АЛИ Сабахаттин: Хасан чөктү (аңгеме, которгондор: Халит Ашлар, Каныбек Өмүрзаков, Айдарбек Сарманбетов)

Сабахаттин АЛИ – 1907-жылы Болгариянын Гүмилжине аймагындагы Эгридере кыштагында туулган түрк. 1927-жылы Стамбулдагы мугалимдер мектебин аяктап, кесиби боюнча иштеп, Германиянын Потсдам, Берлин шаарларында билимин тереңдеткен. «Бузуку үгүт» деген айып менен кесилип, мугалимдиктен четтетилген.

1932-жылы Мустафа Кемалды ырында сындагандыгы үчүн Синоп, Конийа шаарларынын түрмөлөрүндө жаткан. Республиканын 10 жылдыгына карата амнистия менен акталган. Мектептерде, Анкара консерваториясында мугалимдик кылган. 1946-жылы ишсиз калып, «Марко Паша» журналын ачып, анда бийликке акаарат айтканы үчүн камалган. Тынымсыз аңдуу, куугунтуктун айынан 1948-жылы Болгарияга өтүп бараткан жеринен, жол көрсөткүчү тарабынан токойдо өлтүрүлгөн. Мүрзөсү белгисиз.

1925-жылы «Чаглаян» журналына жарыяланган алгачкы ырлары менен адабиятка келген. Реалисттик чыгармаларды алгачкы жаратуучулардан. Чыныгы атакка романист, жазуучу катары жеткен. 1937-жылы жарык көргөн «Куюжаклы Йусуф» романы реалисттик түрк романдарында үлгү саналат.

АҢГЕМЕ

Каз тоосунун Адалар[1] деңизинин жээгиндеги тоо кырында жашаган көчмөндөрдүн бир конушуна төрт-беш күнгө барып-келейин дедим. Өкмөт мекемелеринин майда-барат иштерин аткарган узун бойлуу, ак сакалчан бир көчмөн чайырлуу отунун, балын сатууга келгенинде таанышып калган элем, ал капыстан өзү:

– Тоодогу чатырда калгың келсе кел. Жаңы бал жеп, ачуу суудан тойгончо ичесиң! – деп чакырып калган.

Мен ага эмки жолу дагы шаарчага келгенимде аны менен бирге барарымды айткан элем. Аптаптуу, шамалсыз бир күнү ошону эстеп, жолго чыктым. Барар жеримди жолдон кезиккен адамдардан, айылдардан сураштырып, буюрса түшкө чейин жетип каламын деп ойлогон элем.

Жүз, балким, миңдеген жылдык зайтун дарактарын аралай, жээктеринде бүлдүркөн, ит мурун жыш өскөн төтө жол менен жөнөй бердим. Аркамдан тийген күн ийри-буйру араба жолуна көлөкөмдү чубалта чоюп жатты. Жүзүмдү сылаган деңиздин салкын жели шаарчадан алыстап баратканымды билдирип турду. Кыроосу эриген жер менен чымдын жыты мурдумду өрдөйт. Талаа куштары менен бактан бакка секирген таранчылардын чырылдагы угулуп, күн тийген жерден буу толкуну булоолойт. Каз тоосунун этегиндеги зайтундуу бир айылдын мажүрүм талдардын көлөкөсү жапкан ашканалардын биринен чай ичип алдым. Ашкананын алдында көлмөсү бар экен. Даамкананын ээсинен Исмаил ата жашаган Йүксекобага баруучу жолду сурадым.

– Мен ал жерге барган эмесмин, бирок билишимче Бейобасындан өткөн соң Кызылкечили капчыгайы менен тоого буруласың, анын аскаларына жетип, сол капталы менен бир ок жеткенчелик бассаң сен айткан жайлоо бар, – деди ал.

Менин Бейобасындан да, аскалардан да эч кабарсыз болгонумдан тигиге делдейип карасам керек, менин кебетеме карап ал күлдү да:

– Ал жер чоочун адамдар жалгыз бара турган жер эмес, мырза. Тоотокойдо адашып каласың, – деп кошумчалады.

– Рахмат сизге, мырза, сураштырып таап алармын, – деп намыстана түштүм сыр бербей.

– Ой, кимден сурамак элең? Бейобасындан өткөн соң бир да адамды жолуктурбайсың.

Мен унчукпадым. Ашкананын ээси чыныларды алып кетти. Мен Эдремиге кайрадан кайтып, Исмаил атаны күтсөмбү деп ойлоп турганымда бейтааныш маектешим кайра келип калды.

– Ишиң илгериледи, мырза, – деди ал, – Йүксебеге бараткан бирөө бар экен, сен ага кошулуп алгын.

Мен дароо турдум. Ашкана ээсинин жанына жүзү күнгө тотугуп күйгөн, өрүлгөн ичке чачын далысына таштаган, үч этектүү көйнөкчөн көчмөн аял келип калды.

– Хажер кызым, бул мырза силердин конушуңардагы Исмаил атага мейманчылап барат экен, ала кет, – деди ага таанышым.

Аял мага үстүртөн бир карап алды да: – Кана, жүргүн, – деп буюра сүйлөдү.

Ал көчмөн аялдын али он сегиз-жыйырма жаштагы кыз экенин байкай коюп, таң калып алдым. Ошентип, ал бир нече кадам алдыда, мен андан калбоого аракеттенип жолго чыктык. Ашкананын ээси аркабыздан бизди күлүмсүрөй карап кала берди. Айылдын четине чыгып, зайтун дарактарын аралай киргенибизде Хажер сары көйнөгүнүн этектерин белине кыстарып, кыска такалуу, лакталган туфлисин чечип, куржунуна салып алды да, жылаңайлак тамандарынын издерин борпоң топурак үстүнө калтырып, сапарын улантты.

Анын башындагы саймалуу жоолугунун алдындагы кичинекей кутуча сымал алтын оймолуу такыясы кадам сайын жеңил титиреп, шыңга бою оор куржундан саал ийилип баратты. Эч ооз катпастан бир сааттай жол арбыттык. Топтошкон мөмө дарактарынын арасында чачыраган беш-он чакты үйлүү Бейобасынды, андан бир аздан соң эски чынардын көлөкөсүндө кыйшайып, урай баштаган иштебеген бир тегирменди жандай өттүк. Эми зайтун дарактары түгөнүп, карагайлуу токой башталды. Күндүн жарыгы толук жетпеген көлөкөлүү, иңирт коктуга түшө баштадык. Маңдайыбызда учу көк тиреген бийик тоо заңкайып турду, ал жактан али көрүнө элек суунун шоокуму угулат.

Хажер кыз бир топтон кийин мага бурулуп:

– Эми сууну бойлоп барабыз. Шары катуу, аяк алдыңа сак болгун, – деди.

Аска боорундагы тик жана ичке төтө жолдон өтүп, Кызылкечили капчыгайына чыктык. Эки тоонун кууш капчыгайын өрдөй, таштан-ташка урунуп көбүргөн суу шуулдап жатты. Анын жээгиндеги кууш жол менен таштан-ташка секирип кетип бараттык. Кээде суунун жээгине чейин түшүп, кээде кайрадан белге чыгып, үстүдөн ак көбүк чачкан шаркыратмаларга кызыга карайбыз. Капчыгай барган сайын кууш тартып, эки тараптагы тик аскалардын жаракаларындагы жоон, эски карагайлар жантайып, жол көрсөткөндөй. Суу жууп жалтыраткан тайгалак таштардан жылаңайлак буттары менен элпек секирип бараткан Хажерге жетишүү мага кыйын болуп баратты. Тоодон тоголонуп түшүп, капчыгайдын жолун тороп калган үйдөй чоң аска таштардан, асканын этегиндеги жумшак топуракты жеп көөлгүп калган суудан улам чоң-кичине көлмөлөрдү пайда кылган экен. Алардын ар бирине жакындай келгенде Хажер:

– Бул жерди Жинди көлмө дешет же муну болсо Кундуздуу-Көлмө аташат, – деп мага тааныштырып келатты.

Капчыгайдын саал кеңейген жерине жакындаганыбызда суунун гүү-шаасы кулагымды чыдай алгыс тундуруп жиберди. Анымды байкаган Хажер:

– Сүтүвенге келдик, – деп койду.

Ал жерде кеңдиги эки-эки жарым метр келген түтүктөн оргуштап чыккан суу аппак аскага жетээр замат бир саамга саал токтолуп, айлампа тарта түшүп, капысынан мурдагысынан да укмуштай катуу тездик менен терең чуңкурга көбүктөнүп агып түшүп жатты. Ал жерде оргуштап, ак таштардан ашып түшүп жаткан сууну жогорудан караганда адамдын жүзүн муздак буу чулгап, тынбай гүрүлдөгөн дабыш эки тарабындагы аскаларга урунуп, катуу жаңырыктап жатты. Ушундай шаркыратмадан улам чыккан бир ыр эсиме келе түштү.

Бир аскадан туман чалган,
Он жети кез асмандан
Кулаган сууда тоонун жыты
Агымы тал-тал, ичке чачтай
Түшкөн жери үч кулач,
Ак көбүктүү көпкөк суу!..

Четирээкте ойлуу көздөрүн бирде мага, бирде Сүтүвенге бурган Хажер бир маалда куржунун кайрадан артынды. Суу жээктей барган сайын кууш тарткан эки тоонун этегинде ээрчишип кош караан кетип бараттык. Суу башына жакындаган сайын ал азайып, аскадан аскага секирип түшкөн тарам-тарам өзөндөр майда тамчыларын чачыратып шаркыратма болуп төгүлүп жатты. Керемет сулуулук! Жол кыйындап, урчуктуу таштарды, бадалдардын түбүн, балатыларды кармабай басууга мүмкүн болбой калган кезде алдыдан чоң көлчө көрүндү. Узун-туурасы он беш-жыйырма кадамдай экен. Үч адамдын боюндай бийиктен төгүлгөн шаркыратмасы бар эле. Түбүнө төрт адамдын кучагы зорго жеткис чынар терек өзөнгө ийилип, бутактары суунун бетине жете тийип турду.

Хажер кыз бул ажайып жерге адаттагысындай токтогон жок. Мен ага жетүүгө канчалык жан үрөсөм да бет алдымдагы сулуулукка кылчактабай коё албадым. Суунун гүүлдөгүн баса:

– Эмне, бул көлмөнүн аты жокпу? – деп кызга кыйкырдым.

– Хасан чөктү! – деди ал кыска.

– Хасан деген ким эле?

– Зайтинлиден… багбан Хасан!

– Ал качан чөгүптүр?

– Көп болуптур… кырк-элүү жылдай мурда…

– Эмне болуп… кантип чөгүптүр?

Кыз токтой калды, артына кылчайып күн нурунан балыктын жонундай жылтылдаган суунун бетин, ага ийилген чынарга карап турду да:

– Жайлоого жетели, олтуруп эс алабыз, ошондо айтып беремин, – деди.

Жолубузду кайра уладык. Бир бийиктикке чыга келгенде биз келген капчыгайга кылчайып карасам, тээ төмөндө созулган өрөөндү көрдүм. Зайтун жана теректердин арасынан кызыл тунукелери, ак мунаралары араң көрүнгөн айылдар тим эле оюнчуктай эле.

Аңгыча Хажердин:

– Аскаларга келдик, ушул жерден тоого бурулабыз, – деген үнү ойлорумду бузуп жиберди.

Алдымды карадым, суудан саал жогору, эки капталында арасы бир-эки гана кадамдык жыйырма чактыдай булак агып жатыптыр. Кээси чоң таштын астынан, кай бири кумдуу топурактан атырылып, бир эле убакта миңдеген куштардын үнүн элестеткен доош менен сууга кошулуп жатты. Анын бирине чуркап жетип үстөмөн түшүп тиш чыдай алгыс муздак суусунан ырахаттана шимирдим. Хажер да сыңар тизелей олтура калып суудан кочуштап алып жүзүн чайып, чачтарын сылап жатты.

Бир саамдан кийин тоого чыга баштадык, жонумдан тер куюлуп кирди. Суу оң жагыбызда, төмөндө калган эле. Үстүн карагайдын куураган ийнелери жапкан жолдон тайгаланып кетпөө үчүн кээде тизелей калып алдымдагы арчанын бутагын кармасам, кай бирде колума эч нерсе урунбай көкөмеренге да жабыша калып бараттым. Акыры бир аздан кийин жайыкка чыга келдик. Сейрек карагайлардын арасынан алдымдан тээ алыс, төмөндө жайкалып жаткан деңизди көрдүм. Бир аз баскандан кийин көлөкөлүү бир жерге олтура кеттик.

Хажер куржунун аңтарып жатып:

– Жаныңда азыгың жоктур, кел нандан жеп алалы, – деди.

Мен ашып кетсе үч-төрт саатта эле көздөгөн жериме жетип каламын деген ой менен жаныма эч азык алган эмес элем. Курсагымдын канчалык ачып калганын эми капыстан эстедим. Кыз алдыма кызыл жоолугун жая салып, ага бир ором калама, быштагы толтура чөйчөгүн жашыл пиязы менен коё салган эле. Мен алардан ырахаттана жеп да, айланама суктана көз жүгүртүп да жаттым. Биз олтурган жер деңизден бир жарым миң метрдей бийик эле. Акчай пристанынын маңдайындагы кайыктар, дарактардын арасынан кылайган сейрек имараттар ийне башындай кичине эле. Маңдайда Бурханийенин артындагы Мадра тоолору арсак-терсек калдайып турду. Күнгө көз уялта чагылышкан деңиз тээ, алыстагы Мидилли аралына чейин созулуп, анын ары жагы тумандап, асман менен биригип турду. Каз тоосунун булуңга чейин кирип келген этектери түмөн түс, түркүн сөлөкөттө майда тоо, чокуларга айланып, жээкти курчап жатты. Аркабыздагы Сарыкыз тоосу жылаңач чокуларына ак булут ороп, көк мелжийт. Жанымдагы кыз артып калган калама менен быштакты жоолукка ороп, куржунуна салып киргенин көрүп, мен дароо туруп кетким келбей жатканымды билдире аркамдагы карагайга сүйөнө олтуруп:

– Кана, жанагыл, Хасандын кантип чөккөнүн айтып бермек эмес белең, – деп калдым.

– Анын кантип чөккөнүн көргөн киши жок… Бирок чөккөнүн айтышат… – деди кыз.

– И, ал эмнеден чөгүптүр?

– Конушка жеткенде кимден сурасаң да аны айтып беришет. Кана, жолубузга түшөлү…

– Жок, – дедим мен чечкиндүү, – тамактан кийин дароо жолго чыгуу туура эмес. Анүстүнө конушта Исмаил ата менен сүйлөшө турган башка көп сөздөрүбүз бар. Сен билгендериңди айтып бер.

Хажер куржунун кайрадан жанына коюп, саал ойлоно калды. Анан аңгемемди канчалык көңүл коюп тыңдаар экен дегендей мени сынайкарап калды. Жаш болсо да көз карашында салабаттуулук, токтоолук бар эле.

– Хасан Зейтинлиде багбан экен, – деп баштады ал кебин. Сүйлөп жатып алыска жана алдындагы жайыкка карап коюп, жигиттикиндей карылуу, бирок сулуу манжаларынын сөөмөйү менен топуракты чукулап да жатты. – Анын кичине бакчасы болуп, жайында жашылча-жемиш терүүгө, кышкысын зайтун күбүүгө барчу экен. Карыган энеси болуптур. Али жаш, муруту жаңы гана чыгыптыр. Көз буруп, энесинен бөлөк аялга карай элек, той-майрамдарда бөлөк жигиттердей ракы[2] ичип, таң-тамашага кызыкпаган кыз сымал улан экен. Болгону базарларга барып, жемишин сатып, акчасын энесине санап берчү экен. Биздин конушта аны билгендер бар да, ошолор айтып жатат… Анда энемдин кыз кези экен. Ошол кезде биздин йүксекобалык Эмине деген кыз Хасанды Эдремит базарынан көрүптүр. Энем болсо Эминени жакшы билчү, алардын сегиз бал челеги болуптур, атасы жыгач жыгып тактай кыла турган. Энеси менен Эмине болсо аарыларын карашчу. Алыбеттүү кыз экен. Уй-торпокторду мүйүзүнөн толгой кармап, жерге томолотчу дешет. Биз келген ушул жол менен төмөн эки саатта түшүп, үч саатта чыгып келчү экен. Балдар менен да көп ойноп, конуштун кыздарын ээрчитип алып токойдо чуркатып, тердетип, анан баарын беттеринен ысык-ысык өбүүчү деп айтышат. Мына ошол Эмине бир күнү Эдремит базарында Хасандан жемиш сатып алыптыр, тоодо коон-дарбыз жок эмеспи. Ошондо Хасан жемиштерди Эминенин куржунуна салып жатып:

– Көчмөн кызы, – дептир, – жүгүң оор болуп калды. Каз тоосунун жолу кыйын, ага кантип чыгасың?

Эмине ага карап күлө:

– Сен эмне деп жатасың, өрөөндүк, – дептир, – биз деген тоолукпуз, силер жүгү жок чыга албаган тоого биз кырк окка[3] жүк менен чыгып кетебиз!

Хасан сөз таппай, Эмине болсо жолуна түшүп кете бериптир. Бирок ал кийинки базарда да Хасанга барып:

– Жемиштериң жакшы экен, сары улан, мына бул балды сага алып келдим, – деп ийнинен бал чарасын түшүрүп, бир идишин сунат. Хасандын уялгандан шаштысы кетип, бети кызарып:

– Аябай убара тарткан экенсиң, көчмөн кызы, – дегенге араң жарайт.

Эмине ага жооп бербестен күлүп коюп, кете берет. Хасан түш оогондо эшегин алдына салып айдап алып айылына кайтып баратса, Кадыкөй мүрзөсүнүн тушу ченде, алдыда Эмине куржунун ийнине артып алып кетип баратыптыр. Не кыларын билбей, уландын тили буулуп, артынан үндөбөстөн ээрчип кете берет. Акыры бир маалда батынып, эшегин айдап Эминеге жете барып:

– Кудай тилегиңди кабыл кылсын, көчмөн кызы. Сен кайсыл конуштан болосуң? – деп сурайт.

Хасанды көрүп Эмине:

– Сени да кудай колдосун, сары улан. Мен йүксекобалыкмын, өзүң каяктансың? – дейт.

– Мен Зейтинлиденмин… жолубуз бир экен. Куржунуңду эшекке арта салгын да, жеңил жүр…

– Жо-о болбойт, өрөөндө куржунумду эшекке көтөртсөм, анда заңкайган тоого бул жүгүм менен кантип чыгамын?

Алар Зейтинлиге жеткенче бирге жол жүрүшөт. Жолдугата аз сүйлөшүп, бири-бирине көп көз кырын салышат да, ичтеринен ынатышып калышат. Ошондон тартып алар ар базар сайын бирге кайтып жүрүшөт. Ал ортодо Эмине Зейтинлидеги Хасандын четки бакчасына барып, ага сүт, быштак, бал алып барып берет. Хасан болсо кызга тыт күбүп, гилас, алча терип бериптир. Экөөнүн бакча ортосундагы айванын көлөкөсүндө сүйлөшүп олтургандарын көргөндөр көп болуптур. Аны Хасандын да энеси көрүп, иш ырбай элегинде чек коёюн деп уулун бир күнү маңдайына олтургузуп алып:

– Уулум, атаң өлгөндөн бери үйдүн жалгыз эркеги сенсиң. Мен бүгүн бар болсом, эртең жокмун. Үйүңө бир аялзаты керек. Сага биздин айылдан эле бир кыз алып берейин дедим эле, бирок сен өзүң чечээрсиң…Эгерде бул көчмөн кызга көңүлүң чындап түшүп, жактырып калган болсоң карысам да анын конушуна барып колун сурайын. Күз жакын, зайтундан кийин тоюңду өткөрөөрбүз, – дейт.

Хасан бул тууралуу ойлонуп жүрсө да, сырын ачык айта албайт. Акыры бир күнү Эмине дагы келип, бакчада олтурушканда чыдамы кетип, эркин жыйып:

– Эмине, – дейт, – жаз-жай өтүп, илегилектер мекенине кайтышты. Кыш келип, тоолорду кар басып, жолдорду жаба электе же сен мага кел, же мен сага барайын.

Эминенин өңү бозоруп:

– Ах, Хасан! – дептир,– кыштын дарты сенден мурда мени да кыйнап келет. Биз айрылышар күн да жакындап, айлам кетти. Мен да сенин айылыңда кала албаймын, сен да менин конушума турбайсың. Жайында биз чоң күнөө жасадык… Эми сен мени унуткун, мен да сени унутайын…

Муну уккан Хасандын акылы тумандап, Эминенин колуна жабышыптыр:

– Садагаң кетейин көчмөн кызы, садагаң кетейин Эминем. Сенин ширин сөздөрүңдү, сүйкүмдүү жүзүңдү көргөн киши кантип унутат?! Андай дебе, бул жерде калгын. Сен бакчаны карайсың, мен Зайтунга барамын, эч кимдин көзүн карабайбыз.

Эмине армандуу, ачуу күлүп, мындай дептир:

– Адам кайда барса, анын ырыскысы да чогуу барат, мен аны ойлогонум жок. Бирок мен тоолукмун, бул чуңкур өрөөндө кала албаймын.

Айылыңардын колу кыналуу кыздарына кошула албаймын, кийин ичтен сызып, армандарсыз. Кызылбаштардын[4] бир кызы келди да, Хасанды колубуздан жулуп кетти дешээр, ал мени айыкпас дартка салат. Көчмөндүн кызы тоодон айылга, чатырдан үйгө түшпөшү керек. Мен сени көрбөшүм, жолукпашым керек эле… сөздөрүңдү укпашым керек эле… Эми эмне айла кыла алам, сенин да таттуу сөздөрүң менен сүйүктүү жүзүң кылды буларды… Менин сары Хасаным, бири-бирибизди таттуу түштө көрүптүрбүз деп ойлойлук, ошент… Мени унут, тоомо кетейин!..

Эмине ордунан шарт тура калып, кайрымсыз куштай учуп кете бериптир. Хасан амалсыз кала берет…

Ушул жерден Хажер кыз топурак чукулаган манжаларын этегине аарчып, алгач мага, анан алдыга, созулуп жаткан мейкинге карап калды. Мен аны капталынан уурдана карап жаткан элем. Назарым түшүп турган. Инсан рухтарынын назик жана тереңдигин таң калаарлык жеңил түшүндүргөн бул жаш көчмөн кызы өз жашынан алда канча акылдуу эле. Ал көздөрүн ылдыйга, жашыл бак-дарактуу, жашаң айдоо, калың жалбырактуу зайтундарга, көрүнүп-көрүнбөй жыбыттаган өзөндөргө, жайкалган өрөөнгө багып турду. Коюу кара каштарынын алдындагы ойлуу көздөрү, бекем кымтылган жука эриндери, чаң басып, тер сызылган жүзү карагайдын бутактарынын арасынан тийген күндөн жалтырап, али бала мүнөзү кала элек бойго жеткен кыз жетилип калган эле.

Ылдыйда суунун гүүлдөгү бизге келген желаргыга жараша бирде бастап, бирде күчөп, карагайлардын шыбырына кошулуп жатты. Баш айландырган көкөмерен менен чайыр жыты буркурап турду. Хажер кыз капталына колун созуп жерден бир тобурчак алды да, назик манжалары менен анын данектерин бирден сындырып кирди. Бир кезде башын мага буруп, колундагы тобурчактын тырсылдап сынган үнүнө аралаш жумшак үн менен кебин улады:

– Ошол күндөн баштап, Хасандын жүзүнөн күлкү качып, бозоруп, өңүнөн аза баштайт. Көңүлү эч көтөрүлбөй, ооз ачып сүйлөбөс болот. Базарларга айва, анар сатууга барып, эмне алып, эмне бергенин билбей артына кайтчу экен. Чыдамы кетип, Эминени күтө берет. Бир күнү анын базарга түшөөрүн сезет. Чын эле базар күнү кечкурун Эминенин жолдо келатканын көрөт. Анын да өңү азып, жүдөп калган экен. Ал да Хасанды байкаар замат жүрөгү туйлап, бирок сыр бербей тезирээк өтүп кетмекчи болот. Хасан анын жолун тороп:

– Эмине! – дептир, – сенин көңүлүң төп келген бөлөк жигитиң жок экен. Мен сага ашык болдум! Биздин айылга келүүнү намыс көрсөң, мени конушуңа алып баргын?! Энеңди эне, атаңды ата дейин, уюңду саап, эчкилериңди багайын, атаң менен дарак кыйып, тактайларды тоодон жонума артып түшүрөйүн. Тек гана мени бул жерде таштап кетпе?!.

Эмине токтоп, Хасандын алдына чөгөлөп, көздөрүнүн жашын чууртат:

– Хасан! – дейт ал, – жүрөгүмдү катуу жараладың! Айла жок, айтканыңды аткаруу кыйын. Өрөөндө өскөн адам, тоодо жашай албайт… тоонун суулары муздак, жолдору тик, кышы катуу. Кар кечип, дарак кыюу бакчада жашылча тигүүгө эч окшобойт. Менин эрим деп алып барган адамымды конушубуздун жигиттери шылдың кылбашы керек! Мен сени ынаттым, эми көзүмө эч бир жигит аттуу көрүнбөй жатат, бирок энемдин, атамдын, туугандарымдын алдында сени кор кылдыра албаймын. Коё бергин мени, кетейин?!

Хасан ого бетер өжөрлөнөт:

– Бардык ишти аткарамын, конушуңдун жигиттерине жагып, иштерине чуркайын. Эгерим жок десем мени кайрадан айылыма кууп жибергин!

Эмине акыры жибиген менен акылы макул болбоптур. Бирок кыя албай:

– Эмки аптада ушул жерден күткүн, жообумду берейин, – дейт.

Апта бою Хасан энесинин моюнуна асылып, кайра-кайра кечирим сурайт, акыры уулунун бактысын самаган ал да эне сүтүн кечирет. Болжошкон күнү Хасан ашыгын күтүп баягы жолго барат. Көп өтпөй көчмөн кыз көрүнөт. Ийнинде килейген кап, ичинде пахта толтурулган сыңары бели бүгүлүп койбойт. Ал Хасандын жанына келер замат:

– Хасан, – дейт, – энем-атам менен кеңештим, алар байкеме айтышты. Баары тең: өрөөнгө барган кыздын да, өрөөндөн кыз алгандын да оңуп кеткенин көргөн киши жок. «Акылсыз кыз, жинди кыз. Йүксекобада көңүлүңө жаккан жигит таба албадыңбы?» – дешти. Мен да: «Ар кимдин жигити өз көңүлүңө жараша болот экен» – деп көгөрдүм. Акырында алар «Мейли андай болсо, сен дейлик, өзүң жашайсың. Деги ал Каз тоосундагы Эминеге эр боло турган адамбы?» – дешти. Ошентип, макулдаштык: Зейтинлиден туура кырк окка туз алдым, сен аны жонуңа артып, эч бир жерге токтоп эс албастан мени менен Йүксекобага чыга алсаң, эмки аптада тоюбуз болот. Кырк окка менен төрт сааттык тоо жолун басып өткөн адамга каршы чыга турган жигит биздин конушубузда жок. Эгерде тоого чыга албасаң, тагдырыбыздын тайкылыгы ошол».

Хасан эч үндөбөстөн капты жонуна артып, Эминенин алдына түшүп жөнөптүр. Шайдоот басчу эле, Бейобасындан өтүп, ашуудан оогон кезде Эмине бир кылчайып карайт. Хасандын бетинен, денесинен тер суудай агып жаткан экен. Күйүгүп да алган.

– Өзүңдү кыйнаба, Хасан, – дейт Эмине, – капты мага бергин, мен кетейин. Сен артыңа кайткын!

Хасан зорго дем алып, болбойт.

– Жолго чыкканда мен өзүмө ант бергенмин: артка кайтсам, соо кайтпаймын!

Эминенин жүрөгү чыдабайт, бирок аргасы жок. Эски тегирменден да өтүшөт. Сүтүвендин жанына келгенде Хасан токтоп:

– Эмине! – дептир, – бу, мага жасалган не деген зулумдук? Туз аркамды күйгүзүп барат! Токтоп бир аз дем алайын. – Терге эриген туз анын далысын ачыштыра жеп жаткан эле.

– Биздин макулдашуу боюнча эс алуу жок! – деген Эмине алга кете берет. Хасан таштан-ташка аттап, артынан жөнөйт. Дагы бир жерге жеткенде Хасан кайрадан токтоп, жалбарат.

– Эмине, заалим эне-атаңдын сөзүн угуп, мени кыйноого салдың. Ушул деле жетишет ко, айылга кайталык.

Эминени ичинен жүрөгү тилине сыздаган менен анысын сыртына чыгарбайт, бирок кыя да албайт.

– Мен сага айтпадым беле, Хасан, бул тоолор сага жарашпайт. Капты бергин мага, мен кетейин.

Хасан кайраттанып дагы бир аз басат. Жана өтүп баратканыбызда «Хасан чөктү» дедим го, мурда аны Көк-Көлмө дешчү экен, Хасан ошол жерге келгенде тизелери бүгүлүп, турган жерине тизелей кетет.

– Ах, Эмине! – дейт ал, – мени жөндөн-жөн күйгүздүң го! Мен бул тоолорго чыга албайт экемин, кел, айылга кайталык!

Эмине ооз ачып сөзгө келбестен, Хасандын жонунан жылбышып түшкөн капты ийнине ыргыта салып, жалгыз, артына карап койбостон жолго түшөт. Бадалдардын артына биротоло көздөн кайым болуп кетээрде Хасан энесинен айрылган баладай муңкана кыйкырыптыр:

– Эмине, конушуңа бара албаймын, мени бул жерге жалгыз таштап кетпе?!

Эмине саал аярлай калып, бирок кайрылып карап койбостон кайрадан жолун улайт. Тээ, аскалардын тушуна жеткенге чейин Хасандын үнү басылбайт. Курган жигит суунун шарын басып:

– Эмине, мен сенин артыңдан бара албадым, эми сен менин аркамдан кел! – деп кыйкыра берет.

Эмине эч жерге токтобостон, эс албай, бир да ирет артына бурулуп карап койбостон кырк окка тузун конушуна алып барыптыр. Эне-атасы аны көрөр замат баарын түшүнүшөт. Кыз жетээри менен капты жерге таштап, жерге жыгылат, эсин жоготот. Күүгүм кирип калган кезде ордунан күтүүсүз ыргып туруп:

– Уктуңарбы? Хасан мени чакырып жатат! – дептир.

Эне-атасы:

– Хасанды кайсыл жерге калтырдың эле? – деп сурашат.

– Көк-Көлмөдө…

– Кызым, сен жинди болгонсуңбу, эки сааттык жерден буякка адам үнү жетмек беле?

Эмине эч биринин сөзүн укпастан, жанындагыларды көрбөгөндөй кулак түрүп:

– Энеке! Карачы, Хасан мени кандай чакырып жатат?! Жаза тайдым… Бир барып карап келейинчи!.. – дей берет.

Кызды ошол түнү саксактап, араңдан зорго токтотушат. Ал, түнү бою конуштун жанындагы токойлорду аралап жүрө берет. Таң агара баштаганда Көк-Көлмөгө түшүп келет. Караса, эч ким жок. Суу жээктей кетип баратып, Хасандан бет аарчысы чоң чынардын суу алдындагы бутактардын бирине илинип турганын көрөт. Учу гана суу үстүндө булактайт. Аны дароо алып, койнуна катып, суу бойлой өйдө-ылдый чуркап:

– Хасаным! Кайдасың, үнүңдү чыгар, жаныңа барайын! – деп кыйкыра берет. Тоо-таштар гана анын үнүн жаңырыктап, кайталайт. Жигиттин: «Эмине, мен сенин артыңдан бара албадым, сен менин аркамдан келгин» – деген сөздөрү эсинде кайталана берет. Ошентип, кыз үч күн бою тоо-токойлорду кыдырып, суу бойлоп Хасанды издеп жүрө берет. Зейтлинлиге түшүп, Хасандын энесинен да жайын сурайт. Ал кары аял бети-башын тытып, өкүрүп ыйлап жатыптыр. Айылдыктар жигиттин Көк-Көлмөгө чөгүп өлгөнүнө ынанышат. «Күзгү жамгырдан дарыянын суусу ташып турган чак. Анын өлүгүнүн кайсыл коңулга кирип, кепинделип калганын ким билет. Балким, аны суулар деңизге небак агызып алып барган чыгар» – дешет көпчүлүк. Аны уккан Эмине:

– Жалган! – деп жаалданат, – Хасан өлгөн жок! Мени чакырып жатат, бирок ордун айтпай жатат. Аны, сөзсүз, издеп табамын!

Эне-атасы кызынын артынан аңдып барып кармап, камап салышат. Ал болсо улам бир амалын таап, качып чыгып, суу жээгине келип алып, Хасанын чакыра берет. Көк-Көлмөнүн жанындагы аскалардын бирине олтуруп алып кошок кошо берет. Бир күнү:

– Бүгүн Хасан мага айтты, ал мени Көк-Көлмөдөн күтөт. Бул жолу бекем макулдаштык, сөзсүз, жолугушабыз! – дейт чындап.

Кызынын делөөрүгөнүн көргөн энеси:

– Садагаң болоюн кызым, сага эмне болду? – деп сыздап ыйлайт. Ошол күнү кыз эбин таап, качып кеткен экен. Кечкурун Көк-Көлмөнүн жанынан өтүп бараткандар чоң чынардын бутагында Эминенин асылып турган өлүгүн көрүшөт. Колунда желге желбиреген бет аарчы…

Хажер кыз капкара көздөрүн мага буруп:

– Мына, Көк-Көлмөнү ошол кезден бери «Хасан чөктү» дешет. Чоң чынарды болсо «Эмине чынары» аташат… Кана, кеч болуп кете электе жолубузга түшөлү!

Кеч кирип баратканданбы, дайранын шуулдагы мурдагысынан катуулап калгандай. Жолго чыктык. Күн сары кыздын артынан тийип, муздак шамал капыстан ичиркенте баштаган эле. Этектерине чейин карагай, андан деңизге чейин зайтун токойлору созулган Каз тоосунун бул белинде бир нече сааттык кеч кире баштады. Бир миң жети жүз метрлик тоонун артына убагынан мурда батчу күндүн азем кечин бул жер атайын өзү каалап созуп турган сымал. Мидилли тараптан соккон шамал булуңдун, ойдуңдун колтугуна урунуп, айланып, деңиз бетинде майда толкундарды пайда кылып жатты. Күндүн Мадра тоолорунун үстүндөгү булуттарга тийип кызартып, андан кайра деңизге чагылган акыркы нурлары каршы-терши аккан сууларга чагылышып, түмөн түстөргө бөлөп жатты. Тоо этегиндеги кырка дөбөлөр бири-бирине үймөктөшкөн кара булуттардай көрүнөт. Алардан тээ, алыста, Айвалыктын маңдайындагы Жунда аралынын жапыз дөбөлөрү Каз тоосу тосо албаган күндүн кызыл нурларынан чоктонуп, андан наркы Мидиллинин кырларына кошулуп турду. Шамал карагайдын бутактарына урунуп дуулдап, алдымда бара жаткан Хажер кыздын көйнөк менен ичке өрүлгөн чачтарын алдыга желбирете учуруп жатты. Бир нече саат сапарлаш болгон бул кыздын канчалык сулуу, не бир ыргактуу басыгы бар экенин алгач байкадым. Жашыл тулаңдын жана түркүн түстүү гүлдөрдү жылаңач буттары менен жеңил басып баратканда денесинин желдей жеңил экени сезилет. Ага жете бардым.

– Хажер кыз, – дедим, – Эминенин Көк-Көлмөнүн жээгинде олтуруп айткан кошогун билесиңби? Конушка жеткичекти бирөөсүн мага ырдап берчи?

Кыз токтой калды. Анын бакыраң көздөрү айланадагы керемет кечтен улам ойлуу, муңдуу эле. Чаң баскан жүзүнөн аккан тердин изи салаалап, кургап турду. Негедир терең дем алат. Аны бул саамда курчап турган табигаттан ажыратууга мүмкүн эмес эле. Кеч күүгүмдө жерден же гүлдөрдүн арасынан секирип чыга калган бир жандыктай болучу. Ал, эриндерин билинер-билинбес кыбыратып:

– Болуптур. Сага Эминенин бир кошогун айтып берейин, – деди акырын. – Ал Хасаны менен жолугушуусунан мурда ушул кошокту айткан дешет…

Көздөрүн жуумп, саал ойлонгондон кийин сырдуу кошумчалап койду:

– Ким билет…

Анан оң ийниндеги куржунун жерге коюп, артындагы карагайга жөлөнө кетти. Тик багып карабай, жер тиктеп жеңил, бирок тулку-бойду титирете тургандай таасирдүү, муң менен кошокту айта баштады:

Алыстыктан үнүңдү уктум,
Жүз аарчыңды суудан таптым.
Билдим да сенин кайда кеткениңди
Хасаным, артыңдан издеп келдим.
Сары көкүл, терек бойлуум,
Саз жүздүү, айва кылдуум,
Ширин сөздүү, периште мүнөз
Хасаным, артыңдан издеп келдим.
Айылынан, конуштан куулган,
Амалсыз тунук сууда чөккөн,
Чаң, көбүк болуп ыпыраган
Хасанымдын келдим артынан.
Аскаларга алып келгеним,
Жолукпастан жоготконум.
Ак кепинсиз жаткырганым,
Хасанымдын келдим артынан.
Эминени арманга салган,
Керем жана Аслы[5] кылган,
Тоо-ташка үн бүтүргөн
Хасанымдын келдим артынан.
Хажер кыз экөөбүз тең үнсүз, селейип турдук. Ошондо ал мага арманы ачуу Эминенин дал өзү сезилип кетти…

Которгондор: Халит Ашлар, Каныбек Өмүрзаков, Айдарбек Сарманбетов

[1] Адалар деңизи – Эгей деңизи.
[2] Ракы – жүзүм ширесинен ачытылган күчтүү ичимдик.
[3] Окка – 1283 грамм.
[4] Кызылбаш – шейит тутумунун бир тармагы.
[5] Керем жана Аслы – түрк легендасынын каармандары