ЗЕЙНАЛОВ Эйваз: Жарык (аңгеме, которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ)

1950-жылы Азербайжан Республикасынын Агдам шаарында туулган. 1973-жылы Азербайжан пединститутун бүтүрүп, мугалим болуп иштеген. Кийин, Россия, Украинада жашап, 1993-жылы армяндар Агдам шаарын басып алганда Бакуга көчүп, туруктуу жашап калган.

Алгачкы аңгемеси 9-класста окуп жүргөнүндө эле жарык көрүп, 1990-жылы «Бесцветный сон» («Түзсүз түш») аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Чыгармалары орус, түрк, грузин, поляк тилдерине которулган.

2007-жылы Европалык ФНД басма үйү Э.Зейналовго «Карабах аңгемелери» китеби үчүн мыкты мекенчил жазуучу катары Эл аралык Алтын сыйлыгын ыйгарган. 2008-жылы «Махмуд Кашгари – 1000» жылдыгына арналган түрк тилдүү мамлекеттердин эл аралык аңгемелер конкурсунун Азербайжанда өткөн сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Ал Азербайжан жазуучулар союзунун жана Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөсү.

АҢГЕМЕ

Эльмар ойгонор замат саатка карады. Сегиз болуптур. Жатарында дайыма өзү бурап коюучу коңгуроолуу сааты ишиңе жөнө дегенсип аны таң ата небак ойготмок. Бирок бу чыдамсыз күтүлүүчү дем алыш күндөрү саат да уйкусун кандырып алайын дегенсип, таңкы таттуу уйкуга магдырагансып унчукпайт.

Өткөндө кайниси Махир менен эгерде дем алыш күндөрү кар жаап калса аңчылыкка баралы деп макулдашкан болчу…

Эльмар оң жамбашына, аялы жакка оодарылды. Айнура сууктан жууркан алдында чүлүктөй бүктүшүп алыптыр. Бөлмөнү солярка менен жылытышчу. Аны түн бою иштетип коюу коогалуу болгондуктан жатар алдында өчүрүп коюша турган. Эртең менен бөлмө муздаткычтай эле тоңуп калуучу.

Эльмар төшөгүнөн туруп, кийинбестен мешти күйгүздү да кайрадан жуурканына култ кирип кетти. Уйкусу ачыла элек Айнура мышыктай эркелеп, ага сүйкөндү. Ал кош бойлуу эле, төмпөйгөн курсагы эринин капталына тийип, даана сезилип жатты.

– Ойгондуңбу?– деп шыбырады ага Эльмар.

– Ооба,– деди аялы да акырын.

– Эмнеге уктаган жоксуң?

– Укпай жатасыңбы – кобур-собур, тапырап баскандарды? – деди ал жанаша бөлмө тарапка башын жаңсай.

Укпаганда, дал ошол үндөр аны ойготуп жибербедиби. Анын небак ойгонгон ата-энелери нары-бери басып, дүрбөп, күңкүлдөй сүйлөнүп жатышкан болучу. Бул ишаранын өз мааниси бар эле. Алардын ою боюнча келин деген баарынан эрте туруп, үй оокатына тыңдыгын көрсөтүшү керек.

– Кой, мен турайын,– деди Айнура төшөктөн тура берип.

Мына, ата-энелер менен чогуу жашагандын пайдасы. О, бул дагы эч нерсе эмес! Качан үч кайын сиңдилери мадырабаш балдарынын баарын чогултуп алып конокко келгенде дем алышты көрүп ал!.. Келсе да мейли дечи, балдары баарын аңтарып-теңтерип, ар бир ишке кийлигишип, чаң ызгытып, экөөнү кээде уруштурганга чейин жеткирип жатышпайбы…

Айнура жуунуп бүтүп, бөлмөгө келип, муздак колдору менен күйөөсүнүн бетин сылап жиберди. Эри аны колунан кармап калайын деди эле, илгиртпей колун тартып ала коюп, кутулуп кетти. Бөлмө желдесин деп терезени ачты. Муздак аба бөлмөгө жаба берди.

– Карачы, кар жаап жатат,– деди Айнура күйөөсүнө бурулуп.

– Койчу?..– Эльмар төшөгүнөн тура калып терезеден сыртка карады.– Чын эле, айлана бүт аппак. Кызык, Махир келер бекен?

– Мындай суукта акылы ордунда киши үйүнөн чыкпайт, – деди жубайы.

– Ээ, сен аңчылыктын эмне экенин кайдан билмек элең!..

Айнура шоктонуп тигинин жамынчысын сыйрып алды.

– Тур, энем хашил жасаптыр!..

Эльмар энесинин сууга бышырылып, май, добаш кошулган камыр хашилди сугалактана жеп алды. Айнуранын камырды суза албай машакаттанып жатканын байкай коюп:

– Ким ушинтип тамак жесин? – деп, Эльмар шакабалай кетти, – Кудай үчүн баарыбыздын табитти бузбачы!

– Билесиңби, мен хашилди биринчи жолу ооз тийип жатам, – деди Айнура.

– Койсоңчу, эмне, силердин үйдө жасачу эмес белеңер?

– Жасашчу, бирок мен жактырбайм…

Телевизордун экранында бирөөнү туурап, жасалма кыйшалаңдаган үнү жагымсыз кыз ырдап жатты. Бул кийинки кездери көрүүчүлөрдү тажатып бүткөн, убакытты өлтүргөнү аз келгенсип, кулактын кужурун жеп даңылдаган бузуку попса болчу…

– Эльмар, тигине Махир келип, сени чакырып атат,– үстүндөгү карды кагынып, короодогу карды күрөгөн күрөгүн көтөргөн атасы бөлмөгө кирип келди.

– Кана, ал? – Айнура, терезе парданы ача коюп, сыртка моюн созо сурады. Иниси тазаланган жол менен дарбаза тарапка кетип баратканын көрө коюп: – Эмнеге ал кирген жок?.. – деп кызыкты.

– Машинеде эле күтүп турат, биз ансыз деле кечигип жатабыз деген Эльмар шашыла кийинип кирди.

– Ал хашилди жанындай көрчү эле, – Айнура өкүттүү сүйлөндү, – билсе, сөзсүз кирмек…

– Жакшысыңбы? – алдыңкы эшикти ачып, машинеге олтурар болгон Эльмар Махир менен учурашты. – Энем хашил жасаган экен, ооз тийбейсиңби, аба ырайы да аны тилеп турат, – кайнисинин тамаксоолугун сынагысы келгендей сурады.

– Кеттик! – деп бурк эткен ал машинесин дароо айдап жөнөдү.

– Сага эмне болгон, таң атпай эле маанайың пас?

– Жөн эле, – деди Махир, анын көздөрү кызарып, шишип, негедир беттери купкуу тартып, улам эрдин жиндене тиштегилеп.

Махир машинесин өз үйүн карай айдап жөнөдү.

– Эй, каякка баратабыз? – деп таңдана сурады андан Эльмар.

Махир жооп берген жок.

– Ой, деги сага эмне болду, айтпайсыңбы?!

– Энем каза болуп калды, – Махир араң үн катты.

– Эмне дейт?! Койчу?.. – Эльмар уккан кулагына ишенбей чочуп кетти.

– Эмне дароо айткан жоксуң?

– Атаң билет, ага айткамын. Эжем билбей эле койсун…

Махирдин дарбазасы аңырайта ачык экен. Анын жанында котолоп турган эркектер маркумду эстеп келчүлөр үчүн чатырды кайда тигүү керектигин сүйлөшүп жатышыптыр. Үйдүн ичинен маркумду жоктогон аялдардын ыйы угулду. Короого туугандар, теңтуштар, кошуналар… чогулуп жатышты.

Көп өтпөй чатыр тигилип, алдына майда таарынды төшөлүп, килем салынды, жарык тартылып, эшик да чыгарылды.

Эльмардын кайын атасы Амир кишинин өңү кубарып: «Бу кандай, Гатиба? Мени кимге таштап кеттиң?..» – деп өзүнчө күңкүлдөп, короодо муңкана басып жүрдү. Бул али алдуу, тың эркек алеки саатта азып, бүкүрөйүп калыптыр. Анан кантсин – улгайган ушул жашында аялынан ажырап калуу тамаша эмес да. Гатиба алардын чоң бүлөсүнүн тирөөчү, уюткусу болучу. Аны кийин, бүлөсү үчүн кандай чоң жоготуу болгондугун анык түшүнгөндө гана дагы даана сезмек. Айтканда эмне – чырпыктын сынуусу менен кубаттуу теректин кулашы эки башка эмеспи.

Эшик алдына келип токтогон машинеден чыккан бир адам Амир кишиге келип кучактап, ага кошула ыйлап калды. Баары аларды карап, боор ооруп жатышты. Көп өтпөй алар бири-бирин жубата басылып калышты.

– Амир, Гатиба эмнеден кайтыш болду?– деп сурады тиги бейтааныш адам, Амир кишини колтуктан ала топтошкон кишилерден четке ээрчите басып.

– Кийинчерээк ага бардык балакеттин баары – давлениеси, диабети, астмасы… жабышып калышкан…Кечинде кичүү кызына мейманчылап кеткен болчу. Бир кезде эле палоо жегиси келиптир. Кызы жасап берет, ал тойгончо жеп алыптыр. Ал байкушка, толгон-токой оорулары менен күрүч жегенге болбойт болчу. Үйгө келип эле түн ичинде жаман боло баштаптыр. Биз андайга көнүп бүткөнбүз – дароо тез жардам чакырттык. Адатта, дары, ийне сайгандан кийин дароо оңолуп кетчү. Бул жолу оорусу катуу кармады. Мен таза абадан дем алайын деп короого чыккам, бир кезде эле балдардын баары чуру-чуу түшүп калышты. «Чоң ата, тезинен келиңиз, чоң энем өлүп баратат!» – дешип. Мен качан ага жетип келгенде Гатиба кете бериптир. Чымчыктай болуп, учту да кетти. Кудум, дегеле ал байкуш бу жашоодо болбогондой…

Капысынан Махирди таэжеси үйгө чакырып калды:

– Алдыңа кетейин балам, машинеңди от алдыр, бир жерге барып келе коёлук…

– Ал жердин аты жокпу, таэже?

– Кошокчу таап келиш керек, – таэжеси чечкинсиз унчукту.

– Анын эмне кереги бар?! – Махир таң кала кетти, – биз эмне, өзүбүз кошо албайбызбы?

– Э, балам, кошок кошуу деген такыр башка иш. Сен аны кайдан билмек элең. Өзүн сыйлаган кишилердин баары кошокчу чакырат. Бардык жерде ошондой. Антпесе, энеңе сараңданып коюшту дешет…

Короодо болсо молдо менен аксакалдар Махирдин атасын маркумду бүгүн эле жайына коюуга көндүрүп жатышты.

– Салт деген салт, Амир киши, – деген үндөр угулат, – маркум болсо бул дүйнөдөн кетти, биз эми аны шартка жараша, түнөтпөстөн бүгүн жерге берүүбүз керек. Эгерде ал түштөн кийин каза болгондо, анда эртең коймокпуз.

– Койсоңорчу болбогон кепти, Кудайга карасаңар боло! – Амир киши кагынып аларга кол шилтеди.

– Амир киши, күнөөнү өзүңө албагын, – аксакалдар айтканын бербей, анын жанын койбой жатышты.

– Каяктагы салт, кайдагы күнөө, деги эмне деп жатасыңар? Эмне, ал салттарды өзүбүз, адамдар эле ойлоп тапкан жок белек?

– Амир киши, – деди молдо теспесин терип жатып, – шарият боюнча эгерде маркумдун денесин өз убагында жерге бербесек, анын жаны жай ала албай, көрүстөн менен үйдүн ортосунда сандалып калат…

– Силердин айтканыңардын баары менин акылыма кирбей жатат, ай молдо, кирбей жатат, бүттү! – Амир киши аксалаңдап ачуулуу нары басып кетти.

– Бу эмнеси? – молдо Амир кишинин артынан карап, аны жемелеген болду. – Чачы агарганча жашап, далайды көрсө да баладай тээжик.

– Аны жаман көрбөгүлө, аялынын өлгөнү – ал үчүн чоң жоготуу, ошондон улам акылы ордуна келе албай жатпайбы, – аксакалдардын бири молдону жубатканга аракет кылды.

– Мага эмне? – молдо нааразы болду, – мен баары шартка жараша болсун дегеним да, аны түшүндүрөйүн десем тиги мен кайгыга батып турсам, силер кайдагы шартты айтып жатасыңар деп так секирип жатпайбы. Аларды мен ойлоп тапкан жокмун да…

– Болду эми, талашпагыла, – деди аксакалдар Амир кишинин жакындап келатканын көрө сала.

Эльмар кайын атасы тарапта болчу, Амир кишинин бу көктүгүнөн улам ага сыйы дагы артып турду. Маркумдун жанынан кыздары, келиндери, неберелери, туугандары менен жакындары жылбай турушту. Алардын баары Гатибага кайсыл бир себептер менен карыздар эле. Эгерде аны бир түнгө түнөтүп койсо жер астын-үстүн болуп кетмек беле. Минтип, шашылыш, чукулунан эле андан ажыратып коюу таш боорлук болчу, ал түбөлүккө кайрылгыс кетип жатпайбы…

Жогору, экинчи кабаттан аялдардын, балдардын ачуу ыйы чыгып калды. Маркумдун денесин төмөнгө, атайын тигилген чатырда майрам сууга алганы түшүрүп жатышкан, андан соң аны ак кепинге ороп, куран түшүрүлөт.

Сууга алуу бир сааттан ашыкка созулду. Акыры аны жууп бүтүшкөн аялдар чатырдын четин ачып, эркектерди чакырышты. Алар жабыла барып маркумду килем салынган атайын табытка жаткырышты. Өлгөн адамды өмүрүндө алгачкы ирет жакындан көрүп жаткан Эльмар эс-мас, кудум түш көрүп жаткандай сезилди. О Кудай, толук, кабелтең аял бир паста эле кичирейгенсип, кургап, кенедей болуп калыптыр…

Табытты көтөрүп, дарбаза тарапка алып жөнөштү. Аялын бүгүн эле көмүүгө Амир кишини акыры көндүрүшкөн экен. Аялдар менен балдар чуулдап ыйлап жиберишти…

Көчөдө эл күтүрөйт. Машинелер каз-катар тизилишип, көрүстөнгө элди ташуу үчүн даяр болуп турушту – маркумду акыркы сапарына узатуу ар бир кишинин парызы эмеспи. Жүк ташуучу машинеге жеткенде көпчүлүк токтоп, ага табытты салышты. Гатибанын сөөгүн өзү туулуп өскөн айылына алып барып, ата-бабаларынын жанына коймок болушкан эле.

Асмандан кар жай жана азалуу жаап жатты…

Көрүстөнгө алып баруучу жол аппак мейкинде кара тасмадай созулуп жатты – Гатибанын айылдаштары жана туугандары аны кардан тазалап коюшкан болучу. Көрүстөндүн кире беришиндеги тактага маркумдун денеси салынган табытты апкелип коюшту. Эркектер жарым айлампа боло аны тегеректеп, үнсүз. Молдо куранды ачып, аяттын бирин созолонто окуп кирди. Анын соңунан ооздорун кыбыратып, курандын сөздөрүн баары кайталап жатышты. Акырында молдонун жаңсоосу менен табытты көтөрүп барып, казылган мүрзөнүн жанына коюшту.

Эльмар эки жагын каранып селт эте түштү. Тегерегинде тизилип турушкан эстеликтердин бардыгы өзүн тирмийе тиктеп тургандай сезилип кетти. Кулагы чуулдап, арбактардын бири-бири менен шыбырашканын угуп жаткансыды.

Көр казгыч менен учурашкан молдо андан:

– Кандай, жетиштиңби?– деп сурады.

Тиги ооба дегенсип башын ийкегиледи.

– Биринчи жолу беле, көнгөнбүз да…

Молдо полиэтилен жабуусунун четин ачып, жаңы казылган көргө түштү да аны адалдаган куранын окуду. Ал тез эле кайрадан сыртка чыгып, карды киргизбөө үчүн жабууну кайра жаап коюшту. Амир киши баш болуп ага жана маркумга жакын кишилердин баары ыйлап жатышты.

Эльмар азалуу аларга тике карай албай жаштуу көздөрүн ала качты…

Молдо белги берип, Гатибанын кепинделген денесин мүрзөгө аста түшүрө башташты. Аны капталына оодара бергенде жердин муздак капталына жөлөй коюшту…

– Динсиздер! – Амир киши ызырынып алды.

Ал маркумдун денесин кымбат килемге ороп, башына жаздык коюуну өтүнгөн эле. Эми адамдардын өзүлөрү чыгарып алган адаты алардан күчтүүлүк кылып, мүрзөгө эч нерсе койдурбай, ага баш ийүүгө Амир кишини араңдап жатып көндүрүшкөн болчу.

Гатибанын мүрзөсүнө ким биринчи топурак салууга батынат болду экен – деп Элмар кызыгып жатты. Бирок андан мурда аңды тактайлар менен жаап, үстүнөн полиэтилен төшөп, чым менен бастырышты – кудум маркумду тирүүлөрдөн коргоп жаткан сымал.

Акырында, мүрзөнү топурак менен көөмп, жерден көтөрүлгөн дөңчөнү күрөк менен тегиздеп коюшту. Убактылуу жыгач белгисин орнотуп, шиберди сугарып бүткөн соң, суунун сайынан терилип келген таштарды мүрзөнү тегерете тизип чыгышты…

Ооба, мындай бышык жөрөлгөлөрдөн соң баатыр болсо да эч бир маркум бул көрдөн чыгып кете алмак эмес…

Эл акырындап четинен таркай берди. Бардыгын белгисиз кооптонуу жана кайгылуу дүрбөлөңгө салган санаа басып, акыры бир күнү келүүчү жарыкчылыктан кол үзүү коркунучу, амалсыз чындык, өлүм коогасы өлүктөр жайынан ылдамыраак кетүүгө мажбурлап жаткансыды…

Шариятка ылайык ооз тийүү маркумга сооп деп саналчу халва менен лавашты таркатып жүргөн жигит менен жолугушуудан качып, Эльмар четке умтула берди. Ошо тапта:

– Эй, бери кел! – деп тигил жигитти кимдир бирөө өктөм чакырып калды.

Эльмар үн чыккан тарапка бурулуп, дароо үч лавашты халвасы менен бурдай кармап, жанталаша аймап жаткан чоң курсак кодогойду көрдү…

Машинелер ылдамдап, көрүстөндөн алыстай беришти. Амир киши дагы эле эс-акылын жыя албай жатты:

– Ишене албайм… Эң жакын адамыңды өз колуң менен жерге көөмп салып, эч нерсе болбогондой үйгө кайтып кетүү… Байкуш, Гатибам! Үйдүн терезелерин жаап коюшса дем ала албай муунуп жатам деп дароо чуулдап жиберчү элең. Эмичи… Караңгы жер алдында думукпай кантип жаттың экен?

Эльмардын тамагы бүгүн биринчи жолу буулуп, ызалуу ыйлап жиберди…

Чатырдын жанына келип, машинеден түшкөн Эльмар ачык дарбазадан короонун ичине карады. Тамак жасап жатышкан аялдардан башка эч ким жок экен. Алар көрүстөндөн кайтып келишкенде аял-балдардын баары чуулдап ыйлап, Амир кишиге асылышып: «Биздин энебиз кана? Аны каякка алып кеттиң?» – деп жабалакташат деп ойлогон эле. Андай болгон жок. Арийне, бардыгы болуп өткөн окуя менен небак элдешишкен көрүнөт.

Капысынан эле аялдардын кобуру арасынан Гатибанын үнүн ачык уккансыды. Үн экинчи кабаттан чыгып жаткандай. Ал жакка көтөрүлсө эле топ аялдардын арасынан аны көрө тургандай сезилип кетти.

– Эльмар байке, сизди жаңы эле издеп жатышкан,– деп калды ошо тапта самоор кайнаткан бала.– Айнуранын толгоосу башталып, эжем аны төрөтканага жеткирип келди…

Төрөтканада Эльмардын эжесинен сырткары өңү ыйлуу Айнуранын да эжеси бар экен.

– Ал кантип жатат? – кире элек туруп шашыла суроо узатты Эльмар.

– Күтүп жатабыз…

– Ага энесин угуздуңарбы?

– Жок, – деди Айнуранын эжеси ый аралаш, – кантип айтмак элек?

– Мен аны угуп калса керек деп ойлодум эле.

– Аман-эсен көз жарып алсын, анан айтабыз…

Эльдар орундукка олтура кетти. Аны кош сезим – көмүүдөн калган өкүт менен аялы үчүн кооптонуусу кыйнап жатты. Ал адамдарга табият мынчалык эле эмнеге өтө таш боор деп ойлоду. Мына, адам азыр эле бар туруп, бир паста жок болду да калды. Жерге берилип, чирип, жок болуп, унутулуп кете берет… Ооба, адамдар утурумдук, бирок алар кеткен соң артында бир нерсеси калыш керек эле да. Өлгөндөрдүн биз менен кандайдыр бир башка касиетте бирге болуусуна табият кам көргөн эмеспи? Кичинекей ажайып айкел, деңиз үлүлү же дагы башка нерсе дегендей…

Деги алар такыр эле жоголуп кетишпесе, көмүлгөн бойдон жер алдында биротоло унутулуп кала беришпесе экен… Маркумдардан бир нерсе калганын, алар өлгөндөн кийин кайсыл бир бөлөк түргө өткөнүн даана билип, жакындары аны сактап, сүйүп, каалаган кезде аны менен байланышып, бирге экенин, жанында бар экенин сезип турушса атаганат!..

Эльмарды чарчоо басты – күн бою тарткан түйшүктөрү эми сезилди көрүнөт, олтурган жеринде бир саамга көзү илинип кетти. Кызыктуу түш көрдү. Түшүндө маркумдарды көмүү деген жок экен. Алар кайсыл бир сүйүктүү буюмга айланышып, түбөлүктүү болушат экен. Адамдарды жакындарынан айырып, алып кетүүчү өлүмдүн эми кереги жок болуп, өзү өлүп калыптыр. Бирок андан деле тыңгылыктуу эч нерсе чыкпайт. Маркумдар айланган сүйүктүү, кымбат буюмга адамдардын кызыгуусу бара-бара бастап, анан көптөрү көңүл кош тартып, барктабай убакыт өткөн сайын күчөгөн сүйүү эмес, эч сыйга арзыбас болуп калышыптыр. Рас, айрымдар аларды ардактап, алтын же күмүш кутуларда сактаган менен көпчүлүк учурда ар кай жерде тепсендиде кала беришти… Керексиз болуп калган ал буюмдарды балдар оюнчук кылып, көчөдө бири-бирине ыргытып ойноп жүрүштү. Ал эми алардын кымбатыраагын чоң эле кишилер белекке, парага берип, алтургай айрымдары сатыкка коюп жатышты…

Эльмар чочуп ойгонуп кетти. Дал ошол кезде жанына карындашы келип калыптыр.

– Сизди ата болушуңуз менен куттуктайм,– деди ал жагымдуу жылмайып.

– Кызбы же эркекпи? – деп сурап жиберди өзүнө ээ боло албай.

– Кыз…

Эльмар катуу кубанганынан карындашын кучактап алып өпкүлөп жибергиси келди, бирок жанындагы Айнуранын эжесине карай коюп анткен жок. Жаңы эле энесинен айрылып, кайгыга чөгүп турган адамдын көзүнчө кубануу чекилик эмеспи.

– Бизди палатага киргизээр бекен?– деди ал шашкалактап.

– Кыйынын кара… бир азга чыдап тур, медайым убада берди…

Ал палатага келип киргенде Айнура жаздыктан башын көтөрүүгө далалаттанып, турмакчы болду эле, туш-тараптан жаалап жиберишти.

– Кой, турба, азыр болбойт…

Айнуранын өңү кубарып, соолуган гүлдөй сөлдүрөп калыптыр. Медайым баланы көтөрүп кирди. Эльмардын кулагына карындашы аста шыбырады:

– Орончусуна акча кыстарып кой, ошондой ырым бар…

Кынаптап оролгон, бырышкан кызыл эт наристе али аталык чоң сезим туудурууга алсыз эле. Күйөөсүнүн дапдырап турганын башкача жоруган Айнура андан:

– Кыз экенин укканда иренжидиңби?.. – деп сурады айыптуудай.

– О, жок, сен эмне деп жатасың?! – деп Эльмар жубайын жубатканча шашты.

– Силердин негедир маанайыңар пас же кубанбай жатасыңарбы? – Айнура алда неден шекшинип турду.

– Кызбы, эркекпи – баары Кудайдын белеги. Кантип кубанбайлык, жеңе?– деди кайын сиңдиси Айнуранын бетинен өөп, бирок акыры кармана албай ал жашып кетти.

Эльмардын да тамагы буулуп, тескери бурулду.

– Деги силерге эмне болгон? – Айнура кабатырланды.

– Эч нерсе эмес, – деди Эльмардын карындашы, – кубанганыбыздан эле…

Акыры Айнура бейгам тартты. Качан Эльмар сыртка чыгып баратканда ал:

– Биздин кызга жакшы ат таап койгун, – деди алсыз.

– Небак эле таап койгом, – деди ал үнү дирилдеп.

Айнура кандай ат экенин ырас сураган жок…

Сыртта караңгы жана ала шалбырт болчу, эриген кардан жол шалпылдап чыккан. Ылайга батып калуу турган иш эле. Дагы жакшы, төрөткананын терезелеринен түшкөн жарык алардын жолун жарык кылып жатты.

Которгон Айдарбек САРМАНБЕТОВ