ДАЛЬ Роальд: Мелдеш (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Саат алтыга жакын, бассейнди тегерете тизилген чатырчалардын астындагы аппак столдордун биринде олтуруп, сыра ичип, таза абада эс алгым келди. Бакчанын арасындагы бардан сыра алдым да, бакчаны аралап столдордун бирин көздөй жөнөдүм.

Бакча ажайып эле: чөбү тегизделип чабылган жашыл аянтчалар, азалия гүлдөп турган клумбалар, алардын тегерегинде өскөн бийик кокос пальмалары алда немедей көрүнөт. Катуу шамал пальмалардын баштарын ары-бери ыргалтып, жалбырактар жалындап күйүп жаткан сыяктуу шабырттаган үн чыгарышат. Жалбырактардын арасынан күрөң түстөгү салаңдаган чоң мөмөлөр көзгө урунат. Чатырчалардын алдында капкара болуп күнгө күйгөн жарым жылаңач эркектер, айымдар сыра ичип олтурушту.

Бассейинде үч-төрт айым, 5-6 эркек сууну шалпылдатып, резинка топту талашып ойноп жүрүшүптүр. Мен токтоп, аларды карап бир аз турдум. Кыздар мейманканада жашаган англичанкалар эле, жаш жигиттерди мурда көрбөптүрмүн, америкалыктардын акценти менен сүйлөшкөндөрүнө караганда, эртең менен жээкке келип токтогон америкалыктардын деңиз окуусун үйрөтүүчү кемеден түшкөн курсанттар болсо керек деп ойлоп койдум.

Мен төрт орунтугу бош турган, сары чатырчанын алдына барып олтурдум да, сыраны куюп, тамекимди тутанттым.

Салкын абада сыра ичип, тамеки түтөтүп олтурган кандай жагымдуу. Ырахаттанып, көгүлтүр сууда ойноп-жыргап жүргөн жаштарды карап олтурдум.

Америкалык моряктар убактыларын англис кыздары менен көңүлдүү өткөрүп жатышты. Жигиттер кыздар менен аябай эле жакындашып алышыптыр, сууга чөмүлүп барып, кыздардын сандарынан кармалап ойноп жатышты.

Аңгыча бассейнди бойлой басып келаткан, бир жеринде да темгили жок, аппак кемселчен, улгайып калган кишини көзүм чалды. Кадам сайын согончогун жерден көтөрүп, секирип кетчүдөй болгон басыгы бар экен. Башында чоң күрөң панама; бассейинди бойлой, чатырчаларда олтурган адамдарды кыдырата карап коёт.

Жаныма келгенде, оозундагы карайып бараткан орсок тиштерин көрсөтүп жылмайып койду. Мен да ага жооп кыла жылмайдым.

— Кечиресиз, жаныңыздагы орун бошпу? Бул жерге олтурсам болобу?

— Алибетте, — дедим мен. — Олтуруңуз.

Ал стулга олтуруп, анын бекемдигин сынагандай копшоп-копшоп койду да, бутка салкын, майда тешиктүү ак туфлисин алдыга сунуп, буттарын кайчылаштырып көчүк койду.

— Сонун кеч болуп турат, — деди ал. —Ямайкада бардык эле кечтер жагымдуу.

Анын сүйлөгөнүнөн италиялыкпы же испаниялыкпы – ажыратып биле алган жокмун, менимче, түштүкамерикалык болсо керек.

Жакындан караганда ал алтымыш сегиз-жетимиш жаштардагы улгайган адам болуп чыкты.

— Ооба, — деп жооп бердим. — Чынында эле бул жерде аябай жакшы.

— Айтыңызчы, тиги кишилер кимдер? — Ал бассейнде түшүп жүргөн кишилерди карай колун жаңсады.— Алар биздин мейманканадан эмес окшойт.

— Менини оюмча америкалыктар болсо керек, —дедим. — Булар матрос болгусу келген америкалыктар.

— Туура айтасыз, алар америкалыктар. Алардан башка кимдер минтип ызы-чуу салып жүрүшмөк эле? А сиз америкалык эмессизби?

— Жок, мен америкалык эмесмин.

Капыстан, биздин жаныбызда америкалык моряк пайда болду. Ал бассейинден жаңы эле чыккандыктан, анын денесинен суу тамчылары шорголоп ылдый кулап; жанында англис кыз турган.

— Бул орундар бошпу? — деди ал.

— Бош, — дедим мен.

— Биз олтурсак болобу?

— Олтура бергиле.

— Рахмат, —деди ал.

Анын колунда сүлгүрү бар болчу, ал аны жайып, тамеки менен от жандыргычын алып чыкты. Ал тамекиден кызга сунуш кылды эле, алган жок, мага сунду, мен кутучадан бир тамекисин сууруп алдым. Анан тиги кишиге сунду эле, ал:

— Рахмат, мен өзүмдүн сигарамды чегем.—деди да, крокодилдин териси капталган кутучадан сигара алып, учун чөнтөгүнөн алып чыккан кыска макиси менен кесип салды.

— Тамызып алыңыз. — Жигит от жандыргычын аны көздөй сунду.

— А-а, бул шамалда күйбөйт.

— Күйгөндө да кандай күйөт. Бул эң мыкты от жандыргыч.

Тиги киши оозунан сигарасын кайра тартып алды да, башын бир жагына кыйшайтып, жигитке карады.

— Эң мыктыбы? — деди ал сөзүн таптап.

— Албетте, ал эч качан уят кылбайт. Башкасын билбейм, мени ушул убакытка чейин андай абалга туш кыла элек.

Тиги калыбын жазбай моюнун кыйшайтып, жигитти карап олтурду.

— Демек, сиз от жандыргычыңызга ишенет экенсиз да? Ушинтип айттыңыз да, туурабы?

— Ооба, — деди жаш жигит. — Так ошондой.

Ал он тогуз-жыйырма жаштарда эле; анын майда чаар баскан чап жаактуу жүзүнө, канаттуулардыкындай учтуу, ийрийген мурду жарашып турган. Күнгө анча күйө элек, сары түктүү төшүндө да майда чаарлары көрүнөт. Ал оң колунда от жандыргычын кармап, тутандырууга даяр болчу.

— Ал мени эч качан уятка калтырбайт, —деп кайталады ал жылмая, бул жолу жакшы көргөн буюмун ашыра мактаганы көрүнүп турду.

— Бир аз токтой туруңуз, бай болгур. — Сигара кармаган колун бошотуп, жүрүп бараткан машинени токтотчудай болуп, алаканын ачып алдыга сунду.

— Бир аз токтой туруңуз. — Үнү таң каларлыктай жумшак жана бир калыпта чыгып, жигиттен көзүн албай тиктеп калды.

— Анда эмесе мелдешпейлиби?— Ал жигитке жылмай карады. — От жандыргычың кандай иштерин текшерип көрбөйлүбү?

— Мелдешсе, мелдешели, — деди жигит. — Мелдешсе эмне экен?

— Мелдешти жакшы көрөсүңбү?

— Албетте, жакшы көрөм.

Тиги адам бир аз тынып, сигарасын кармалап унчукпай калды, чынын айтканда мен анын кылыгын жактырган жокмун. Ал мага өз пайдасы үчүн арам оюн камдап, кандайдыр бир тузак тартып жаткандай, тузакка илип алса жаш жигитти шылдыңдап моокумун жазчудай сезилип кетти. Ал жигиттен көзүн албай тиктеп, акырын үн катты:

— Мен да мелдешкенди жакшы көрөм. Эмесе мелдешпейлиби? Бирок байгени чоң коёлук.

— Жок, — деди жигит. — Чоң байгеге болбойт. Жыйырма беш цент, макул бир долларга макулмун, ошондо бул жердин акчасы менен канча болуп калат? Тиги адам колун шилтеп койду.

— Мени угуңуз. Келиңиз, убакытты көңүлдүү өткөзөлү. Мелдеш мындай болсун. Азыр жел тийбеген менин бөлмөмө баралы да, от жандыргычыңды он жолу катары менен жандыр, бир эле жолу күйбөй калса утулуп бересиң.

— Макулмун, ал күйөт, — деди жигит.

— Жакшы. Эң жакшы. Мелдештикпи анда?

— Албетте, мен доллар сайдым.

— Жок-жок. Мен чоң нерсе саям. Мен бай адаммын жана азартты жакшы көрөм. Мени угуңуз. Мейманкананын алдында менин машинам турат. Аябай жакшы машина. Америкадан, силердин өлкөдөн чыккан «Ка-дил-лак»…

— Э, жок. Токтой туруңуз. — Жигит отургучка чалкалап, күлүп жиберди. Менде сая турган сиздикиндей машинем жок. Бул акылсыздык.

— Эч кандай акылсыздык жок. От жандыргычыңызды он жолу күйгүзөсүз да машинаңы ала бер, “ка-дил-лак» сиздики. «Ка-дил-лактуу» болгуңуз келет да?

— Албетте, «ка-дил-лактуу» болгум келет. — Жигиттин жүзүнөн күлкү кеткен жок.

— Абдан жакшы. Мелдеше бер мен «ка-дил-лакты» коюп жатпаймынбы.

— А мен эмнемди коём?

Тигил алигиче күйгүзө элек сигарасынын сыртына оролгон кызыл кагазды сыйырып салды.

— Менин жаш досум, мен эч качан адамдан өзү бере албаган нерсени сурабайм. Түшүнөсүңбү?

— Ошондо мен эмне коюшум керек?

— Мен сенден жөнөкөй эле нерсени сурайм, макулбу?

— Макул. Жөнөкөй бир нерсе болсо айтыңыз.

— Кичинекей эле нерсе, утулуп калсаңыз да аны жоготконго кайгырып, ичиңиз оорубагандай болсун, туурабы?

— Мисалы?

— Мисалы, айталык, сол колуңуздун чыпалагы.

— Эмне дейсиз? — Жигиттин жүзүнөн күлкү кетип, мостоё түштү.

— Ооба. Эмне үчүн андай болбосун? Утсаңыз — машинаны аласыз. Утулсаңыз — мен манжаңызды алам.

— Түшүнгөн жокмун. Кантип, — манжамды алганыңыз кандай?

— Мен аны кесип алам.

— Мына сага, байге эмес бекен! Жок, мен доллар эле коё алам.

Тиги киши олтургучка чалкалай кетти, ийинин жактырбай куушуруп койду.

— Так-так-так, — деди ал. — Мен мунуңду түшүнбөйм. Эң мыкты иштейт дейсиң, анан мелдешкенден качасың. Анда бул сөздү токтотолубу?

Жигит кыймылдабай бассейнде түшүп жаткандарды тиктеп калды. Бир кезде тамекисин алигиче күйгүзө электигин эстей коюп, тамекисин оозуна тиштеп, от жандыргычын жандырды. От жандыргычтын билиги тегиз сары жалын менен күйдү; ал аны алаканы менен шамалдан калкалай кармап турган эле.

— Мен да күйгүзүп алайынчы? — дедим мен.

– О, мени кечирип коюңуз, сизди байкабай калыптырмын.

Мен от жандырычты алууга колумду сундум, бирок ал өзү тура калып күйгүзүп берди.

— Рахмат, — дедим мен, ал кайра ордуна барып олтурду.

— Сизге бул жер жактыбы? — деп сурап койдум.

— Аябай жакты, — деди ал. — Бул жерде сонун экен. Кайрадан жымжырт боло түштүк; тиги киши жигиттин жан-дүйнөсүнө капилет сунушу менен дүрбөлөң салууга жетишти окшойт. Сыртынан билдирбеген менен ички дүйнөсүндө күрөш жүрүп жатты. Бир аздан кийин отургучта жөн олтура албай туйлап, тыбырчылай кетти; адегенде төшүн тырмады, анан колдорун желкесине алып барды, кайра колдорун тизесине коюп, аны манжалары менен ургулады, анан буттары менен жерди тырсылдатып тепкилеп кирди.

— Келиңиз, сиздин сунушуңузга кайрылалык,— деп тынчтыкты бузду ал. — Сиз азыр бөлмөңүзгө барып, от жандыргычты он жолу катары менен жандырсам, «ка-дил-лак» сеники болот, эгерде бир эле жолу күйбөй калса сол чыпалагыңды кесип алам дедиңиз да, туурабы?

— Туура. Мелдештин шарты ушундай. Бирок менин байкашымча коркуп турат окшойсуз.

— Эгер утулуп калсам?  Мен колумду сунуп берип, сиз кесип аласызбы?

— О жок! Андай эмес. Сиз чыпалагыңызды кестиргиңиз келбей, колуңузду катып алсаңызчы. Андай болбойт. Адегенде мен сиздин колуңузду столго бекем байлап, бычакты көтөрүп даяр турам. От жандыргычың күйбөй калар замат, чыпалагыңды кесе чабам.

— «Ка-дил-лагыңыз» кайсы жылы чыккан? — деп кызыкты жигит.

– Кечирип коюңуз, түшүнбөй калдым.

— Качан чыккан… чыкканына канча жыл болду?

— А! Канча жылбы? Былтыр эле чыккан. Жапжаңы эле боюнча. Бирок сиз бардык америкалыктардай эле мелдешке жок экенсиз.

Жигит бир мүнөтчө унчукпай турду да, кызды бир карап, мени бир карап алып чечкидүү үн катты:

— Жакшы болот, мен макулмун.

— Абдан жакшы! — деди тиги киши алаканын ушалап.

— Эң жакшы! — Азыр баштайбыз. А сиз, сэр, —деп мага кайрылды, — бизге …жанагы… калыс болуп бере албайсызбы?

— Билесизби, — дедим.— Мен бул мелдешти өтө эле аша чапкандык деп эсептейм. Мага бул жаккан жок.

— Мага дагы, — деди кыз. Анын бул эртеден берки биринчи жолку үн чыгарышы болучу. — Менимче бул жөн эле жиндилик жана орунсуз мелдеш.

— Эгерде жигит утулуп калса, чын эле манжасын кесип аласызбы? — деп сурадым.

— Албетте. А утуп алса  «ка-дил-лак» аныкы. Анда эмесе баштоого убакыт жетти. Кеттик менин бөлмөмө. — Ал тура баштады. — Балким, сиз кийинип аларсыз? — деп сурады ал жигиттен.

— Жок, — деп жооп берди жигит. — Ушу боюнча эле бара берем.

Анан жигит мага кайрылды:

— Калыс болуп берсеңиз, мен сизге милдеттүү болот элем.

— Мейли, — дедим мен. — Барса барып берейин, бирок бул мага жакпайт.

— Жүрү, сен дагы биз менен бар, — деди ал кызга. — Жүрү, карап турасың.

Ал бизди мейманканага бакчаны аралатып ээрчитип жөнөдү. Ал көңүлдүү жана жайдары маанайда болгондуктан, басыгыгында  мурдагыдан да текирең-таскагы арбыды.

— Мен мейманкананын капталына уланган бөлүгүнөн орун алгам, — деди ал. — Балким, биринчи машинени көргүңөр келип жаткандыр? Ал жакын эле жерде.

Ал бизди эшик алдындагы аллеяга ээрчитип келди, ага жакын эле жерде жалтылдаган бозомтук-жашыл «ка-дил-лак» турган экен.

— Тигине. Жашыл. Жагабы?

— Жакпагандачы, — деди жигит.

— Жакса жакшы. Эми аны ута аласыңбы, ошону көрөлү.

Биз анын артынан мейманканага жетип, экинчи кабатка көтөрүлдүк. Ал эшикти ачканда эки жумшак керебет коюлган чоң бөлмөгө туш болдук. Бир керебеттин үстүндө халаты жатат.

— Адегенде, — деди ал, — бир аз мартини ичип алалык.

Бөтөлкө алыскы бурчтагы кичинекей столдо турган, ал жерде керектүү нерселердин бардыгы бар экен —шейкер, тоңдурулган муз, чөйчөктөр.  Ал мартини даярдай баштады, ал ага чейин коңгуроону кагып койгон эле, босогодо мейманкананын түстүү кызматкер аялы пайда болду.

— Аа! — деп койду да, колундагы бөтөлкөнү столго коюп, чөнтөгүнөн капчыгын алып, бир фунт стерлинг сууруп чыкты.

— Бай болгур, мен үчүн бир кызмат кылып коюңузчу.

Акчаны ал ага сунду.

— Мына, алыңыз, — деди ал. — Биз бул жерде бир оюн ойнойлук деп чечтик, мен сизден эки… үч буюм таап келип беришиңизди өтүнөм. Мага балка, бир аз мык жана касапчынын эт кескен бычагы керек. Сиз ушунун баарын таап келе аласыз да?

— Касапчынын бычагынбы! — Кызматчы аялдын көздөрү чакчайып, алакандары жайыла түштү. – Сизге кадимки касапчынын бычагы керекпи?

— Ооба, ооба. Эми бара бериңиз. Сиз менин айткандарымды орундатарыңызга ишенем.

— Ооба, сэр, аракет кылам, сэр. Мен аракет кылам. — Ал чыгып кетти.

Тиги киши шейкерден мартинини чөйчөктөргө бөлүштүрүп куйду. Биз, чап жаак, бетин чаар баскан, ийри тумшук, күнгө күйгөн күрөң түстүү сууга түшкөндө кийүүчү кыска турсичен жаш жигит, ичип жаткан чөйчөгүнүн үстүнөн жигитке тымызын көз кырын салып олтурган, бозомтук-көк сууга түшүүчү майкечен англис кыз, бозомтук-көк сууга түшүүчү майкечен кызга, түссүз көздөрү менен кадала караган, темгилсиз аппак кемселчен киши жана мен унчукпай чөйчөктөргө куюлган ичимдикти акырындан шимирип отурдук. Мен эмне ойлоорумду да билбей калдым. Тиги адам мелдешке чындап киришкендей. Шайтан алгырдыкы, эгер жигит утулуп калса кандай болот? Анда аны ута албай калган «ка-дил-лак» менен ооруканага жеткизүүгө туура келет окшойт. Иш болбосоң коё кал! Мунун баары мага таптакыр эле болбогон нерседей көрүндү.

— Сиз мунун баары жеңил ойлуулук, акылсыздык деп эсептебейсизби? — деп сурадым.

—Жок, мен бардыгы ойдогудай деп ойлом, —  деди жигит. Ал бир чөйчөк мартинини түгөтүп коюптур.

— А мен муну келесоолук жана жиндилик деп эсептейм, — деп сөзгө аралашты кыз. — Утулуп калсаң кантесиң?

— Мага баары бир. Мен ушул убакытка чейин сол чыпалагым менен бир нерсе кылганым эсимде жок. Мына.— Жигит чыпалагын кармалады. — Мына, буга чейин бир пайдасы тийбеген чыпалакты эмнеге байгеге койгонго болбосун? Мен бул эң жакшы мелдеш деп ойлойм.

Тиги адам жылмайып койду да, шейкерди алып, чөйчөктөрдү кайра толтуруп куйду.

— Баштаардан мурда, — деди ал, — калыска машиненин ачкычын тапшырып коёюн. Ал чөнтөгүнөн ачкычты алып мага сунду. — Документтер, — деп кошумчалады ал, — машиненин документтери менен камсыздандыруу кагаздары машинеде.

Аңгыча бөлмөгө түстүү кызматчы аял кирди. Ал бир колуна касапчылар сөөк чапкан бычак, экинчи колуна балка менен мык салынган баштыкты кармап алыптыр.

— Эң жакшы! Керектүүнүн баарын таап келипсиз. Рахмат, рахмат. Эми бара бериңиз.

— Ал кызматчы аял эшикти жапкыча күтүп турду да, андан кийин керебеттин бирине шаймандарды коюп, үн катты:

— Эмне, даярданалыкпы?  – Жигитке карап кошумчалап койду: — Жардам кылып коюңузчу, бай болгур. Келиңиз, столду жылдыралык.

Бул, мейманканалардын бөлмөлөрүнүн эмеректеринин тизмесине кирген, үстүндө соргуч кагаз менен жазуу үчүн ак барактар, сыя челек менен калемсаптар турчу кадимки эле көлөмү төрт/үч фунт төрт бурчтуу стол эле. Алар аны бөлмөнүн отосуна коюшуп, үстүндөгү жазууга керектүү нерселерди жыйнап салышты.

— Эми, — деди ал, — бизге олтургуч керек.

Олтургучту алып столдун жанына койду. Ал оюн көрсөтчү кишидей тез жана жыйнактуу кыймылдап жатты.

— Эми мыктарды бериңиз, аны бул жерге кагышым керек. – Ал мыктарды алып, столдун бетине кага баштады.

Биз — жигит, кыз жана мен  — чөйчөктөгү мартинини колубуздан түшүрбөй, анын кылгандарын карап турдук. Ал адегенде эки мыктын ортосун болжол менен алты дюм калтырып, жарымына чейин кагып, колу менен тартып көрүп  бекемдигин текшерди. Ичимден бул шүмшүк мындай ишти биринчи жолу жасап жатпаса керек деп ойлоп койдум.

Стол, мык, балка, эт кескен бычак. Ал эч ойлонуп олтурган жок. Эмне керек экенин, эмне кылышты жатка билгендей.

— Эми, — деди ал, — бизге бир аз жип керек.

Ал бир аз жипти да тапты.

— Абдан жакшы, мына эми биз даярбыз. Келиңиз, бул олтургучка отуруңуз байболгур, — деди ал жигитке.

Жигит чөйчөгүн таштап, олтургучка барып олтурду.

— Сол колуңузду бул эки мыктын ортосуна коюңуз. Мыктар сиздин колуңузду бекем байлоо үчүн керек. Жакшы, абдан жакшы болду. Эми сиздин колуңузду чыгып кетпегидей кылып столго таңып коём… та-ак…

Ал жип менен адегенде жигиттин билегин, андан кийин манжалырын ороп мыкка бекем байлап салды. Ал өзүнүн ишин мыкты аткарды, эч кимде жигит колун сууруп алат деген шек саноо болгон жок. Ал манжаларын гана кыймылдата алат эле.

— Эми чыпалагыңыздан башка манжаларды жумуп алыңыз. Чыпалак сунулган бойдон калсын. Эң жакшы! Мына биз даяр болдук. Оң колуң менен от жандыргычты тутандырасың. Бир мүнөт, мен бычагымды алып алайын.

Ал керебетте жаткан бычакты алып, жигиттин жанына келип чапканга даяр турду.

— Бардыгыңар даярсыңарбы? — деп сурады ал. — Калыс мырза, баштай бериңиз.

Бозомтук-көк сууга түшүүчү майкечен кыз жигиттин артында эле. Ал жөн гана унчукпай карап турду. Жигит оң колуна от жандыргычын алып, бычакты карап камырабай өзүн бекем кармап олтурду. Тиги киши мени карады.

— Сиз даярсызбы? — деп сурадым жигиттен.

— Даярмын.

— Сизчи? — бул суроом тиги кишиге эле.

— Мен дапдаярмын, — деди ал, бычагын чыпалактын үстүнө көтөрүп. Ал мүмкүнчүлүгүн кетирбей чапканга даяр болчу.

Жигиттин бетинде бир да булчуң кыймылдаган жок, ал кабагын түйүп, тиги кишинин кыймылына көз салып карап олтурду.

— Жакшы эмесе, — дедим мен. — Баштагыла.

— От жандыргычты канча жолу чакканымды санап турасызбы? — деп өтүндү жигит.

— Жакшы болот, мен аны өз мойнума алайын.

Ал от жандыргычтын капкакчасын көтөрдү да, дөңгөлөкчөнү бармагы менен өтө тездикте кыймылга келтирди. Оттуктан учкун чыгып, биликчеге кичинекей сары жалын жармашты.

— Бир! — дедим мен үнүмдү катуу чыгарып.

Ал отту үйлөп өчүргөн жок, калпакчаны жаап, беш секунддай күттү да, калпакчаны кайра көтөрүп, дөңгөлөкчөнү күч менен айландырды. Биликче кайрадан кичинекей жалын менен күйө баштады.

— Эки!

Бардыгы болуп жаткан окуяны унчукпай байкап турушту. Жигит көзүн от жандыргычтан алган жок. Тиги киши да бычагын шилтегенге даяр болуп, от жандыргычты тиктейт.

— Үч!.. Төрт!.. Беш!.. Алты!.. Жети!..

Сыягы, бул дайыма бузулуп калбай иштеген от жандыргычтардын бири окшойт. Оттук жакшы учкун чыгарып, билиги да жетишерлик узун болчу. Мен бармак кантип калпакчаны ылдый түшүргөнүн көрүп турдум. Бир аз тыным алат. Бармак калпакчаны кайра көтөрөт. Бардык жумушту бармак бүтүрүп жатты. Мен демимди ичиме катып, сегиз деп айтканга камынып калгам. Бармак дөңгөлөкчөнү айлантты. Оттук учкунун чачыратты. Кичинекей жалын пайда болду.

— Сегиз! — деп мен оозумду жыйып алгыча, эшик шарт ачылды.

Баарыбыз бурулуп карап калдык, босогодо кыска бойлуу, кара чач, улгайып калган аял туруптур; эки секундча токтой калды да, ал тиги кишиге кыйкырган боюнча жөнөдү:

— Кар-лос! Кар-лос!

Ал анын колунан кармап, бычакты жулуп алып керебеттин үстүнө ыргытты да, тигини жакасынан алып, болгон күчү менен силкилдетип, испан тилине окшогон тилде, катуу кыйкырып бир нерселерди айтып жатты. Ал аны ушунчалык катуу силкилдеткендиктен, ал велосипеддин айланып бараткан дөңгөлөгүнүн чабактарына окшой түштү. Буусун чыгарып алып, ал жоошуй түштү. Бөлмөнүн аркы башынан бери сүйрөп келип, аны керебетке итерип салды. Ал керебеттин кырына олтуруп, көздөрүн кыбыңдатып, башым ордундабы дегенсип, эки жакка айлантып көрдү.

— Мени кечирип коюңуздар, —деди аял. — Окуянын ушундай болуп кеткенине катуу өкүнөм. Ал англисче так сүйлөйт экен.

— Жөн эле кыжырың кайнайт, — деп улантты ал сөзүн. — Мен өзүм да күнөөлүмүн. Он мүнөт кароосуз калтырып, башымды жууганы кетсем, ал кайра баягы жоргун баштаптыр. – Ал аябай капа болуп, болгон окуяга өкүнүп жатты.

Жигит столго байланган колун чечип, бошонуп олтурду. Кыз экөөбүз унчукпай аялдын айткандарын тыңшап калдык.

— Бул өтө коркунучтуу адам, — деди аял. — Биз жашаган жерибизде ал ар кайсы кишилердин кырк жети манжасын кесип алган, он бир машинени уттуруп жиберди. Тажашканда муну башка жакка көчүрүшмөк болушту. Ошондуктан мен аны мында алып келгем.

— Биз бир аз мелдеше кеттик, — деп күңкүлдөдү керебетте отурган адам.

— Ал байгеге машине койдубу? — деп сурады аял.

— Ооба, — деди жигит. — «Ка-дил-лак».

— Анын машинеси жок. Ал менин машинем. Мындай кылган такыр жарабайт, — деди ал. — Койгонго эч нерсеси жок, анан мелдешип коёт. Анын кылыгына мен уялып да, өкүнүп да жатам.

Сыягы, ал аябай жакшы аял окшойт.

— Андай болсо мына, — дедим мен, — машинеңиздин ачкычын алыңыз.

Ачкычты столдун үсүнө койдум.

— Биз бир аз мелдеше кеттик, — деп күңкүлдөп койду тиги киши.

— Анын сая турган эч нерсеси жок, — деди аял. — Анын дегеле эч нерсеси жок. Эч нерсе. Чынын айтсам, бир кезде, андан бери көп убакыт өттү, мен андан болгон нерсесин бүт утуп алгам.

Ал жигитти карап күлүп койду, бирок күлкүсү көңүлсүз чыкты. Анан столдо жаткан ачкычын алуу үчүн колун сунду.

Менин көз алдымдан ал колдор ушул күнгө чейин чыкпайт — анын эки эле манжасы бар эле, бирөөсү бармак болчу.

Которгон Абийрбек Абыкаев