ДЕЛИӨМЕРОГЛУ Якуп: Эки чынар (аңгеме, Которгон Салия ИБРАИМОВА)

Якуп ДЕЛИӨМЕРОГЛУ

1966-жылы Түркиянын Чанкыры районунда туулган. Анкара университетин бүтүргөн. Түрк-казак Ахмед Яссави университетинде, Түркия Жазуучулар союзунда, Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматында, теле жаатында иштеген. Жазуучу, түрк тилдүү мамлекеттердин «Евразия» Жазуучулар союзунун төрагасы, «Боордош калемдер» журналынын редакциялык кеңешинин төрагасы.

АҢГЕМЕ

Ал дарактын ичинен бир нерсе угулчудай, ага бүт денеси менен ыктай, кучактап алып саамга тыңшап турду. Анан ошол тейде береги карап тургандарга:

– Бул, кулайт, – деди кыска гана.

Бир аз артка чегинип алды да, алгач дарактын тарбайган бутактарын, андан соң түп жагындагы карайган тактарды кунт коё тиктеди да, өз оюна толук ишенген сымал башын ийкеп, «бак кулайт» дегендей ишара кылды.

 

Ал райондук маданият бөлүмүнүн адиси эле. Анан дарактын кулоосун бул билбегенде ким билмек. Жанындагы жаш адистерге кылымдык дарактар да маданий баалуулук катары саналары тарыхын таржымалап атты. Европада мындай иштерге кандай чоң маани берилери тууралуу мисалдардан саймедиреп атып, дарактан узай берди. Топтошкон алардын артынан бир кадам артта келаткан медресенин күзөтчүсү Хамдиге бурулуп, аны менен коштошконсуп баштарын ийкеп коюшту да, сөздөрүн улантып кете беришти.

Медресени кыйладан бери кайтарып келаткан Хамди болсо, тиги маданият бөлүмүнүн адиси менен жанындагыларды жылмая узатып кала берди. Булардан мурда эле аймактык айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан да кишилер келип-кеткен эле.

Бул, Мурадийе медресесинин короосундагы диаметри үч метрдей даракка чагылгандын тийгени Бурса шаарын бир топ эле удургутуп койгон болчу. Биринчиден, Бурса шаарынын эң жаңы жана мыкты курулган кичирайонунун жанына чагылгандын түшүүсү, экинчиден, чагылгандын огу тийген жер Осмон династиясынын өкүлүнүн үй-бүлөлүк күмбөзү болушу да күн тартибиндеги бирден бир маанилүү маселеге айланган. Сөңгөгүн чагылган жарып кеткен зор чынар оор бутактарын көтөрө албай кыйналып тургандай. Кылымдарды карыткан бул чынардын жанынан өткөн адамдарга дарактын тулкусунан сырдуу шуулдак угулуп турчу.

 

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыктан келген адис дагы бир ирет күмөндүү доошту уккан соң, өзүнө өзү ынанган кишидей:

– Бул бак кулайт, – деген болучу.

Чынардын жашын болжол менен мында иштегендер беш жүз алты жүз жылга такаша турган.

Ошондо, даракты текшерип келген өкүлдөрдүн арасынан кай бири даракты капталдарынан тиретип коюу керек десе, кээси бутактарын бутап, жеңилдетүү зарылдыгын сунуштады. Дагы бирлеринин батышта минтип жарадар болуп калган дарактарды айыктырган атайын техникалар болорун, ошолорду алып келип тезинен ушул даракка колдонуу керектигин айткандарын да угуп келди Хамди. Чагылган түшкөндөн кийинки үч жыл ичинде укпаган сунуштары калган жок, ал кароолчунун.

Губернатордон келгендер, мэриянын адистери, ал гана эмес Анкарадагы министрликтин жооптуу кызматкерлери да бул зор даракка алдын алуу иштери жасалбаса кулаары бышык экендигин айтып чыгышкан.

Хамдинин үйү болсо Мурадийе медресесинин жанында. Үйүнүн терезесинен медресе турган турпаты менен алаканга салгандай толук көрүнүп турар эле.

Ошондуктанбы, канча жылдан бери ага жаңы күзөтчү дайындашкан жок. Хамди өз айлыгына күндүз күзөтчүлүк милдетин аткарса, аялы жана балдары менен түнкүсүн экинчи нөөмөтүнө турчу. Ошентип, бир түнү эле медресе тараптан угулган «карс» эткен добуштан улам баары ойгонуп кетишти. Бала-чакасы болуп терезеге жабышып калышты. Көрсө, баягы чоң чынар кулап калыптыр!

Аялы менен тиктеше кеткен Хамди:

– Түнкүсүн кулаганы жакшы болбодубу. Күндүз, эл барда куласа эмне болмок? – деди. Жаны жай ала түшкөнсүдү.

 

Эртеси мэриядан адистер келди.

– Түнкүсүн кулаганы жакшы болуптур, – дешти алар да бир ооздон.

Адистердин бирөө бул чынардын ордуна жаңы көчөт тигип коюу керектигин айтты. Калгандары да макул болушту.

Мэриялыктар медреседен кете электе эле маданият бөлүмүнүн адистери окуя болгон жерге жетип келишти. Чынардын түнкүсүн кулаганына алар да кубанышты. Мэриянын кызматкерлеринен бул чынардын ордуна жаш чынардын көчөтүн тигип коюу сунушу түшкөндүгүн маданият бөлүмүндөгүлөргө кароолчу айтып берди.

Алар да бул сунушту кубануу менен кабыл алып, ал гана эмес арасынан бир адис:

– Укмуш болот эле, тамыры Осмон империясынын, жаш көчөт болсо биздин жаңы мамлекетибиздин символу болот. Кандай сонун ой! – деп коштоп да жиберди.

Ошондон аз өтпөй эле айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан адистер жетип келишти. Аларга удаа эле фонддордун атынан дагы бир өкүлчүлүк аймактык башчысы менен жете келди. Тарыхты барктап, сыйлаган губернатордун орун басары да келип, маселе менен жакындан таанышып чыкты. Андан бир аз убакыт өткөн соң мэриядан жумушчулар келип, жыгылган даракты бир паста бутап, жумуру кылып сыйдалап ташташты.

Эски чынардын ордуна жаңы көчөт тигүү баарынын ою боюнча эң туура жана маанилүү иш эле.

Хамди күзөтчү мындай көз караштарды чынар кулагандан кийинки эки жыл ичинде тарыхый медресени көрүүгө келген далай зыяратчылардан укту. Дарактын орду бош калбоосу керек эле…

Күндөрдүн биринде Хамди күзөтчү Мурадийе медресесинин айланасын тазалап атса, туристтердин автобусу келип токтоп калды. Хамди тааныган жаш гид бала экскурсияны баштап жүрүптүр. Бир маалда туристтер медресеге киргенде ал:

 

– Хамди аке, Мари айым сизден бир нерсе сурасам болобу дейт? – деп калды.

Гид бала медресеге тиешелүү бардык маалыматты өзү деле жакшы билчү. Анын минтип кайрылганына таң калган Хамди кызыга артынан ээрчий басты.

– Хамди аке, Мари айым бул жерде чынардын көчөтү табылабы деп сурап атат, – деди бала.

– Бул жерди Бурса деп коёт,– деди Хамди.– Кантип чынардын көчөтү табылбасын. Табылат. Алар «Меринос» базарында сатылат.

– Баалары кандай? – деди гид бала суроо-жоопту канадалык турист Мариге которуп берип атып.

– Баалары жашына жараша, – деди Хамди.– Жаш көчөттөрү элүү доллар, бир аз чоңураагы жүз, чоңоюп калгандары жүз элүү долларга барат.

Сураган бааларды билген соң, Мари жанындагы гид аркылуу «Меринос» базарынын алыс-жакындыгын сурады.

– Алыс эмес, – деди Хамди. – Такси менен он мүнөттө барса болот.

Бул жоопту уккан Мари капчыгынан эки жүз доллар алып чыгып, Хамдиге сунду. Жүз элүү доллар көчөттүн баасы, элүүсү таксинин акчасы экенин айтып, гид аркылуу көчөттү сатып алып келүүсүн өтүндү.

Хамди он мүнөттө «Меринос» базарына жетип барды. Жакшы көчөт тандаганга дагы он мүнөтү кетти. Ал эми он мүнөттө кайра Мурадийе медресесине келип калды.

Анан турист айымдын өтүнүчү боюнча аялынан шиш күрөктү алдырып келип, он мүнөттө эски чынардын ордуна жаңы көчөттү отургузуп жиберди.

– Чынар – Канаданын символу, – деди ага Мари. – Жалбырагы туубузда.

 

Ал Хамдиге дагы жүз доллар сунду. Гид бала бул акчаны көчөттү убагы менен сугарып, түбүн жумшартып карап туруу үчүн берип атканын которуп берди.

Андан бери арадан беш жыл өттү. Ушул кезге чейин Мари жыл сайын Хамдиге жүз доллар салып, гид бала аркылуу чынардын абалын сурап турат.

Маданият бөлүмүнүн, мэрия менен фонддордун адистери медресе тарапка келип калганда, алдын алуучу тиешелүү иш-чаралар көрүлө турган болсо, бул чынар кулабай тургандыгын жанындагыларга кызуу түшүндүрүп келишет…

Которгон Салия ИБРАИМОВА

Жаңы Ала-Тоо 2012, 5 (37)