөө колтугунан жөлөй калат.

Бир аз баскандан кийин колуна тамеки карматышты…

Булар деле негизинен жаман адамдар эмес дечи… Бирок эмне кыла алышмак, милдеттери… Издөөгө чыгып жатканда: “айыпкерди тапмайынча көзүмө көрүнбөгүлө!”- деп буркан-шаркан түшкөн жүз башы катуу буйрук берген. Айылды тоноп жүргөндөр небак эле куйругун карматпай кеткенин билген кызматкерлер, эмнеси болсо да бир айыпкерди табууга мажбур эле. Идирис дагы бир канча жылдан бери ушул жерди кыларга кызматы жок кыдырып, миң бир түрдүү айлакерлик менен куулукту жасап көнгөн.

Бир канча жолу тамеки жана оттук ташты уруксатсыз сатып кармалган.

Ал гана эмес айылдаштары да даттанууларын токтотпой келишет. Алгачкы учурларда эле ыраматылык атасын сыйлаган адамдар да анын бул абалын көрүшкөндө нааразычылык билдире башташкан. Атасы айылдын имамы болчу.

Идирис айыл аралаган сайын жандарманын аягы ушул жерден үзүлмөк беле.

Ошон үчүн Идирис жандармаларга кармалганда, айыл башчысы менен дүкөнчү окуя болордон бир күн мурун Идиристин Имамкөй тарапка кетип баратканын көрдүк деп курулай калпты айтып, жандарын жешкен…

Ушунусу деле жетиштүү болмок. Калганын жандармалар айттырып алышты…

Идирис Имамкөй мечитин майрам намазында кантип тоногонун айтып берди…

Мына эми Имамкөйгө баратышат.

Идрис ойго чөмүлүп алган.

Ушул учурда ойлорун жеген токмоктору же камала турчу жети жылы эмес, башка нерселер курчап алган. Акылында таптакыр башка ой бар.

Бул ойлор ага токмоктон да, түрмөдөн да оор эле.

Ашыкча ойлоно албаган башы кандайдыр бир айланы издеп жаткандай. Таба албады. Кыйналуусу жалт-жалт караган көздөрү менен жүзүндөгү бири-бирине илээшкен бырыштарынан көрүнүп турат.

Жанын кыйган суроолору: Идрис токмок жеп атып, айылды тоногонун да айткан. Ушуну менен бүтүп калса кана. Далилдер керек эле. Ошон үчүн акчалар менен күмүш сааттарды кайда катканын айтышы керек.
Кайдагы акча… Кайдагы күмүш сааттар… Ал гана эмес кайдагы тоноочулук… Бирок айтыш керек. Таяк, кундак менен койгулап, бут менен тепкилеп сабоого чыдай турчу жан бар бекен. Мээси баш сөгүн жарып чыгып кетчүдөй лукулдап чыкты: эмнени айтмакчы?

— “Имамкөйдү мен тонодум!”- деп айтуу оңой… Бирок акчалар менен күмүш сааттарды кантмекчи… Өтө эле кыйын…

Таяктар, мылтыктын кундактары жогору көтөрүлүп, кайра төмөн түшүп, эсин жоготорго аз калганда, колун акырын аяр көтөрүп:

— “Айтамын” – деди.

Жандармалар токтой калышты. Жүзүнө суу чачып, тамеки беришти. Идирис оюна келген алгачкы ысымды айтып жиберди:

— “Акчалар Имамкөйдөгү чайчы Сулайман Агада!”- деди.

Токмоктоо токтоду. Идиристин ошол учурла ойлогону да ушул болчу. Бирок Имамкөй тарапка жолго чыккандан бери башка нерселерди кошо ойлоно баштады. “Өлдүң го байкуш Сулайман Ага!” – деди ичинен.
Сулайман Ага өз айылындабы, Имамкөйдөбү, ага жардам берген жападан жалгыз киши. Чайканасынан жата турчу оорун берип, насаатын да өксүтпөй айтып турчу.

Эмнеге мурунтан ушу байкуштун атын эстеген жок…

Жандармалар жетээри менен эч нерседен кабары жок карыяны баса калып, сабап жатып калышат. Арам өлгүчө сабашат.

Сулайман Ага: “Билбейм!”- деп ар түркүн сөздөр менен карганат, бирок барыбир токмок жейт. Титиреген үнү менен үч бүктөлүп жалынып-жалбарат, түшүндүргүсү келет, бирок барыбир токмок жейт.

Аксакалдуу карыянын, сакалдарынан ылдый салаалап жаш агып ыйлаганын, эки бүктөлгөн белине аесуз тийген таяктарды көргөндөй болду. Ак, коюу каштарынын астынан, нуру качып, чыгып кетчүдөй бакырайган көздөрү менен теше тиктей карап: “Кылгандарыңа ыраазсыңбы Идирис!” — дегендей туюлду.

Белине кайрадан таяк менен чапкандай онтоп алды.

Жандармалардын бирөөсү көзүнүн кыйыгы менен карап, тамекисинен суна калды…

Идирис тамекини курсагынын үстүндө салактаган кишен салынган колдору менен кармап, оозуна салды.

Терең дем алып, тамекини сорду.

Он беш кадамдай дагы басышты…

Тамеки Идристин оозунан түшүп кетти…

А-ах… Ушуну кылбайт болчусуң…

Маңдайынан Имамкөй айылы көрүнгөн эле… Алгач бир эки бак-дарак, кийин бир канча кирпич тамдар… Жылаңач ойноп жүргөн жаш балдар…

Жүз кадамдай басса, айылга кирип барышат… Сулайман Агага дагы…

Идирис айланасын карады… Шосенин оң тарабы майда бадалдар экен. Жандармаларга карады: тапанчалары колдорунда экен.

Бир жулукунуп алып, аңгектин тигил тарабына секирип кетти. Жыгылган оордунан тура калып бадалды аралай жөнөдү. Жандармалар тараптан “шырк” деп жабылып, ачылган темирдин үнү угулду. Андан кийин кулак жаңырткан эки үн катарлаш чыкты… Абада кыска бирок курч жаңырык пайда болду. Идирис турган оордунан кыймылга келбей кайра жерге кулады.

Жандармалар жетип келишти. Оозунан ичке сызык өңдөнгөн кан агып аткан. Көздөрүн ачып: “Сулайман Аганын эч нерседен кабары жок!” – деди. Бир аз көтөрүлгөн башы шылк дей түшүп, оозу канга толду. Кайрадан көздөрүн ачып: “Менин дагы…” – деди.

Көздөрүн жумбастан акырын керилди да, денеси катый түшкөндөй болду.

1933-жыл

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу