БЕДЮРОВ Бронтой: Ырлар: АЛТАЙДЫ АЛКОО

Бронтой  БЕДЮРОВ 

ЖЕР, СУУГА ГИМН

Салт боюнча жазда, тодош уруусу ыйык тоо Бабырганга сыйынууга чыкканда, элдин атынан кадырлуу карыя Бан-Бушалдайдын айтканы:

Оо, касиетиңден айланайын улуу тоо
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган,
Кут төгүлгөн берекеңен,
Ала-Бабырган,

Ала-Бабырган!
Үзөңгүсү үзүлбөстөн кагышкан
Жаңы жылды мейкининде жаңырткан,
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган!

 

Ыраазыбыз биз саган.
Миң түркүн куштар сайрап үн салган
Алыс жактан кайтып сага Ала-Бабырган,
Өрөөндөгү бээлер желини саалган,
Ууз жытын чачып аңкыйт Ала-Бабырган.
Кайраты мол, эрктүү энебиз Айым,
Кубанычы батпайт койнуна анын,
Ала-Бабырган.
Көк темирин эриткендей асман да,
Кайра жасанды мына,
Ала-Бабырган.
Айды топчу кылган кымкап тонуна,
Ак айдарың чечтиң нурлуу миң боёк,
Ачтың алты катар эшигиң анда, Кызыл
алтын-зерден жасалган Чоёк!
Салам Жер-Суу, коргоочубуз сен биздин,
Салам Айым, ак денеси буралган!
Кучагыңан чыгарбайсың ар качан
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган.
Уруу башчысы да эмес, бакшы да эмес,
Мансапка эмес, жашым үчүн аты улук,
Мен – Бан-Бушалдай карыя –
Таазим эткизем сага!
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган!
Качан болсо тоо койнуна уялап,
Шумкарыбыз нур төгүлгөн Алтайдын
Жылдыздар да колтугуңда кубанат,
Сан кылымдар катышып сага башын.
Берекеңди төгө көргүн аянбай,
Байыркы элдин көбөйүшсүн тукуму.
Мурункудай аңчылыкка биз жарай,
Дүйнө жармын малга кылсак топуктуу.
Тебетейди алып, чечип курду да,
Сыйыналы, асманда нур барында:
Өңүбүздү жоготкондон сен сакта,
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган!
Оң колумду сунуп мен Бан-Бушалдай
Күнгө жеткенсидим ак тилек айтып,
Ыраазылык билдирем, тоом Алтай,
Айландыра алдыңа ак сүт чачып.
Сол колумду сунуп мен Бан-Бушалдай,
Үрп-адатты, салт билген түркүн-түркүн –
Тайга үстүнөн жиберем сага Алтай
Акты-сүттү ырымдап чачыш үчүн!
Адамдарга ак дилдүү сенде туулган,
Үрөндөргө, ак малга тукумдаган,
Ырыскы чач, ак жолун ачып ылдам,
Ала-Бабырган,
Ала-Бабырган!
Алгач күн күркүрөгөндө
ак чачуу ырымы
О Кудурет, колдо, ак жалга!
Көздөрүңдү бизге түз кылып,
Кара булут алгач асманда
Күркүрөдү көктөн үн чыгып.
Ажыдаар да башын көтөрдү,
Жаткан жардын башында уктап,
Асман четин көздөй жөнөдү
Булуттарды минүүгө жумшак.
Көктүн бетин бербей баратты
Чагылгандын отун ойнотуп,
Аңчылыкты, сүттү да, нанды
Берекелүү бол деп, тойлотуп.
Аял жаккы боз үй капшыттан
Болсо алгач күн күркүрөгөн,
Бул да бекер эмес, ал туштан
Саан жакшы болот жыл күткөн.
Эркек жаккы чыкса капшыттан,
Чагылгандын үнү чартылдап,
Бул да бекер эмес, ал жактан.
Аңчылыкка жолуң ачылат.
Кызыл койдон бирди тандалган,
Курмандыкка арнап соёлу,
От эне да өз саадагынан
Жаасын алып чыгат оболу.
Куйрук-жалы кызыл жээрде
Аргымагын чаап кек моюн,
Алоолонгон бел-курун чечсе
Күчөйт Отуз баштуу от куюн.
Тобо келтир, пендем тобо кыл,
Көктө сызып жүрөт От эне,
Каалайсыңбы, каалабайсыңбы
Баш иесиң ага сен эми.

Конот үйгө дайымкысындай,
Жүздөгөн жыл боло келгендей.
Жактырсаң да жанына жатпай
Күлдө уктайт жумшак мемирей.
Аппак кийиз бетине коюп,
Ак чыныда ак сүт сунабыз.
Койдун тулкун бүтүн бышырып,
От энеге моюн сунабыз.
Улууну[1] да кошо унутпай,
Сыйлайбыз да ак шарап төгүп,
Күндүн алгач күркүрөгөнүн
Аластайбыз арча түтөтүп.
О, Теңир! – деп, анан боз үйдү
Айланабыз Күн жүрүшүндөй.
Ыраазылык айтып билдирүү,
Ак чачканда – ырым бүтүндөй.
Кетсин алыс жамандык баары,
Алтайлыктын үйү тынч болсун! –
Деп айлануу бу ак кайыңды
Үй жанында, ыйык салт-жосун.
Апапакай чүпүрөк айрып
Ак кайыңга байлап чыгабыз.
«Кайриет» – деп, чогуу кайрылып,
Көккө тегиз таазим кылабыз.
Дайра чечип соот-чопкутун,
Чөптөр чыгып, көрктүү жашаңы.
Көктөмдүн көр алгач тамчысын,
Чоёк, чоёк! Актан чачалы!..

ОТ БЕРГЕН КУШ
Көк Теңирим – Ульген
Жер-Суунун Жаратканы
Айтыптыр:
– Ай астында
аман бол, дүйнө жаңы.

Жарыкты, караңгыны
Бөлүптүр ажыратып,
Кыштан соң дайраларды
Ойготуп, жаркыратып.
Кийгизип жылуу тери
Айбанат аттууларга.
Куштарга канат берди
Оболоп учканына.
– Жүргүлө жылуу, жумшак,
Суукту тоготпой – деп,
Тайганы аппак бубак
Басканда, күн сууп, тек…
Бирок да жыпжылаңач
Жаратты адамзатты,
Кылымдар бою калч-калч,
Суукка көп кайыкты.
Жалынды жылаңач журт
Куштарга кайрылышып:
– Тигинде, мында да учуп
Жүрөсүң ашуу ашып.
Салгандай алаканга
Көрдүңөр жердин үстүн
От алып берчи, Жазга
Үшүбөй чыгуу үчүн.
Каркыра аяды да
Тоодогу тоңгон элди.
Ульгенге учуп бара,
Алдында мындай деди:
Куштарга, жырткычтарга
Жылуу жүн, тери бердиң,
А жылаңач адамдарга
Мээримиң төкпөй неттиң?
Үн катты Ульген анда:
– От берсем мен аларга,
Өчүрөт бүт ааламды
Керсейип, тетир баса.
Отуруп от жанында
Сезген соң жылуулукту,
Унутат мени да анда
Менсинип, кутуруппу…
Булуттар төбөсүндө –
Бул жайдан кайткын эми,
Жөнөгүн жер үстүнө
Эс алуум керек деди.
Кетти анан катты уйкуга,
Ульген өз тактысында.
Ачылды асман тегиз
Көрүнүп төрт тарапта.
Каркыра карап тегиз,
Эки тоо көрдү эгиз.
Тийишип маңдайлары
От чачты жаадай жеңгиз.
Ошентип, оттун сыры
Ачылды капысынан.
Ошондон адамзаты
Оттук таш чагып жаккан.
Каркыра болду ыйык куш,
Ал күндөн – ушул күнгө.
Ким атса кечирилгис
Күнөөгө калат мүлдө.

КЫДЫР ДАРАГЫНА АЛКОО
Ийрилген бир таман жол
Илинген аска-ташта
Күзөтчү Алтайыма –
Кыдыр багым, аман бол!
Зыңгырап, түптүз өсө,
Бийиксиң, бекем, таза.
Катуу кыш, кар-бороондо,
Калкаладың сен гана.
Сөңгөгүңө бек жөлөнүп,
Тонго оронуп жай алып,
Өткөн-кеткен элдер жөнүн
Биз өзүңдөн уга алдык.

Караңгыны жарык жарып
Таң сүргөнчө кепкенен.
Жалындары жагалданып
Оттун тили бизге дем.
А казанга талкан салып
Кайнатканбыз отко асып.
Сага да даам таттырганбыз,
Бир курсакка жан азык.
О, бул ата-баба салты
Бак-дөөлөттүн башаты.
Канча ирет жолдуу кайттык,
Чыгып аң уулаганы.
Жамгырда да, жөө, же атчан,
Тоодо жүрсөк биз шашып.
Сенин жашыл чатырыңан
Жай алчубуз баш катып.
Учуп келип тобу менен
Куштар жүрөк кубантчу.
Кыдыр багы тайгамдагы,
Жаша, Алтай сакчысы!
Күмүш соот кийгениңде,
Күздө толуп күчүңө,
Алтын түстүү жаңгак бере
Куюлтасың береке.
Мактасам да канча бул аз,
Нур албырган бийикте.
Тыйын чычкан от үзүмү,
Булут турган ийинде.
Көкөлөй бер көктү карай,
Алыстатып ажалды,
Алп кыдырым сенсиң Алтай
Күзөтчүсү дайымкы!
Карайт булак суусу жакка,
Марал токой четинен,
Ичет суудан ылдый тапта
Аска-таштын бетинен.
Аңчылар да аска түбүн
Чай ичээрге жай кылып.
Эстейт сени, о кыдырым,
Капысынан кайрылып.
Окуп асман бетиндеги
Жылдыздардын белгисин.
Алп кыдырым, Алтайдагы
Дайым жашай бергиниң!
Артат сага кусалыгы,
Алыс кеткен чактарда.
Алтайлыктын. Сагынтасың
Түшкө кирип дайыма.
Ал түштөрдө Ай ордуна
Алтын тыйын чычкан бар.
Алп кыдырым, Алтайымда
Күзөтө бер кылымдар!

АЙЫМ ДАЙРА ЖӨНҮНДӨ ЫР
Бир айланып сөөлөтүн Эл-Бабыргандын
тыным албай өксүгөнүң күчөттүң,
көз жаштарың конуп калың таштарга
кайнайт, күйөт, туманданган таң заарда.

Неге мынча кокуйлайсың безилдеп?
Же Алтайды кыйбайсыңбы өзүң тек?
Мүмкүн, жолуң жабылдыбы кыйындап,
байыркы бул жерден өтүү тыйылмак,
же бул жээкте кылымдар жашаган калк
обон созбой калыштыбы сага арнап?
Андай эмес! Анда неге кыйналдың,
бадал түбүн пааналадың куурадың?
Чыгып кайра Эл-Бабырган артынан
ачуу деңиз муздак койнун бет алдың неге?
Үшүп, уктоо үчүнбү муз алдында?!
Кайрыл, Айым,
жомок, ырдай, жамгыр болуп дайыма…
Эл-Бабырган таштуу босогосунан
ойкуп-кайкып тынбай шашып,
болдуң кайда озунган,
Айым дайра, тунук, көгүш, эң ылдам?
Босогодо бир онтоп күркүрөйсүң…
Айтчы нени бу жашоодо күзөйсүң,
Ак саамайлуу Алтайдын кызы өзүң?
Же бу тоолор көрктүү эмеспи анча?
Же адамдар уйку-соолуу көйрөңбү?
Же жаман сөз айтышты бекен сага?
Кеткидей сен бул жерден ашып-шаша.
Бирок дайра жооп бербей ашыга,
Алтай корук тоосун тынбай чагылта
Чайпай берет, толкундарга терметип,
Кеткен дайра кетпегендей, агып да…altyinay

Которгон Алтынай ТЕМИРОВА

[1] Улуу – бул бизде да тергеп айтылган сєз. М.: балык (ор.«дракон») жылын – улуу дешет эл.