БАЛЬЗАК Оноре де: Динсиз адамдын ибадаты (новелла, которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы)

Французчадан которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы  

НОВЕЛЛА

Париждеги окуу жай. Медицина бөлүмүнүн Европпа медицинасын өнүктүрүү борборунда атактуулардын тизмесине кирип, жаш чагында эле медицина илимин баа жеткис физиологиялык теориясы менен байыткан врач Бяньшон медицина илиминин терапевт тармагына баш багардан мурун бир топ жыл хирургия тармагында да тажрыйба топтогон.

Ал алгачкы тажрыйбасын Франциянын эң атактуу медицина илиминин аалымы болуп метеордой бир жарк эткен хирург Деплендин кол алдында өтөгөн. Ал инсандын колдонгон жеке ыкмасын өзү менен кошуп ала кеткен себебин, талантынын өзгөчөлүгү жана ал колдонгон сырдуу ыкма, эч кимге мурас катары өтө албаган, өзгөчө бир талант экендигин, жада калса Деплендин душмандары да мойнуна алышкан. Ал көпчүлүк илимий аалымдар сыяктуу эле аркасында калган мураскери болбогондуктан, бул дүйнөгө баардык байлыкты алып келип, кайра өзү менен кошо ала кеткен эле. Хирургдардын даңкы, атагы да актерлордун атагы сыяктуу. Бул атак-даңк алардын көзү тирүүсүндө гана дүйнө дүңгүрөтүп, көздөрү өткөн соң кумга сиңген суудай жок болуп кеткен сындуу. Актерлор менен хирургдар жана ошондой эле белгилүү ырчылар, машкөй музыканттар, жеке өздөрүнүн башкаруусунда гана жылдыздай жанып жылт эткен бир көз ирмемдин гана каармандары тура. Деплендин басып өткөн жолу, тагдыры бул аалымдардын бир көз ирмемдик тарыхынын дээрлик окшоштугуна күбө болуп турат. Анын кечээ эле дүңгүрөп, бүгүн унутулган атак-даңкы жалгыз гана медицина чөйрөсүнөн орун алып, ал чөйрөнүн сыртына чыкпайт.

А бирок ошондой болсо да кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар аркылуу илим чөйрөсүнөн бүткүл дүйнөгө өтүп, окумуштуунун аты белгилүү болуп калар себептер болду бекен? Деплен да жашап өткөн кылымынын кадырлуу коногу, белгилүү инсаны болуп калар өзгөчө көп багыттуу талант ээси беле? Деплен табигат сыры менен тыгыз байланышканбы же окуп изилдеп үйрөнгөнбү, айтор, адамдардын ар бирине жеке дарылоо ыкмасын колдонуп, оорулардын чөйрөсүн, темпераменттик өзгөчөлүктөрүн  эске алып, алдын ала кимге кайсы саатта кандай операция жасаларын  так айкын аныктай билген сырдуу туйуу сезими бар эле. Деплен табигат менен тыгыз байланышта болуп,  адамдардын жерден жана абадан сиңирип алынып, адамдын ден соолугунун пайдасына жумшалган эч бир көзгө урунбаган заттардын элементтерин окуп үйрөнгөн  беле?

Аалым Күве колдонгон эң күчтүү дедукциялык жана аналогиялык күчтөрүнүн ага кошкон салымы беле? Айтор, кандай жыйынтык болбосун, бул адам азыркы өтүп жаткан күндөрдөн өткөндү да, болочокту да так көрө билген касиеттин күбөсү болуп кала берди. Бирок ал Гипократ,  Гарен, Аристотель сыяктуу илимий изилдөө жыйынтыгын ишке ашыра алдыбы? Илимий билимкана ачып, ал билимкананын келечегин болочоктор үчүн негиздеди беле? Албетте жок! Чындыкты моюнга алуу керек. Адам организминин эң майда бөлүкчөсү химия көзөмөлчүсү болгон бул адам байыркы сыйкырчылардын илимине сүңгүп кирип, жашоонун эң башатын изилдеп, жашоонун негизги булагын көргөн.  Ооба, ал көргөндө да бышып жетиле элек адам организминин кай тарапка багыт алгандыгын көргөн. Бирок өкүнүчтүүсү, Деплен өз керт башынан башка эч кимди ойлобогон өзүмчүлдүк жайы бар эле. Ушул өзүмчүлдүк сапаты көзү тирүүсүндө анын жалгыздыгынын себеби болуп, ушул эле өзүмчүлдүк сапаты даңкынын да түбүнө жетти. Анын күмбөзүнүн үстүндө урпактар сыймыктанып суктанган көзү тирүүсүндө өзү изилдеп чыккан илимий ачылыштарын, сырларын, жасаган эмгегин даңазалаар эч бир даңк үчүн чегилген айкел орнотулган жок. Бирок мүмкүн анын илимий ачылыштары өзүнүн гана илимий көзкарашын канаттандырган  ачылыш болгондур, балким ушул себептен ал сырлар сакталып калбай турган илимий ачылыштар деген да ойлор келет. Деплен үчүн жердин айланасын курчаган атмосфера жумуртканын  жашоо жараткан чел кабыгы сындуу  жумуртка катары көрчү, биринчи дүйнөгө жумуртка пайда болгонбу же тоокпу деген суроого так жообу жок болсо да ал жумуртканы да, корозду да жокко чыгарган адам эле.

Ал бул жашоо алгачы жаныбардан жаралганына да, адам жанынын өлбөстүгүнө да ишенген эмес. Деплен күмөн санаган да эмес, жөн гана баардыгын жокко чыгарган. Дин тутуп, динге берилген адамдардын ишеничи сыяктуу, анын динсиздиги башка динсиз адамдардыкындай эле ачык айкын, башынан аягына чейин сиңип, тулку бою менен бүткөн динсиздик эле. Анын динсиз адам болуп калгандыгынын да жөнү бар чыгар, анткени жаштайынан тирүү жандын да, өлгөн жандын да ички органдарын кичинекей медициналык кайчы бычак аспабы менен араалап, кескилеп изилдеп, дин тутунган адамдардын айтып келген тирүү жандыкка жан берген “жан” аттуу нерсени изилдеп, эч жерден таба албагандыгында чыгар. Адам организиминен үч негизги борборду таап чыккан соң, адам мээсинин нервиндеги жана дем алуу органдын кан тамырларынын ичинен биринчи экөөсү биринин ролун бири аткарарын айкындап, Деплен өмүрүнүн акырында адамдын көрүү сезими менен угуу сезиминин угуусу же көрүүсү үчүн эң негизги орган эместигин жана көрүү же угуу үчүн күндүн чиелениши гана жетиштүү деген жыйнтык чыгарган. Динге күмөн алып келбесе да бул адамдан табылган эки “жан” Деплендин динге болгон динсиз көзкарашын ырастап бере алган. Бейиши болгурлар, көпчүлүк динсиздер өмүрүнүн акырында динди кабыл алып, кылган ишине өкүнүп  кечирим сурашат экен, а бул атактуу хирург болсо өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө да динди жокко чыгарып көз жумган дешет.

Деплен жөнүндө анын даңкына залал келтирүү үчүн душмандары бул белгилүү инсанды баардык жагынан майда адам болгон дешчү. Бирок алардын айтканын терең талдап көрсөң, анын майдачылдык мүнөзүн жөн гана үстүртөн билгендердин айың сөзү эле. Көрө албастар менен аңкоолор эч убакта акылдуулардын кылган ниетин түшүнө албайт. Ошондуктан бөө өлсө төө өлдү кылып, ушундай эле сырттан билген аңкоолордун сөзүн бетке кармап, чоң талкуу жаратып, жаман атты кылууга шылтоо таап чыгышат. Баардык кагылышуу өзүнүн артында залалын калтырбай койбойт дечи, бирок ошентсе да мындан ары жолундагы жолуккан соккулардан жабыркаса да ийгиликке жеткен максаттар тактиканы актап, ак-караны айырмалап турса деген гана үмүт. Биздин күндөрдө Наполеонду анын бүркүтүнүн канатын Англияга жайгандыгы үчүн кызуу талкууга алышкан эле, 1822-жыл гана 1804-жылдын аныгын жана Булондогу десанттык сотун айкындаган. Деплендин даңкы менен билими бири бирине кынтыгы жок шай келген, андыктан көрө албастардын жалгыз бетке кармаган  кемчилиги — анын мүнөзү болгон. Бирок Депленде чын чынында англичандар айткан анендичалыш деген гана мүнөз бар эле. Бирде трагик Кребильондой кычырап кийинсе, бирде кийимге кыпындай көңүл бурбай көңүл кош карап, бирде араба менен жүрсө, бирде жөө жүргөн, бирде чорт, бирде боорукер, бирде ары зыкым, ары сараң болсо, бирде болгон байлыгын кол алдындагыларга жайып берчү мүнөзү көпчүлүктүн арасында карама-каршы талкууну жаратып, чаташ ойлорго алып келген. Чындыгында анын бул кылыгы врачтык аброюна шек келтире албайт дечи, бирок өзүнө ушул каралоонун желегине жетиш үчүн кадамын аңдыгандардын чырагына май тамызган атайын жасаган, атүгүл ыйык китебин көпчүлүк алдында колунан түшүрүп жибергенге да даяр анткор аракети эле. Бирок буга ишенип койуңуз, ал жашоодо баардыгынын үстүнөн шылдыңдап карап, жек көрүп туруусу эле. Деплен адамдардын бизге көрсөткүсү келген, алардын катылып жаткан мүнөзүн, дүйнөсүн да, жашоодогу баардык кырдаалдарда, жакшылык, жамандыкта да, алардын чындыгында кандай адам экенин көрө билген кыраакы болчу.

Көп учурда улуу инсандардын сапаттары көбүнчө бири-бирине шайкеш келет. Эгер кимдир бирөөнүн акылынан да таланты күчтүү болсо, ал баары бир жөн гана “Бул акылдуу адам” дегендерден айрымаланып келет. Даанышмандык ички дүйнөнү талап кылат. Көрө билүү бул ар кимдин түшүнүгүндө чөйрөсүнө жараша жеткен акылына, ой жүгүртүүсүнө жараша балким ар башкадыр, бирок кимде ким  гүлдү көргөн болсо, ал сөзсүз түрдө күндү да көрө алат.

Бир күнү өзү ажал колунан сууруп чыккан кызматчынын “Падышамдын ден соолугу кандай?” деген саламына “Төрөмүн аман калганы — элдин амандыгы”. деп кыйытып жооп берген экен, бул анын берген жөнөкөй, бирок ошол эле учурда куйкум жооп Деплендин жөн гана хирург же врач эле эмес, ушунчалык акылдуу инсан экендигин дагы бир жолу далилдейт. Ошондуктан бул адамды сыртынан байкап изилдеген адам бул улуу хирургдан кыйын, мен деген журт башчысысынан кем калбаган журт башчысы да чыгат беле деген ой калтырат.

Деплендин жашоосундагы азыркылар аркылуу кайра каралып  жаткан табышмак сырларынын эң кызыктуусун тандап, биз алдыңарга баяндан бермекчибиз. Биз таржымалдап берчү аңгеменин жандырмагы окуябыздын аягында чечилет жана биз бул баян Деплендин атына карата айтылып келген кээ бир обу жок каралоо айыңдардан биротоло актап чыгат деген ишеничтебиз.

Орас Бяньшон — Деплендин эң жакшы көргөн шакирттеринин бири эле. Орас Бяньшон Отель-Диө бейтапканасына ассистент практикант болуп келээрден мурун медициналык студенттик жашоосун, Дом-Воке атындагы Латын кварталында жайгашкан жакырлар жатаканасында күн кечирген. Бирок алмазды эч кандай күч жарып сындыра албагандай, ал жерден бул жаш таланттуу тайманбаган жигит баардык жокчулукту, кыйынчылыктарды башынан өткөрсө да, ал тозокту тоготпой чыдап жеңип чыккан. Алдыга койгон максатынан баш тартпастан, ар бир тагдырдын тарткан торунан бошонуп чыгып, алдыга умтулган эмгегинин үзүрү жакын арада көрүнбөгөнүнө карабастан, ал азап-тозогунан кайра чыйралып, ар бир кыйынчылыктан күч демөөр алуу, баардык гений адамдарын басып өтчүү мыйзам түрүндөгү жазмышы тура. Орас чындык менен гана жашаган, чындыкты туу тутуп, аны эч нерсеге алмашпаган адам эле. Ал куру сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишин так аткарган, жакын адамдары үчүн жанын карч уруп, жада калса жонундагы акыркы жыртык көйнөгүн чечип берип, уйкусун да, убактысын да садага чапкан адам болгон. Бир сөз менен айтканда, кылган ишин милдет кылып санабаган, жасаган жакшылыктарым бир күнү эки эсеси менен кайтып келет деп ишенген достордон эле. Ушул мыкты сапаты үчүн анын айланасындагы чөйрөсү аны терең урматтап, жада калса анын көз алдында өз абройлорун түшүрүп алуудан чочуркап, аяр сый мамиле жасашчу. Бирок Орастын бул мүнөзүндө кымындай да милдет кылуу жок эле. Анда эч кандай акыл үйрөтүп, башкаларды өзүндөй болуусун талап кылуу болгон эмес, жада калса кеңеш сурагандарга өз кеңешин айтып жатып да күчтүү дем берген үгүт сөздөрү менен коштоп, дастаркон үстүндө отурган болсо ичимдикти атак-даңк үчүн деп алып жиберчү.

Бул ары шайыр, бир аз чорт мүнөздүү, желдеттердей болгон түз, ачык, эми моряк десем болмок, бирок азыркы моряктарга салыштыруу тура эмес болуп калат ко дейм, анткени азыркы моряктар кызматчылардай болуп калбадыбы, куу айлакер, даңазалуу десек жарашат ко, ушул сырты менен ичи айкалган өзү жөнүндө сыр жашырбаган, жаш жигит көздөрүн күлмүңдөтүп, башын бийик көтөрүп алдыга гана умтулуп жүрчү. Бир сөз менен кыска түшүндүрсөк, ал баардык Оресттер үчүн Пилад болгон десек жаңылышпайбыз. Азыркы жашоодо байыркы коркунучтуу жиндердин ордун кредиторлор баспадыбы. Орастын бирден бир жигиттигин аныктаган сапаты — жокчулукту кың этпей башынын өткөргөндүгү, эч кимден эч качан эч нерсе сурабагандыгы жана карыз алуу адаттын жоктугу. Төөдөй токтоо, эликтей шамдагай, башкалардан айырмаланып өз көзкарашына туруктуу жана бек болгон. Доктор Орас Бяншондун багы белгилүү доктор аны сыртынан байкап көрүп, анын ушул досторуна жасаган мамилесин жана мыкты сапаттарына баа берип, кемчиликтеринин да түпкү нугун көрүп, көз алдына алган күндөн баштап ачылып, Орастын жашоосунда бактылуу өзгөрүү башталды. Эгерде бейтапкананын атактуу башкы врачы, жаш кимдир бирөөнү өз карамагына колдоого алса, анда ал жаш адамдын келечеги жаркын деп эсептелген.

Орасты Деплен көп учурларда байлардын үйүнө атайын врачтык жардам чакырыктарына ассистент кылып ээрчитип алчу. Кай бир учурларда келип түшкөн сый акылар асситентти да куру калтырган жок. Ушул байлардын үйүнө каттап жүрүп бул карапайым Ораска акырындык менен алардын жашоосунун сырлары ачылып баштады. Деплен жада калса өз үйүндө ооруларды кабыл алганда да Бяньшонду жардамчы ассистент катары чакырар эле. Кээде кай бир оору байларды минералдык сууга киреринде жетелеп жеткирүүсүн да талап кылчу, а чынында ал устатынын Бьяншондун келечегине акырындык менен жеке кардарларды топтоо аракети болгон. Бул каардуу хирургдун жасаган аракетинен акыбети кайтып, көп өтпөй жыйынтыгында Сейид жолукту.

Бири илим менен билимдин тектиринин тээ чокусунда, улуу атак-даңк, байлыкты багындырса, бири жөнөкөй даңкы да, байлыгы да жок жаңы гана илим багытынын жолуна түшкөн, жаңы гана Париждин бүлбүл жанган жарыгы сыяктуу жанып келаткан эки адамдын ойлору бири бириникине төп келип, жакын адамдардан болуп калышты. Улуу Деплен ассистенттинен эч нерсе жашырган эмес. Бяньшондун Деплендин жашоосундагы кыбыраган кумурскадан өйдө маалыматы бар эле, жада калса кайсы бир айым анын отургучуна же анын иш бөлмөсүндөгү үйлөнгөн керебетине отурган отубаганынан өйдө белгилүү болгон. Бяньшон бул адамдын арыстандай жулкунган, букадай күчтүү  толуп ташкындаган темпераментинин акыры анын көкүрөгүндөгү жүрөк кан тамырларын түртүп, кенелип кетишинин кесепетинен болгон өлүмүнүн себебине да күбө болгон. (Деплен жүрөгүнүн чоңоюп кетүүсүнөн каза болгон). Убакыты тар, ар бир мүнөтү  эсептелүү, чык татырбас сараң, ары ач көздүктүн түпкү максатынын себеби кайда  жаткандыгын,  бул саясатчынын көздөгөн үмүтү анын ичинде катылып жаткан чексиз илимий ачылыштары биригип, акыры анын көңүлүн калтырып, жандүйнөсүнө сокку жана анын кесепети акыры аны жүрөктөн алаарын, жашоо маңызын толук изилдеп көргөн Бяньшон алдын ала сезген эле, жүрөк сыртынан темир көрүнгөнү менен кандай болбосун жүрөк да.

Бир күнү Бяньшон Депленге Сен-Жак бөлүгүндө жашаган  бир байкуш карапайым суу ташыгыч  жокчулуктан, зоруккандан катуу ооруп калгандыгын жана анын 1821-жылдын кышын жалгыз мүнжүр жеп өткөргөнүн баяндап берери менен Деплен баардык жумуштарын, ал тургай көзөмөлүндөгү сыркоолорун кошо таштап, ал оверндик адамдын үйүнө атын камчылатып чаптырып, Бяньшон менен барып, өзү карапайым адамды бул Дюбуа негиздеген Сен-Дени аттуу атактуу бейтапканага алып келип, суу ташыгычты жеке өз карамагына алды. Деплен ал оверндик суу ташыгычты айыктырып, ал айыккан соң ага суу ташыган ат араба алууга акча да карматты. Ал оверндик адам өзү кылган иши менен башкалардан айырмаланып турчу. Анын жолдошторунун бири ооруп калган экен, аны дароо Депленге алып келип буларды айтты:

— Мен анын башка бирөөлөргө барышын каалаган жокмун.

Эмнегедир Деплендин мүнөзү чорт болгондугуна карабай, бул адамдын алдында аны сыйлап, колун катуу кысып:

— Баарын бул жакка алып кел, — деп уруксатын берди.

Канталь жашоочусун кабыл алып, ага жасаган өзгөчө мамилесин, ал гана эмес бир канча жолу устатынын оверндик суу ташыгычтарга болгон өзгөчө мамилесин байкаса да, Отель-Диө бейтапканасында бул чоң сыймык болгондуктан, Бяньшон бул окуяны анчалык этибарга албады.

Күндөрдүн биринде саат тогуздар чамасында Ыйык Сульпиция чиркөөсүнүн майданынан өтүп баратып, Бяньшон устатынын киндиги кесилип, азан аты коюлган чиркөөгө кирерде байкап калды. Ар дайым арабасы жок жүрбөгөн Деплен бул жолу жөө жана аяр басып, чиркөөнүн капталындагы Пти-Лион көчөсүндөгү эшиктен чоочуркай кирип кетти. Устатынын динсиздигинен кабары бар, анан калса анын азезилдей мүнөзүн беш колундай билген Бяньшондун кызуусу артты. Акырын билинбей устатынын аркасынан чиркөөгө бет алды. Чиркөөгө кирип эле көргөн көзүнө ишенбей нес болуп турду, анткени кудайды өмүр бою мазактап жокко чыгарган, жада калса гастрит оорусуна же денедеги пайда болгон дактарга пайда алып келалбаган, медицина бычагынан да алсыз периштелерди шылдың кылган адамдын оордуна ал азыр тизелеп кудайга сыйынып турган адамды кезиктирди. Ал чиркөөнүн таңкы сыйынуу парзын оорду менен так аткарып чиркөөгө да, кедей-кембагалдарга да садага калтырып, баардык шарттарды туура аткарып жатты.

“Чиркөөгө мындан башка кандай жумуш менен келүү керек эле, албетте, сыйынганы келет да же эмне, ыйык эненин төрөтү жөнүндө кеп кылганы келет беле?” –деп таң калган Бяньшон эсин жыя албады. “Ооба, эгер көпчүлүктө диний майрамда шам кармап сыйынып турганын көрсөм, ал көрүнүш ачык эле каткырык жаратат эле. А бул жерде эч ким жокто жалгыз жашынып сыйынганы ойлондурбай койбойт!”

Бирөө-жарым анын Отель-Диөнүн башкы врачын аңдып турганын байкап калбасын деп Бяньшон акырын жылып жолуна түштү. Күтпөгөн жерден ушул эле күнү Деплен аны ресторандардын бирине түшкү тамакка чакырып калды. Тамак үстүндө Бяньшон кептин нугун чиркөөнүн эртең мененки сыйынуу парзын шылдыңдоого бурду.

Бруссенин кылыгы менен Наполеондун согуштарынан төгүлгөн кандан, эки эсе көп кан төгүп христиан динине келген бул комедия таңкы сыйынуу паптын жасаган иши, алты кылымды басып өткөн. Мунун маңызы “Сие бул менин денем” дегенди билдирет. Еретикткердин үч жүз жыл чиркөөдө уюштуруп келген башаламандыгын токтотууга  карай жана анын алар менен болгон мелдешинин жеңиши катары чыныгы күчтүн бардыгын аныктаган, пап ойлоп тапкан бул кудайдын денесинин майрамын кабыл алуу үчүн канчалаган кандар төгүлгөн. Паптын ойлоп тапкан таңкы сыйынуу парзы тулуздуктардын графы менен альбигойцтордун согушуна алып келген. Вальденстер менен альбигойстор аны кабыл алгылары келген эмес.

Ушул тапта Деплендин оозунан анын динсиздигинин далили катары бир топ так далилдери менен көнүмүш адаты болгон, динге карата мазактоо сөздөрүн, жаадырып айтып жатты.

“Эмне деген керемет, менин эртең менен сыйынып отурган дин адамым кайда кетти?” деп Бяньшон эки анжы ойдо отуруп калды.

Ал Депленге эч нерсе айта алган жок, анткени ал чынында эле ыйык Сульпиция чиркөөсүнөн Депленди көргөнүнө же башкага алмаштырып алганына күмөн санап бүдөмүк ойдо калды, анын үстүнө Деплен Бяньшонго эч убакта калп айчу эмес. Алар мындан да маанилүү суроолордун үстүндө талкуу жүргүзүп, бири бирине өз ойлорун ачык айтышып, атүгүл керек болсо медициналык шаймандары менен жарып да, кесип да, далай жолу далилдеп көрүшкөн. Арадан үч ай өттү. Бяньшондун эсинде бул окуя сакталып калса да ал көрүнүшкө кайра туш болгон жок. Ошол жылы Бяньшондун көзүнчө Отель-Диөдө иштеген кесиптештеринин бири  Деплендин колун колуна алып, берген суроосуна күбө болду.

— Сиз Сульпиция чиркөөсүнө эмнеге бардыңыз урматтуу окутуучум? — деп сурап калды ал.

— Мен поптун тизе томугуна ириң толуп кеткендигине байланыштуу, анын оорусун көргөнгө бардым. Ангулемдик Герцогин аброюмду көтөрүп, дарылануусун мага табыштады.

Чабуулдун мизи ушул берилген жооп менен майтарылды. Кесиптешин алган жообу канаттандырса да, Бяньшонду канаттандыра алган жок.

“Ошондой дечи! Демек, ооруган тизени караганы барган экен да!! ассистенти ичинен тыянак чыгарып жатты “Таңкы сыйынууга барды!!”

Бяньшон Деплендин аркасынан кароол кыла турган болду, ал устатын качан, кайсы саатта ыйык Сульпиця чиркөөсүнө киргендигин туура так эстеп алып, так ошол күнү, ошол саатта бир жылдан кийин келип акмаламай болду. Эгерде ошол күнү, ошол саатта Деплен чиркөөнүн жанында пайда болсо, анда мында атайын коюлган мөөнөт менен чиркөөгө катташы анын дагы бир илимий изилдөөсүнүн бири болуп калмак, анткени бул адамдын ойлору менен кылган иши эки башка болушу мүмкүн эмес. Кийинки жылы так эле ошол күндө, ошол саатта чиркөөнүн жанына келген Бяньшон бул мезгил аралыгында алда качан Деплендин кол алдынан ассистенттик тажрыйбасын толук өтөп бүткөн эле. Деплендин арабасы чиркөөнүн жанындагы Турнон жана Пти-Лион көчөлөрүнүн кесилишине келип токтогонун көрдү. Арабадан акырын чыгып, Деплен элеңдеп эки жагын карап аяр басып, дубалдарды аралай чиркөөнү көздөй бет алды. Бул жолу да чиркөөгө кирип, таңкы сыйынууда сыйынып атты. Бул биз билген Деплендин так эле өзү болчу! Башкы хирург, жандүйнөсү динсиз адам ушул тапта сыйынуучу. Акыбал өтө чаташ болуп чыга келди. Атактуу илимпоздун көктүгү баардык түйүндү чиелеп салды. Деплен кеткенден кийин Бяньшон чиркөө кызматчысынын жанына келип:

— Азыр эле чыгып кеткен адам бул чиркөнүн үзгүлтүксүз катточуларынын бири эмеспи,- деп сурады

— Бул чиркөөдө кызмат кылганыма мына быйыл жыйырманчы жылдын жүзү болду. А улуу урматтуу Деплен бир жылда төрт жолу ушул таңкы сыйынууга катышат жана ушул сыйынуу жеке анын тапшырыгы менен өткөрүлөт, — деп жооп берди.

“Деплендин тапшырыгы менен өткөрүлгөн таңкы сыйынуу!!” деген ойдо Бул жерде бир бекилген сыр жатат, ушул сыр бул врачтын кудайга болгон ишенимин жокко чыгарган бир сыр болушу мүмкүн.

Убакыт өтүп жатты. Доктор Бяньшон Деплендин жакын досу болгону менен бул тууралуу суроонун ыңгайлуу учуру келбеди. Көпчүлүк учурда булар врачтардын чогулушунда же ак сөөктөрдүн жыйындарында гана жолуккандыгына байланыштуу, андай жерде мындай айтылгыс сырларды бөлүшүп, оттун тегерегинде жай отуруп баарлашкандагыдай мүмкүнчүлүк жок эле.

Акыры төңкөрүштөн кийин жети жылдан соң 1830-жылы архепископтук резиденцияны көпчүлүк кыйратып жаткан учурда Республикалыктардын үгүттөөсү менен алтын сындуу чагылган деңиз үстүнөн чагылгандай кресттердин талкалоосу башталып, көчөлөрдү жалаң ишенбөөчүлүк жана козголоң каптап калган учурда Бяньшон да устатынын ыйык Сульпиця чиркөөсүнө кирип бараткандыгын байкап калды. Ал анын аркасынан кирип, анын сыйынып отурган жанынан орун алды, досу анын бул кылыгына таң да калган жок, эч кандай сыр бербей таңкы сыйынууну чогуу аткарышты.

— Бул сопу болумуш болгон анткордугуңуздун себебин эми мага түшүндүрүп бересизби, досум? –деп сурады Бяньшон чиркөөдөн чыккан соң. — Мен ушу менен сизди үчүнчү жолу таңкы сыйынуудан көрүп атам. Сиздин оюңуз менен кылган ишиңиз таптакыр эки башка тарапка кетип жатат, сиз кудайга ишенбеген адамсыз, а бирок таңкы сыйынууну так аткарып жүргөнүңүзгө жол болсун, сиз мага бул кылыгыңыздын себебин түшүндүрүп берүүгө тийишсиз, кымбаттуу устатым. Кичи пейилдикке жооп бериңизчи суроолорума.

— Мен ошо сыртынан динге чындап берилген, а чынында жандүйнөсүндө экөөбүздөн өткөн динсиз сопуларга окшошуп турамбы?..

Деплен айтылган чындыкка чычалап, жинденип, кай бир саясатчы ишмерлердин жана алардын эң белгилүүсү Мольердин чыгармасынын жаңы нускасынын алып баруучусу Тартюфтун үстүнөн куйкум сындарды айтып кирди.

— Мен сизден алар жөнүндө сураган жокмун, сиздин бул жерге эмнеге келдениңизди, эмне себептен таңкы сыйынууга тапшырык берип жүргөнүңүздүн жөнүн сурадым.

— Эхх… болуптур досум, мен ансыз деле бир бутум көрдө турат, эми жашыруунун кажети жок. Жашоомдун кандайча башталгандыгын айтса айтып берейин, -деп кеп баштады.

Бяньшон менен улуу аалым илипоз адам ушул тапта Париждин эң начар деген көчөлөрүнүн бири, Төрт-Шамал көчөсүндө турушту. Мамы сыяктуу катар тизилген кашаадан бурама баскычтарды карай кеткен, караңгы өткөөл, кичинекей терезелер менен араң гана бүлбүл жарык болуп, далайлар чалынып кулаган жашыл балыр өңдөнгөн үйдүн биринчи кабатында эмерек жасаган уста, калган кабатында жакырчылык азабын тарткандар байыр алган үйлөрдүн биринин, тээ өйдө жетинчи кабатын Деплен Бяньшонго колу менен көрсөтүп:

— Мен эки жыл ушул үйдүн тиги кабатында жашагам, — деди.

— Билем, ал жерде Д Артез да жашаган. Мен бул жерге жаш чагымда кудайдын куттуу күнү каттачумун. Биз бул жердин чатырын, генийлерди жаратуучу уюк деп атап алганбыз. Уланта бериңиз анан?

— Экөөбүз сыйынган бүгүнкү таңкы сыйынуу жеке башымдан ушул жерде өткөн кээ бир окуяларга тыгыз байланышы бар. Тагыраагы, тээ сен айткан кир жайылып, карапа гүлдөрү турган чатыр Д Артез жашаган жер. Париждин мага көрсөткөн кыйынчылыгы, азабы боюнча эч кимге алдыга ат салдырбасмын, ит көрбөгөн кордукту көрдүм го, урматтуу Бяньшон. Мен барчылык-жокчулукту башымдан өткөрдүм, ачкачылыкты, ысык-суукту, акчанын жогун, кийим кече бут кийимдин жогун да, айтор, каардуу жетишпеген жашоонун жетимиш түрүн көрдүм. Ушу сен айткан генийлер жаралуучу уюка мен суукта тоңгон жансыз колдорумду үйлөп жылыткан чатырга, сиз менен дагы бир ирет баш баккым келип турат.

— Ошол күндөрдөн бир кыш эсимден кетпейт, мен иштеп отурам, суук күндөрдүн бири,  бөлмөнүн муздактыгынан суукта чуркап келген аттардын жонунан чыккан буудай, менин да башыман дем алган сайын демимен да буу чыгып жатты. Ушундай кыйынчылыкка туруштук берүүгө, дем куч, кубат кайдан келет билбейм. Окуума төлөгөнгө, китеп алганга чөнтөгүмдө жарым тыйын жок же колдогон колдоочум жок, мен жападан жалгыз өзүм элем. Менин чорт бетке чабар оор мүнөзүмө байланыштуу же жарыган досум да жок. А чынында менин чектен ашкан оор жумуштан жана жашоонун кысымыман пайда болгон мүнөзүмдү ошол убакта эч кимиси түшүнгөн эмес. Ушул социалдык жашоонун тартыштыгы, жетишпенгендик тээ эң түпкүрүндө болсом да ошол чункурдан суурулуп чыккым келчү. Мен сенден жашырып анткорлонуп эмне кылам, мени кубандырганы — баардык күчтүү инсандардын айырмачылыгы болгон жокчулуктун батырып алган сазынан  бошонуп, атүгүл бийиктиктерди багынтса да сактап калар боорукердикти, көңүл кирдетпес сапатымды сактап кала алгандыгым. Жакындарыман да, туулган жеримден да, баарынан да менин алган жарыбаган жөлөк пулумдан умүтүм жок эле. Бир эле көрүнүштү сүрөттөп берсем түшүнүктү болор дейм. Эртең мененки тамагыма Пти-Лион көчөсүндөгү наабайканадан экинчи күнгө калган эски нанды сатып алып, аны сүткө жибитип жечүмүн, Эски нан жаңысына караганда арзанырак турчу, ушундай жол менен эртең мененки тамагыма эки су гана үнөмдөчүмүн. Эки күндө бир, тамагы он алты су жатакананын тамактануучу жайынан ысык ичип турдум. Ушул ыкма менен күнүгө он су каржылачумун. Ушундай абалым менен өзүңүз деле түшүнүп жаткандырсыз, үстүмдөгү кемселим менен бут кийимим жөнүндө ойлоп да койбогондугумду. Биздин кийген булгаары кемселибиздин колтуктары жарылып, бут киймибиздин жарактан чыгып калганы, башкалардын кытмыр күлкүсү же биздин кесиптештерибиздин тоскон бут тосуусуна азыркы жаман акыбалыбыз, мен көргөн ушул кундөргө караганда эч нерсеге арзыбаган бир иш деп ойлойм. Мен карандай кара суу менен гана жашап жүргөндө Париждин тамактануучу жайлары көзүмдөн өтчү. Айрыкча Цоппи тамактануучу жайы мен үчүн бир укмуш кол жеткис жай, ал жерге Латын көчөсүндөгү төрөлөр гана баш бага алчу жердей көрүнүп, ичимден бир сызып “Ушул жайга кайсы бир убакта мен да кирип бир күрүшкө сүттөлгөн кофе ичип, бир ирет домино оюнун ойногон күн келээр бекен?” деген  кыялга батар элем. Жокчулукка болгон каарымды жалгыз гана талыкпаган эмгектен чыгарчумун. Болгон аракетим менен билимимди болушунча жогорулатып, илим жаатындан барктуу бир орунду басууга жумшачумун. Мен үчүн түнкүсүн окуган окуума жанып берчү чырактын майы кымбатка турду, мен тамак-аштан чырактын майын көбүрөк каржылачумун. Бул менин катаал, ары узак, ары ыракатсыз турмуш менен жекеме жеке күрөшүүм эле. Ошол тап менин башымдан сылаган бирөө-жарым болгон жок. Жолдош жандаш үчүн жаштар менен катар жүрүү зарыл. Жаныңда бир нече су болушу керек, алар менен көчөлөш үчүн мага окшогон студенттер баш баккан жайларга каттап туруу керек, а менде кайдагы шарт, эч нерсем жок болсо! А Парижде эч ким жок дегенди түшүнмөк түгүл, элестете да албайт. Башкаларга менин жетишпеген жашоомду айтып  берсем башымдын чыңалуусу тамагымды бууп, денемди калчылдатып, биздин оору кардарларыбыздын айткандары тамагыма туруп калар эле. Өмүрүндө эч убакта, эч нерседен кем болбогон телегейи тегиз, бардар үй бүлөдө төрөлүп, көйгөйдүн үч эрежесин так билбеген, жаш адамдын криминалга беш тыйындын икске болгон маанисиндей мамиле кылган адамдарды көп жолуктурдум. Бул аңкоо эсирген байлар мага “А эмнеге карызга батып кеттиңиз? А эмнеге өзүңүздү ушундай түйшүккө түрттүңүз?” деген суроолорду беришчү. Алардын суроолору ханышанын жоругун эсиме салчу. Элдин ачкадан жээрге наны жок кырылып жатканын көргөн ханыша сураптыр дейт, «эгерде нан жок болсо анын ордуна эмнеге таттуу токоч сатып жешпейт?» Менин жасаган операциям үчүн өтө кымбат алат деп арызданган байларды көрмөкмүн: менин оордумда, менин ошол абалымда, Парижде жападан жалгыз, бир тыйыны жок, жоро жолдошу жок, насыясы жок, жалгыз эки кол, коколой башы менен кантип нан таап жешээрин. Эмне кылат эле? Тамак таап жеш үчүн кайда барар эле? Сиз Бяньшон, менин кай бирде жасаган  каардуу, таш боор кылыгымдын күбөсү болуп  келатасыз. Бул менин жаш чагымдагы көргөн азабымдан, кадам сайын кезиккен ырайымсыз, өзүмчүл, ошол байлардын чөйрөсүнөн кегимди алуум десем болот. Ошолордун мага кылган, атактуулукка карай баскан жолумдагы жолуккан ушагы, чагымдары, жек көрүүсү, ич күйдүлүгү, мени жамандап жаман көргөзүүгө болгон аракеттери ар дайым эсиме келчү. Парижде кээ бир адамдар эгерде кимдир бирөөнүн ээрге жаңы отурганын байкашса, бирөө келип бутуңдан тартса, бири келип кулап башы жарылсын деп, басмайылды бошотот. Үчүнчүсү атыңды бутка уруп, төртүнчүсү камчыңды уурдай качса, чынчыл душманың ачык эле колуна мылтыкты мээлеп, сени көздөй тик качырып басат. Сенин талантың бар балакайым, өзүнөн өйдө көтөрүлүп обологондор менен колунан эч нерсе келбегендер таймашка чыгаарына өзүң да күбө болосуң.

Кечинде беш луидор уттурсаң, кийинки күнү кумарчы сени жыйырма беш франк уттурду деп айыпташат. Ал эми эң жакын досторуң сени жыйырма беш миң франк уттурду деп кеп таратышат. Башың бир аз ооруп калса, жинди болуп калыптыр дешет. Байкабай катуу айтып алсаң, сен эч кимдин жанына жологус желмогуз болосуң. Бул акмактардын уюгуна каршы чыгып, күчүңдү, кайраттулугуңду көрсөтсөң, эң жакын эле досторуң сени эч кимди жактырбай башкарып, буйрук бергиси келип жатат деп чыгышат. Бир сөз менен айтканда, сенин аброюң кемчилик болуп, кылган жакшылыгың кылмыш болуп эсептелип калат.

Бирөөнүн өмүрүн сактап калсаң, анын түбүнө жетти дейт. Жанын аман алып калсаң да, бул анын жөн гана убактылуу жасалма сакайышы, бул үчүн кийин кайра азабын тартат, азыр өлбөсө да кийин баары бир өлөт деген тыянак чыгарышат. Чалынсаң жыгылды дейт. Бир жаңы ачылыш ачып, өз таламыңды талашып чыксаң, сөзгө сараң, баскан кадамын санаган, жаштарга жол бербеген куу адам болуп чыга келесиң. Ошондуктан досум, мен кудайга ишенбеген болсом, ал эми ушу адамдарыңа эки эсеси менен ишенбейм. Сиз билесиз го, менин жандүйнөмдө адамдар айтып жүргөн акмак Депленден башка дагы бир Деплен жашаарын. Бирок бул ыплас ишке аралашып, белчеден батпай окуямды улантайын.

Анда эмесе мындай, мен ушул үйдө жарым тыйыны жок жашап, биринчи сынагыма даярданып, талыкпай эмгектенгем. Акчамдын жогунан, адамдардын айласы кеткенде  акыркы байыр алчу жери болгон аскерге да кетем деген күндөрүм болгон. Менин акыркы үмүтүм, провинцияда мени Парижде шапар тээп, отуз франкка балык жеп көйрөңдөнүп көйнөк которуп жашап жатат деп ойлогон, улуу жаштагы аяш апаларымдын белекке берип жиберген, ич кийим салынган жагданында эле. Жагдан менин Университетте жүргөн мезгилимде келиптир, көрсө, ал жагданды жеткирүү акысы кырк франк экен. Тепкичтин алдында баш калкалап күн көргөн немис улутундагы күзөтчү өтүк оңдоочубуз жагданымдын акысын төлөп, өз бөлмөсүнө киргизип койгон экен. Кантип жагданымды кырк франк төлөбөстөн, өзүмө чыгарып алсам деп баш катырып отуруп, Медицина университетинин көчөлөрү менен Фоссе-Сен-Дермен-де-Пре көчөлөрүндө каалгып ары-бери басып жүрдүм. Ал кырк франкты ичиндеги ич кийимдерди сатып гана төлөй алат элем да. Бул кылган аңкоолугум хирургиядан башка нерсеге шыгым жоктугун дагы бир жолу ырастады. Досум, дүйнөсү назик жана күчтүү адамдар бул көнүмүш болгон майда  адамдарга таандык сапаттар чагымчылыктан алыс, эпчилдик, шуулдаган шылуундукка чоркок болуп, алардан айырмаланып, алар сындуу жан үрөп издегенди эмес, таба билгендиги менен айырмаланышат экен.

Үйгө кеч келдим, мен келгенде сен-флуралык менин жанымдагы бөлмөдө жашаган Буржа аттуу суу ташыгыч кошунам да келди. Биз баардык эле эки жанаша бөлмөдө жашаган кошуналар бири бирин канчалык деңгээлде тааныса, ошол сыяктуу бири бирибиздин жөтөлгөнүбүздү, уктаганыбызды, кийим кийгенибиздин дабышын угуп, бири бирибизге көнүшүп калган кошуналардай, сыртыбыздан тааныш элек. Кошунам мени кожоюнум үч жолу ижара акысын кечиктирип бергеним үчүн, батирден чыгып кетүүмдү талап кылгандыгын кабарлады. Эртеси бул жерден чыгып кетүүм керек эле, бирок мени гана эмес, кошунамды да анын кылган устачылыгы үчүн чыгарып жаткандыгын билдим.  Ошол түнү жашоомдогу эң азаптуу түндөрүмдүн бирин өткөрдүм. “Жарыбаган жүктөрүмдү, китептеримди чыгарып кеткенге, жүк таашыгычты кайдан табам?” Жүк ташыгычка, дарбазачыга бергенге акчаны кайдан табам? Дегиле кайда барам?” деген чиеленген суроолорду акылынан тайган адам кайталай бергендей, кайра-кайра  көз жашымды көлдөтүп, бул суроолорду кайталай бердим. Акыры уктап кетиптирмин.  Жокчулуктун шериги бар дегендей, ошол түнү бир укмуш жаркыраган түш көрдүм. Эртеси эртең менен сүткө нан малып жеп отурсам, бөлмөмө Буржа кирип келди.

— Студент мырза, — деп оверндик акцент менен кеп баштады. — Мен ата-энеси жок, Сен-Флур жетим балдар үйүндө чоңойгон, шартыма байланыштуу үй бүлөсү жок, бир бечарамын. Байкашымча сенин да эч кимиң жок, мээримге чекең жылыбаганы көрүнүп турат. Сага айтаарым, биздин азын-оолак оокатыбыз бата турган кол арабаны саатына эки су төлөп ижарага алдым. Кааласаң, чогуу чыгып, биргелешип баш калкалоочу жай издейли. Эми бизди кууп жатса, бул жерден айла жок кетишке, бирок бул жериң деле бейиштин төрү эмес.

— Билем кымбаттуум, Буржам бирок мени колумду байлап турган көйгөйүм, ылдый жакта турган жагданымдын ичиндеги жүз экьюлүк ич кийимдер. Андан башка дарбазачыга да, бөлмөмө да төлөй турган чөнтөгүмдө жарым тыйын жок.

— Мейли, мындан бир аз тыйын табылат, сен ич кийимдериңди өзүңө калтырып кой, — деп мага эски майланышкан булгаары капчыгын көрсөттү.

Буржа менин жана өзүнүн бөлмөсү үчүн ижара акысын берип, менин жагданымдын акчасын дарбазачыга төлөп, биздин оокаттарыбызды, менин жагданымды кол арабага жүктөп алып жолго чыктык. Ижарага берилет деген жарнама илинген үйлөрдүн жанынан токтоп ижара издеп жүрдүк. Мен ар бир ижарага берилчү имараттарга кирип бөлмө карап жүрдүм. Күн оболоп түш оосо да биз куру аракетибизди улантып Латын кичи районун аралап, бөлмө издедик. Бизге болгон тоскоолдук — бөлмөнүн акысы эле. Кол арабаны сыртта калтырып, Буржуа вино саткан дүкөндүн жанынан тамактанып алуубузду сунуш кылды. Кечке жуук гана Роган көчөсүнөн Комерциялык өткөөлдөн бир үйдүн эң акыркы кабатынын чатырынан эки тепкичи эки бөлөк бөлмө таптык. Биз бул бөлмөлөрдү ижарага алдык, акысы ар бирибизге жылына он алты франктан турду. Эми жолдошум экөөбуздүн баш калкалар жерибиз бар эле. Түшкү тамагыбызды чогуу түштөндүк. Буржанын эмгек акысы күнүнө элү суга чейин жетчү. Ал чогулткан жүзгө жакын экюсу бар экен. Ал аны кыялындагы суу ташыган ат араба алам деп чогулткан акчасы эле. Анын ошондогу акырын кылдат, аяр мамилеси тамырымды тартып, менин ошол таптагы акыбалымды баамчылдыгы менен байкап, сырымды сурап билген соң, айкөлдүк менен өз кыялынан убактылуу баш тарткандыгы экен. Ушул күнгө дейре эстегенде жүрөгүмдү жылуу сезим аралайт. Буржа туура жыйырма эки жыл суу ташып келсе да, менин келечегим үчүн чогулткан жүз экюсун курмандыка чалды.

Ушул тап Деплен Бяньшондун колун күч менен мыкчып кармап алып, сөзүн улады:

— Ал менин сынакка даярдануу үчүн төлөчү каражатка өзүнүн чогулткан акчасын берди!! Досум билесиңби, ал адам өз максатына салыштырмалуу, менин койгон максатымдын жогору турарын, маанилүүлүгүн, акылымдын муктаждыгын, баалуулугун баамдады. Ал мага кам көрүп, мени “балам” деп китеп сатып алууга карыз акча да берип турду. Кээде акырын басып келип окуу үстүндө иштеп отурганымда сыртымдан карап турчу, акыры менин жокчулуктан айласыз колдонгон начар, сапатсыз тамак-ашымды энелик мээрим менен мол, сапаттуу тамакка алмаштырып берди. Сүрөтчү анын келбетинен Ликург жазат эле. Буржа кырк жаштагы дөң маңдай, бет түзүлүшү орто кылымдын шаардык адамдарыныкындай адам эле. Байкушум, ичиндеги болгон сакталып катылган мээримин кимге төгөрүн билбей турчу.

Жакында гана өлгөн ити, анын жалгыз гана жакшы көргөн жанына жакын жаны эле. Ал ити жөнүндө чарчабастан кеп кылып, атүгүл чиркөөгө барып көзү өткөндөр үчүн уюштурулган сыйынууну ал үчүн аткаруусун сурансам, чиркөө адамдары макул болор бекен деп сурап калчу. Ал ити анын айтуусу боюнча таза христиан болчу. Анткени ал кожоюнун ээрчип он эки жыл чиркөөгө каттап, сыйынуу учурунда эч бир үн чыгарбай, кожоюнунун жанында сыйынып жаткан өңдүү тынч отуруп берчү. Бул адам менин жалгыздыгымды, кайгы-муңумду түшүнүп болгон мээримин, көңүлүн мага бурду. Ал мен үчүн эң  камкор эне дагы, аяр сылык колдоочум да болду. Башкача айтканда, бул жасаган  жакшылыгынан ыракат алган адам эле. Көчөдөн Буржаны жолуктуруп калган учурумда өзүнүн кылган жакшылыгын милдеттендирбей, менин жүк болгонумду кыпындай да байкатпай, ыраазы болуу менен  карап, менин жакшы тамактанып, жакшы кийингениме маашыр болор эле. Бул жанын карч уруусу, жөнөкөйлүгү жаш селкинин  сүйүүсүнөн  да жогорку чөйрө эле. Буржа менин тапшырыктарымды аткарып, чырагымды тазалап сүртүп, конушубуздун тазалыгын көзөмөлдөп, мага эң жакшы ата жана да Ангилянын кызматчыларынан тыкандыгы боюнча кем калышпаган кызматчы да болду. Биздин баардык үй тиричилигибиз анын мойнунда эле. Филопенадан кем эмес отун жарчу.  Ал баардыгын өз милдетиндей, ар бир ишти майын чыгара тез жана жеңил аткарчу. Арадан мезгил өтүп, мен Отель-Диө бейтапканасына ассистент үйрөнчүк болуп орношконума байланычтуу, экөөбүз ажырашууга туура келди. Анткени ал жерде жатып иштөөм керек эле.  Бул кабарды ал терең кайгыруу менен кабыл алса да, кайра өзүн жооткотуп, менин бош убактымда каттап туруумду суранып, диссертациялык ишиме керектүү каражатты топтоп берээрин айтты. Буржа мени менен аябай сыймыктанчу, ал мени өзү үчүн да, мен үчүн да жакшы көрөр эле. Эгерде сиз менин диссертациялык ишимди карап көргөн болсоңуз, жазган ишим ага арналгандыгын байкар элеңиз. Менин акыркы ассистент үйрөнчүк болуп бейтапканада иштеген жылымда, кадырлуу оверндик бул адамга болгон милдетимди, бересемди анын максаты болгон суу ташыган ат арабанысын сатып берүүгө  жетишерлик каражатым да пайда болду. Ал менин болгон акчамды ага сарптап койгондугума аябай ачууланса да, көптөн берки каалоосуна  акыры жеткендигине  аябай толкунданып, кубанычта болду. Бирде күлүп, бирде мени урушуп, кубанычтан чыккан көз жашын сүртүп, бирде суу челегин карап, бирде атын карап “Ай жакшы эмес бул кылганың! О-о кандай сонун челек! Тим эле койсоң болмок! Накта оверндик күчтүү ат экен да!” — деп сүйүнүчтөн сайдемирей берди.

Мен мындан артык жүрөктү элжиреткен көрүнүштү көргөн эмесмин. Менин караманча каршы болгондугума карабай, атүгүл сүйүнүчтөн, сиз көргөн иш бөлмөмдөгү хирургиялык шаймандары менен күмүштөн жасалган кутуну сатып берди. Мен үчүн ошол кутудан артык баалуу буюм жок азыр. Ал менин биринчи ийгиликтериме кубанып, ичинен корстон болсо да “Мен муну адам кылдым!” деген сөз оозунан чыккан жок.  Байкушум десе, көрсө, мени каржылайм деп өзү сарымсак менен нандан башка наар албай жүрсө да, менин түнкү окуу ишиме муктаж болгон кофе ичимдигин алып берип жүрчү тура мага. Ал ооруп калды. Албетте, өзүң деле түшүнөт чыгарсың, түндөсү мен анын башында тикемен тик турдум. Биринчи ирет мен аны ажалдын колунан сууруп алдым. Бирок тилекке каршы,  эки жылдан соң оору кайра козголуп, эң мыкты ардак багууга да, медицина билген баардык дары-дармектин күчүнө да карабастан, Буржа оорудан көз жумду.  Аны баккандай, бир да ханды эч ким баккан жок десем жаңылышпайм го. Ооба, Бяньшон, мен аны ажалдын колунан тартып алуу үчүн болгон аракетимди жумшадым. Мен ал адамга жасаган эмгегинин үзүрүн көрүү мүмкүнчүлүгүн  бергим келген, анын баардык каалоо, суроо талаптарын аткаргым келген. Өмүрүм өткөнчө  азыркыга чейин жүрөгүмдү өрттөп турган, жашоомдо кайра кайталангыс ыраазычылык отун ага өтөгөн кызматым менен өчүргүм келген!

— Буржа менин экинчи атам, өз колумдан көз жумду, — бир аз жымжырттыктан соң толкунданган Деплен: — Ал болгон мүлкүн, байлыгын мага табыштаган мурас кагазын калтырып кеткен экен, ага ал мурас кагазды мурас кагаз сактоо бөлүмү жазып берген жана төмөн жагындагы жазган мөөнөтү биз тээ илгери, али жаңы Роган көчөсүндө жашаган жылдарга таандык болуп чыкты. Бул адам ак көңүл, ишенимдин үлгүсү эле. Ал өз жубайын жакшы көргөндөй, ыйык айымды аябай жакшы көрчү. Ал ушунчалык кудайга берилген, католиктердин бири болсо да, менин динсиздигиме, кудайга болгон терс көзкарашыма, бир каршы сөзүн айткан жок. Ал катуу ооруп, коркунучтуу дартка чалдыкканда, менден чиркөөгө жардам сурап, таңкы сыйынуудан эч аянбоомду өтүндү.  Мен чиркөөгө күн сайын анын айыгып кетүүсүн суранган, таңкы сыйынууну тапшырыка берип турдум. Көпчүлүк учурда, түн ичинде ал мага көзү өткөн соң орун алчу жайдан коркоорун, бул жашоодо жетишээрлик туура жашап сыйына албай калгандыгын айтар эле. Байкушум десе! Ал таң азандан саарга чейин тырбаңдап эмгек кылчу. Чын-чынында бейишиң бар болсо, ошол бейишке ушул адам татыктуу болбогондо ким татыктуу, айтчы! Ал акыркы жолдомо сыйынуусун ыйыктар сындуу чиркөөдөн алды (ал чынында эле ыйык адам эле) ал өмүрүн саз жашап өттү. Анын табытынын артынан жалгыз гана адам басып баратты, ал — мен элем. Жайына узаткан соң көпкө ойлондум, кантип анын мага кылган эмгегин актап бере алам деп. Үй бүлө, дос, келинчек, бала-чака анда болгон эмес. Бирок ал динге берилген адам эле, айтыңызчы, анын динге болгон көзкарашына мен каршы чыкканга акым барбы? Көзү тирүүсүндө, күндөрдүн биринде ал мага аяр милдет кылган ишинин акысын сурап жатат деп жаман ойго калтырып албайын деген сындуу, жай гана аста, таңкы сыйынуу парзы жөнүндө кеп кыйыткан эле. Биринчи эле мүмкүнчүлүгүмдө, мен Сульпиция чиркөөсүнө керектелген акысын төлөп, жылына анын атына төрт ирет өткөрүлчү таңкы сыйынууну тапшырыкка бердим.  Буржа үчүн менин жалгыз гана колумдан келгени ушул. Анын сопулук парзын кабыл кылуу. Ошондуктан  жылына төрт жолу, бир убакта бир күндө, мен ушул чиркөөгө келип сопунукунан өткөн ишенүү, чын дилим менен буларды суранам: “Кудай, эгерде чынында таза, так жүргөн адамдар барар жайың болсо, Буржаны эсиңден чыгара көрбө. Эгерде анын жасаган азын-оолак  айыбы болсо, ал үчүн тартаар азаптарын мага өткөрүп бер да, аны тирүүсүндө көксөгөн бейишине тезирээк жеткире көр” деп. Мына ушундай кымбаттуум, мен сыяктуу адамдын болгон бүткөн, колунан келгени ушул. Балким Кудайың боорукер чыгаар, ким билет! Шайтан алгырдыкы десе, ал кудайың мага таарынбайт!!! Чын сөзүм, Буржанын мээсиндеги динге болгон ишеним, менин мээмде орноп кирип калышы үчүн колумдагы бары жокту берет элем!

Деплендин акыркы ооруп жаткан күндөрүндө, аны дарылап көзөмөл болгон Бяньшон бул өткөн окуядан кабары бар болгондуктан, атактуу динсиз хирургдун динсиз эч ишеними жок көз жумганына күмөн санап турду.

“Балким момун оверндик адам, бир убакта жер жүзүндөгү кире беришинде  “Улуу адамдарга Ата-Мекенден ыраазычылык!” деген жазуусу бар дарбазаны ачып берген сындуу, ал жактан да Депленди бейиштин дарбазасын  кенен керип тосуп алаар” деген ой динге ишенип, одүйнөнүн бардыгынан күнөм санабаган  бул окуяны окуган ар бир адамдын оюна келбей койбойт чыгар.

Париж, Январь. 1836.ж.