ГАМЗАТОВ Расул: Узак жолум, тоодон ылдый башталган (которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

Советтик жана россиялык белгилүү акын, прозачы, котормочу, публицист жана саясый ишмер.

*     *     *

Жылдардын аялдарга алы жетпес — мында сыр жок, дегим келет.
Бала үчүн өз энеси дайым аруу — ааламда аял аттуу сулуу демек!!!

*     *     *

Энең өтсө толоор ичте арманың,
Энең өлсө, сыздайт, ооруйт көңүлүң…
Чакырамын: дүйнө элинин балдарын!
Энелерди сыйла, өткүчө өмүрүң!

*     *     *

Дүйнөдөгү эң кымбаттуум, ардагым
Ыр жазгандан чочуйм өзүң жөнүндө…
Чын ниеттен сени сүйүп калбасын,
Окуп аны, менден дагы жашыраак,
Менден дагы татыктуурак да бирөө.

Дүйнөдөгү эң кымбатым, ардагым
Корком сага шөкөттөп ыр жазыштан…
Сүйгөн бирөө ал ырымды энчилеп,
Аны сүйгөн кара көздүү сулууга,
Арнап ийсе, пайда чыкпас тартышсам.

*     *     *

Жашоо катаал. Бийлигинен чыга албай,
Күндөр болот, кээде сөгүп, тилдеген.
Канчалык оор, канча кыйын болсо да,
Адам жоктур бул жашоону сүйбөгөн.

Баратамын татаал турмуш жолунда,
Турмуш белден нечен ирет тепседи.
Бирок чиркин, эч ким ойлоп таба элек,
Жашоо сенден кызыктуурак нерсени.

*     *     *

Каалар элем, эч ким ачка болбосун,
Каалар элем, бири ашыкча тойбосун:
Ачкалыктан заар чачса бирөөсү,
Тойгону көөп, жаман айтып койбосун.

*     *     *

Мен басканды үйрөнгөм, өзүңө адашпай барыш үчүн.
Үйрөнгөм сүйлөгөндү, өзүңө сүйүү сөзүн табыш үчүн.
Сүйгөмүн гүлдөрдү мен, өзүңө белек кылып сунуш үчүн
Сүйгөмүн мен өзүңдү, бул турмушту сүйүш үчүн.

*     *     *

Бактылуумун: алты саным ордунда,
Тагдырыма ыраазымын, а бирок,
Бул жашоодо өмүр кымбат бааланып,
Нан арзандап, болсо деймин элим ток.

*     *     *

Кээ бир кезде сүйүү ырлардан бөлөк ыр,
Жазбачудай мындан ары ойлоном.
Башка  ырларды тытып, айрып, майдалап,
Отко ыргытам жалын чачып сойлогон.

Узак жолум, тоодон ылдый башталган,
Билбейм дагы, канча күнү калганын.
Бир эле эмес, көп өмүрдү берсе да
Сүйүү ырларым жоготпос эч салмагын.

Кайда жүрүп, кандай күнгө туш келсем,
Ырларымда сүйүү, сүйүү…жаңырсын.
Коротконум болбос, майда-баратка,
Кыска өмүрүм, кетсе кайдан табылсын.

*     *     *

Башка улуттан алган аялың, которулган ырга окшош.

*     *     *

Сүйгөнүн ал бир да жолу эстегенге аракет кылган жок, анткени ал дайыма анын эсинде жүрчү.

*     *     *

“Ажаандардын ажааны ким?”—“Кара далы болгон кыз.
Атасынын төрүндө ойноп, колоктоп эр албаган”.
“Ажаандардын ажааны ким?”—“Карган акын.
Жазган ыры эчен жылдар, эл эсинде калбаган”.

Которгон Абийрбек Абыкаев