ГАВАЛЬДА Анна: «35 кило үмүт» (повесть, которгон Насыпбек Асанбаев)

Жаңы дүбүрт 

Учур адабиятынын астанасын аттаган жаштар арасында өрнөктүү текст кургандары негедир өтө аз саналып келет. Бирок береги Анна Гавальданын кыргыз тилдүү окурмандарына эми жете турган «35 кило үмүт» аттуу чыгармасына көз жүгүртүп отуруп, котормочунун чеберчилигинен ыракат алгыдай адам. Чыгарманын окумдуулугун арттырган элпек тили, чеберчилигинен улам кайсы дасыккан котормочунун эмгеги дээрсиздер… Чыгарманын өзү да абыдан кызык, андыктан мындай чыгарманы кыргыз окурмандарына жеткирүү жоопкерчилиги да оңой олтоң түйшүк эмес. Ошол оңой эмес түйшүккө бел байлаган Насыпбек Асанбаев аттуу инибизге терең ыраазы болуп отурабыз. Кыргыз кыртышына сиңип кетер эмгек болуптур. Кыргыздын төл сөзүн төргө чыгарган мындай чеберчилиги менен окурман журтун дагы далай кубандыра турган алдыда даа. Адабий камылгасы бардай…


Ал эми автордун өзүнө келсек, кырк жети жаштагы А.Гавальда бүгүнкү күндө Батыш адабиятында жылдызы балбылдап жанып, базары кайнап турган париждик жазуучулардын бири экен. Бир нече абройлуу адабий сыйлыктарды жеңиптир. Китептери  1 885 000, 1 259 000 и 2 040 000 нусканы чаптып турган кези экен. Атургай Францияда «Просто вместе» аттуу А.Гавальданын чыгармасынын негизинде тартылган кинотасма тартылып, адабият билермандарынын назарына илинип, мактоолорго марып турган кезеңи келиптир…

Ошо учурдагы дүйнө адабиятынын алдыңкы сабына чыккан авторлордун бирин тандап, минтип кыргыз окурмандарына жеткирүүгө ашыккан Насыпбек Асанбаевге эми ыракматыңарды жаадыра бергиле…

Олжобай ШАКИР

 Таятам менен Мари Тондельеге

Мен мектепти жаман көрөм.

Баарынан жаман көрөм.

Жок, андан да катуу жаман көрөм.

Ал менин бүтүндөй жашоомо бүлүк салды…

Үч жашка чыкканга чейин аябай бактылуу жашадым десем жаңылышпайм. Чынында ал күндөрүмдү элес-булас эле билем дегилечи, бирок, ошентсе да бактылуу болчумун. Себеби, ал кезде мен каалашымча ойночумун. Мамалак тууралуу мультфильмди күндө он кайталап көрчүмүн. Түстүү карандаштарым менен сүрөт тартчумун жана сүйүктүү күчүгүм Гродудуну жүз түрдүү эрмектечүмүн. Апамдын айтуусу боюнча, өзүмө таандык бөлмөдө бир канча саат жалгыз отура бергенден тажачу эмес экем. Анан калса жалгыз отурганыма карабай, жаагым тынбай сүйлөй да берчү имишмин. Кызык, эми ойлоп көрсөм аябай эле бактылуу жашасам керек…

Ооба, ошол бала кезимде мен баарын жакшы көрчүмүн жана башкалар да мени жакшы көрөт деп ойлочумун. Бирок бул оюм көпкө узаган жок. Толук үч жыл беш ай болду дегенде капилеттен мектеп деген балакет пайда болду…

Айтмакчы, биринчи күнү керек болсо сүйүнүп да алгам. Кийин ойлосом ата-энем жай бою кулагыма куя беришкен окшойт. «Оо, кандай сонун! Мына эми сен чыныгы мектепке барасың…» «Ой карачы кандай гана сонун китеп кап. Муну атайын сага сатып келдик. Эми сен муну сабакка көтөрүп барасың»… Мына жай бою айтылган сөздөр… Алардын айтканына караганда мен ал күндөрү ыйлабаптырмын дагы. (Эми ал менин ар нерсеге кызыга бергенимен улам болгондур да. Балким, ал жакта кандай оюнчуктар болду экен деп кызыккандырмын. Же «Лего[1]» бардыр дегендирмин.) Кыскасы, биринчи күнү баары ойдогудай болду. Түшкө маал сабактан жайдары келдим да, алдыма коюлгандын баарын жеп алып бөлмөмө чуркадым. Мектепте көргөнүмдүн баарын төкпөй-чачпай Гродудума айтып беришим керек эмеспи…

Эхх, ошол акыркы бактылуу күндөрүм экенин билгенимде, ар бир көз ирмемине чейин жыргап өткөрбөйт белем! Себеби, так ошол күндөн тартып менин жашоом таптакыр талкаланды да калды.

— Жүрү кеттик, — деди апам.

— Кайда?

— Кандай кайда?.. Мектепке!

— Барбайм.

— Кандайча барбайм?!

— Болду, мен аякка баргым келбейт.

— Аа, ошондойбу? А эмнеге?

— Болду да эми! Ал мектебиңерди көрдүм. Кызыктуу деле эч нерсе жок экен. А үйдө болсо толтура жумушум калды. Гродудуга сөөк издей турган машина жасап берем деп сөз бергем. Болбосо, ал керебеттин алдына өтө көп сөөк катып коюп таппай жүрөт. Мына, ошондуктан мектепке барганга убактым да жок!

Апам айласы кеткенде алдыма тизелей отурду. Мен болсо башымды чайкай бердим.

Ал мени көндүргөнгө аябай аракет кылды. Мен ыйлай баштадым. Бир маалда ал мени көтөрүп жөнөмөк болду эле, чыңырып ыйлап бердим. Мына ошондо ал мени шак эткизе уруп калды.

Өмүрүмдө биринчи жолу урду.

Ооба, биринчи жолу…

Мына сага мектеп!

Анык кыйноо так эле ушундай башталды…

Кийин бул окуяны атамдардын оозунан миң жолу уктум. Досторуна айтышты, тарбиячыларга айтышты, мугалимдерге айтышты, логопеддерге айтышты, керек болсо психологдорго да айтышты. Бирок мен азыркы күнгө чейин ошол окуя тууралуу укканда Гродудуга сөөк таба турган детектор жасап бере албай калганымды эстейм.

Азыр мен он үчкө чыктым. Бирок дагы эле алтынчы класста окуйм[2]. Ооба, бул жерде бир нерсе туура эмес болуп жатканын өзүңөр деле байкасаңар керек. Жо, жо манжаңарды ачып-жумуп санабай эле койгула. Азыр баарын өзүм түшүндүрүп берем. Баш аягы эки жолу классыман көчпөй калдым. Биринчисин экинчи класс кезимде, экинчисин мына быйыл, алтынчы классымда…

Мына ушул мектептин айынан биздин үйдө күнүгө жаңжал чыгып турарын өзүңөр деле түшүнсөңөр керек… Апам ыйлап аткан болсо,  атам мага жаалданып кыйкырып турган болот. Же тескерисинче, апам кыйкырып атканда, атам унчукпай турат. Албетте, бул көрүнүш мага деле жакпайт. Бирок мен эми эмне кыла алам? Эмне деп жооп берем аларга? Айла жок. Эч нерсе дей албайм. Кокус оозумду эле аччу болсом мындан да жаман болгудай. Апам менен атам мага тоту кушчасынан какшанганы какшанган. «Оку!» «Оку!» «Оку! «Оку!

Ой түшүнөм мен, түшүнөм! Таптакыр эле келесоо эмесмин. Мен деле окуйт элем. Бирок болбой жатпайбы. Мектепте өтүлгөн сабактар мен үчүн кудум кытай тилинде берилгендей түшүнүксүз. Бир кулагыман кирип, бир кулагыман куюлуп калат. Алып барбаган доктурлары да калган жок. Көзүмдү, кулагымды, ал тургай мээмди да текшертишти. Канчалаган убакыттары кетти. А натыйжа эмне болду? Менин маселем болгону көңүл бурууда гана экен. Шумдугуң кургур! Мага анын жетишпей турганын өзүм да билем. Ушунча убара болбой эле менден сурашса болмок. Ооба, менде эч кандай маселе жок. Баары кадимкидей угат, кадимкидей көрөт. Болгону мен үчүн таптакыр кызыксыз. Кы-зык-сыз. Такыр!

Мектеп жашоосунда бир жыл гана жакшыраак өттү. Бала бакча менен окуучулук күндөрдүн ортосундагы бир жыл. Ал жакта Мари аттуу тарбиячым бар болчу. Мына ошол эжем такыр эсимен кеткен жок.

Азыр ойлосом, Мари эже мектепке өзүнө жаккан иште иштөө үчүн гана, ар кандай нерселерди өз колу менен жасап, устачылык кылыш үчүн гана барган окшойт. Мага ал таанышкан күнү эле жагып калды. Ооба, эң биринчи күнү эле купулума толду. Себеби, ал кийген кийимин өзү тигип, свитерин өзү түйүп алчу. Керек болсо ар кандай мончок-шуруларын да өзү жасачу. Ал жылы үйгө өзүбүз жасаган нерсе алып келбеген күн бизде болчу эмес. Папье-машеден[3] жасалган кирпи, сүт кутусунан жасалган мышык, жаңгактын кабыгынан жасалган чычкан, түстүү кагаздан жасалган айлампалар, сүрөттөр, иий деги койчу… Мына окутуучу деп ушуну айтыш керек. Биз анын сабагын бир гана апалардын күнүнө даярданганда эмес, дайыма, күн сайын кызыгып окучубуз. Ал «өз колуң менен бир нерсе жасаган күн сен үчүн текке кеткен жок» деп айтаар эле. Эми ойлосом, ошол бактылуу жылдан тартып бүтүндөй бактысыздык келип баштаган экен. Себеби, так ошол жылы мен өзүмө тиешелүү өтө жөнөкөй нерсеге көзүм жетти. Көрсө, бул жашоодо мени кызыктырган эң негизги нерсе — өзүмдүн колум жана анын устачылык жөндөмү тура…

Мари тууралуу дагы айта кетсем. Мен ага эмне үчүн карыздар экенимди да аябай жакшы билем. Ооба, даярдоо классындагы укмуштуудай жетишкендигим үчүн карыздармын. Ал ким менен алек болуп атканын абдан жакшы сезе алды. Мен үчүн керек болсо атымды жазыш да укмуштуудай кыйын экенин, керек болсо болбогон төрт сап ырды да айтып берүү тирүүнүн тозогу экенин ал жакшы билчү. Кийин каникулга тараар алдында аны менен коштошуп койоюн деп жанына бардым. Тамагым буулуп, сүйлөй албай мукактанып жаттым. Акыры ага өзүм жасап келген белегимди тартуу кылдым. Ал скрепка жана кнопкалар үчүн атайын кичинекей тартмасы бар, бир жагында өчүргүч салына турган кутучасы жана ар кандай кошумча бөлүктөрү бар укмуштуудай тыкан карандаш салгыч болчу. Мен аны канча саат бою бойоп, чаптап чыкканымды ойлосоңор, өзүнчө эле бир укмуш. Белегим Мари эжеге аябай жакты. Ал тургай ал дагы кудум мендей эле толкунданып турганын кадимкидей сезип турдум. Бир маалда ал:

— Грегуар, мен да сага белек камдап койгом, — деди.

Анысы калың, чоң китеп экен.

— Эмки жылы, — деди ал китепти бергенден кийин. – Сен даярдоо классына, мадам Дареге барасың. Ошондуктан сен аябай, аййабай аракет кылышың керек… Эмнеге билесиңби?

Мен башымды чайкап гана туруп бердим.

— Мына ушул китепти баштан аяк окуп чыкканга аракет кылышың керек.

Үйгө барганда апамдан китептин атын окуп берүүсүн сурандым. Ал килейген китепти алдына койду да шашылбай окуп берди.

— «Өнөрлүү кол үчүн 1000 мисал». Ой-бай-оой, бул кандай сонун китеп!

Мадам Даре мага такыр жаккан жок. Анын жагымсыз үнү, жасалма кыймылдары, анан өзүнө жаккан балдары үчүн баарына макул боло бергени менин кыжырыма көк таштай тийчү. Бирок канткен менен мен окуганды да үйрөнүп алдым. Себеби, китебимдин 124-бетиндеги жумуртканын кутусунан бегемот жасаганды тезирээк үйрөнгүм келген эле.

Өздүк деломо Мари эже төмөнкүдөй пикир калтырыптыр: «Бул баланын башы калбыр, бирок колу алтын. Анан калса, барып турган ак жүрөк. Эгер жакшылап аракет кылса, мындан бир нерсе чыгат».

Өмүрүмдө биринчи жана акыркы жолу агартуу кызматкеринен уккан жагымдуу сөзүм ошол болду.

Кандай болгон күндө да ушуну жактырбай турган өтө көп киши бар экенин билем. Мисалы, мына сизди эле алалычы. Айтыңызчы, эгер сизден «Мектеп сизге жагабы?» деп сурасам эмне деп жооп кайтарат элеңиз? «Жок» деп баш чайкайсыз да туурабы? Эми буга барып турган жөөттөр менен күн сайын өзүнүн кыйындыгын далилдегиси келген «чилистендер» гана «ооба» деп жооп бербесе, башка ким жакшы көрөм дейт эле. Албетте, бул жерде кеп алар тууралуу болгон жок… Кана, айткылачы ким мектепти чын жүрөктөн, чындап жакшы көрөт? Эч ким. А анда ким чын жүрөктөн жаман көрөт? Мындайлар деле аз болсо керек. Бирок, бар. Мисалы, мага окшогон «мээси жокторду», «чанжырактарды» айтса болот. Айтмакчы, биздейлердин мектеп дегенде ичи ооруганы ооруган.

Мен эртең менен сааттын коңгуроосунан бир саат эрте ойгонуп алам. А кээде андан да эрте көзүм ачылат. Ошону менен бир саат бою ичимдин түйүлүп ооруганын сезип жата берем. Ичим түйүлө берет, түйүлө берет… А качан төшөктөн турар маал келгенде кадимкидей башым айлана баштайт. Кудум деңиздин ортосундагы кайыкта тургандай айланат. Нанүштө кылуу өзүнчө эле кыйноо. Мен андайда такыр эле даам сызгым келбейт. Бирок апам так маңдайыма туруп алат. Айла жок, алдыңа коюлгандын баарын курсакты карай тыгышың керек. Автобуста баратканда жанагы оору мурдагыдан да күч алат. Эгер кокустан жолдо баратып классташтарыма жолугуп, ар кайсы оюндар тууралуу маектешип калсам, анда ичимдин ооруганы бир аз басаңдайт. А эгер эч кимге жолукпай, жалгыз барсам анда кыйналганым кыйналган. Ал эми ушунун баарынан жаманы, бул мектепке кирүү. Мектептин жытындай жаман жыт бул дүйнөдө болбосо керек. Бор менен бут кийимдин жытынан көңүлүң айланып, кускуң келет.

Саат төрткө чукулдаганда гана ич оорум басаңдап, жеңилдей баштайм. А үйгө келип, бөлмөмө кирген кезде эч нерсе болбогондой айыгып калам. Бирок ал көп өтпөй эле кайра башталат. Себеби, атамдар жумуштарынан келип эле мени такый башташат эмеспи. Алар ар бир сабакты сурап, китеп кабымды аңтарып бааларымды текшерип киришет. Бирок бул оору анча деле кыйнабайт. Анткени, мен алардын кыргын-сүргүнүнө көнүп калгам…

Ой жок! Кайдагы көнгөндү айтып атам. Үйдөгү бүтпөгөн жаңжалдан башымды катаарга жай таппай калчу болдум. Буга чыдаш аябай кыйын. Атам менен апам ансыз деле бири-бирине араң чыдап жүрөт. Демек, алар күнүгө бир маал урушуп турушу керек. Бирок эмнеден кычык табарын өздөрү да билбейт. Мына, так ошол учурда менин шалпыйган экилерим аларга укмуштуудай сонун себеп болуп жатып калат. «Ушунун баарына сен күнөөлүүсүң, сен болбосоң мындай болбойт эле!» деген гана кыйкырыктар. Апам мага бир мүнөт да көңүл бурбай койгону үчүн атамды күнөөлөйт. А атам болсо «Балаңды дайыны жок эркелете берип мээси жок, чалчаке кылып салгансың» деп кыйкырат.

Охх, алардын ушул кылыгынан таптакыр тажап бүттүм…

Жок, менин кандай тажаганымды керек болсо силер да түшүнө албайсыңар…

Алар маңдайыма туруп алып кыйкырышып атканда, мен кыялымда кулагымды бүтөп таштап, кандайдыр бир нерсе кылып жатканымды элестеткенге аракет кыла баштайм. Мисалы, «Лего» менен жылдыздар согушуна бара турган космостук кеме жасайм же болбосо тиш пастасын сыга турган аппаратты ойлоном. Же «Каппастын» жыгач конструкторлорунан укмуштуудай зор пирамида курам. Деги, мындай ойлор толтура. Бирок көп өтпөй кыйноонун дал өзү башталат. Эртеңки сабакка даярданыш керек.  Эгер мага апам жардам берсе, анда кыйноонун аягында ал бышактап ыйлайт. Эгер атам жардам берсе, анда мен ыйлайм.

Балким ушунун баарын айтып атканда силер атам менен апамды таш боор, акмактар деп ойлоп аткандырсыңар. Жок, жок, алар андай деле эмес. Алар аябай жакшы адамдар… Эми… Катардагы эле ата-энелерден. Баарына бир гана мектеп күнөөлүү. Баса, мен ушул жылы баштан-аяк күндөлүгүмө үйгө берилген тапшырмалардын жарымын гана жазып келип жаттым. Бир гана ушул атамдардын жаңжалы азайсын үчүн ушунтип жүрдүм. Бул барып турган чындык. Бирок деректирдин бөлмөсүндө көз жашымды төгүп турганымда муну айта алганым жок. Укмуштуудай келесоолук деп ушуну айтса болот…

А негизинен, менин айтпаганым деле туура болуптур. Ал тоок мээ айтканда деле эмнени түшүнөт эле? Айтсам-айтпасам деле бир айдан кийин ал мени окуудан айдап чыкты.

Ооба, дене тарбия сабагынын айынан айдап салды.

А баса, силерге бул тууралуу али айта элекмин да. Анда эмесе угуп тургула. Мага спорт да такыр жакпайт. Кудум эле мектепти жактырбаганымдай, спортту да жаман көрөм. Эгер силер мени көргөнүңөрдө спортту эмнеге жактырбай турганымды билет элеңер. Кыскасы, күрөш килеми экөөбүздү кайнатса каныбыз кошулгудай эмес. Менде же бойдон жок, же булчуңдан жок, же бир каруу жок. Ачыгын айтканда барып турган балбыракмын.

Кээде күзгүнүн алдына келип алып төшүмдү көтөрүп, бөйрөгүмдү таянып туруп калам. Андайда кебетем өзүнчө эле үйлөтүп койгон сөөлжандай болуп дуңкуя түшөт. А баса, баягы «Астерикс-легионер» аттуу кинодогу аскерге алынгысы келген бирөө бар эмеспи. Сыртынан карасаң тим эле дүңкүйүп баатырдай көрүнөт, бирок үстүндөгү тери тонун шыпырып алса эле ыркыйган сөлөкөт. Мен да өзүмдү карап туруп ошону элестетем.

А мейличи ага деле. Жашоодогу ар бир нерсеге баш катыра бергенде эмне? Кээ бир нерселерге чыйт түкүрүп эле өтүп кеткен жакшы. Болбосо бат эле жинди болуп калгыдайсың. Мына ошентип өткөн жылы дене тарбия сабагына чыйт түкүрүп койдум.  Карачы, керек болсо ушул сөздү жазып атканымда да өзүнөн-өзү жамажайым жайылып, жылмайып алдым. Себеби, так ошол мадам Берлюрондун дене тарбия сабагынан мен мурда болуп көрбөгөндөй жыргап каткырып күлгөм.

Анда эмесе аны да башынан айтып берейин.

— Дюбоск Грегуар, — деди ал бир жолу журналды карап отуруп.

— Мен.

Ошол маалда берилген көнүгүүнү аткара албай элге шылдың боло турган маалым дагы бир жолу келгенин аябай жакшы билип турдум. Турган жеримде ушунун баары деги качан аягына чыгат деген ойго баттым.

Ошентип жаңы эле алга кадам таштагандан баштап акырындан бышкырган үндөр кулагыма илине баштады.

Бирок алар бүгүн менин жөндөмсүздүгүм үчүн күлүшкөн жок. Чынында мен ошол күнү таптакыр эле шумдуктуудай көрүнүштө болчумун. Себеби, спорттук кийимдеримди үйгө унутуп калыпмын. Баса, аны биринчи жолу унутуп атсам да бир жөн. Мен аны бир эле чейректе үчүнчү жолу унутуп келип отурам. Натыйжада, сабактан кийин алып калышпасын деп Бенжаминдин байкесинин спорт кийимдерин сурап, кийип алгам. (Мен бир эле жылда сабактан кийин ушунча көп калдым дейсиңер, силер тим эле бүтүндөй мектепти аяктаганга чейин да анча көп отурбасаңар керек.) А көрсө бир нерсени таптакыр эсимен чыгарып коюптурмун. Бенжаминдин байкеси анык эле көк дөөнүн өзү турбайбы. (Анын бою болжол менен бир метр 90 сантиметр болсо керек)

Эми элестетсеңер, килейген кишинин формасын кийип, 45-көлөмдөгү кроссовкачан турганымды. Калганын сөз кылыштын кажети жок ко э?..

— Кебетең кантет? Эмне кийип алгансың? – деп кыйкырды Берлюронша мени көрөрү менен.

Мен болсо дароо жинди немедей дөөрүй баштадым. Эми бул жагынан алдыма киши салбайт эмесминби.

— Мм, билбейм эжеке, өткөн жумада эле баары чапчак болчу… Өзүм да түшүнбөй калдым…

Байкашымча эженин ачуусу кайнап чыкты окшойт.

— Алдыны карай эки жолу тоңкобаш ат! Буттарыңды чогуу карма!

Мен эптеп-септеп окшоштурумуш болуп тоңко баш атканымда бир бут кийимимди таппай калдым. Аңгыча кулагыма балдардын шыңкылдап күлүп атканы да чалына калды. Ошондон баштап биротоло алардын боорун эзейин деп чечтим. Экинчи жолу тоңко баш атып баратканымда кроссовкамдын экинчи түгөйүн шыпты карай силкип жибердим.

Өйдө боло бергенимде карасам шымым шыпырылып, ич кийимим көрүнүп калыптыр. Мадам Берлюрон эми кудум кызылчадай кызарып, ачууга уугуп турду. А балдар болсо күлкүдөн ичтери түйүлүп ар кай жерде томолонуп жатышат. Мына ушул күлкүдөн мен кандайдыр бир рахат алгандай болдум. Себеби, алар чын пейлинен күлүп жатышты да. Тим эле циркте отургандай жыргап күлүштү. Так ошол сабактан тартып дайыма дене тарбия сабагында маскарапоз болоюн деп чечтим. Берлюрондун куудулу болом. Деги, айланаңдагылар сени көрүп эстери оогончо күлүп турганы кандай сонун. Анан калса бул кудум баңгизаттай тартып турат экен. Канча күлдүрсөң ошончо куудулдангың келет…

Мадам Берлюрон мени ушунчалык көп жазалай бергендиктен, тим эле күндөлүгүмдө  орун калбай калчу болду. Акыр-аягы окуудан да чыгарып тынышты. Бирок ага кымындай да өкүнгөнүм жок. Себеби, мен үчүн мектеп аз да болсо жагымдуу боло түшпөдүбү. Жаман да болсо бир нерсе кылдым окшойт…

Деги мен эмнени гана кылган жокмун. Мисалы, мурда мени эч ким өз курамына кошкусу келчү эмес. А азыр болсо өздөрүнө кошуп алыш үчүн кадимкидей урушушчу болду. Себеби, мен өзүмдүн тири укмуш артистигим менен каршы тарапты бир заматта жараксыз кылып салчумун. Эсимде, бир жолу мени дарбазачы кылып коюшту…Мына, күлкү деп ушуну айт… каршылаштар биздин дарбазага карай чабуул коюп келетканда мен кудум бала маймылча чарылдап барып дарбазанын торуна жабышып калдым. А топту алып чыгып оюн талаасын көздөй ыргытаарда болсо, артты көздөй силкип жиберип, өзүмдүн дарбазама киргизип койдум.

А бир жолу топту кармап калыш үчүн алдыны карай жакшы эле секиргем. А ар жагы белгилүү да, топко колум да тийген жок. Анын ордуна жерден бир тутам чөп тиштеген бойдон төрт аяктап турдум да, уйчасынан мөөрөп жибердим. Эсимде, ошол күнү Карина Лельевр сийип жибергиче күлгөн. А мени болсо сабактан кийин эки саат алып калышты… Бирок кылган кылыгым ошого арзырлык эле.

Бирок мени эшектин айынан окуудан айдап чыгышты. Баарынан кызыгы мен кээде анчалык деле калжаке эмесмин. Негизи жанагы эки кармагычы бар желим эшектен секирип өтүш керек болчу. Качан кезегим келгенде жакшы эле секиргем, бирок кичине-кичине ылдыйраак аттап коюпмун. Натыйжада, бир нерсемди ушундай катуу уруп алдым… эми-и… түшүндүңөр да эмнемди уруп алганымды… Талуу жеримди урдум да кыскасы. Калганы белгилүү эле да. Балдар менин кокуйлап жатканымды баягыдай эле элди күлдүрүш үчүн анткорлонуп жатат деп ойлошту. Берлюронша болсо мени түз эле деректирдин бөлмөсүнө сүйрөп барды.

Мен ооруга чыдай албай эки бүктөлүп калгам. Бирок ыйлаган жокмун.

Антип тигилердин моокумун кандыргым келген жок.

Ата-энем дагы мага ишенбеди. А бул тамашадан сырткары мени мектептен айдап салышканын укканда күндүн баатырына айландым. Биринчи жолу экөө бири-бирине кыйкырбай, бир команда боло калып мени жалгыздашты.

Акыры кыйкырып бүтүп, мени бошотушканда бөлмөмө кирдим да эшикти жаап, жерге талп этип отурдум. Андан кийин өзүмө-өзүм: «Экөөнүн бирин танда. Кааласаң керебетиңе жатып алып ыйла. Буга толук себебиң бар. Себеби сенин жашооң турган турушу менен чирип бүттү. Жана өзүң да барып турган чириксиң. Эгер азыр өлүп калсаң, башкаларга жакшылык гана кылган болосуң.  Же болбосо ордуңан туруп барып бир нерсе курап чык». Ошол күнү мен курулуш аянтынан тапкан оокаттарым менен тири шумдук бир нерсе жасадым да, атын «Саксагай-Берлюрай» деп атап койдум.

Эми аябай сонун иш кылдым деп айтууга болбосун өзүм да билем. Бирок жеңилдеп калдым. Жок дегенде жаздыкты суулаган жокмун да…

Мени соороткон бир гана адам бар. Ал менин таятам. Ооба, бул жерде таңгаларлык эч нерсе деле жок. Себеби, Леон таятам дайыма менин көңүлүмду жубатып келет. Мен баса баштаганыман тарта ал мага устаканасына кирүүгө уруксат берген.

Таятамдын устаканасы – менин бүтүндөй дүйнөм. Менин башпаанек тапчу жайым, Али-бабаныкындай үңкүрүм. Таенем биздин кыжырга тийе баштаганда ал акырын кулагыма эңкейип шыбырап калчу:

— Кана Грегуар, Леон дүйнөсүнө саякаттап келсек кандай дейсиң?

Ошону менен экөөбүз акырын жылып жөнөйбүз. Таенем артыбыздан кыжынып сүйлөнүп калат:

— Бар, бар! Баланын башын айлантып кел…

Анда таятам ийинин күүшөп жооп кайтарат:

— Ой койчу, Шарлотта. Биз Грегуар экөөбүз ээндебесек болбойт. Тынчыраак барып ойлонушубуз керек.

— Деги эмнени ойлоп кыйратар экенсиңер силер?

— Мен өткөн өмүрүмдү ойлоном. Грегуар болсо келечегин ойлонот.

Таенем ушундан кийин терс бурулат да, ушуну уккандан көрө керең болуп калайынчы деп наалып кирет. Таятам ага:

— Айланайым кемпирим, сен ансыз деле керең болуп калгансың, — деп жооп кайтарат.

Леон таятам кудум эле мен сыяктуу алтын колдуу уста. Болгону анын колу менен кошо мээси да иштейт. Мектепте ал биринчи класстан тартып бардык сабактар боюнча алдыңкы окуучу болгон. Ал тургай дем алыш күндөрү тапшырма аткарам деп такыр отурбаганын айткан. («А эмнеге?» — «Жөн эле, дем алыш күнү окугум келген жок»). Ал математика, француз тили, латын тили, англис тили, тарых, деги бардык сабактарда биринчи болгон. Чын! Он жетиге чыкканда Жогорку политехникалык окуу жайга өтүптүр. А бул чынында, Франциядагы эң кыйын окуу жай. А андан кийин ал ар кандай татаалдыктагы нерселерди: көпүрөлөрдү, кайчылашкан жолдорду, туннелдерди, дамбаларды курган. Кээде мен андан даана эмне милдет аткарганын сурасам, ал шашылбай туруп өчүп калган канжасын күйгүзчү да:

— Буга жооп бериш кыйын. Мен өзүмдүн милдетим кандай аталарын деле толук билчү эмесмин… — деп кобуранып баштачу. — Кыскасы, мага курулуштун чиймелерин көргөзүп ушундай курулса турарын же турбасын сурашчу.

— Ошол элеби?

— Ооба, ошол эле… Бирок бул андай деле оңой иш эмес, балакай! Мисалы, кулабайт деген көпүрөң бир күнү урап түшүп калса, мына анан көрүп ал, ишенип кой.

Таятамдын устаканасы – мен үчүн бул жалгандагы эң сонун жай. Болбосо ал жер  тактайлар менен жалпак темирлер каланган эле бакчанын бурчундагы сарай. Кышында суук, жайында ысык. Мен ал жерде колуман келишинче көп болгонго аракет кылам. Бирдеме жасайм, кайсы бир аспапты же жыгачтын кесиндисин чукулайм. Таятам кантип иштеп атканын карайм (ал азыр ресторан үчүн эмерек жасап атат), аны менен кеңешем же жөн эле отурам. Мага бул жер абдан жагат. Себеби, ордум ушул жерде, болгону ушу. Эсиңердеби, мен мектептин жытынан кускум келет деп айткам? А бул жерде баары тескерисинче. Бул көчүк айланбачудай тар сарайга кирээрим менен бакыттын жытына өпкөмдү толтуруп алыш үчүн кере-кере дем алам. Эриген желимдин, электр жылыткычтын, ширеткичтин, жыгачтын, тамекинин жана ушуга окшогон нерсенин баарынын жыты бар. Тим эле укмуш! Буюрса, бир күнү ушул жытты ушул бойдон бөлүп алам да, «устакана» деген аталыштагы атыр чыгарам деп ойлоп жүрөм.

Аны качан бул жашоо эзип жибергенде жыттап туруш үчүн жасайм.

Таятам биринчи жолу классыман көчпөй калганымды уккан күнү мени тизесине алып отургузду да, коён менен ташбака тууралуу жомок айтып берди. Ошол күнкү тизесине кынала отурганым, анын мээримдүү үнү күнү бүгүнкүдөй эсимде.

— Көрдүңбү балам, байкуш ташбака утат деп бир да жан ойлогон эмес. Анткени ал ушунчалык кыбыр болчу… Бирок ошого карабай ал биринчи келди… А эмнеге билесиңби? Анткени ташбака азамат болчу, өжөр, эмгекчил болчу. Мына сен дагы ошондойсуң, Грегуар… Мен муну билем, себеби, сенин иштегениңди көрүп жүрөм го. Сенин канча саат бою тажабай отуруп алып жыгач жылмалаганыңды, бойогонуңду көрдүм… Көрдүңбү, сен кудум ошол ташбакадай азаматсың!

— Бирок мектепте эч ким жыгач жылмалагыла дебей атпайбы! – деп бурк эттим. – Алар мээм жетпеген нерселерди сурашат!

А таятамдын алтынчы класста да көчпөй калганымды укканы такыр башкача кеп болду.

Мен адаттагыдай эле ага келгем. Бирок ал менин саламыма алик да алган жок. Унчукпай отуруп тамактандык. Кофе ичкенден кийин болсо ордунан жылбай отуруп алды.

— Таята?

— Ии.

— Устаканага барабызбы?

— Жок.

— Эмнеге?

— Аткени мен апаңан жаман кабар уктум.

— …

— Мен сени түшүнбөй атам! Сен мектепти жактырбаганың үчүн ушунун баарын кылып атасыңбы? Мектепке колуңан келишинче көпкө кармалыш үчүн кылып атасың да э?…

Мен унчуккан жокмун.

— Сен башкалар ойлогондой таптакыр келесоо эмессиң да! Же ошондойсуңбу?

Анын үнү кападар чыгып жатты.

— Ооба.

— Ой ушундайды иттей жаман көрөм да! Албетте, эч нерсе кылбаш үчүн колуман эч нерсе келбейт деп коюш оңой! Анан эмне! Мына мен ушундай келесоомун дейсиң! Бүттү! И анан эмне болот? Келечекке кандай ойлоруң бар? Жетинчиде дагы, сегизинчиде дагы, тогузунчуда дагы көчпөй каласың да э? Эң жакшы болду дегенде отузга чыкканыңда аттестат аласың!

Мен дивандын жаздыгын чукулап коюп, башымды көтөрбөй үңкүйүп отурдум.

— Жо чын, мен сени түшүнбөй турам. Кыскасы, мындан ары Леон таятам колдойт деп ойлобо. Мен өзүнө тың, койгон максатына жете алган адамдарды жакшы көрөм, түшүндүңбү? Ар кимге даттангандан башканы билбегени аз келгенсип, тартипсиздиги менен мектептен чыгып калган жалкоолорду жек көрөм! Жинди кылат ко бул! Жеткен жалкоо жана мээси жок! Сонун көрүнүш! Куттуктайм! А мен дайыма сени колдочумун… Дайыма! Ата-энеңе сага ишенеримди айтчумун, сени актачумун, керек болсо аларды көндүрчүмүн! Эми сага айтып койоюн, досум, ийгиликсиз болуу ийгиликтүү болууга караганда иттен оңой. А мага, угуп койчу ушуну, мага жеңилдик гана каалаган адамдар жакпайт. Ыйлактагандар да жакпайт! Бирдемеге жетишчи, айланайын! Ийгиликтүү болуш үчүн бир нерсе кылчы деги!

Катуу кыйкырам деп тамагын ооруту, жөтөлүп калды. Аны угуп таенем нары жактан чуркап келди эле, мен акырын жылып бакчага чыгып кеттим.

Албетте, устаканага бардым. Туш тараптан суук уруп турду. Дат баскан челекке отурдум да, бул жашоодо бир нерсеге кантип жетишем деп ойлоно баштадым.

Мен бүт эле куруп бермекмин. Бирок даяр чиймем, материалым, аспабым, деги эч нерсем жок кантип курам? Керек болсо ыйлай да албай тургандай күйүт турду жүрөгүмдө.  Далдырап отуруп карандаш учтаган маки менен таятамдын тактасына бир нерселерди кырып жаздым да, коштошпой туруп үйүмө кетип калдым.

Үйдө мурдагыдан да катуу, мурдагыдан да узак жаңжал болду. Ошентип июнь да аяктады жана бир дагы коллеж мени сентябрда окууга алгысы келген жок. Ата-энем өздөрүнүн да, бири-биринин да мээсин жеп бүттү. Менде аларга чыдай турган күч калган жок. Күн өткөн сайын мени азыраак байкашса экен деп бүрүшүп-чүрүшүп барам. Өзүмө-өзүм «Эгер ушунтип бүрүшкөндөн бүрүшүп кете берсем, бир күнү таптакыр жок болуп кетем да, бардык көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет» деп койом.

Мени 11-июнда мектептен чыгарышты. Башында күн-түн дебей үйдө отурдум. Таң атпай 5-каналды койом да «Теледүкөн» берүүсүн карап отурам (бул берүүдө ушундай сонун нерселерди көрсөтөт дейсиңер, тим эле башың айланат). Түштөн кийин эски комикстерди кайра башынан окуйм же Фанни таежем белек кылган 5000 бөлүктөн турган башкатырманы курап баштайм.

Бирок минтип көпкө чыдай алганым жок. Иши кылып бир нерсе менен алек болгум келди… Үйдө оңдоп-түздөп жибере турган нерсе барбы деп карай баштадым. Айтмакчы, апамдын кийим үтүктөгөн такта боюнча далай жолу кейигенин уккам. Ал отуруп алып үтүктөгүсү келчү. Натыйжада ушул маселени чечүүгө кириштим. Тактанын бутун чечип карасам, тирей турган таканчыгы бар экен, ошондон улам такта жалпайгыдай эмес. Керектүү бийиктикти өлчөдүм да кадимки столдой кылып төрт жыгач бут бекитип таштадым. Андан кийин эски столдун дөңгөлөктөрүн чечип, — анын үйдүн маңдайында турганын бир жума мурун эле байкагам, — канчадан бери эч ким отурбай калган отургучка тагып койдум. Андан сырткары үтүк койгучту кайра жасадым, анткени апам бир аз мурдараак эле «Мулинекс» деген жаңы, буу менен иштеген чоң үтүк алган. Ушундан улам эски үтүк койгуч буга жарамак эмес. Мына ушунун баарын жасаш үчүн толук эки күнүм кетти. Андан кийин газончапкычтын моторун чукулай баштадым. Толугу менен чечип алдым да, жакшылап тазалап туруп кайра бекитип таштадым. Шыпылдап эле иштеп калды, кайран. Атама «Устага алып барбай эле коюңуз, муну жөн эле тазалап коюш керек» десем укпай койгон.

Ошол күнү үйдө бир аз жагымдуу маанай болду. Апам кечки тамакка мага белек болсун дегендей мен жактырган эт, сыр, жумуртка кошулган токоч жасады. Атам болсо телевизорун койгон жок.

Ал тургай ал биринчи сүйлөп баштады:

— Бактысыздыкты карабайсыңбы, балам, сен негизи баары бир жөндөмдүү жигитсиң… Бирок эмне кыл дейсиң, кантип жардам беребиз? Окуганды каалабайсың, туурабы? Туура. Бирок он алтыга чыккыча мектептен эч кайда кача албайсың да, билесиңби ушуну?

Башымды ийкеп тим болдум.

— Натыйжада аягы жок айлампага такаласың: канчалык окугуң келбесе, ошончо мектепти жек көрөсүң, а канчалык мектепти жек көрсөң, ошончолук окугуң келбейт… Кана айтчы, бул айлампадан кантип чыгам дейсиң?

— Он алтыга чыккыча күтөм да, андан кийин иштеп баштайм.

— Дагы эмне! Сени ким ишке алат?

— Билем, эч ким албайт. Мен өзүм бир нерселерди ойлоп табам да өзүм жасап чыгам. Мага көп деле акчанын кереги жок, эптеп жашап кетем.

— Мына ушунуң туура эмес! Албетте, жанагы комикстериңдеги Пикс байкедей бай болуштун кереги жок дечи. Бирок баары бир сага өзүң ойлогондон да көбүрөөк акча керек да. Себеби толтура аспап, устакана, жүк тарткан машина алышың керек… Деги ушул эле дейсиңби?! Же мейли, койо туралычы муну, азыр мени акча деле ойлонткон жери жок. Андан көрө сенин окууңду сүйлөшөлүчү… Жок, Грегуар, баш чайкаба, бери карачы, суранам. Жок дегенде эң төмөнкү билим алмайын сенден эч нерсе чыкпайт. Мына элестетчи, сен тим эле укмуш нерсе ойлоп таптың дейли. Эми ага патент алышың керек да, туурабы? А аны татынакай кылып француз тилинде жазышың керек… Анан дагы сен ойлондум, жасадым, бүттү дегени турасыңбы? Анын чиймеси керек, схемасы керек, чен-өлчөмү керек, болбосо сени менен эч ким сүйлөшпөйт. А жанагы ойлоп тапканыңды кимдир бирөө алеки заматта уурдап алса кантесиң?

— Ошентет деп ойлойсузбу?

— Мен ойлобойм, мен билем муну.

Мына ушунун баарын угуп отуруп, өзүмөн-өзүм жаман боло баштадым. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө атамдын айткандары бүтүндөй туура экенин сезип турдум.

— Муну сураганымдын себеби, мен эчак эле бир нерсе ойлоп таап койгом. Ал керек болсо өзүмдүн, балдарымдын, ал тургай силердин да жашооңор үчүн жетмек…

— А эмне ойлоп таптың эле? – апам жылмая сурады.

— А силер сыр сактаганды билесиңерби?

— Ооба, — деп экөө тегиз жооп кайтарды.

— Ант бергилечи.

— Ант берем.

— Мен дагы.

— Жок апа, «ант берем» деп айт.

— Ант берем.

— Эми болду… Бул атайын тоого чыгыш үчүн жасала турган бут кийим… Чечме такасы менен. Аны өргө чыгаарда тагып аласың дагы, түз жерге жеткенде чечип койосуң. А ылдыйышка келгенде кайра тагып аласың. Бирок алдыга, манжалар жакка тагыш керек. Ошондо өзүңдү бирдей салмакта кармоого болот…

Экөө «жарайт» дегендей баш ийкешти.

— Бул айтканың жөндүү, — деди апам.

— Муну спорт дүкөнгө сунуштасакчы. Мисалы, «Декатлонго»…

Алардын минтип кызыгып калганы, олуттуу мамилеси мага жакты. Бирок атам бир сөз менен баарын бузду.

— Бул ишиң менен акча табыш үчүн сен математика, информатика жана экономиканы билишиң керек… Көрдүңбү, биз жанагыга кайра эле келип калдык…

Июндун аягына чейин эрмектей турган бир нерсе издедим. Жаңы кошунага короо тазалаштым. Ушунчалык көп отоо жулдум дейсиңер, тим эле колдорум кабарып, шишип кетти. Тим эле Халктыкындай шишиди.

Кошуналарды месье жана мадам Мартино дешчү. Алардын Шарль аттуу баласы бар, менден болгону бир эле жыл улуу. Бирок аны менен достошкон жокмун. Ал өзүнүн компьютери менен келесоодой болгон комикстерине жабышып калыптыр. А кокус маектешип калсам кайра-кайра эле эмки жылы кайсы класска барасың деп сурай берчү. Мунусу мени тажатып жиберди.

Апам мурункусундай эле керели-кечке кулагынан телефон түшүрбөй өтө чоң кичипейилдик кылып сентябрда мени кабыл ала турган окуу жай издейт. Күн сайын почто кутусун ачып толгон-токой рекламаларды карап чыгабыз. Жалтырак кагаздагы көз тайгылткан кооз сүрөттөр менен тигил же бул коллеж өзүн мактап аткан болот.

Бул укмуштай кооз жана ошол эле маалда укмуштай калп. Мен аларды барактап отуруп «Булар жыргап күлүп турган окуучуларды кантип тартып алышкан?» деп ойлоном. «Бул үчүн аларга же төлөп беришти, же француз тилинен берген мугалим жоголуп кетти» дешсе керек. Мага бир гана мектеп жакты. Бирок ал кайдагы бир Баланстагы Петаушноке-лез-Уада экен. Сүрөттөрүндө кычырап партада отурган же камерага ырсайып турган окуучулар көрүнбөйт. Бир сүрөттө балдар көчөт отургузуп жатса, дагы бирөөндө тактай кесип атышат. Камерага күлүүнү ойлошкон да жок. Баары жумуш үстүндө. Сонун көрүнүш, бирок бул техникалык лицей экен. Ичим кайрадан түйүлүп баштады.

Месье Мартино дубалдагы тушкагаздарды сыйрышып койчу, акчасын төлөп берейин деп калды. Макул болдум. Экөөбүз «Килуту» аттуу ижарага шайман берчү фирмага барып буу насос алып келдик. Тигинин аялы менен Шарли эс алганы кетишти, менин ата-энем болсо жумушта. Бизге жолтоо боло турган эч ким жок.

Биз аябай катуу иштедик. Бирок аябай катуу да чарчадык! Анан калса күн да тим эле мээ кайнатчудай ысыды. Көлөкөдө 30 градус болуп турганда буркураган бууда иштөө деген эмне!.. Мончо биякта эле калды. Ошол күнү биринчи жолу сыра ичтим, көрсө – жүрөктү айланткан эле бир балакет тура.

Аңгыча Леон таятам учурашканы келип калыптыр. Ошентип ал да жардамдаша баштады. Месье Мартинонун кубанычында чек жок. «Биз жөн эле дүкүлдөгөн кара күчпүз. А сизчи месье Дюбоск, сиз анык устасыз…» дейт ал. Эми түшүнүктүү кеп да, биз алка-шалка түшүп тердеп-кургап иштеп атсак, таятам суу түтүктөрү, электр сыяктуу тынч жумуштарды жасап жүрөт.

Месье Мартино «дерьмус-дерьма-дерьмум-дерьморум-дерьмис-дерьмис» дегенди көп кайталачу. (Бул латынчадан алынган бирдеме экен)

Акыры атамдар мени үйдөн эки кадам арыраактагы Жан-Мулен коллежине бермей болушту. Алгач ал жакта окушумду каалашкан деле жок. Себеби, ал мектептин мектеп деген эле аты бар болчу. Окуу деңгээли да төмөн, анысы аз келгенсип окуучулар бири-бирин тонойт экен. Бирок мени кабыл алууга ушул эле мектеп макул болгон соң айла канча. Атамдар менин документимди тапшырышты, мен болсо «Фотоматонго» сүрөткө түшүп келгени кеттим. Эми ал сүрөттөгү кебетем да бир укмуш. Жан-Муленге колу Халктыкындай, бети Франкенштейндикиндей он үч жашар бала келет… Таппасаң сыйпалап кал!

Ошентип июль да өтүп кетти. Аңгыча мен тушкагаз жабыштырганды үйрөнүп алдым. Тушкагаз түрмөгүн бөлүк-бөлүк кескенди («түрмөк» деген сөздүн өзүн да), чаптаганды үйрөндүм. Тегиз жазганды, кырларын келтире чаптаганды жана аба калбаш үчүн валик менен тегиз сыдырганды үйрөндүм. Азыр «Перфакс» клейи жана сызык-сызык тушкагаз боюнча устамын деп эч коркпой айта алам. Мындан сырткары, таятама электр өткөргүчтөрдү тартканга жана ток бар же жок экенин текшергенге жардам бердим.

— Күйдүбү?

— Жок.

— Эмичи?

— Жок.

— Туй ата! Эмичи?

— Эми күйдү.

Узуну алтымыш сантиметрлик сендвич жасайм, эшик сырдайм, капкак алмаштырам жана радиодон «Акылдуулар» берүүсүн угам. Толук бир ай. Бактылуу ай болду.

Ушунтип эле жашай берсем кана. Сентябрда дагы бирөөнүн үйүн оңдомокмун… Кээде колбаса менен сендвич жеп отуруп ойго батам: дагы үч жыл чыдасаң болду, иштерман компанияга кирип барабыз.

Үч жыл – аягы көрүнбөгөн үч жыл.

Мага дагы бир нерсе тынчтык берчү эмес. Ал таятамдын ден соолугу. Таятам барган сайын көбүрөөк жөтөлчү болду. Барган сайын дем алуусу кыйындап, алы кетип отура калат. Таенем ага тамеки чектирбе деп менден убада алган. Бирок мен бул ийгиликке жете албай жүрөм. Ал:

— Мени ушул бактымдан ажыратпачы, Тотош. Өлүп калбайын, — дейт.

Мен бул сөздөн жаным кашаят.

— Жок, Тотош, сени так ушул бакытың өлтүрөт!

Таятам жадырай күлөт да:

— Ой сен качантан бери мени Тотош деп калдың эле я, Тотош? – деп койот.

Анын күлкүсүн карап туруп бул жалгандагы ушул эң сүйүктүү адамымдын өлүүгө такыр акысы жок дейм. Такыр акысы жок!

Аягында Месье Мартино таятам экөөбүздү зыңгыраган ресторанга чакырды. Тамактан кийин экөө чоң сигарадан бирден тартышты. Эгер ушуну таянем көрчү болсо, айланайын анын кандай капа болорун ойлогондо менин да жүрөгүм түшөт…

Коштошоордо кошуна мага бир конверт карматты:

— Ме. Бул сенин ак эмгегиң…

Анысын дароо ачканым жок. Үйгө келип, бөлмөмө кирип, керебетиме отуруп алып ачтым. Ичинде эки жүз евро бар экен. Төрт сары кагаз… Көзүм чакчайып калды. Буга чейин мындай акчаны кармай да элек болчумун. Ата-энеме бул тууралуу билдиргим келген жок. Болбосо алар муну банкка сактап кой деп башты чагышмак. Акчаны эч ким издебей турган жерге каттым да, ойлоно баштадым. Ойлоно баштадым, ойлоно баштадым…

Буга эмне сатып алсам? Макетим үчүн кыймылдаткычпы? (Анын баасы… айтпайм канча экенин). Же комикс алсамбы? Же «Жүз өзгөчө курулуш» конструкторун алсамбы? Балким кычыраган булгаары бешмант алсамчы? Же Боштун электркескичи жакшыбы?

Мына ушул төрт кагаз менин башымды тегеретип таштады. А 31-июль келип, эс алууга кетип жатканыбызда дагы бекемирээк катам деп бир жарым саатым кетти.

Кудум эле апамдай болдум. Ал дагы чоң энемен калган күмүш шамкойгучтарын кайда катаарын билбей, бөлмөдөн бөлмө калтырбай чимирилип жүрчү. Кыязы, сырттан экөөбүз тең укмуш күлкүлүү көрүнсөк керек. А уурулар баары бир бизден митаамыраак келет эмеспи…

Ошол жылкы август айы тууралуу айта турган андай деле кызыктуу кебим жок. Мен үчүн ал өтө узун жана кызыксыз ай болду. Атамдар жылда боло келгендей эле Бретаниден батир тутушту. А мен жылдагыдай эле жайкы тапшырмаларымды жасашым керек. Тултуйган калың дептердин түгөнгүс барактарына тигилем…

Алтынчы класска кириш керек. А жакында кайрадан мектепке бармай.

Канча саат бою калемимди кемирип, чардактарды карап отурдум. Ал тургай чардакка айланып кетүүнү да кыялдандым. Чардакка айланып тээтиги ак-кызыл маякты карай учуп кетүүнү кыялдандым. Чабалекей менен достошуп алып сентябрда, мисалы, сентябрдын биринде, окуу жылы башталган маалда кудум эч нерсе болбогондой жылуу жакка учуп кетсем деп кыялдандым. Көз алдыма биздин океандардан учуп өткөнүбүз, биздин…

Мына ушул жерден чыныгы турмушка кайтуу үчүн башымды силкип алдым.

Математика китебинен кайсы бир каптагы акиташ боюнча эсепти окудум да, кайра эле кыялга баттым: а эгер чардак ушул тапшырмага отуруп кетсе эмне болот эле… Былч! Мына сасыган аппак балжырак барактын бетинде жатат.

А мен жети кап акиташ менен мындайдын канчасын жасайт элем?…

Кыскасы, кайра эле кыялга батып кеттим.

Атамдар тапшырмаларымды анча деле көзөмөлгө алышкан жок. Алар дагы эс алууда эмеспи. Ошондуктан алар менин ойду-келди чиймелеримди карап мээлерин ачытышпады. Менден талап кылгандары эле күн сайын эртең менентен баштап түшкө чейин отургучка артымды чаптап столдо отуруу.

Бирок мындан эч майнап чыккан жок. Мен каргышка калган дептердин беттерин ар кандай сүрөттөр менен, бири-биринен өткөн шумдуктай чиймелер менен толтуруп жаттым. Мен тажаган деле жокмун, чынында баары бир эмеспи. Ушул жерде отурамбы же башка жердеби, кандай айырмасы бар. Анан дагы боломбу, болбоймбу, болсом бул жердеби же такыр эч жерде болбоймбу, кандай айрымасы бар дейм. (Көрдүңөрбү, математикада анык дөңгөч болгонум менен, философия боюнча кыйла дурусмун!)

Түшкү тамактан кийин же атам менен, же апам менен жээкке барам. Бирок экөө менен тең эмес. Бул дагы алардын эс алуу тартибине кирет. Бири-биринен да эс алыш керек да. Чынында, ата-энемдин мамилесинде мандем бар. Үйдө өкүм сүргөн кулак-мурун кескендей жымжырттыктан кийин кандайдыр бир кыйытмайлар, эскертмейлер, чукушмайлар башталат. Кыскасы, биздин үй-бүлө күн сайын туура эмес капталы менен туруп алышат. А мен нанүштөбүз жанагы «Э-э-эрманды» йо-о-огурттары!» деген жарнамадагыдай көңүлдүү болушун каалайм. Бирок эл айткандай кыял кургурда чек жок тура.

Качан оокаттарды жыйнап, үйдү өткөрүп берчү күн келгенде мен бир аз жеңилдегендей болдум. Анык келесоолук ушул эмеспи. Үйгө азап тартып жетиш үчүн толтура акча коротуп тээ алда-кайда кетип калабыз… Айткылачы, келесоолук эмей эмне?

Апам каткан жеринен шамкойгучтарын алды, а мен акчамды алдым. (Эми айта берейин: мен аны тоголоктоп түрүп туруп эски «экшн-мен» оюнчугумдун автоматынын ичине тыгып таштагам!) Менин кайрадан ичим түйүлө баштады.

Ошентип Жан-Мулен коллежине окууга кирдим.

Көрсө, мен класстагы эң улуу жана эң келесоо бала эмес экемин. Андай деле кыжалат болгонум жок. Бир бурчту ээлеп алып унчукпай гана маңдайдагы чоң көз айнекчен неменин көзүнө илинип калбайын деп отурмай. А булгаары бешмант алууну унутуп да койдум. Бул жерде аны көпкө кийе алгыдай эмессиң… Мен мурдагыдай мектептен качпай деле калдым. Мунун себеби эң эле жөнөкөй. Бул жерде мектепке баргандай деле болбойсуң. Жөн гана эки миңдей бөлтүрүк эртеден кечке тытышып жаткан аянтчага баргандай эле болом. Өзүм болсо барган сайын чээниме кирип баратам. Дегеле бирөөнүн көзүнө чалдыккым келбейт. Күн санап гана жатмай.

Октябрдын орто ченинде апамдын сабыры капкагын тээп кетти. Биздин класска сабак өтө турган француз тил агайы (же эжейи, бул мага табышмак бойдон калды) эмгиче жок экени анын чыдамын түгөттү. Менин сөз байлыгым чыдамын түгөттү. «Сен күн өткөн сайын келесоо болуп баратасың» дейт. «Эми барып акырдан жем жесең да болот» дейт. Ал мага эмнеге баа коюлбай жатканын түшүнгөн жок жана кечкисин мени алып кеткени беш жолу келип, бешөөндө тең курбуларымдын соода күркөсүнүн артында баңги чегип отурганын көрүп такыр эле чачы жыдып кете жаздады.

Кыскасы, үйдө кайрадан жаңжал. Кыямат. Салаалаган жаш, аккан мурун, чачыраган шилекей.

А жыйынтык — пансион[4]

Түнү бою кырылышып урушуп чыгышкан соң атам менен апам мени пансионго жөнөтүү чечимине келишти. Баракелде!

Түнү менен  кыжынып чыктым.

Эртеси шаршемби күн болчу. Түз эле таятам менен таенеме учурашканы бардым. Таенем мен жактыргандай картөшкө кууруду, а таятам мага бир нерсе айткысы келип турду, бирок баары бир айта алган жок. Кудум бирөөнүн азасында тургандай жымжырттык. Кофе ичкенден кийин биз устаканага бардык. Таятам оозуна тамекисин тиштеди, бирок күйгүзгөн жок.

— Мен таштап атам, — деди ал. – Өзүмдүн ден соолугум үчүн эмес, өзүң билесиң да, жанагы жанымды жеген аялым үчүн таштап атам…

Жылмайып тим болдум.

Андан кийин эшиктин кашектерин бекитишип койчу деди. Мына так ошол мээм дагы, колум дагы жумуш менен алек болуп баштаганда таятам жумшак, мээримдүү үнү менен сүйлөп баштады:

— Грегуар?

— Ии.

— Сени пансионго жиберип атышат деп уктум го?

— …

— Баргың келбейби?

— …

Унчукканым жок. Баягыдай бышактап ыйлагым келген жок. Кичине эмесмин да эми.

— Уксаң мени, Тотош, жакшылап уксаң. Деги мен сен ойлогондон да көп билем го. Мен сенин мектепти жаман көрөрүңдү да, сенин үйүңдө эмне болуп атканын да билем. Тагырак айтканда билем эмес, туям. Мен сенин атаң менен апаң боюнча айтып атам… Сага кандай оор болоорун да сезип турам…

Эрдимди тиштеп араң турдум.

— Грегуар, ишенип кой, мен сага жакшылык гана каалайм, сени пансионго жиберүүнү мен сунуш кылдым. Апаңа мен айттым аны… Мени антип карабачы. Кандайдыр бир убакытка болсо да сыртка чыгуу өзүңө эле жакшы эмеспи, жаңы нерселерди көрөсүң дегендей. Болбосо атаңдар сени ээн-эркин дем да алдырбайт ко. Сен алардын жападан жалгыз баласысың, колундагы болгон нерсеси, түндүгүнөн түшкөн шооласысың. Алар сенден көп нерсе күтүү менен сага кандай зыян келтирип атышканын өздөрү да түшүнбөй атат. Жок, такыр түшүнүшпөйт. Ал тургай мындан да жаманбы деп ойлойм… Деги алар сени койо туруп, өздөрүнүн маселесин чечип алышсынчы. Мен… Ой, жок, Грегуар мына ушунун кереги жок болчу! Кереги жок, балам, мен сени капалантайын деген эмесмин. Мен сенин… Туй ата, шайтан алгырдыкы десе! Карачы эми мен сени далдайтып тиземе да отургуза албай калыпмын! Кана койо турчу, колуңду алсаң, мен сенин тизеңе отуруп көрөйүн… Болду, болду ыйлабачы. Болбосо азыр мен да ыйлап баштайм…

— Мен ыйлаган жокмун, таята, бул суу өзүнөн өзү эле агып атат…

— Ай балам ай, менин калдайган балакайым ай… Мейли, болду, болду. Эс алчы, кел эс алалы. Бул Жозефтин шкафын бүтүрүшүбүз керек. Биз чучук чайнагыбыз келет да туурабы… Ме, отверканы карма.

Жеңим менен мурдумду тазалап алдым.

Бир топко узаган жымжырттыктан кийин экинчи эшикти бурап жатканымда таятам минтип кошумчалады:

— И баса, ушул эң акыркы сөзүм. Мындан кийин сени менен бул тууралуу сүйлөшпөйм. Бирок азыр айтпасам болбойт… Ата-энең сен үчүн тытышып жаткан жери жок. Бул жерде кеп алардын өзүндө. Сен күнөөлүү эмессиң, сенин кымындай да күнөөң жок, уктуңбу? Таптакыр сага тиешеси жок. Керек болсо сен жалаң бешке окусаң дагы, классыңда эң алдыңкы окуучу болсоң дагы баары бир алар тытыша бермек. Алар анда башка себеп табышмак, болгону ушул.

Мен эч жооп кайтарганым жок. Кистини алдым да Жозефтин шкафын лактай баштадым.

Үйгө келгенимде атамдар рекламаларды үйүп алып бирдеме эсептеп атышат. Эгер жашоодо да комикстердей көрүнүш болгондо алардын үстүнөн уюлгуп турган кара туманды көрмөкмүн. Эч нерсе билбегендей жыла басып бөлмөмө кирип кетейин дедим эле, токтотуп калышты:

— Грегуар, келчи бери.

Атамдын үнүнөн тамашалашчу маал эмес экенин байкадым.

— Отур.

Отуруп атып бул жолу мени кандай май менен кууруп жешээр экен деп ойлоно баштадым.

— Өзүң билгендей биз, апаң экөөбүз сени пансионго жибермей болдук.

Жер карап отура бердим. Мээмде «Акыры жок дегенде бир пикир макулдашкан экенсиңер! Ынтымакка жетипсиңер. Бул жерде мына ушундан башка жакшы ойлой турган эч нерсе жок…» деген ой кылт этти.

— Бул ой сага да жакпасын түшүнүп турам, бирок талкуулай турган да эч нерсе жок. Биз туңгуюкка кептелип калдык. Сен темселеп эле калдың. Мектептен айдап чыгышты, эч ким алгысы да келбейт. А муниципалдык коллеж дегенди ойлоп да кереги жок. Тандачу нерсе калбады эми… Бирок сен пансион канчалык кымбат тураарын билбесең да керек. Бул кадамга барыш үчүн биз кандай кыйналып турганыбызды сен билишиң керек, биз аябай кыйналып турабыз.

Мен ичимден күлүп койдум: «Койгулачы… кереги жок! Рахмат, кең пейилдигиңер үчүн. Кандай гана боорукерсиңер. Уруксат берсеңиз, айкөлүм, бутуңузга жыгылайын!»

Атам кебин уланта берди:

— Сен кайда окуй турганыңды билгиң келбейби?

— …

— Же сага баары бирби?

— Жок.

— Карачы эми, азыр биз да билбей атабыз. Сага мээңди даана катыра турган табышмак айтайынбы. Апаң телефондун маңдайында толук жарым күн отурду – эч кандай майнап жок. Окуу жылы башталып калган маалда сени кабыл ала турган мектеп таап …

— Мен мына мобул жерде окугум келет, — деп атамдын сөзүн бөлүп жибердим.

— Кана, «мобул жериң» кайда?

Мен анын алдына баягы окуучулары иштеп сүрөткө түшкөн жарнаманы жылдырып койдум. Апам көз айнегин тартынды да:

— Бул кайда? Баланстан отуз чакырым түндүктө… Граншан техникалык лицейи… Бирок бизге коллеж керек эмеспи, — деди.

— Ал жерде коллеж да бар.

— Сен кайдан билесиң?

Атам таңыркай түштү.

— Мен аларга чалгам.

— Сенби?!

— Ооба, мен.

— Качан?

— Эс алууга чейин эле.

— Сен аларга чалдыңбы? Эмнеге?

— Жөн эле… билгим келди.

— Анан?

— Анан ошо.

— А эмнеге бизге айткан жоксуң?

— Анткени баары бир эч нерсе өзгөрбөйт да.

— А эмнеге өзгөрбөйт?

— Анткени алар окуудагы жетишкендигине да карайт. А менде кайдагы жетишкендик? Менин бааларымды отко жагышат дейсиңерби?

Экөө тең унчукпай калышты. Атам Граншан лицейинин программасын иликтеп атты, апам болсо терең күрсүнүп койду.

Кийинки күнү мен кадимкидей эле мектепке бардым. Андан кийинки күнү да, андан кийинкиде да.

Мына эми мен «чыгынып калат» дегенди түшүндүм. Менде дал ошонун өзү болду. Мен чыгынып калдым. Ичимдеги бүт нерсе жалп өчкөндөй болду. Эч нерсеге кызыгым жок. Мага баары бир.

Эч нерсе жасабай калдым. Эч нерсени да ойлонбойм. Эч-нер-се. Бардык «Легомду» картон кутуга салдым да, аталаш иним Габриелге карматтым. Үйдө болсо телевизор көрүп отура берем. Арты-артынан чубалган клиптер. Керебетте керээли-кечке жатам. Эч нерсе жасабайм. Колдорум шалбыраган денеме кагып койгондой шалпаңдайт. Кээде алар мага өлүп калгандай да сезилет. Телевизор которуу жана бөтөлкөнүн капкагын ачуу – мына азыр ушуга эле жарайт бул экөө.

Өзүмө өзүм жакпайм. Анык келесоого айландым. Апам айткандай, эми бир аз чыдасам акырдан жем жеп калам го.

Ал тургай таятам менен таенеме да баргым келбейт. Алар жакшы эле, бирок эч нерсе түшүнбөйт.

Аябай карып калышты. Анан калса таятам менин маселемди кайдан түшүнөт эле? Өзү дайыма бешке окуса. Деги жаман окуу деген маселе эмне экенин да билбейт ал. Ата-энем тууралуу болсо сөз кылып да кереги жок. Алар керек болсо бири-бири менен да сүйлөшпөй калды. Кудум зомбилердей.

Аларды жакшылап бир силкип туруп бир нерсе чыгарсам дечүмүн… Бирок эмне чыгарам? Билбейм.

Сүйлөймбү, күлөмбү, жаңдаймбы? Иши кылып…

Бир күнү телевизор тиктеп шалпайып жатсам телефон шыңгырап калды.

— Эй Тотош, сен эмне мени унутуп калдыңбы?

— А-а… Мен кыязы бүгүн бара албайт окшойм, негедир көңүл чаппай турат.

— Ал эмне дегениң? Жозефчи? Сен анын шкафын жеткизишем дебедиң беле!

Туй ата! Такыр унутуп калган турбаймбы.

— А азыр… Баратам. Кечирип коюңуз!

— Эч нерсе эмес, Тотош, эч нерсе эмес. Шкаф эч кайда качпайт.

Жозеф сүйүнгөнүнөн бизди төрөлөрдөй сыйлады. Мен Везувий жанар тоосундай чоң татар-бифштекси менен ар кандай даамдуу нерселерден толтура жедим. Оо андагы каперс, пияз, кызыл мурч, жашылчалар … Оох-х.. Таятам мени карап жылмайды да:

— Сени карап отуруунун өзү эле чоң бакыт, Тотоша. Айланайын деги жарылгыча же, бирок карыган таятаң анда-санда сени кулча колдонуп турганы үчүн рахмат айтканды да унутпа.

— А сизчи? Сиз эмнеге эч нерсе жебей атасыз?

— Менби?… Мен ачка деле боло элекмин… Таенең эртең менен мени оозуман чыккыча тойгузуп салган…

Мен анын калп айтканын билип турдум.

Жозеф андан кийин бизге ашканасын көргөздү. Мен булардын килейген көмөч табалары менен мискейлерин көрүп оозум ачылды. Олчойгон чөмүчтөр менен жыгач кашыктар катапульттай болуп тирелет. Ал эми биринен-бири өткөн курч бычактар нары жакта шыкырап тизилип турат.

Жозеф бизди чакырды да:

— Эмесе таанышып алгыла! Бул Тити! Бизге жаңы келди… Өзү азамат жигит. Мен муну өзүм окутам. Анан жыл өтпөй мишлендик кембагалдар тузга чуркаган койдой үйүлүп келбесе мурдумду туура кесип берейин. Сен эмне учурашпайсың я, Тити?

— Салам!

Ал өзүнчө беш араба картөшкө аарчып отуруптур. Бирок кебетесинен нааразычылык деле байкалбайт.

Тоодой үйүлгөн кабыктан буту көрүнбөйт. Мен аны карап отуруп «Эмгиче он алтыга толгондур…» деп ойлодум.

Мени үйгө түшүрүп атып таятам дагы бир жолу тактады:

— Кана, жанагы сүйлөшкөндөй кыласыңбы?

— Ооба.

— Ката-матаңды, стил-пистилиңди, колуңдун тайраңдаганын – деги эч нерсени караба. Оюңа эмне келсе бүт жаз, макулбу?

— Макул.

Ошол күнү кечинде кат жазууга кириштим. Таятам эч нерсени караба дегени менен, катымды баары бир он бир жолу алмаштырдым. Бирок кенедей эле бирдеме жаздым…

Мына, мен аны силер үчүн да көчүрүп койоюнчу…

«Урматтуу Граншан мектебинин директоруна!

Агай, мен силердин мектепте аябай окугум келет, бирок бул мүмкүн эмес экенин да билем. Анткени менин сабактарым аябай жаман.

Мен силердин мектепте слесардык, столярдык устаканалар, информатика бөлмөсү, күнөскана жана ушул сыяктуу көп нерселер бар экенин жарыяңардан көрдүм.

Менимче, коюлган баалар бул жашоодо анча деле маанилүү эмес. Бул жашоодо эмне каалаганың баарынан маанилүү.

Мен силердин мектепте аябай окугум келет, анткени Граншанда өзүмдү эң жакшы сезем. Бул менин жеке пикирим. Өзүм андай деле чоң бала эмесмин, менде болгону 35 кило үмүт бар.

Ийгилик каалап, Грегуар Дюбоск.

P.S. №1: Өмүрүмдө биринчи жолу мектепке алгыла деп суранып жатам. Деги мага эмне болгонун өзүм да түшүнбөй турам же ооруп атамбы…

P.S. №2: Силерге жети жашымда жасаган банан тазалагыч машинанын чиймесин жибердим».

Катты кайра башынан окусам негедир келесоодой болуп калгансыды. Бирок он үчүнчү жолу көчүрүп жазып чыкканга көөнүм чапкан жок.

Ичимен бул катты директор кантип окуй турганын элестетип койдум… «Ой бул мээ токой кайдан пайда боло калды?» — дейт дагы тоголоктоп-тоголоктоп туруп таштандыга ыргытып салат болуш керек. Чынында кат жиберүүнү анча деле каалаган жокмун, бирок таятама убада берип койбодумбу, эми артка жол жок.

Сабактан кайтканымда катты почто кутусуна салдым да, тамактанганча мектептин буклеттерин карап отуруп директор агай эмес, эже экенин байкадым! Оо келесоо эшек! Эрдимди кырча тиштеп наалып жибердим. Эшек, келесоо, кемчонтойдун кемчонтою!..

35 кило үмүт эмей эле 35 кило чанжырактык…

Ошону менен күзгү эс алуу маалы келди. Мен Орлеанга, таежем Фанниникине конокко бардым. Таекемдин компьютерин ойноп отуруп түн ортосунда жатып, түшкө чейин уктайм. Шалбырап жаткан жериме кичинекей бөлөм келет да, керебетиме секирип кыйкырып баштайт:

— Йего! Жүйү йего ойнойбуш. Гйегуай, туй, йего ойнойбуш!

Төрт күн бою аны менен «Лего» ойнодум. Же үй салып берем, же кеме куруп берем, же дагы бир нерсе… Мен оңкочук-тоңкочук атып жүрүп куруп бүткөндө ал жамажайы жайыла күлүп жыргайт да, бир маалда болгон күчү менен «тарс!» эттире жерге бир койот. Тигиниси тияка, мунусу бияка чачырап эле жатып калат. Биринчи жолу ошенткенде чынын айтайын, аябай ачуум келген. Бирок анын жыргап күлүп турганын көргөндө эки сааттан берки убарам унутулуп кетти. Анын күлкүсү мага аябай жакты. Ал ошол жыргаган мүнөзү менен мага кубат берип турду.

Аустерлиц бекетинен мени апам тосуп алды. Машинага отурганыбызда:

— Сен үчүн эки жаңылыгым бар – бирөө жаман, бирөө жакшы. Кайсынысынан баштайын? – деди.

— Жакшысынан, — дедим мен.

— Кечээ Граншандын директору чалды. Ал сени кабыл алабыз дейт. Болгону кандайдыр бир сынак тапшырышың керек экен…

— Ммм… Сонун жаңылык турбайбы… Сынак дегенин кара! А сиздин оюңузча мен өтөмбү? Ха-ха! А жаман жаңылыгыңыз кандай?

— Таятаң ооруканага жатып калды.

Мен билгем. Дапдаана билгем. Эчак сезип жүргөм муну.

— Катуубу?

— Айтыш кыйын. Анын оорусу кармады. Азыр текшерип атышат. Аябай алы кетип калыптыр.

— Мен ага баргым келип атат.

— Жок, азыр болбойт. Азыр ага эч кимди киргизбей атышат. Бир аз өзүнө келиши керек экен…

Ыйлап жиберди.

Поездде баратканда окуйм деп грамматика китебимди салып алгам, бирок бир да жолу ачканым жок. Поезд аягы жок электр проводдорун кууп алдыны карай сызып баратты. Мен болсо жол жээгиндеги зым карагайларды шыбырай санап барам: «Таята… таята… таята… таята… таята…. таята… таята…» Карагайлардын аралыгында: «Өлбө. Токтоп тур. Сен бизге керексиң. Шарлотта таянеме да керексиң. Ал сен жок кантет? Ага аябай жаман болот. А менчи мен? Өлбө.

Сенин өлгөнгө укугуң жок. Мен али кичинемин. Менин кантип чоңойгонумду көрүшүңдү каалайм. Мени менен сыймыктанышыңды каалайм. Себеби мен жашоону эми-эми баштабадымбы. Сен мага керексиң. Анан дагы, эгер үйлөнүп калсам, менин колуктум менен таанышып, балдарымды көрүшүңдү каалайм.

Менин балдарым да сенин устаканаңа барышын каалайм. Алар дагы сенин жытыңды жактырышын каалайм. Дагы…»

Баланстын перронунда мени бейтааныш байке тосуп алды. Жолду катар мен анын Граншанда багбан экенин билдим. Тагырак айтканда… кыскасы «башкаруучу» экен – муну өзү ушундай түшүндүрдү…

Мага анын жүк машинасы жакты. Бензин менен кургак жалбырак жыттанып турат.

Мектептин ашканасында окуучулар менен чогуу тамактандым. Бул жерде калдайган сөөк-саактуу жигиттер көп экен. Мени жылуу кабыл алышты. Кезектеше сыйлап, ар кандай кеңеш берип жатышат. Байкалбаш үчүн кайсы жерде тамеки чегиш керек, кошумча тамак жеш үчүн тамакчы эженин көңүлүн кантип алыш керек, кыздарды кайсы жолдор менен узатып коюш керек, кайсы мугалимге кандай мамиле кылыш керек, деги койчу, толтура кеңештер…

Анан жер жарылта каткырып калышат. Келесоолор. Бирок алардын келесоолугу да жагымдуу. Бала деген ушундай болуш керек да…

Мага алардын туурулган, тырмагынын астына кир толо түшкөн колдору жакты. Аңгыча бирөө бул жакка эмнеге келгенимди сурап калды.

— Мени башка эч бир мектеп кабыл албай койду, — дедим.

Каткырып жатып калышты.

— Эч бир жергеби?

— Эч бир жерге.

— Жиндилердин мектеби дагыбы?

— Ооба, — дедим мен. – Жиндилердин мектебинде башка окуучуларга жаман үлгү болосуң деп коюшту.

Арасынан бирөө мени далыга таптай:

— Анык биздин киши экенсиң! – деди.

Аңгыча аларга эртең сынак тапшыра турганымды айттым.

— Ой анда сен эмне бул жерде турасың? Тур капталдагы корпуска жөнө. Эртеңкиге даяр турушуң керек!

Түнү менен кыйратып уктай алганым жок. Түшүмө да кызыктай нерселер кирди. Леон таятам менен укмуштай кооз бакчада сейилдеп жүрүпмүн. Ал болсо улам эле жеңимен тарткылап: «Кана, кайсы жерден тамеки чексек байкашпайт я? Сурачы тигилерден..» деп атыптыр.

Эртең менен эч нерсе жей алганым жок. Ичим тим эле түйүлүп атат. Буга чейин бир да жолу мынча кыйналган эмесмин. Аба жетишпей аптыгып, шалкылдап тердеп атам. Бир туруп алоолонуп ысып чыгам, бир туруп титиреп үшүйм.

Мени кичинекей класска киргизишти да, көпкө чейин жалгыз калтырып коюшту. Акыры тажаганда мени унутуп калышты го деп да ойлой баштадым.

Акыры бир аял келди да мага суроолор жазылган калың дептер карматты.

Жазуулар көз алдымда бийлеп башташты. Мээме эч нерсе кирбейт. Столдун үстүнө чыканактап алып, алаканым менен чыкыйымды басып отура бердим. Азыр өзүмдү токтотуп, демимди басышым керек. Аңгыча эле столдун үстүндөгү жазууларга көзүм илинди. Бирөөндө: «Мага сулуу кыздар жагат» деп жазылып туруптур. Бирөөндө болсо: «А мага жылдызча ачкычтар жагат» деп жазылыптыр. Бир жылмайып алдым да ишке кириштим.

Башында анча деле жаман болгон жок. Бирок улам-улам тереңдеген сайын тапкан жоопторум азая баштады. Кайрадан коркунучка кабылдым. Баарынан жаманы «Төмөнкү тексттеги каталарды таап, оңдогула» деген тапшырмасы бар бир канча саптан турган абзац болду. Балакет – мен бир да ката таба албай койдум. Чынында эле барып турган келесоо экемин. Ката толтура, а мен бирөөнү да көрбөйм! Аз-аздан тамагым буулуп, мурдум бышылдай баштады. Көзүмдү атайылап чоң ачып алдым. Ыйлабашым керек. Азыр аны такыр каалабай турам.

Баары бир болбоду. Балтайган тамчы жашты тосконго жетишпей калдым эле, дептердин бетине былч түшүп жайнап кетти… Акмак! Болгон күчүм менен тиштенип алдым, бирок болгудай эмес. Мына, дамбаны жырып кеткени калды.

Канчадан бери ыйлабайын деп көп ойлонбой келдим эле… Көрсө, баары бир бир күнү убагы келет тура. Баары бир көөдөнүңдүн түпкүрүнө, тээ тереңге каткан нерселер тээп чыгат тура… Ыйлап баштасам эле токтото алгыдай эмесмин. Анткени азыр баары чубуруп эсиме келе баштайт. Гродуду, Мари, сабактан кийинки алып калуулар. Күнүгө кайталанган келесоолуктарым, бири-бирин жактырбаган ата-энем, үйдөгү көңүлсүз маанай, түтүк менен дем алып ооруканада жаткан таятам жана анын барган сайын түгөнүп бараткан жашоосу…

Мына-мына жарылам деп жарыла албай эрдимди кырча тиштеп турганымда кайдан-жайдан бир үн угулду. «Кана ким жарылайын деп турат я, Тотош? – деди ал үн. – Кана бул эмне эми? Ой тарт мурдуңду, торопой! Карачы колуңду балжыратып таштадың».

Бүттү, мен акылдан айныдым… Мына үндөр да угула баштады! Эй! Силер адашып калдыңар, мен Жанна д’Арк эмесмин. Мен темселеп жүргөн бир келесоо, байкушмун…

— Болду эми ыйлаак-торопой, токтотсоң, чогуу иштеп баштайт элек.

Тынчылыкпы? Камера же микрофон жокпу класста деп айланамды бүт карап чыктым. Деги эмне болуп атат? Же төртүнчү мейкиндикти карай кулап кеттимби?

— Таята, бул сизсизби?

— А сен ким деп турасың, акмак? Рим папасы келди дейсиңби?

— Бирок… мындай мүмкүн эмес да.

— Эмне?

— Сиз… сиз бул жерде, мени менен сүйлөшүп атасыз го…

— Келесоолонбочу. Мен дайыма сени мененмин жана сен аны жакшы билесиң. Болуптур, тамашаны токтотолу. Кана өзүңдү карма. Карандашты ал дагы бардык этиштерди сыз… Жок, аны эмес, көрүп турасың го, ал «уу» менен аяктап атат. Мына муну биз баяндооч дейбиз, эми мунун ээсин тап… Мына… Астын сызып кой… Азамат. Жакшылап ойлон, карачы кандай дал келди? Мына карасаң, бул жерде ээси кайсы? Туура, «сен», демек, аягы «ың» менен бүтөт, азамат. Эми  толуктоочту сыз… Биринчи анын аныктамасын таап текшерип ал. Бүт текшер. А аныктоочу кана? Жакшылап кара, мобу «катуу чуркап» деген сөздү карап көрсөң? Туура, көрдүңбү, аракет кылсаң эле болгудай. Кана эми бир аз өйдөгө келчи. Мен математикадан бир топ башаламандыктарды көргөндөй болдум эле… Тим эле төбө чачым тик турду көрүп алып. Кана, кайра бөлчү… жок, дагы бир жолу… Дагы! Сен бир нерсени унутуп атасың. Эки көңүлдө эмес беле, ии, азамат! Эми төртүнчү бетти ач…

Мен кудум уктап аткандаймын. Бир эле маалда өзүмдү акылдуу да, далдыр да сезип атам. Колум өзүнөн-өзү жазып атат. Өзүнчө эле бир шумдук көрүнүш.

— Мына болду Тотош, калганын өзүң иште. Эми дил баян калды. Аны болсо сен менден кыйын жазасың. Ой билем го, талашпай эле койсоң. Өзүң жаз, болгону орфографиялык каталарды абайла, макулбу? Кудум көнүгүүдөгүдөй жаз, уңгу мүчөгө ажыратып караганды унутпа. Өзүңдү сөздөрдүн полициясымын деп эсептесең. Ар бир сөздүн документин сура: «Токтоңуз! Рейд жүрүп атты эле! Аты-жөнүңүз!» «Сөздүн уңгусу болосузбу? — «Мүчөңүз кана, урматтуум?» — «Арттан келет дейсизби?». — «Андай болсо көптүк түрдөсүзбү же жекеликпи?» — «Көптүк түрдө?». — «А макул, бошсуз». Түшүндүңбү, эмне айткым келгенин?

— Ооба, — деп башымды ийкедим.

— Сүйлөшпөңүз, жаш жигит!  Мени карап отурган эже акырая карады – Унчукпай иштеңиз. Үнүңүз угулбасын!

Мен баарын кылдаттык менен кайра окуп чыктым. Элүү жети жолу же андан да көп жолу окудум. Андан кийин гана дептерди эжеге тапшырдым. Класстан чыкканымда акырын гана:

— Сиз дагы эле бул жердесизби, таята? – деп шыбырадым

Жооп болгон жок.

Кайра кетип баратканда поездде отуруп да байланышка чыгып көрдүм. Тымтырс – абонент байланышта жок.

Атамдар мени перрондон тосуп алышты. Мен аларды көрүп эле иштин жайын түшүндүм.

— Ал өлдүбү? – деп кыйкырып жибердим. – Ал өлдүбү я?!

— Жок, — деди апам. – Ал комада жатат.

— Көп болдубу?

— Эртең менентен бери.

— Эсине келеби?

Атам жер карады, апам болсо жыгылып кетпеш үчүн отура калып ийнимен бекем кучактады.

Мен дагы эле таятамды зыярат кыла алганым жок. Эч кимибиз барган жокпуз. Себеби, кенедей микроб дагы зыяндуу деп киргизбей жатышты. Бирок мен таенеме барып келдим. Анын ушунчалык арык, кичинекей болуп калганын көрүп аябай таң калдым. Тим эле чычкандай жөргөлөйт. Чоң көк халаты аны басып калыптыр. Мен ашкананын ортосунда аңкайып туруп калдым эле таенем:

— Грегуар, бар, барагой устаканага. Моторлорду иштет. Аспаптарды кармала. Тактанын бетин сүрт. Баары менен сүйлөш. Жакында өзү келет деп айт аларга, — деди.

Ал тымызын ыйлап атты.

Устаканага барып, столго таянып дөңгөчкө отурдум. Ошондо гана көзүмөн шолоктогон жаш кетти.

Канчадан бери топтолуп келген жашым куюлуп кетти. Канча убакыт отурдум ал жерде? Бир саат? Эки саат? Балким үч саат отургандырмын?

Качан турганымда кыйла жеңилдеп калганымды сездим. Бардык бугум көз жашым менен чыгып кетсе керек. Столдун бетинде эскирип бүктөлүп жаткан майлыкты алып мурдумду тазалап атып, маңдайымдагы жазууга көзүм илинди… Столдун бетинде «ЖАРДАМГА» — деп оюлуп жазылып турат.

Мени Граншанга кабыл алышты. Бирок буга сүйүнгөн да, кайгырган да жокмун. Ооба, бул жерден кеткеним үчүн, таятам айткандай «аз да болсо алыстаганым» үчүн кубандым. Оокаттарымды асма баштыгыма салып чыгып баратканда бөлмөмдү кылчайып карабадым. Кетеримде апамдан месье Мартино берген акчаны китептин арасына салып коюшун гана өтүндүм. Мен эми аны болбостон башка эч нерсеге короткум келген жок.  Ооба, бул жалганда баарын сатып алганга болбой турганын жакшы түшүндүм.

Ошол жактан жумуштары чыгып калгандыктан жаңы мектепке атам өзү жеткирип барды. Жолду катар ортобузда дээрлик эч кандай маек болгон жок. Мындан ары жолубуз башка-башка кетээрин экөөбүз тең жакшы түшүнүп турдук.

— Жаңылык болсо чалып коюңуз э?

Макул дегендей башын ийкеп койду да бир аз ыңгайсыздана эңкейип бетимен сүйдү.

— Грегуар?

— Ии.

— Же эч нерсе эмес. Ийгилик сага. Эми аракет кыл, балам. Себеби сен буга татыктуусуң. Билесиңби, буга чейин сага бир да жолу айткан эмесмин, бирок менимче сен жакшы жигитсиң… Аябай жакшы жигитсиң

Ошентти да билегимен бекем кармап коштошуп, машинасына отурду.

Мен жакшы окуучу болгонум жок, а алдыңкы окуучу болуш мага кайда… Керек болсо класстын эң арткы окуучусу да болсом керек. Бирок мугалимдер негедир мени жакшы көрүшчү…

Мисалы, бир жолу мадам Верну, француз тил мугалими, бизден сынак алды эле 20 упайлык эсептен 6 упай араң алдым.

Ошондо ал жайдары жылмайып туруп:

— Сиздин банан тазалагыч машинаңыз жакшырак болсо керек, — деп койду.

Анткени менен сүрөт жана кол эмгек жагынан алдыма ат салдырган жокмун. Айрыкча кол эмгекте мен мугалимден да ашчумун, калп айтсам өлөйүн. Кокус кимдир бирөө бир нерсесин жасай албай атса дароо эле мага келчү. Алгач бул месье Жуглеге көп жага берген жок. А азыр ал өзүнүн окуусун карап иштейт, ал тургай менден кеңеш да сурайт. Шумдугуң кургур.

Мага эң жакпаган сабак дене тарбия. Спорт жагынан бала бакчадан эле нөлмүн. А бул жерде аным тим эле оркоюп билинип калды. Себеби, жалаң эле чымыр, шамдагай балдар чогулуп алыптыр. Бул сабак аларга жагат дагы. А менин колуман болсо эч нерсе келбейт. Чуркай албайм, секире албайм, сүзө албайм, топ дегеле колума токтобойт. А ыргытуу таптакыр… Эч нер-се. Топтоголок эле нөл. Жоктун жогу.

Балдар мага күлүп калышат. Бирок ичтеринде кир жок.

— Эй Дюбоск, — дешчү алар мага. – Сен качан булчуң чыңай турган машина жасап аласың?

Же:

— Даярдангыла! Азыр Дюбоск секирет, — дешет.

Жумасына бир апам менен телефон чалышам. Андайда чү дегенде эле жаңылык барбы деп сурачумун. Бир күнү ал:

— Грегуар, болду да эми. Жаңылык болсо дароо айтарымды билесиң да. Андан көрө өзүң тууралуу айтчы. Кантип атасың? Мугалимдериң кандай экен, досторуң кандай экен…

А менин ага айта турган эч нерсем жок. Эптеп-септеп бирдемелерди айтымыш болом да тезирээк кепти бүтүргөнгө аракет кылам. Таятама байланышпаган нерсенин баары бир тыйынга да арзыбайт.

Жашоом жаман эмес болчу, бирок бактылуу да эмес элем. Мен Леон таятама эч нерсе кыла албаганым үчүн кыйналып жүрдүм. Мен ал үчүн тоолорду томкоргонго даяр болчумун. Ал үчүн керек болсо денемди майда-майда туурап, акырындан кууруйбуз десе да макул элем. Аны колума көтөрүп, боорума кысып алып жер бетин айланып чык десе да даярмын. Деги кандай болбосун аны сактап калыш үчүн чыдайт элем. Бирок эч нерсе кылганга болбойт деп атышкан соң мунун баарынын кандай пайдасы бар? Күтүш гана керек.

Мына, баарынан оору ушул. Ал мен үчүн эң кыйын маалда, тим эле ушунчалык зарыл болуп турганда жардамга келди го. А менчи? Менин эч кандай пайдам тийген жок.

Дене тарбия сабагына кирерде ушунтип ойго батып отургам. Бул жолу сабакта түйүндүү арканга тырмышып чыгышыбыз керек. Даана кордук ушул. Алты жашыман бери тырмышып келем, бирок бир да жолу башына чейин чыга алганым жок. Бир да жолу. Түйүндүү аркан – менин арылгыс азабым.

Кезек мага келгенде Момо: — Көңүл бургула, көңүл бургула, азыр инспектор Гаджеттин байпагын байкайбыз, — деп каркылдады.

Башымды көтөрүп тээ аркандын учу байланып турган түркүктүн башын карадым да: «Таята, укчу мени! Бул жолу ийгиликке жетем. Мен муну сен үчүн жасайм. Угуп атасыңбы, сен үчүн!» деп шыбырадым.

Бирок үчүнчү түйүнгө жеткенде мындан нары чыга албасыма көзүм жетти. Тишимди кычырата тиштеп туруп өлөсөлүү колумдун болгон балбырак булчуңдарын жыйырдым.  Мына төртүнчү түйүн. Бешинчи. Жетишет, азыр койо берем. Бул мен үчүн эмес. Жок, койо бербе. Мен убада бердим го! Бир онтоп алдым да бутум менен чымыркана теминдим. Жок, болгудай эмес. Колдорум тырышып калды. Так ушул маалда ылдыйдагы балдарга көзүм түштү. Бүтүндөй класс арканды тегеректеп туруптур. Аңгыча бирөө:

— Чыда Дюбоск! Тырыш! – деп кыйкырып калды.

Айла жок дагы тырмышууга туура келди. Терим жаак ылдый куюлуп, алаканым ысып-күйүп жатты.

— Дю-боск! Дю-боск! Дю-боск!

Балдар сүрөөнгө алып жатты.

Жетинчи түйүн. Болду, мындан артык чыдай албайм. Азыр өзүмдү жоготом.

А тигилер төмөн жакта мультиктин сөздөрүн хор менен ырдап киришти:

— Ким келет, ким келет? … Инспектор Гаджет! Бул ошол, бул ошол!.. Инспектор Гаджет!

Алар мени колдоп жатышты, бирок күч жетишпейт да.

Болгону эки эле түйүн калды. Мен алаканыма алмак-салмак түкүрдүм. «Таята, мына бул мен, көрүп ал! Мен сага күчүмдү жиберем. Мен сага эркимди жиберем. Ал. Баарын ал. Алар сага керек. Сен баягыда мага билимиң менен жардам бергенсиң, а мен сага өзүмдө болгон нерсем менен көмөктөшөм. Ал менин жаштыгымды. Менин кубатымды ал, демимди ал, булчуңдарымды ал. Алар кичинекей бирок, чымыр. Баарын ал таята! Баарын ал… Суранам!»

Сандарым канталап кетти. Колумду да, бутумду да сезбей калдым. Эми эң акыркы түйүн калды.

— Дагы! Да-гы! Даа-гыы!

Балдар дуулдап жатышты. Агайым болсо баарынан катуу кыйкырып алган. Өзүмө-өзүм «Уктаба!» деп бурк эттим да, бир теминип туруп түркүктүн башын кармадым. Ылдый жакта тим эле сөз жеткис шумдук башталды. Көзүмөн жаш куюлуп кетти. Сүйүнүчтүн да, оорунун да жашы эле бул. Ылдыйды карай жаны жок каптай шыпырылып түштүм. Момо менен Самуэль шап көтөрүп алып ыргыта башташты.

— Бул ошол, бул ошол! Инспектор Гаджет! – деп ырдап жатышты баары.

Мен өзүмдү жоготуп койдум.

Ошол күндөн тартып катуу өзгөрүп кеттим. Өтө чечкиндүү тартып, жумушта жеткен көк бет, өжөргө айландым. Мынча күчтүн баары кайдан келди билбейм?

Кечкисин башкалар телевизор көрүп атканда мен сыртка чыгып кетем. Талааны, токойду, айылды артка таштап алыска кетип калам. Көпкө чейин басып кете берем. Жай-жай, терең-терең дем алам. Ушунун баарын кылып жатып өзүмчө кобуранам: «Таята, ушунун баары сага. Мына мобул таза аба менен дем ал. Бул шалбаанын, тумандын жытын жытта. Мына мен. Мен сенин өпкөң болоюн, алган демиң, соккон жүрөгүң болоюн. Мен сага жардам берем. Ал баарын».  Кудум ооздон-оозго жасалма дем алдырып жаткандайсыйм. Болгону ортодо ондогон чакырым бар…

Тойо жейм, кандыра уктайм. Бактардын кабыгын кармалап, кошунанын аттарын сылагылайм. Алардын жылуу жалына колумду сойлотуп туруп: «Ал. Бул сага пайдалуу» дейм.

Бир күнү кечке маал апам чалыптыр. Мени телефонго чакырганы келаткан нөөмөтчүнү көрүп жүрөгүм солкулдап кетти.

— Жаңылык анча деле жакшы эмес балам. Доктурлар дарылоону токтотобуз деп атышат. Эч кандай пайда берген жок дейт, — деди апам.

— Анда ал өлүп калат да! — деп бөлмөнү жаңырта кыйкырып жибердим.

— Андай болсо аппаратын токтотуп салыңыз, кыйналбай өлсүн!

Ушунттим да телефонду коюп салдым.

Ушундан кийин мага баары бир болуп калды. Балдар менен стол футболун ойнойм же тынымсыз жумуш жасайм. Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт. Жашоодон көңүлүм калды. Мен үчүн таятам өлүп калган эле. Ата-энемдин чалганына жооп да кайтарган жокмун.

Ошол күнү кечинде чоң класстардан бирөө менин бөлмөмө келди. Мен тырп этпей гана уктап жаткам. Тигил келди да мени жулкулдата баштады.

— Эй! Эй дейм! Турбайсыңбы! Тур!

Чала була көзүмдү ачып булдуруктай сүйлөдүм:

— Мине.. Мне болуп тетти?

— Тотош деген сенсиңби?

— А аны эмнеге сурап атасың?

Көзүмдү ушалап уйкумду ачканга аракет кылдым.

— Ылдый жакта коляскачан бир аксакал келиптир. Чыгып Тотош экениңди көргөзүп койчу… Сен деги ошолсуң да туурабы?

Шашмалап жүрүп ыштанымды кийдим да төртүнчү кабаттан ылдый карай тоголонуп-жумаланып жөнөдүм. Чуркап деле баратам, ыйлап деле баратам.

Ал биринчи кабатта, ашкананын эшигинин жанында туруптур. Жанында ак халатчан бирөө жүрөт. Колуна тамчылатма дары көтөрүп алган.

Таятам ошол коляскасында отурган калыбында мага жылмайып турду.

А мен ушунчалык ыйлап алыпмын, жооп катары жылмайганга да жараганым жок.

— Ой жок дегенде шымыңды сыдырып койчу, Тотошум, суук тийип калбасын, — деди ал.

Ошондо гана жалжая жылмайып жибердим.

Которгон: Насыпбек АСАНБАЕВn_asanbaev

[1] Лего — дат. Leg-godt — «оюн, ырахат», кырг. «лего». Курап ойнолчу бир канча бөлүктөн турган оюнчук.
[2] Франциялык окуу системасы боюнча.
[3] Папье-маше – курамына гипс кошулуп эзилген кагаздан жасалган зат. Балдар ар кандай нерселерди жасап ойноо үчүн колдонулат.
[4] Жатаканалуу мектеп. Интернат сыяктуу