ДУМБАДЗЕ Нодар: Талико

АҢГЕМЕ

– Трусанды бир аз ылдый түшүрчү, — дедим мен.

– Эмне? — деп калды Талико.

– Труса деген дамбал, — деп түшүндүрдү баарын билгенсиген Циала, — шаардыктар дамбалды ушинтип аташат.

– Аны мен эмнеге түшүрөм, келесоо, — деп каткырды Талико.

– Мен сенин калыңды көргүм келет.

– Кайсы калымды?

– Киндигиңден бир аз ылдый, оң ыптаңдагы.

Талико трусасын ылдый түшүрүп, кызгылтымынан келген буурчактай болгон татынакай калын көргөздү.

– Бу келесоо болбосо, биерге чыкса эмне! — Талико сөөмөйү менен ууртун сайып көргөздү да, ошол замат балдардан беш бетер башын ылдый шуңгуйткан бойдон сууга «чулп» секирип түшүп, сүңгүп кетти.

* * *

Андан бери арадан кырк жыл өттү.

Ошол кезде, Талико, Циалага окшогон биздин классташтарыбыздын баары көп болсо жети, сегизде эле, анан сабактан тарарыбыз менен Чурчкала суусуна энеден туума жылаңач болуп алып, сууга түшчүбүз. Ошо күнү Талико менен Циала эмнегедир чечинишпеди. Мен да чечинген жокмун. Анда мен алардын ал күнү эмне үчүн чечинишпегенин түшүнгөн эмесмин. Эми ойлосом: ошол күнү бизге бири-бирибизден тартынуу, уялуу сезими биринчи жолу шынаарлап келген окшойт, Таликого болгон өтүнүчүм, менин балалык менен болгон эң акыркы коштошуум экен.

…Чиагоур башталгыч мектебинде дагы бир жыл окудум, анан мени таякелерим убактысынча Сухумиге алып кетишти. Кийин деле айылга келип-кетип турдум, бирок Таликого бир да жолу жолуга албадым, антсе да ал жөнүндө сурамжылап жүрдүм. Укканыма караганда ал Гуриидеги кыздардын эң сулуусу болуп бой жетиптир, алам дегендердин көксөөсүн суутуп, күйөөнү өзү тандаптыр — тандаганда да лечхумилик Авдидо Карселадзе дегенди таап, үйүнө күч күйөө кылып киргизип алыптыр. Карселадзе жөнүндө бирөөлөр ал мурда жанын тиштеп ажалдан да кайра тартпай дүнүйө тапканын кеп кылса, кээ бирөөлөр анын ашкере кайратын, калыстыгын макташчу.

Даңкым далайга, атагым алыска кетип, журт көзүнө аттын кашкасындай таанылып калган мен, бармактайыман багып чоңойткон чоң энем ээк кагып, эми анын табытында кабыргам кайышып, кайгырып турам, камыштай калың эл Чиагоурдагы үйдүн эшигинде кыжы-кыйма топурайт.

— Чоң энеңдин арты кайырлуу болсун, Нодар! Кайрат кыл, боору бүтүн, башы эсен ким бар дейсиң бу дүнүйөдө… Мени тааныдыңбы? Мен Гурам Табидземин, — ал колумду койо бербей бекем кысып учурашат. Мен ыраасычылык билдирип башымды ийем. Көңүл айтуу милдетинен кутулган ал канааттана арылайт.

– Бекем бол, Нодар, тууганыңдын турпагы алтын деген ушул экен, баарыбыз жанында турабыз! Тааныбай калдыңбы? Ээ, хайбар десе! Мен Дгапайа эмесминби, сенин бейиши болгур чоң энендин эжесинин небереси болом! — Кучакташып учураштык.

– Оо, кайран! Таптаза өзгөрүп кеткен турбайсыңбы?! Чоң энеңдин өмүр жашын сага берсин! Тааныдыңбы деги?! Мен Тухиямын. Габуния, бирге окубадык беле! — Өбүшүп учураштык.

Элдин баары чоң энеме акыркы жолу зыйнат көрсөтүп коштошуу үчүн эмес эле, мени менен учурашуу үчүн келип жаткандай сезилди. Бироокумда табыттын жанына эки-үч ата өтүшкөн аталаш тууган, карындаштарымды калтырып, таза абага, эшикке чыктым.

* * *

Бастырманын алдындагы узун дөңгөчтө кыркалекей тартып отургандарга Ражден Себискверадзе кызыктуу аңгемеден айтып берип жаткандай.

Жакындап бардым.

– Батоно[1] Ражден, эгерде эрөөн көрбөсөнөр аңгемеңизди чогуу уксак, — деп өтүндүм.

– Эмненин эрөөн-төрөөнү! Кел бери, кымбаттуум…

– Кечирип коюңуз, сөзүңүздү бөлүп койдум окшойт. Эмне жөнүндө кобурап жатасыздар?

– Анча деле чоң сөз жок… Жаштыкты эстеп жатабыз… Анда мен Потиде марганец жүктөчүмүн… Англичандар аны кеме менен тим эле бекер ташып кетип жатчу… Бизди иштеткен Джуку Дихаминджия ар бирибизге ар күн сайын сексен тыйын төлөчү… Ооба… Бир вагонду үч киши жүктөйбүз. Биздин айылдан мен, ыраматылык Галактион Нориадзе менен бейиши болгур Автандил Гургенидзе бар. Күрөктөрүбүздүн эни силерге жалган мага чын, туптуура отуз карыш.

– Карап турган киши жок болгон соң, — деп каткырып калат Коция Намгаладзе.

Ражден аны көзүнөн чаар чыгара жактырбай бир карап алат да, анан бирдеме дейин деп барып токтоп, сакалын сыпаа сылагылап, анан кайра шашпай мурдагы аңгемесин уланта берет:

– Сексен тыйынга эмне келет дейсиңерби? Жер жайнаган нерсе келчү, ашканада килейген чоң табак боршуң — жети тыйык. Камыры бар котлет — он тыйын. Нан… нан бекер. Туз да бекер. Күнүнө эки маал тамактанабыз. Ошентип куураган куу кекиртекке отуз төрт тыйын кетет. Анан дагы мурунуңду курт жеп, чылымга үч тыйын кетет, ошончо тыйын мончого сарпталат… Жүрүп отуруп, акыры өзүмө ар күндө кызылдай кырк тыйын артып калчу…

— А шарапчы? — деп кыпчылат жанагы Коция.

— Шарапты Чиагоур жүзүмүнөн өзүбүз жасап иччүбүз, — деп ошо жасап ичкенине абдан чоң иш жасагансып, эрдемсип жооп берет Ражден.

— А жумурткачы, жумурткаңды каякка унутуп баратасың?

Коция Раждендин бул аңгемесин жок дегенде миң жолу уккан болуш керек, анын эмне жеп, эмне ичкенин жадыбалдай жат билчү.

— Жумурткабы? Байкуш жумуртканын ар биринин баасы бир тыйын.

Ражден жагымдуу жылмайып, анын арзан экенине табасы кангандай жыргап жооп кайтарат.

Чынын айтсам, менин да бүйрүм кызыды, чоң энем өлүп, аза күтүп турганыма карабай тамашага кандай кошулуп кеткенимди сезбей калдым.

— Ражден батоно, — дедим мен, — жумурткалардын баасы бир тыйын болгондо баарыңар теңирге терең ыраазы болуп жүрсөңөр керек?

— Ыраазы болуш каякта?! Бекер болсо экен деп жүрдүк.

— Эмнени бекер болсо экен деп жүрдүңөр? — деп койдум дагы билбемиш болуп.

— Ээ, Нодар батоно, жумуртка деген чиркиниң бекер болсо дегенде тим эле эки көз төрт болчу.

Уй мүйүз тартып отургандардын каткырыгы дүрр этип таранчы учкандай боло түштү. Мен да карманып туралбадым, Ражден да боорун тырмап күлүп атат.

— Тынчтангыла, бирөө өлүп атса, бирөө күлүп атат болбогула, — деп эскертти кимдир бирөө бизге.

* * *

Каш карайып, ире-шире болуп калганда, туугандарым менен коңшуларым аза күтүү үстөлүнө отурар алдында, ашканага баш бактым.

Эркектер балыкты балпыйта кесип, татынакай тарелкаларга таасындап коюп жатыптыр.

Бир топ аялдар жыгач табактарга бадыраң менен помидордон шакарап жасап, бир тобу дардайган чоң казанга боркулдата буурчак менен жүгөрүдөн : кайнатып жатыптыр. Очоктун оозунда айылдык аксакалы Галако Сихарулидзе чополой канжасын түтөтүп, тамеки тартып отурат.

— Саламатсызбы, батоно Галако! — деп карыяга салам айтып жанына сыңар тизелеп отура кеттим.

— Саламатчылык, балам. Сен кимдин баласысың? — деди Галако карыя мени тааныбай.

— Бул деген Нодар, Ангелинанын небереси, — деп тааныштырды классташым Гия Тутберидзе, — сиз тааныйсыз, бул бала биздин айылда чоңойгон.

— Оо, бул баягы кезитке бардык гурийликтерди келеке кылган немеби? Эмне үчүн анттиң балам, ачыгын айтчы? — Галако чор болуп катып калган алаканына канжасын шак уруп, мен жакты карады.

— Канчага келип калдыңыз, батоно Галако? — деп жооп берүүнүн ордуна суроо берип, кыстоодон кутулуп кеттим.

— Жүз он жетиге!

— О-уу! — деп таңыркадым мен.

— О-уу дебей эле кой. Мен сенин чоң энең Ангелинаны туулганынан бери билем. Байкуш, жанагы балдарынын күйүтүнөн кийин бөксөрө түшпөдүбү, болбосо сопсонун эле жашай бермек. Бар болгону, топурагың торко болгур, токсон бирге гана келмек экен! — Галако кейигендей башын ийкеңдетти.

— Билесиңби, бул он алты жаштагы өспүрүмдүн эле өзү, — деп шыбырады мага Гия, — көргөнү жакшы, укканы да сонун, акылы деле жайында, бирок кээде айнып кетет, айныганы да кызык — эки жашынан беркинин баарын дапдаана айтып бере алат.

— Токсон эки жаштан беркини дейсиңби?

— Токсон эки жаштан берки эмес, эки жашымдан беркинин баарын, — деп Галако канжасынан түтүн булатты.

— Тиги табактагы кызарып турган эмне? — ал Гияга карады.

— Кызыл икра! — Гия бырс күлдү.

— Берчи, ооз тийип көрөйүн! — Галако далдайган алаканын жая берди.

Мен Гиянын колун кармагыча болбой, ал жыгач кашыкка толтуруп буурчакка кошо турган [2] апачуу калемпирден Галаконун канаттай жайылган алаканына салып ийсе болобу. Берки аны бир токтотпой аңырдай ачылып турган оозуна кулатып жибербеспи. Көзүң жамандыктты көрбөсүн, менин демим кысыла түштү, ичим куйкаланып ысып кетти.

— Сага эмне, жин тийдиби? — Гияга жутундум, ал кайра бышкырып ийчүдөй болуп оозун лып баса коюп, сөөмөйү менен Галакону көрсөтөт.

— Силердин икраңар ушундайбы? — деп сурады Галако анчалык жактыра бербегендей бети-башын бырыштырып. — Икра деп биздин убактагыны айт! Батумиден бир жегем, чиркиндин даамы Кигоурага чейин таңдайыман кетпей койсо болобу, ал гана эмес дагы бир жума бою таңдайымды такылдатканычы!

Мен сага эмне дедим эле, — деп жылмайды Гия мага карап.

— Саламатсызбы батоно Нодар! — артымдан аялдын жагымдуу үнү угулду.

Карай калсам, бет алдымда чачын ак чалып калган кермаралдай керилген аял турат. Коймолжуган кой көзү сырдуу күлмүңдөп, сыр жашырып балбылдайт.

— Саламат жүрөсүзбү, калботоно[3]… — деп ыңгайсыздана жооп кайтардым. Канчалык ойлонсом да, бул аялдын ким экенин эстей албай койдум, бирок аны жакшы таанычудай, эң эле жакшы билчүдөй болуп күдүктөнө бердим.

— Каяктагы калбатоно, Нодар, бул өзүбүздүн эле Талико! — деди Гия жаңылык ачкандай кыйкырып.

Кызыгың түүш! Чын эле Талико! Коймолжуган көзү, камыштай узун кирпиги, кырдач муруну, жылдызы төгүлгөн маңдайы, оймоктой оозу, күрүчтөй ак тиштери… Каным үйөрлөп, кандайдыр бир жагымдуу калтырак басты денемди.

— Оо, кандай жүрөсүң, Талико! — эч кимден тартынбай, анын кучакташып көрүшкүсү келген-келбегенине карабай, кучагымды кең жайган бойдон барып Таликону кучактап калдым. Жаным менен жан болуп, каным менен кан болуп жаралган бир тууганымды, эң жакын көргөн карындашымды, каңырык түтөп сагынып жүргөндө бир кайрылган жылаңайлак, чыт курсак, чала тоют, антсе да чексиз бактылуу, бүтпөс жыргал балалыгымды кучактагандай — аны көкүрөгүмө бек кысып турдум. — Талико, менин Таликом! — үнүм калтырап чыкты. Көзүмөн жаш куюлуп кетчүдөй сезилди. — Кандайсың, кайда жүрөсүң, барсыңбы деги? — көзүмдү көзүнөн албай жанды эзген суроолорумду жамгырдай жаадырып жаттым. Күтүүсүздөн кучактай калганымданбы, же кемегедеги оттун илебиненби, билбейм, Таликонун эки бети албырып чыгыптыр, башын жерге салып, өзүнөн өзү ыңгайсыздана колдорун ушалайт.

— Ырахмат, Нодар, жаман эмес. Өзүңөр кандай жүрөсүңөр? — деди Талико, анан кайрылып барып чоң казандын жанындагы жыгач чемүчтү алып, казанды аралаштыра баштады. Мен үч буттуу олтургучту алып барып, жанына олтурдум.

— Кырк жылдан бери сени биринчи көрүшүм! — дедим жанатан берки тунжурап турган тынчтыкты бузуп. — Бууфчагың суюгураак болуп калганбы? — Сүйлөөргө сөз таппай айткан бул сөзүм ашпозчулук өнөрүмдүн күч экенинен кабар бергенсип, жанымды кашайтты.

— Андан кам санаба, батоно Нодар, картөшкөнүн унунан бир ууч салып койсом болду, копкоюу болуп калат, — менин апендиленген бул суроомо Талико жылмая карап жооп кайтарды.

— Мени «батоно» дебечи, антсең таптакыр бейтааныш аял менен сүйлөшкөнсүп кызык болот экен киши, — деп өтүндүм мен.

— Көнбөй калыптырмын. Аракеттенейин…

— Күйөөгө чыкты дейби?

— Алда качан эле чыккам.

— Канча балаң бар?

— Жети.

— Канча?

— Жети. Эмнеге танданасың? Ал эмес менин төрт жашар Батана деген неберем да бар, — деди Талико сыймыктана.

— Ушунча жаш көрүнөсүң? Мен айтканыңа ишенбей турам.

— Экөөбүз тең эмес белек, мен күйөөгө эрте чыккам.

— Ушинтип жети балам бар дечи?

— Ооба. Датико, Гиви, Томаз, Тиули, Этери и Вано.

— Алты эле болуп атпайбы?!

— Оо, кудай, кимисин унутуп калдым дагы. Ии, Джаба, көкүрек күчүгүм, Джабам — жетинчим!

— Күйөөң жакшы киши көрүнөт…

— Эң сонун киши. Лечхумдук өзү.

— Гурийликтер сени лечхумдукка кантип алдырып жиберишти?

— Ал гурийликтерден мыкты болсо, алдырбаганда кантет. — Талико көтөрүлүп койду.

Мен аны тамашалап, ызасын келтиргим келди.

— Андай боло турган болсо, экөөңөрдү бүгүн кайра ажыраштырам, — дедим шылдың болгон гурийликче түр көрсөтө коркутуп.

— Кантип? — ал оозун ачып аңырайды.

— Ушинтип эле, күйөөңө сенин киндигиңден бир аз ылдый, оң ыптаңда татынакай калыңдын бар экенин айтып койом… болду!…

— Көп жиниме тийбе, Нодар. Аерде менин калымдын бар экенин сен кайдан билесиң?! — Талико дирт дей түштү.

— Чурчкала суусун унутуп калдыңбы?

— Сен эмне, кырк жылдан бери деле ошо калды унутпай жүрөсүңбү?

— Унутпай жүрөм, Талико! Көрдүңбү жазуучу деген кандай?! Эч качан эсинен чыгарбайт, эч качан унутпайт.

Талико көпкө чейин үндөгөн жок. Анан бир чети өкүнгөндөй, бир чети боор ооругандай:

— Авдидо ошол калымды бир да жолу көргөн жок… — деди.

Мен уккан кулагыма ишенген жокмун. Таңдайым кургап чыкты.

— Эмне дедиң?

— Менин күйөөм ошол калымды али көрө элек, — жоопту кайра кайталап, Талико эптеп жылмайган болду.

Оо, жараткан! Ушунун эмне экенин талдап, түшүндүрүп бере аласыңбы? Ушунун өзү Теңирдин ниети менен кошо жаралып, кан менен бир бүткөн адептүүлүктүн бир көрүнүшүбү же… Жети баланын энеси эмне деп жатканын мага аяр түшүндүрчү?! Эч качан ишенгиң келбеген бул нерсенин аты эмне?! Укканымдын сырын мага ача аласыңбы? Ачканың менен мен аны таптакыр түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт…

Андан кийин… Андан алардын үйүндө үч уктаса түшкө кирбеген мына мындай окуя болот.

Талико жыгач керебетте, эки колун желкесине койгон бойдон шыптан көзүн албай жата берет.

Түн жарымда ал бөлмөгө — чаалыга иштеп чарчаган, узун бойлуу, ары карылуу, ары келбеттүү күйөөсү Авдидо кирет. Жалыны өчкөн очоктун чогуна чылымын күйгүзүп, шашылбай көпкө түтөтүп тартып олтурат, анан бүткөн соң чылымдын түбүн очокко ыргытып, шыбышсыз акырын чечинип, аялынын жанына кыйшаят.

Талико үн чыгарбайт. Авдидо аялынын уктай элек экенин билсе да сурап коёт:

— Али уктай элексиңби?

Талико ооба дегендей баш ийкеп жооп берет.

— Ары жылчы бир аз.

Талико жылган болот.

Экөө тең көпкө унчукпайт.

Анан Авдидо аялына бурулуп, кулагын куйкалаган ысык эрини менен минтип шыбырайт:

— Талико, мага киндигиңден бир аз ылдый оң ыптаңдагы татынакай калыңды көрсөтчү.

Таликонун жүрөгү жарылып кеткенсип, тили күрмөөгө келбей калат. Чекесинен муздак тер чыбырчыктайт… Бир оокумда эсине келген ал акылы айран болгон тейде күйөөсүн жалдырай тиктейт:

— Алаңгазар Авдидо, калымдын барын сага ким айтты?

— Неберебиз Бата айтты. Кечээ теңирден тескери тентектене бергенде көтөнгө чаап койойун деп шымын шыпыра бергенде, киндигинен бир аз ылдый, оң ыптасындагы калын көрө койдум, ачуум тарап, кайра ошол калынан чоп эткизе өөп койдум. Өөп койсом: «Чоң ата, так ушундай кал чоң апамдын да так ушеринде. Баягыда Чурчкаланын суусуна түшкөндө көрсөткөн дейт…»

Таликонун жаны эми жай алып, анан кадимкидей жеңилденип, анан жайдарылана каткырып, бир оокумда калдайган күйөөсүнүн төшүнө башын жөлөп, аны бек кучактаган тейде токтоно албай шолоктоп ыйлап жиберет.

— Эх, Авдидо, эх, Авдидо, Авдидо…

Эмне экенине түшүнбөй чоочуп алган Авддо аялын тыя албайт.

— Сага эмне болду? Кой эми! Бала болбочу!

— Эгерде сен билген болсоң… Эх, алаңгазарым, мен сени кандай жакшы көрөм! Эгерде сен аны билген болсоң, кымбаттуум…

— Ошон үчүн ыйлап жатасыңбы? — Не кубанганын, не таң калганын өзү даана сезбеген Авдидо чарк көпөлөк айланып калдалаңдайт.

— Ошон үчүн… Ошон үчүн ыйлап жатам. Ошон үчүн… — деп шолоктойт Талико, ал учурда ушунча толкунданып, ушунча солкулдап ыйлап алган бул аялды сооротор күч жок эле.

Кыргызчалаган Анатай ӨМҮРКАНОВ

[1] Батоно (груз.) — эркектерге урмат менен айтылчу байке, мырза деген маанидеги сөз.

[2] Гоми — буламыкка окшогон тамактын бир түрү.

Калбатоно — аялдарга айтылуучу бийкеч, айым ~ендей сөз.