ВИЛЛАРД Пол: Эски телефон (аңгеме, которгон Марат ТОКОЕВ)

АҢГЕМЕ

Биздин үйдө телефон пайда болгондо, шаарчабыздагы алгачкы телефон биздики болду. Ооба, мен анда кичинекей бала элем. Калдайган чоң жащик-аппараттар эсиңерде бардыр?

Боюм али тепейип пас болгондуктан, анан кайдан там боорунда илинген жалтырак трубкага колум жетсин. Ата-энемдин телефон менен сүйлөшкөндөрүн таңыркап гана карап турчумун.

Бул укмуш трубкага баардыгын чакырып берер Кичпейил Оператор отурарын кийинчерээк гана түшүндүм. Бул адамдын билбегени жок эле.

 

Кичипейил Оператор бардыгын билчү: кошуналардын телефон номурларын, жадесе поезд каттамдарына чейин.

Бул трубкадагы сыйкырчы менен алгачкы жолу таанышуум – мен үйдө жалгыз калып, колумду балка менен уруп алганда болду.

Үйдө эч ким жок үчүн мени сооротоор адам болбогондуктан – ыйлаганымдан не майнап чыкмак. Колум болсо кокуйлатып оорутту. Ошондо отургучту там боорунда илинген телефондун алдына койдум.

— Кичипейил Оператор, – дедим алгач.

— Угуп атам.

— Колумду уруп алдым… Билесизби, балка менен…

Датымды угар адам табылганына өрөпкүп ыйлап жибердим.

— Апаң үйдөбү? — деди Кичипейил Оператор.

— Эч ким жок, — дедим уңулдап.

— Канап атабы? — деди трубкадагы үн.

— Жок, бирок катуу ооруп атат.

— Үйдө муз барбы?

— Ооба.

— Муз салынган кутуну ача аласыңбы?

— Ооба.

—Музду алып, колуңдун ооруган жерине бас, — деген кеңешин берди үн.

Ушундан кийин дамамат себептер менен Кичипейил Операторго чалганды адат кылып алдым. Сабак жасаганга жардам берүүсүн өтүнөм, мышыкка кандай тамак бериш керектигин сурайм.

Бир жолу канарейкабыз өлүп калды. Кичипейил Операторго дароо чалып, кайгылуу кабарымды бөлүштүм. Ал мени сооротконго аракет кылганы менен, а мен ыйымды эч баса алсамчы бир. Билгим келгени бул:

— Эмнеге ушундай болуш керек? Баарыбызга кубаныч тартуулаган сонун чымчыгыбыз эмне үчүн өлүшү керек? Эмнеге ал клетканын түбүндө канаттары шалдайып, жансыз тоголок бир нерсеге айланышы керек?

— Пол, — деди ал жайбаракат гана, — дайыма эсиңде болсун: жашоо ыры ошону менен эле бүтпөйт да.

Мен негедир дароо соороно түштүм.

Эртеси эч нерсе болбогондой чалып, fix деген сөз кандай жазыларын сурадым.

Мен 9га чыкканда, биз үй-бүлөбүз менен башка шаарга көчүп кеттик. Кичипейил Операторду сагынып, аны көп эстейт элем, бирок анын үнү биздин мурдагы үйдөгү калдайган эски чоң телефон-аппаратка таандык эле, холлдо турган жаңы жалтырак телефондун ага эч кандай тиешеси жок болучу.

Жаш өспүрүм кезимде да аны унутпадым: биз сүйлөшүп атканыбызда бул үн мага чоң бир жөлөк-таянычтай сезилчү. Ал тууралуу эскерүүлөр да кийин мага кыйчалыш, оор кезеңдерде дайыма кайрат берип турду.

Кийин мен чоңойгондо гана кичинекей бала менен сүйлөшүү мүшкүлүн түшүндүм. Ага чыдамкайлуулук, сылыктык керек экен. Кичипейил Операторго ошондо гана баа бердим.

Коллежди бүткөнүмө бир канча жыл болгондо иштер менен башка жакка баратып, балалыгым өткөн шаарга кайрылдым. Самолетко отурганга чейин жарым саатым бар эле.

Телефон-автоматка келип, эч ойлонбой, номурду тердим:

Таңгалычтуусу — мага ушунчалык тааныш үн жооп берди. Ошондо мен сурадым:

— Fix деген сөз кантип жазылаарын билбейсизби?

Башында көпкө унчукпады. Андан кийин адатынча сабырдуу, жумшак үнү менен жооп берди:

— Менимче, азыр колуң айыгып калган чыгар?

Каткырып ийдим.

— О, бул чын эле сиз экенсиз! Сиз билбесеңиз керек, сиз менен сүйлөшүү мага канчалык маанилүү болгонун!

— Мен да билгим келет, — деди ал, — бул сүйлөшүүлөр мага да канчалык зарыл болгонун өзүң да сездиң бекен?.. Мен бала көрбөдүм жашоодо… Ошон үчүн сенин ар бир чалууларың мага чоң кубаныч алып келер эле.

Ошондо аны мен дагы эч качан унутпаганымды, көп эстей турганымды айтып, шаарга эмики келгенимде кезиксек болобу дедим.

— Болбогондочу! — деди ал. — Чалып, Саллини деп чакырт.

Мен үч айдан кийин бул шаарга кайра да тийип өттүм.

Мага башка, чоочун үн жооп берди:

— Оператор.

Мен Саллини чакырып коюуну өтүндүм.

— Сиз анын досу болосузбу?

— Ооба, эски досу болом.

— Сабыр кылыңыз, Салли бир нече жума мурда кайтыш болуп кетти.

Мен трубканы койгуча, ал сурап калды:

—Бир мүнөт күтө турсаңыз, сиздин атыңыз Пол эмеспи?

— Ооба.

—Андай болсо, Салли сизди чалып калса деп аманат кат тапшырды эле… Сизге окуп берейинби? Демек… катта мындай деп жазылган:

“Ага эскертип кой, жашоо ыры эч бүтпөйт. Ал муну түшүнөт”.

Мен рахмат айтып, трубканы ордуна илдим.

Которгон Марат ТОКОЕВ