ГОРЬКИЙ Максим: Эрмек үчүн (аңгеме, которгон Сүйүнтбек БЕКТУРСУНОВ)

АҢГЕМЕ

…Коюу, боз түтүнүн буркуратып, жүргүнчүлөр поезди ыраакы талаадан, деңиздей көйкөлтүп саргарган эгиндин арасынан, килейген ажыдаарча сойлоп, көрүнбөй калат. Жапжалгыздыгы менен адамдын ичин бышырган кичинекей темир жол станциясы бар ээн, кең талаанын көңүл кош жымжырттыгын бир нече минутага бузуп, поезддин шарактаганы ымшыгын ысык абада анын түтүнү менен кошо жок болуп кетет.
Поезддин күрүлдөгөн, бирок тиричиликке байланыштуу табышы тарап, чайыттай ачык асмандын астында тынып калганда, станциянын айланасы кайта дагы жымжырт болуп, адамды бук кылат.
Талаа – алтындай сары, асман – көпкөк. Талаанын да, асмандын да учу-кыйырына көз жетпейт; алардын ортосуна бирөө таштап кеткенсиген станциянын кара-күрөң тамдары, фантазиясы жок сүрөтчү талыкпай тарткан зарын картинанын ортосуна кокусунан таамп калган сырга окшойт.
Күнүгө күндүзгү саат он экиде, түштөн кийин саат төрттө станцияга талаадан поезд келет да, эки минутадан токтойт. Ошол төрт минута – станциянын негизги, бирден бир көңүл ачкан убагы: ошол төрт минута станциянын кызматкерлерине эрмек болот.
Ар бир поездде ар түрдүү кийинип, топураган ар түрдүү кишилер болот. Алар бир паска гана келет; алардын каржалган, кайдыгер сабырсызданган өңү вагондордун терезелеринен жылт көрүнөт да, коңгуроо, ышкырык угулуп, алар талаа менен алыска, турмуш бака-шака түшүп, кыжылдаган шаарларды көздөй шарактатып жүрүп кетишет. Ошол кишилердин өңүн көрүү станциянын кызматкерлерине кызык; поездди узатып жиберип, алар жол үстүнөн көргөндөрү жөнүндө аңгеме кылышат. Алардын айланасында – жымжырт талаа, төбөсүндө – тунжураган асман, а көңүлүндө – каяккадыр күн сайын кетип жаткан кишилерге тымызын ич күйдүлүк кылышат; эрме чөлгө камалып, турмуштан оолак тургандай, өздөрү ошерде калып жатса анан кантишмек эле.
Мына эми, поездди узатып коюп, алар жандарынан өтүп кеткен турмуштун таасиринен унчукпай, станциянын перронунда турушат, кара тасмадай созулган поезд, деңиздей көйкөлүп саргарган эгиндин арасына кирип, көрүнбөй калды. Баары ошерде: станциянын начальниги – казак-орустукундай муруту чоң, жылдыздуу, толмоч ак жуумал адам; анын жардамчысы – теке сакал, куйкул сары жигит; станциянын сторожу – шыпылдаган, мытаам, кидийген Лука; стрелочниктердин бири – сөзгө сараң, бою чымыр, кереге сакал Гомозов.
Станциянын босогосундагы скамейкада начальниктин зайыбы – ысыктан абдан кыйналган, бою жапалдаш, толмоч аял отурат. Аялдын алдында ымыркай бала уктап жатат, куду энесине окшоп, баланын бети да борсоюп кыпкызыл.
Жерге сойлоп кирип кеткенсип, эңишке түшкөндө поезд такыр көрүнбөй калат. Ошондо станциянын начальниги зайыбына:
– И, Соня, самооруң беленби? – дейт.
– Албетте, – деп зайыбы эрингенсип, акырын жооп кайтарат.
– Лука! Сен тиги… полотно менен перронду шыпырып кой… Көрдүңбү, кайдагы акыр-чикирдин баарын чачып кетишти…
– Билем, Матвей Егорович…
– Түзүк… Кош? Чай ичпейсизби, Николай Петрович?
– Өнөкөт иш да, – дейт жардамчысы.
Күндүзгү поездди узаткандан кийин, Матвей Егорович зайыбынан:
– И, Соня, обед даярбы? – деп сурайт.
Анан Лукага күндөгүсүндөй эле бир түрдүү буйрук берет да, тамакты өздөрүнүкүнөн иччү жардамчысын чакырат:
– Кош? Обед ичпейсизби?
А жардамчысы ага жүйөлүү жооп кайтарат:
– Ар дайымкыдай…
Гүлдөрү көп, мебели аз, ашкана менен баланын ороосу жыттанган бөлмөгө перрондон келишет да, столго тегерете отуруп алып, жандарынан бир паста өтүп кеткендер тууралуу сөз салышат.
– Байкадыңызбы, Николай Петрович, экинчи класста бараткан сары көйнөкчөн кара тору келинчекти? Балээдей эме көрүнөт!..
– Жаман эмес, бирок жарашыгын таап кийинбептир, – деп жооп кайтарат жардамчысы.
Өзүн турмушту жакшы билген, маалыматтуу киши деп эсептеп, жардамчысы дайыма көзү жеткенсип, ток этер жерин сүйлөйт. Ал гимназияны бүтүргөн. Анын кара коленкор менен тышталган дептерчеси бар; атактуу кишилердин газеталардагы фельетондорунан, китептеринен өзү окуусунан окуган ар түрдүү санат сөздөрдү ошол дептерчесине жазып алат. Кызматка тиешеси жок маселелердин баарында начальник аны шексиз авторитет деп эсептеп, сөзүн кунт коюп угат. Николай Петровичтин дептерчесиндеги түшүнүгү татаал сөздөр ага бөтөнчө жагат, ошондуктан ал аркы-беркини ылгаштырбай, андай сөздөргө маашыр болот. Кара тору келинчектин сары көйнөгү жөнүндө жардамчысынын айтканынан улам, Матвей Егорович суроо берет:
– Кара тору аялдарга сары жарашпайбы?
– Мен түсү жөнүндө эмес, фасону жөнүндө айтып жатам, – деп туюндурат Николай Петрович, тамчылатпай, айнек вазадан блюдочкага варенье салып жатып.
– Фасону болсо – анын жөнү башка!.. – деп макул болот начальник.
Сөзгө анын зайыбы да кийлигишет, себеби бул тема – ага белгилүү жана түшүнүктүү. Бирок бу кишилердин акылы кылдат болбогондуктан, аңгеме жай созулуп, алардын сезимин чанда гана козгойт.
Шырп эткен табыш жок талаа, тунжурап көйкөлгөн асман терезеден карап турат. Саат сайын товар ташыган поезд келет, бирок поезддерди тейлеген кишилер небактан бери тааныш. Кондукторлордун баары – уйкусу канбаган, ээн талаада сапар чегүүдөн зеригип, каржалган кишилер. Ошондой болсо да, кээде алар: паланча чакырымда бир кишини бастырып кеттик деп, линияда болгон окуя жөнүндө сүйлөп беришет же паландай кызматкер штраф төлөдү, түкүндөй кызматкер башка жумушка көчүрүлдү деп, кызмат жагынан болгон жаңылыктарды айтып беришет. Андай жаңылыктар талкууланбайт, таттууну жакшы көргөн киши сейрек учуроочу ширин тамакты жутуп жиберген сыңары, андай жаңылыктарды жутуп жиберишет.
Күн асмандан талаанын четине жай жылып түшө баштайт да, жерге тиер-тийбес болгондо, кызарып кетет. Адамдын ичин бышырган, тетиги эрме чөлдөн каяккадыр алыска азгыргансыган кызгылт шоола талааны каптайт. Анан жерге бир чети тиет да, күн калкып, жерге же жердин ары жагына батып кетет. Ошондон кийин да кечиндеги албан түрдүү шоола көпкө дейре асманда жаркырайт, бирок бара-бара бозорот да, тунжураган жылуу ымырт түшөт. Жылдыздар чыгат да, жердеги зеригүүдөн коркконсуп, бүлбүлдөйт.
Иңирде талаа тарый баштайт; түндүн караңгысы станцияга туш-тушунан жылып келе берет. Акырында, көзгө сайса көрүнгүс караңгы болот. Станцияда чырак жагышат; семафордун жашыл оту – баарынан бийик, баарынан жарык. Анын айланасы караңгы, тымтырс.
Кээде коңгуроо кагылат – поездге түш деген ишарат; коңгуроонун ашыккан табышы талаага жетип, жок болуп калат. Коңгуроо кагылар менен көпкө созулбай эле, алыскы караңгыдан жылтылдаган кызыл от жүгүрүп чыгат да, караңгы чулгаган жапжалгыз станцияны көздөй келаткан поезддин күрүлдөгөнүнөн талаанын жымжырт болуп турганы бузулуп кетет.
Аристрократияга караганда, станциядагы кичинекей коомчонун төмөнкү катмары бир кыйла башкачараак турат. Сторож Лука станциядан жети чакырым жердеги кыштакта турган зайыбы менен инисине барып келгиси келип, дайыма өзү менен өзү күрөшөт. Станцияда «дежур боло тургун» деп жанагы улгайып калган, сөзгө сараң Гомозов деген стрелочниктен өтүнгөндө, ага кыштакта чарбам бар деп айта турган. «Чарба» деген сөздү укканда, Гомозов ар дайым күрсүнө үшкүрөт да, Лукага:
– Болуптур, барып кел. Чарбага көз болуу керек, аның туура… – дейт.
Афанасий Ягодка деген дагы бир стрелочник кызарган, тоголок бетиндеги түгүнө ак кирген эски солдат – шылдыңчыл, кытмыр киши болгондуктан, Лукага ишенбейт.
– Чарбасы! Зайыбы… бар имиш, – деп күлөт ал. – Чарбанын эмне экенин түшүнөм… Зайыбың эмне тул калды беле? Же эри солдатка кетти беле?
– Эх, сен, чымчыктын губернатору! – дейт Лука жектегенсип.
Ягодканы ал чымчыктын губернатору деген себеби, эски солдат чымчыкты өлгүдөй жакшы көрө турган. Будкасынын сыртына да, ичине да капас толтура илинген; будканын ичинен да, айланасынан да чымчыктар керели-кечке чыйпылдап сайрап, жаагы тынбайт.
Солдат капаска камаган бөдөнөлөр жаагы басылбай «бытпылдыктайт», чыйырчыктар созолонуп чыйрыйттайт, солдаттын элкин турмушун көшүлтүп, албан түстүү чымчыктар чарчабай чыйпылдап, сайрай берет. Колу бош убагында, ал чымчыктар менен алек болот, аларды эркелетип багып, жолдошторуна такыр көңүл бурбайт. Луканы ал сары жылан, Гомозовду кацап деп шылдыңдайт да, экөөн тең «катыныңарга кошомат кыласыңар», ошон үчүн силерди сабоо керек деп, ийменбей көздөрүнө айтат.
Лука анын сөзүн көп деле этибар кылбайт, бирок Луканын кычыгына тийсе, солдатты ал көпкө чейин, чучугуна жеткире тилдейт:
– Куу тумшук солдат, салпаяк! Сен эмне түшүнмөк элең, журтта калган барабанщик? Өмүр бою замбиректин астынан бака кууп, полктун капустасын кайтарып жүрүп өткөнсүң… ой жүгүртүү сенин ишиңби? Бөдөнөлөрүңө баргын, чымчыктардын командири!
Сторождун тилдегенин камырабай угуп, Ягодка даттанганы станциянын начальнигине барат, болор-болбос иш менен мага келбегиле деп чаңырып, начальник солдатты кууп чыгат. Анан Ягодка Луканы таап алат да, албууттанбай шашпастан, чубалжыган жаман сөздөр менен аны өзү сөзгө баштайт, анын сөккөнүнө чыдай албай, түкүрүнүп, Лука бат эле качып кетет.
Солдаттын айып ачкан сөзүнө Гомозов үшкүрүк менен жооп кайтарат да, оңойсузданып актана баштайт:
– Айла барбы? Аны эчтеме кыла албайсың… Албетте, анысы тентектик… бирок сын такпа, өзүңө да эч ким сын такпайт…
Бир жолу солдат күлүп, ага жооп кайтарды:
– Сокур көргөнүн койбойт, дүлөй укканын койбойт! Сын такпа, сын такпа эле дейсиң… сын такпасаң, эл эмне жөнүндө сүйлөмөк эле.
Начальниктин зайыбынан башка, станцияда дагы бир ашмачы аял бар болчу. Аты Арина эле, жашы кыркка келип калган, өңү абдан суук: бакчайган, эки эмчеги салактаган, бети-башы дайыма кир, кийими жыртык аял. Теңселип басат, бети чаар, коркконсуп жүлжүйгөн көздөрүнүн айланасын бырыш баскан. Анын эби-сыны жок кебетесинде кандайдыр эзилип-жанчылган күңдүн шынаасы бар, тултуйган эриндери бардык кишилерден кечирим сурап, алардын аягына жыгылгысы келгенсип, ыйлоого батынбагансып, дайыма түйрүлүп турат.
Аринаны анчалык деле таңазар албай, Гомозов станцияда сегиз ай турду; Арина менен жолугушуп калганда, ал: «Аманбы!» – деп гана тим боло турган. Арина да ошондой эле амандашып, бир-эки ооз сөз айтчу эле да, ар кимиси ар жакка кете берүүчү. Бирок бир күнү Гомозов станциясынын начальнигинин ашканасына келди да, Аринага: «Көйнөк жамап берчи» – деди. Арина макул болду да, көйнөктөрдү жамап, негедир ага өзү алпарды.
– Мына, рахмат! – деди Гомозов. – Үч көйнөк, ар бири он тыйындан болгондо, демек, менден сага отуз тыйын керек… Туурабы?
– Ошондой го… – деп жооп кайтарды Арина. Гомозов ойлонуп, көпкө чейин унчукпай турду да, акырында:
– А сен кайсы губерниядансың? – деп сурады ал, өзүнүн сакалынан көзүн айрыбай карап турган аялдан.
– Рязань губерниясынан… – деди Арина.
– Алыстан экенсиң! А биерге кандайча келдиң?
– Жөн эле… Жалгызмын… Жалгыз боймун…
– Жалгыз бойлуктан мындан да алыс кетүүгө болот – деп, Гомозов улутунуп койду.
Экөө дагы көпкө дейре унчукпай турду.
– Мына мен да Нижний Городдук болом, Сергач уездинен… – деп сүйлөй баштады Гомозов. – Мен да жалгыз боймун, бар турганым ушул. А менин чарбам, зайыбым бар эле… Эки балам болгон. Зайыбым холерадан өлгөн, а балдарым мындайча жөн эле… А өзүм болсом… кайгыдан чүнчүдүм. Рас… Кийин кайта дагы баш курмакчы болуп көрдүм – жок, машинанын кедери кетип, иштебей калган экен. Ошентип… башым ооган жакка кете бердим, демек, жолбун болгонум да… далбас урганыма мына эми үч жыл болоюн деп калды…
– Өз үйүң болбогон соң, жаман, – деди Арина акырын гана.
– Ананчы!.. Сен эмне жесирсиңби?
– Кызмын.
– Кайдагынын кызы! – деп, Гомозов көз көрүнөө шектенди.
– Кудай урсун, кызмын, – деп ишендирди Арина.
– Эмне, эрге тийген жок белең?
– Мени ким алмак эле? Эчтемем болбосо… ким кызыгат… анын үстүнө өңүм да сулуу эмес…
– Түзү-үк… – деп, Гомозов ойлогондой созуп айтты да, сакалын сыйпагылап, ага тигиле карап калды. Анан, маянаң канча деп сурады.
– Эки жарым сом.
– Түзүк. Кош… демек, менден отуз тыйын дечи? Эмесе мындай… кечинде келип алгын… саат он ченде, макулбу? Акчаны ошондо берем… чай ичип, эрмектешип сүйлөшүп отурарбыз… Экөөбүз тең жалгыз бой экенбиз… келбей койбо!
– Келейин, – деди да, Арина чыгып кетти.
Кийин, дал кечки саат ондо келип, Арина аныкынан таң куланөөк болгондо кетти.
Гомозов аны экинчи ирет чакырган жок, отуз тыйынын да бербеди. Ал чакыртпай өзү келди, келгенде да аңкайып, кыңк этпей келип, Гомозовдун жанына унчукпай туруп калды. Гомозов койкасынан турбай, ага карады да, дубал жакка жылып:
– Отур, – деди.
Арина отурганда, ал:
– Сен бар го алигини оозуңан чыгарба. Жан билбесин! Бирөө билип койсо мага жаман болот… мен жаш эмесмин, сен да… Түшүнөсүңбү?
Түшүнөм дегенсип, Арина башын ийкеп койду.
Узатып жатып, Гомозов ага жамагын деп кийимин берди да, дагы эскертти:
– Бир да жан билүүчү болбосун!
Байланышын жан бүткөндүн баарынан жашырып, экөө ошентип жашай баштады. Арина ага түн ичинде уурданып жылып келет, бийлик бүт өз колуна өткөн эмече ырай кылып, ал Аринаны кабыл алат да, кээде жашырып-жаппай:
– Иреңиң мындай жаман болорбу! – дейт.
Арина ага унчукпай, айыптуу эмече жылмая күлүмсүрөйт да, берки берген жумушту дайыма ала кетет.
Алар анда-санда көрүшөт. Кээде Гомозов, станциядан жолугушуп калганда, ага күбүрөп:
– Бүгүн келгин… – дейт.
Зарылдыгын өзү түшүнө баштаган милдетин орундатканы келгенсип, чаар иреңин томсортуп, Арина ага моюн сунуп келет. А үйүнө келатканда, кайта дагы айыптуу, корккон эмече жылдызы өчөт, анын иреңинин андай болгону Гомозовго көнүмүш нерсе эле. Кээде ал кайдагы бир бурчка же жыгачтын далдасына токтоп, көпкө дейре талааны карап турат. Талаада караңгы түн, тунжурап жымжырт болуп тургандыктан, жүрөгү оозуна тыгылат.
Бир жолу кечки поездди жөнөтүп коюп, станциянын чоңдору Матвей Егоровичтин квартирасынын терезесинин алды жагындагы бакта, теректердин көлөкөсүнө отуруп чай иче башташты.
Ысык күндөрдө алар көп жолу ошентише турган, канткени менен алардын көңүлсүз турмушунда антип чай ичкендери эрмек болчу эле. Чай ичип отурушту да, поездден көргөн-билгендерин сүйлөп бүтүрүп, унчукпай калышты.
– Кечээгиден бүгүн ысыгыраак болуп турат, – деди Матвей Егорович, бир колу менен бош стаканды зайыбына берип, бир колу менен бетинин терин аарчып.
Зайыбы стаканды алып жатып:
– Зериккенден ысыгыраак көрүнүп жатат… – деди.
– Гм! Бул айтканың туура… Мындай учурда карта жакшы… бирок үч гана кишибиз…
Николай Петрович далысын күйшөдү да, көзүн жылчыйтып, тактап сүйлөдү:
– Шопенгауэрдин сөзү менен айтканда, карта ойноо – акылдын мажүрөөлүгү.
– Кыйын айткан экен! – деп элжиреп кетти Матвей Егорович. – Кандай эле? Акылдын мажүрөөлүгү… ырас! Ким айткан дедиңиз?
– Шопенгауэр, немец философ…
– Фи-лософпу? Мм…
– А философ дегендер университеттерде кызмат кылабы? – деп билгиси келди Софья Ивановна.
– Сизге кандай деп түшүндүрсөм? Философ чин эмес, а… мындайча айтканда, тубаса зээндүүлүк… ойлоого, ар нерсенин кандай башталып, кандай бүтөөрүн издөөгө жөндөмдүү болуп төрөлгөн ар бир адам… философ боло алат. Албетте, университеттерде да философтор бар… бирок жөн эле мындайынча … темир жолдо да философтор болушу мүмкүн.
– Жанагы университеттерде иштегендери маянаны көп алышабы?
– Акылына жараша…
– Төртүнчү киши болсо, сонун тамаша кылат элек! – деди Матвей Егорович улутунуп.
Сөз ушуну менен токтоп калды.
Көпкөк асманда торгой сайрайт, теректе бутактан бутакка секирип конуп, малиновка чыйпылдайт. Бөлмөдөн баланын ыйлаганы угулат.
– Арина андабы? – деп сурайт Матвей Егорович.
– Албетте… – деп гана жооп кайтарат зайыбы ага.
– Тиги Арина өзгөчө катын, байкап коюңуз, Николай Петрович…
– Өзгөчөлүк – кедери кеткендиктин биринчи белгиси, – дейт Николай Петрович, ичинен өзүнчө сүйлөгөнсүп, көп ойлонгон акылдуу кишиче.
– Кандай? – деп жандана түшөт начальник.
Николай Петрович санат сөзүн түшүнүктүү кылып кайталаганда, ал көзүн кыбыңдатып жүлжүйтөт да, Софья Ивановна муңканып сүйлөй баштайт:
– Окуганыңызды сиз такыр унутпайт экенсиз… а мен бүгүн окуганымы эртең эле унутуп коём, эсимде такыр эчтеме калбайт… Бая күнү эле «Нива» китепчесинен кандайдыр эң кызык, тамашалуу бирдеме окудум эле, а эмне окуганымын бир сөзү да эсимде жок!
– Өнөкөт, – деп кыска гана түшүндүрдү Николай Петрович.
– Жок, бул жакшыраак жанагыдан… ким эле? Шопенгауэрден… – дейт Матвей Егорович күлүңдөп. – Демек, жаңынын баары эскирет экен да!
– Эскинин баары да жаңырат, анткени бир акын айткан экен: «Ырас, болмуштун даанышмандыгы үнөмдүү: анда жаңынын баары эскиден тигилет».
– Шайтандыкы-ой! Бу сиздин сөзүңүз кандай… жөн эле чууруп турат экен!
Матвей Егорович маашыр болуп күлөт, зайыбы жайдары күлүңдөйт, а Николай Петрович корстон болот да, анысын билдиргиси келбегени менен билдирип коёт.
– Жанагы мажүрөөлүк жөнүндө ким айткан эле?
– Барятинский, акын.
– А экинчиси ким эле?
– Фофанов, ал да акын.
– Кыйын кишилер экен! – деп, Матвей Еговорич акындарды кубаттайт да, маашыр болгондой күлүңдөп, эки сап ырды кыңылдап кайталайт.
Зеригүү аларды ойнотуп тургансыйт, – бир паска аларды кучагынан чыгарып жиберип, кайра кыса кучактайт. Ошондо алар, чай ичүү ого бетер күчөткөн ысыктан ынтыгып, кайта дагы унчукпай турушат.
Талаада жалаң гана күн.
– Баса, Арина тууралуу сүйлөй баштабадым беле, – деп эстей коёт Матвей Егорович. – Абдан кызык катын, ага карап туруп таң калам. Бирдеме ындынын өчүрүп койгонсуйт, күлбөйт, ырдабайт, аз сүйлөйт… кандайдыр маңыроо сыяктанат. Анткени менен, абдан жакшы иштейт, билесизби, Леля менен ушундай убара болот, баланы ушундай багат…
Сөзүмү Арина терезеден угуп койбогой эле деп, ал акырын сүйлөйт. Малайды көөп кетпесин десең, аны көрүнөө мактоого болбой турганын ал жакшы билет. Көп нерсени билген эмече кабагын чытып, зайыбы анын сөзүн бөлүп жиберет:
– Сен сүйлөбөй эле кой… ал тууралуу сен көп нерсени билбейсиң!
Сени сүйүп,
Сага күйүп
Азгырылдым,
О, шайтаным!
– деп, Николай Петрович столду кашык менен тыкылдатып, күүгө келтирип айтат да, күлүмсүрөп коёт.
– Эмне, кандай дедиңиз? Арина… жо, жок, экөөң тең калп айтасың! – дейт да, Матвей Егорович каткырып калат. Эки жаагы бүлкүлдөп, маңдайынан тер агып кетет.
– Андай иш менен такыр тамаша кылууга болбойт! – деп токтотот зайыбы аны. – Биринчиден, ымыркай баланы багат; экинчиден, нандын кандай болгонун көрдүңбү? Өтө ачытып, күйгүзүп жибериптир… А эмне себептен?
– Ырас эле, нан демейдегидей эмес… ага айтыш керек! Бирок кудай акы! Жанагы… андай болот экен деп күткөн эмес элем! Арина го камыр! Атаа оңбогур-ая! А беркиси ким! Лукашкабы? Картаң шайтанды мен маскара кылайын! Же берки Ягодкабы? А-а, кызыл ээк!
– Гомозов… – деп гана тим болду Николай Петрович.
– Койчу? Ошондой улгайып калган кишиби? О-о? Сиз анчейин эле оюңуздан чыгарып айтып жатасыз го, я?
Бул оор тырмап күлөрлүк тарых Матвей Егоровичке жага бербей калды. Ал бир туруп көзүнөн жаш акканча күлөт, бир туруп ашык болгондорго катуу айтыш керек деп мостоюп калат; анан ал экөөнүн эзилише сүйлөшкөнүн элестетет да, кайта дагы каткырыгы таш жарып күлөт.
Акырында, ал кызыгып кетет. Анда Николай Петровичтин иреңи томсоруп, Софья Ивановна эрин кагып коёт.
– Атаа шайтандар-ая! Силерди бир шылдың кылайын! Кызык болот… – деп, Матвей Егорович дале койбойт.
Лука келет да:
– Телеграф тыкылдап жатат… – дейт.
– Азыр, балам. Кырк экинчи поездди чакырып коңгуроо как.
Лука поездди чакырып коңгуроо кагып жаткан станцияга бир аздан кийин жардамчысы менен келет. Николай Петрович аппараттын жанынан отуруп, коңшулаш станциядан: «№ 42 поездди жөнөтүүгө мүмкүнбү?» – деп сурайт, а начальниги күлүңдөп, конторада арыбери басып жүрөт да:
– А шайтандарды экөөбүз куп гана тамаша кылалы… канткен менен эрмек үчүн, анча-мынча күлөбүз да… – дейт.
– Андай кылууга мүмкүн!.. – деп макул болот Николай Петрович, аппаратты тыкылдатып жатып.
Философ келте бакай кылып сүйлөшү керек экенин ал билет. Күлүш үчүн көп узабай эле аларга ыңгайлуу учур туш келди. Бир түнү Гомозов погребдеги Аринага келди; Арина аерге, ар түрдүү таштанды чарба эмеректеринин арасына анын буйругу, начальниктин зайыбынын руксаты боюнча жайланышкан болчу. Погребде дымкыл, суук эле, а сынык орундуктар, челектер, тактайлар, ар кандай акыр-чикир карарып, мокочодой болуп көрүнө турган; Арина ошолордун арасында жалгыз болгондо ушунчалык коркчу эле, жакшы уктай албай, бир нече боо самандын үстүндө көзүн бакырайтып, билген дубаларын ичинен окуп, жата бере турган.
Гомозов келип, унчукпай аны көпкө чейин уйпалап басып эзди да, чарчаганда уктап калды. Бирок бир аздан кийин Арина чочуган эмече шыбырап, аны ойготту:
– Тимофей Петрович! Тимофей Петрович!
– Эмне? – деп сурады Гомозов уйкулуу көзү менен.
– Бизди камап коюшту…
– Кандайча? – деп сурады Гомозов, башын шап көтөрүп.
– Келишти да… кулпу менен…
– Келжиребе! – деп корккондой, ачуулана шыбырады ал Аринаны түртүп.
– Өзүң карап көр, – деди Арина, каяша кылбай.
Гомозов ордунан туруп, жолундагы буюмдарга чалынып, эшиктин алдына келип, каалганы түртүп көрдү да, бир аз унчукпай туруп кабагын бүркөп:
– Муну кылган солдат… – деди.
Каалганын ары жагынан шаттанган каткырык угулду.
– Ачкын! – деп сурады Гомозов, добушун бийик чыгарып.
– Эмне? – деген солдаттын үнү угулду.
– Ачкын дейм…
– Эртең менен ачабыз, – деди да, солдат четке чыга берди.
– Дежурством бар, шайтан! – деп кыйкырды Гомозов, бир жагынан ачууланса, бир жагынан жалынгансып.
– Мен дежур болоюн… отура бер!.. – деди да, солдат кетип калды.
– Эх, ит! – деп күбүрөдү стрелочник, убайым жегенсип. – Шашпа… сен баары бир мени камап коё албайсың… Начальник деген бар… ага эмне дээр экенсиң? Ал – Гомозов кайда? – деп сураар. Ошондо сен ага жооп берерсиң…
– Мүмкүн, начальник өзү каматкандыр, – деди Арина, үмүтүн үзгөндөй акырын гана.
– Начальникпи? – деп чочуп кетти Гомозов. – Ал эмнеге каматмак эле? – деп бир аз унчукпай турду да, анан Аринага чаңырды:
– Калжыраба!
Арина үшкүрүп гана тим болду.
– Бул эми эмне болот? – деп сурады стрелочник, босодогу челектин үстүнө отуруп жатып. – Кандай гана маскара болдум! Ушунун баарын кылган сенсиң, иреңи суук шүмшүк, баарын кылган сенсиң… у-у!
Аринанын дем алганы угулган жакка ал муштумун түйүп, ызырынып койду. Арина үндөгөн жок.
Алар дымкыл ымырттан – борсуган капустанын, көк даттын, мурунду кычыштырган кычкыл дагы бирдеменин жыты сиңген ымырттан көрүнбөйт. Каалганын жылчыгынан айдын тасмадай жарыгы түшүп турат. Станциядан жөнөгөн товарный поезддин шарактап күрүлдөгөнү эшиктен угулат.
– Эмне унчукпайсың, албарсты? – деп сүйлөй баштады Гомозов, жутуп жиберчүдөй ызырынып. – Эми эмне кылам? Кылгылыктын баарын кылып коюп, унчукпайсыңбы? Ойло, шайтан, эмне кылабыз? Маскарачылыктан кайда качып кутулам? О кудайым! Муну менен эмне байланыштым экен!..
– Кечиргиле деп өтүнөйүн, – деди Арина акырын гана.
– Анан?
– Мүмкүн, кечиришер…
– Андан мага эмне пайда? Кош, сага кечиришсин, анан? Мен маскара болуп кала беремби, жокпу? Мени шылдыңдап күлбөй коюшмак беле?
Бир аз унчукпай туруп, Аринаны ал дагы жемелеп, тилдей баштады. А убакыт аябай жай өттү. Акырында калчылдаган үнү менен аял андан:
– Айыбымды кечиргин, Тимофей Петрович! – деп сурады.
– Башыңды союл менен жара чаап кечирсе болор эле! – деп ырылдады Гомозов.
Наалытып, ындын өчүргөн, эзип ооруткан тым-тым, караңгыга камалган эки киши үчүн кайта дагы башталды.
– Жараткан-ай! Тезирээк эле таң атса экен, – деп санаасы тынбай жалбарды Арина.
– Бас жаагыңды… мен сага таң арттырармын! – деп Гомозов дагы опузалады да, аны дагы сөгө баштады. Анан жымжырт болуп, унчукпай калышты, экөөнүн жанына мына ошол жаман батты. Ушул эки кишинин күлкү болгонуна моокуму канып, ар бир минут өткүсү келбей манчыркагансып, таң жакындаган сайын убакыттын мейримсиздиги улам күчөй берди.
Акырында Гомозов үргүлөп кетти да, погребге жанаша жерден тооктун чакырганынан ойгонду.
– Эй, сен.. мастен! Уктап жатасыңбы? – деп сурады ал кобурап.
– Жок, – деди Арина, күрсүнө үшкүрүп.
– Уктасаң болмок экен! – деп какшыктады стрелочник. – Эх, сен…
– Тимофей Петрович – деп, Арина чыңырып жибере жадады – ачууланба мага! Аягын мени! Кудай үчүн сураганым – аягын! Жалгызмын мен, курган жалгыз башыман бөлөк эч кимим жок! Сен мага… маңдайыма бүткөн жакыным – жалгыз сенсиң…
– Озондобо, элге күлкү кылбагын! – деп томсоруп, бир аз жаны ачыган Гомозов аялдын туталанып шыбыраганын токтотуп койду.
– Кудай урган соң… унчукпа…
Экөө дагы үндөбөй, качан өтөр экен деп минута сайын акыйды. Бирок эч кандай өзгөрүү болбой, минуталар өтө берди. Мына эми, акырында, каалганын жылчыктарынан күндүн шооласы жарк этип, погребдеги караңгыны күмүш жиптей тепчип өттү. Узак созулбай эле погребдин жанынан дүбүрт угулду. Кимдир бирөө эшиктин алдына келип бир аз туруп, кайра басып кетти.
– Кар-ра мүртөздөр! – деп ызырынып, Гомозов жерге түкүрдү.
Кайра дагы унчугушпай чымырканып, күтүп калышты.
– Кудай-ай!.. Өзүң кечире көр.. – деп күбүрөдү Арина.
Погребге акырын басып келатышкансыйт… Кулпу калдырайт да, начальниктин сүрдүү үнү угулат:
– Гомозов! Аринаны колунан жетелеп, бери чык, кана, тез!..
– Бас! – деп күбүрөдү Гомозов. Арина басып келди да, башын жерге салып, аны менен жанаша турду.
Каалга ачылды, станциянын начальниги босогодо туруптур. Ал эңкейе сүйлөдү:
– Нике кыйдырып үйлөнгөнүңөрдү куттуктайм! Келиңиздер! Музыка, ойно!
Гомозов босогодон аттады да, чуру-чуу, тарса-турс табыштан кулагы тунуп, токтоп калды. Эшиктин алдында Лука, Ягодка, Николай Петрович турган экен.
Лука чаканы муштагылап, бирдемени эчкиче маарап ырдады; солдат чоорун тартты, а Николай Петрович колун арбаңдатып, оозуна жел толтуруп алып, эрди менен трубаны туурап:
– Пум! Пум! Пум-пум-пум! – деп күпүлдөдү.
Чака дүңкүлдөп, чоор чыйылдап, дарылдап жатты. Матвей Егорович боорун басып алып каткырды. Өзү кумсарып, эрди диртилдеп күлүмсүрөмүш болуп, өздөрүнүн алдында калтаарып турган Гомозовду көргөндө, начальниктин жардамчысы да каткырды. Башын жерге салып, былк этпей таштай калып, Арина анын арт жагында турду.
Тимофейге Арина
Эмизиптир бал тилин… – деп Лука болбогон эмени ырдап, Гомозовго обу жок ыржаңдады. А солдат Гомозовго чукул келип, чоорун анын кулагына такап, тарта берди.
– И баскыла… кана… колуктуңду колтуктап бас!.. – деп кыйкырды станциянын начальниги, боору катканча каткырып. Крыльцодо отурган зайыбы улам бир жагына жыгыла:
– Мотя… болду… ах! Өлө турган болдум! – деп ыкшып күлө берди.
Жолугам деп бир паска
Калдым эми азапка! – деп Николай Петрович Гомозовдун дал бетине ырдады.
– Жаңыдан турмуш кругандарга ур-ра! – деп команда берди Матвей Егорович, Гомозов алга кадам шилтегенде. Ошо замат төртөө тең: «ура» деп жабыла кулак тундурду, дарылдаган үнү менен баарынан солдат катуу кыйкырды.
Башын көтөрүп, оозун ачып, колун салактатып Арина Гомозовду ээрчий басты. Арина алды жагын аңкайып карады, бирок эчтеме көрбөгөн сыяктанды.
– Мотя, экөөнү өбүшкүлө дегин!.. Ха, ха, ха!
– Күйөө менен кыз өбүшсүн! – деп кыйкырды Николай Петрович, а Матвей Егорович күлгөнүнө шайы кетип, жыгачка жөлөнө калды.
А чака дүңкүлдөп, чоор чыйылдап, дарылдап, кыжыр кайнатты, Лука тыпылдата бийлеп, дагы ырдады:
Арина, ширин кылам – деп,
Ашыра туздап коюпсуң!
Николай Петрович дагы оозу менен:
– Пум-пум, пум! Тра-та-та! Пум-пум! Трара-ра-ра! – деп күпүлдөдү.
Гомозов казармага кирчү эшиктин алдына келип, көрүнбөй калды. Арина короодо, кутурган кишилердин ортосунда кала берди. Беркилер кыйкырып, каткырып, Аринанын кулагына ышкырып, жээликкен жиндилерче шаттанып, аны айландыра секире беришти. Үстү-башы кир, жүдөө Арина бир жагынан адамдын боору ооругандай, бир жагынан адам күлгөндөй кебетеси менен томсоруп, алардын алдында турду.
– Күйөө бала качты, а… колукту мында калды, – деп Матвей Еговорич Аринаны көрсөтүп, зайыбына кыйкырды да, кайта дагы боорун тырмап каткырды.
Арина ага кылчайып карады да, казарманы жандап талааны көздөй басты. Аны ышкырык, кыйкырык, каткырык менен узатышты.
– Болду! Койгулачы! – деп кыйкырды Софья Ивановна. – Эсин жыйсын! Обед бышыруу керек.
Арина талаага, темир жолдун боюндагы корук тилкенин ары жагындагы эгини орула элек жерге кетти. Терең ойлонгон кишиче, ал жай басып отурду.
– Кандай, кандай болду? – деп жаңы турмуш кургандардын кылыгын майда-чүйдөсүнөн бери бир-бирине сүйлөп, ушул тамашага катышкандардан Матвей Егорович кайта-кайта сурады. Бири калбай каткырып күлүштү. А Николай Петрович, анткендери аз келгенсип, акылдуулугун бир аз көрсөтө кетүү үчүн да убакыт таап, Софья Ивановнага:
–Күлүүгө арзыгандай нерсе болсо,
Күнөө эмес, чындыгында, ага күлсө! – деди да, компоюп, бирок көп күлүү – зыян! – деп койду.
Станцияда ошо күнү көп күлүштү, бирок ичкен обеддери жакшы болгон жок, себеби тамак бышырганы Арина келбеди да, обедди начальниктин зайыбы өзү даярдады. Бирок обеддин начар болгону да алардын ындынын өчүргөн жок. Өзүнүн дежур болор маалы жеткенче, Гомозов казармадан чыккан жок; маалы жетип чыкканда, аны начальниктин конторасына чакырышты да, Матвей Егорович менен Луканын каткырыгы астында, өзүңдүн чүрөгүңдү кантип «азгырдың» деп, Гомозоду Николай Петрович сураштыра баштады.
– Өзгөчөлүгү жагынан – бул биринчи күнөө, – деди Николай Петрович начальникке.
– Күнөө экени чын, – деди улгайып калган стрелочник, үлүрөйө күлүмсүрөп. Эгерде Аринаны шылдыңдап, ал жөнүндө сүйлөп бере алса, өзүнө азыраак күлүшөрүн Гомозов түшүндү. Ошондуктан сүйлөй баштады:
– Адегенде ал мага көзүн кысып коюп жүрдү.
– Көзүн кысчу беле? Ха-ха-ха! Николай Петрович, жанагыдай иреңи суук эмненин буга кандайча көз кысканын элестетип көрүңүзчү! Сонун го!
– Ошентип, көзүн кысат, анысын көрөм да ичимен: – Тамаша кылат ко! – деп ойлойм. Анан жөн турбай, айтат да: – Көйнөгүңү тигип берейин! – дейт.
– Жок, дарт көйнөк тигип берүүдө болгон эмес… – деди да Николай Петрович: – Бул, билесизби, Некрасовдун «Жасасаң да байкушсуң» деген ырынан турбайбы… – Айта, бер Тимофей!
Анан Тимофей, адегенде өзүн зордоп, бара-бара калпка оолугуп кетип сөзүн улантты, анткени калп сүйлөө өзүнө пайдалуу экенин көрүп турду. Алар сөз кылган аял ошол учурда талаада жатты. Ал деңиздей көйкөлгөн эгиндин арасына окчун кирип, жерге зорго отурду да кыймылдабай, ошерде көпкө чейин жатты. Аркасына тийген күндүн ысыгына чыдай албаганда, оонап чалкасынан жатты да, чайыттай ачык асманды, асмандын терең жериндеги андан да бетер жаркыраган күндү көрбөө үчүн бетин эки колу менен калкалап алды.
Маскара болуп мүңкүрөгөн ушул аялдын айланасында эгиндин машагы шуудурап, сандаган чегирткелер жаны тынбай чырылдайт.
Күн ысык эле. Аял дуба окуюн деди, эсине түшүрө албады: ыржактап күлгөн кишилер көз алдынан кетпей, Луканын шаңкылдаганы, чоордун чыйылдаганы, каткырык кулагын чуулдатты. Ошондуктанбы же ысыктанбы деми кысылды, мына эми кофтасынын топчусун чечти да, ушинтсем жакшыраак дем алар бекемин деп, денесин күнгө тосту. Этин күн күйгүзсө, зарынага окшоп, көкүрөгүн ич жагынан бирдеме көзөп жаткандай болду. Араң дем алып, ал анда-санда:
– Кудай, ай!.. өзүң кечире көр… – деп күбүрөдү. Эгиндин шуудураганы менен чегирткелердин чырылдаганы гана ага жооп кайтарат. Толкуган эгинден башын көтөрүп, ал эгиндин алтындай кулпурганын, станциядан окчун жерде, колотто сороюп турган водокачканын карарган морун, станция имараттарынын төбөсүн көрдү. Көпкөк асмандын астындагы учу-кыйырына көз жетпей, саргарган мейкинде алардан бөлөк эчтеме жок эле, Аринага жерде жалгыз өзү гана бардай, өзү жердин дал ичинде жаткандай, жалгыз башынын күйүтүнө ортоктош болгону эч качан, эч ким келбечүдөй болуп көрүндү.
Кечке жуук ал эки кишинин:
– Арина-а! Аришка, шай-айтан! – деп кыйкырганын укту.
Угулган кыйкырыктардын бири – Луканын, экинчиси – солдаттын үнү эле. Ал үчүнчү кишинин үнүн уккусу келди, бирок үчүнчү добуш угулган жок да, чаарайган бетинен төшүнө жашын чууртуп, ал шолоктоп ыйлап жиберди. Ыйлады, сай-сөөгүн улам катуураак какшаткан жанагы зарынасын басуу үчүн, жылаңач төшүн кургак жерге өйкөдү. Ыйлады, ыйлаганымы бирөө угуп, ыйлатпай койбогой эле деп коркконсуп, озондогону турганын басып, дымын чыгарбады.
Кийин түн болгондо ордунан туруп, станцияны көздөй илкип басты. Станциянын имараттарына келгенде, погребдин дубалына аркасы менен жөлөндү да, талааны карап көпкө чейин турду. Товарный поезддер келип, кетип жатты; өзүнүн маскара болгону жөнүндө кондукторлорго солдаттын айтканын, кондукторлордун каткырганын ал угуп турду. Сары чычкандардын аңкыштаганы араң угулган ээн талааны аралап, алардын каткырыгы ыраакка угулду.
– Жараткан кудай! Өзүң кечире көр… – деп үшкүрдү аял, дубалга такай сүйөнүп. Бирок жүрөгүн мыжыккан оор күйүткө үшкүрүк дабаа болгон жок.
Таңга жуук ал станциянын чердагына акырын чыкты да, өзү жууган кирлерди кургатканы илчү аркандан сыйыртмак жасап алып, ошерге муунуп өлдү.
Өлүктүн сасыган жытынан улам, Аринаны эки күндөн кийин табышты. Адегенде баары коркуп кетишти, анан: бул иште ким айыптуу? – деп талкуулай башташты. Гомозов айыптуу деп, Николай Петрович кынтыксыз далилдеди. Анан станциянын начальниги стрелочникти тумшукка бир койду да, оозуңан чыгаруучу болбо деп коркутту.
Өкмөт кишилери келип, тергөө жүргүздү. Арина убайымчыл болгон себебинен муунуп өлүптүр деп аныкталды… Аны талаага алпарып көөмп салгыла деп, жол мастеринин жумушчуларына тапшырышты. Аны көмгөндөн кийин станцияда тартип, тынчтык кайта дагы дооран сүрдү.
Эл болбой зериккендеринен, бекерчилик менен ысыктан саргайып, станциянын кишилери өтүп жаткан поезддерге ичи күйүп, суткасына төрт минутадан кайта дагы жашай башташты.
… А кышында алай-дүлөй бурганак талаада уңшуп, кичинекей станцияны күрткү басканда, станциянын кишилеринин турмушу андан бетер көңүлсүз болот.
Которгон Сүйүнтбек БЕКТУРСУНОВ