ЕНИКИ Амирхан: Наристе (аңгеме, которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу)

Татарчадан которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Татар элинин таланттуу жазуучусу жана публицист Амирхан Еники (чыныгы аты-жөнү Амирхан Нигметзянович Еникеев) 1909-жылы 2-мартта азыркы Башкыртстандагы Жогорку Каргалы айылында жарык дүйнөгө келген. Өмүрүнүн акырына чейин “Саз чәчәге” (Саздагы гүл, 1955), “Рәшә” (Туман, 1962), “Вөҗдан” (Ынсап, 1968), “Гөләндәм туташ хатирәсе” («Гөландам туташты эскерүү», 1975) жана автобиографиялык «Соңгы китап» («Соңку китеп», 1981-82) повестерин жазган. 2000-жылы 16-февралда 90 жаш курагында Казанда көз жумган.

АҢГЕМЕ

Лейтенант Ивановдун ротасы токой бойлоп, өтө сактык менен алдын ала белгиленген аймакты көздөй жылып баратты. Душмандын самалёту көрүнө калса тезирек жашырынуу үчүн кызыл армиячылар жолдун эки четинде катар-катары менен тизилип кадамдоодо.
Жол үстүндө ат араба, машине издери. Жөө жүргүнчүлөр да көп өткөн болсо керек: нымдуу кумда солдаттар менен келин-кыздардын бут кийимдеринен калган издер жатат. Бул жол – бүгүнкү дүрбөлөңдүн бирден-бир тилсиз күбөсү. Эки бир туугандын жалгыз окко учканын ал гана көргөн. Бул саатка чейин кандай тынчтык өкүм сүрүп турган болсо, азыр бопбош.
Токой өзүн-өзү тыңшагандай кыймылсыз тып-тынч. Күн уясынан жаңы көтөрүлгөн маал. Көйкөлгөн түп-түз кызыл карагайлардын учтарын жылуу нур аймалап, ырахаттын туу чокусуна жеткендей магдырап ыргалбастан оордунда какайышат. Бирин-серин учураган бай теректердин күмүш жалбырактары таңдын сулуулугу менен тең ойгонуп, көзгө жагымдуу термелүүдө. Ачык мейкиндиктерде жер бетин бербей каптаган бозомтук жөө туман жатат. Көйкөлгөн көк чөптөрдү эңкейе калып үзсөң; жашыл-кара тасмадай арттыңда жайкалып кала берет. Өсүмдүктөрдүн аңкыган жыпар жыттары мурдуңдун коңулун кытыгылайт. Узак жактан келе жатканыбызга да, жүктүн оордугуна да карабастан кандайдыр бир жеңилдөө пайда болуп, көңүлдөр көтөрүлүп ыракаттана түштүк.
Ротанын арткы катарында келаткан кызыл армиячы Зариф, алдыдан баруучу жолдоштору менен катарлаш улам аркасына каранып, салмак менен басып барат. Анын жүзүндө тынчтык жана камырабастык. Тикирейген көздөрү гана анын ички ойлоруна кошулуу менен бара турчу жолун көрсөтүүдө.
Эртең мененки бейпилдик токойдун кечээ жакында гана мээримсиз согуш болуп кызыл канга чулганганын унута турууга мажбурлап, ак сүттөй боз туман үрөй учурган окуяны ичине жашырып, адам баласынан алыстатууда. Бул тынчтык, кубанычтуу сезимдер менен соолуй турган табийгат, адамдарга өзүнөн-өзү алданып калат.
Чындыгында Зариф кайда баратканын эч унута албаса да, азыркы тапта кыялы, ушул ок учкан маалда сагынып жүргөн ойлоруна сүңгүп кеткен эле: мына, жер соорусу керемет талаалары, көк токойлору менен ар дайым кыялында жашаган туулган жери, тосмолорунан казыгына чейин тааныш айылы, өз колу менен курган үйү, жытын жыттаган сайын каалоосун күчөткөн аялы, кылык-жоругу күн өткөн сайын тентеги ашынган баласы… Жолдогу көпүрө… жөө адам басуучу жол… кырман талаа… Баштарын көтөрө албай жерди көздөй ийилген буудайлар… Бул жылы түшүм мол эле! Азыр эми күн-түн аштык сугарышат.
Мына азыр Зарифтин кулагына жакында гана буудай оргон машинанын үнү жаңырып, оозуна көбүрөк тыгыла түшкөндө кайра артына үйлөнүп чыкчу чала чайналган машакты таап алган ал:
— Сууну кайсыл жактан алышат болду экен? – деп ойлонууга үлгүрө алган жок, командиринин:
— Абада! – деп кыйкырганын укту. Рота бир паста жолдун эки тарабына, бактардын арасына жашырынды.
— Мына сага молотилка! – деди Зариф, бир бактын түбүнө жата калып.
Самолёт алыстады. Лейтенант буйрук берди окшойт: алдыда жаткан кызыл армиянын жоокерлери ашыга оордунан тура башташты. Зариф да оордунан козголду. Бирок ал бир кадам аттоого үлгүргөн жок, өзүнөн беш-алты кадама четте үч-төрт жаш чамасындагы кыз турганын көрүп, аргасыз токтоду. Сербейген кыздын жанында бирөө-жарым болсо керек деген үмүт менен айланасына көз жүгүрттү, бирок эч ким көрүнбөйт. Зариф кайрадан кызга карады; кыз чынында жалгыз болчу. Кичинекей колуна бир нече кызылгат уучтап алган, оордунан кыймылдабастан сары көк көздөрү менен Зарифти теше тиктеди. Көпкө ыйлагандыктан көздөрү шишиген, тегерек бетинде аккан жаштын издери калган. Бирок азыр үнсүз-сөзсүз, кандай абалда экенин унуткандай, бут алдындагы жер-жемиштерди жыйноого киришти. Анын үстүндө көк сукнодон жасалган пальто, башында фетрдан тигилген шапка, аны кызыл лента менен богоктоп байлап алган; бир бутунда узун сары сызыктуу батинке, бир бутунда көлөч.
Зариф бул наристе душман баскынынан качып бараткандардан адашып кеткенине көзү жетти, жандүйнөсүндө козголгон биринчи тилеги – баланы тезирээк колуна көтөрүп алуу. Ал ошол убакта ротадан калып калууга мүмкүн эместигин ойлоду. Биринчи аракети ротасынын артынан барып жолун табуу болду. Бирок бир кадам таштабастан сербейген кызга кайра бурулду. Ашыккан тейде жанына жетип барды да, тезинен колуна көтөрө калды.
Кыз коркконунан:
— Апа! – деп кыйкырып жиберди, жер-жемиш чогулткан колу менен Зарифтин бетинен апчып, буттарын силкилдетип бошонууга аракеттенди.
Зариф баланы бооруна кыса калып, бут алдындагы оонап жаткан бактардын чырпыктарын тебелей, аттап-буттап жолуна түштү. Ушунчалык кыска убакыт өткөнүнө карабастан рота алда кайда узап кеткен. Зариф колу менен ийниндеги мылтыгын оңдой калып, ашыга кадам таштады.
Бала ыйлагандан чарчады, тез арада анын ыйы үксүз өксүккө айланды. Зариф чөнтөгүнөн бир тоголок шекер чыгарып, балага жедирди. Бала алгач башын ала качкандай болду, анан бош колу менен шекерди ала коюп, көкүрөгүнө ката калды.
Зариф жумшак үн менен:
— Жей гой, жей гой! – деди баланы аркасынан эркелете таптап. Балага ушул гана жетишпей тургансып: таянар тоосун тапкандай бышактап ыйлап жиберди. Зариф баланын жука кийимин чечип, жылытуу үчүн бооруна басты. Мына бакыт, баланын денеси жылыган сайын кубануу пайда болуп, аркасынан таптап коёт… андай бакытты бирөөгө айтып берүүгө мүмкүн эмес. Зарифтин үйүндө да үч жаштагы Фаридасы бар. Дал ушул маалда Зариф менен чоочун баланын ортосунда өз баласына төгүлгөн мээримден кем калбаган ата-бала сезими бар эле. Баланын тоголок колдорун кармап, кургак эриндерине басып алды. Акырын наздуу гана:
— Атаң, апаң барбы? – деп сурады, тамак түбү кычышып, көздөрү нымдаша түштү.
Бала тартынбастан жооп кайтарды:
— Апам да бар, атам да бар…анан биздин эчкилерибиз да бар. Бардыгы аппак.
Зариф жылмайып баланы карады:
— Ошондойбу? Сен кара кыз экенсиң. А атаң кайда?
— Кетти.
— Кайда кетти?
— Билбейсиңби? Фронтко, — деди кыз бир азга тыным алгандан кийин эсине түшкөндөй, — ал лейтенант, — деп койду.
— Ошондойбу? Мына эми сен акылдуу кызсың, атаң ким экенин да билет экенсиң. Эээ..
Ал кайрадан: “Апаң кайда?” — деп сурамакчы болду эле, бирок кыз баланын эсине түшүрбөө үчүн жым болду.
Бала Зарифке толугу менен жакындап алууга үлгүрдү. Алгач бир колундагы эки жемишти оозуна салды, кийин экинчи колундагы шекерди сорууга киришти.
Кокустан эле токой ичин тарсылдак, жарылуу каптап, алаамат башталды. Жер титиреп, абадагы күчтү толкундан бактардын башы силкинип алды. Жакын жерден артиллерия соккусу угулууда. Зариф да, кыз да бир аз убакытка үнсүз катып калышты. Жанатан берки тынчтык экөөнүн тамагына сайылган кылкандай болду. Коркконунан калтырай баштаган кызды Зариф бооруна кыса жерге боортоктоп жата кетти.
Бир аздан кийин кыз ыйлаган үн менен:
— Апа! – деп койду!
Зариф акырын мээримдүү үнү менен:
— Ыйлаба кызым, азыр апаңдын жанына барабыз, — деди.
Кыз Зарифке башын катып, бир колу менен мойнунан кучактап алды. Зариф ичке үн менен:
— Биз кайда барабыз? — деп сурап койду.
— Энемдердикине конокко, — деди кыз олуттуу. Зариф аргасыз жылмайды.
Ошол арада алар жолдун эки айрылыш жерине жетип келишкен. Оңго кеткен жол менен рота кетип баратат, солго кетчү жол жакын жердеги станцияга барат. Ал гана эмес бул жерден сейрек өскөн кызыл карагайлардын арасынан станциянын жанындагылардын төбөсү көрүнүп турду. Зариф азыр чынында эле апкаарып калды. Эмне кылуу керек? Ачыгын айтканда, эч токтобостон ротасын кууп жетүүгө тийиш. Бирок колунда эки көзүн элеңдеткен кызды да жол ортосуна таштап кете албайт. Ал соңку үмүт менен жардам чакырып, айланасын каранды. Эч ким көрүнбөйт. Бир нече секунд акылын калчады. Жаңылышпаса; рота кетип бараткан жолдон да өтүүгө туура келет. Ал будканын жанынан темир жолду кесип өтүүнү туура көрдү. Станция менен будканын ортосундагы жолду ырастап алган соң кызга карады. Кыз Зарифтин бир нерсе ойлогонун сезгендей, чакчайган эки көзүнө олуттуу карады. Бул көз караш Зарифке күч кубат берди көрүнөт: “Үлгүрөмүн!” – деген бойдон баланы көтөрө калып, станцияны көздөй жүгүрдү.
Мына станциянын платформасы көрүндү. Анын алдында кызыл эшалон турат, ал азыр козголо элек болсо керек – кишилер биринен-бири жол талашып вагондорго түшүп жатат.
Зариф станцияга учуп жетти да, жүгүрүп платформага чыкты. Айланасына карап үлгүргүчө, кара кийимчен орус аял:
— Кызым! – деп кыйкырып, Зарифтин колуна жабышты. Сербейген кыз да:
— Апаке! – деп аялды көздөй умтула берди. Зариф кыздын өз колунан кандай чыгып кеткенин сезбей калды.
Түндүн бир окуумунда немистер жолду бомбага алган учурда баласын жоготуп, андан кийин аны издеп-издеп таба албаган эненин ушул мүнөттөрдөгү абалын түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес эле. Ал жүрөгүнө сыйдыра албаган кубанычынан токтоосуз кызынын колдорунан, бетинен, чачынан, көздөрүнөн өпкүлөп жиберди.
Кыздын колундагы шекери түшүп кетти. Кимдир бирөөлөр аны алуу үчүн топтоло калды.
Зариф кызды тапшырары менен маңдайындагы терин сүртүп туруп калды. Балким ушул маалда кыздын энесинен мактоо сөзүн же ыракматын уккусу келгендир. Бирок эч нерсеге карабастан темир жолду бойлоп жүгүрүп кетип баратты.
Аял кызын көтөргөн бойдон анын артынан бир нерсе айтууга умтулуп, кыйкырган бойдон кала берди. Зариф артына жалт карап алып, колун өйдө бир көтөрүп узап кетти. Азыр анын башында бир гана ой бар: тезирээк ротаны кууп жетип, командирдин алдына өтүп окуяны төкпөй-чачпай айтуусу керек.
Мына эми темир жолду басып өтөрү менен рота көрүндү. Зариф мылтыгын ийнинен колуна алып, дагы да катураак жүгүрдү. Бактыга каршы, рота темир жолдон өтүп бир бактын көлөкөсүнө токтогон эле.
Акырында Зариф да жете келди. Аз гана четирээк жерде тамекисин түтөтүп турган командиринин жанына келип, колун чекесине коюп:
— Жолдош лейтенант! – деди да, демин басып алуу үчүн токтой калды.
Командир Зарифтин тердеп кызарган жүзүнө карап:
— Тынчтаныңыз! – деди.
Бул сабырдуу үн Зарифти чындыгында тынчтандырды. Терең дем алган соң сөздөрүн башынан аягына чейин айтып берди.
Командир көпкө үндөгөн жок. Зариф да азыр катуу жаза аларын ойлоп турган. Командир тамекисин жерге ыргытып, акырын суроо узатты:
— Баланы кимге тапшырдың?
— Апасына…
Ошол мүнөттөрдө ротадан эки жүз метр алыс жактан снаряд жарылды. Асманга топурак аралашкан коюу чаң көтөрүлдү. Командир экинчи тамекисин ашыкпастан жандырып, кийин алдында эч козголбой какыйып күтүп турган Зарифке:
— Сиз өтө чоң ишти аткаргансыз, — деди. – Мунуң үчүн мен сизге ыракмат гана айтам!
Зарифтин көздөрүнө жаш айланып кетти.
— Менин айткандарыма түшүндүңүзбү?
Зариф дулдуйган эриндерин кысып, башын гана ийкеди.
— Эми азыр оордуңузга барыңыз! Жарым сааттан кийин рота токойдон өтүп, ачык жерге чыгат, өз оордуңузду табыңыз.
Бул – чыныгы согуш талаасы.
Чынында Зариф биринчи жолу согушка кирип жатканына карабастан өзүн токтоо кармады. Көңүлү таңкы күн нурунун деминдей таптаза. Маңдайындагы терин оң колу менен шыпырып койду. Чындыгында наристенин колундагы жанагы жылуулук дагы деле сезилип турган.