КАВАБАТА Ясунари: Кызыл карагай (новелла, которгон Роза БЕКТУРОВА)

Ясунари КАВАБАТА – жапон жазуучусу, Нобел сыйлыгынын лауреаты. Дүйнөгө атагы тараган жазуучулардын бири. Ал 1899-жылы 11-июнда Жапониянын Кита аймагынын Осака айылында туулуп, 1917-1924-ж.ж., Токио университетин аяктаган.

НОВЕЛЛА

Качантан бери ал  өзүнөн  бамбуктун   добушун, шабдаалынынын гүлүн сезе баштады?

Ал эми азыр  ал бамбуктун добушун гана укпастан бул добушту көрө да баштады, а тургай шабдаалынын түсүнө гана  маашырланбастан  – өнө боюнда шабдаалынын  түсү угулуп турду.

Ал бамбуктан алыс болсо да анын добушун жана кызыл карагайдын шыбырын  угуп калчу.  Шабдаалынын гүлүнө  көз чаптырсаң  – анын гүлдөй турган маалы  боло электигине карабастан кайналынын гүлүн көрүп калчу. Мындай  адамдарда анчейин сейрек  боло бербейт, бирок  бул сезим Хисао Миякавага улгайган жылдары келди.

 

Мурдагы жылдын жазында Миякава  үйдүн артындагы турган дөбөдөн шумкарды көрүп калды жана  азыр аны азыр деле көрүп тургандай  болду.

* * *

Жапыз  тоо кыркасы Миякаванын үйүнүн  артындагы  чайырдын  тамчылары бүткөн жердеги  томпокчону элестеткен   дөңчө менен  бүтөт. Дөңчөнүн этегиндеги коргошундун өңү сымал  аскалардын баарын көк жалбырактуу гүлсүз өсүмдүк каптап өсүп кеткен. Асканын бетинде бийик дарактар көрүнбөйт, бирок ал ушунчалык  калың өскөндүктөн жашыл көшөгөнү эске салат. Чокусунда гана  куурап калган чоң кызыл  карагай жападан жалгыз сороет.

Кызыл карагай куурап калгандан тарта  өзүнүн ийне жалбырактарынан ажыраганына  көп жыл өттү, көптөгөн майда бутактары жок болуп, жоон, ири бутактар гана сакталып калганы болсо, учтары сынып калган. Ал ошол бойдон асманга сайылгансып турат.

 

Миякава кызыл карагайдын чокусунда конуп турган шумкарды көргөндө таңгалганынан кыйкырып жибере жаздады. Бул жерге шумкар учуп келиши мүмкүн экени анын оюна  эч качан келген эмес. Бул өзүнчө эле бир укмуштуу керемет болгонсуду. Бирок  күчтүү жана  жаалданган  шумкар  кызыл карагайга конуп турган.

Тарбайган кызыл карагай   чокусуна шумкар келип конгондон кийин жапырая түшкөнсүдү. Ал былк этпей менсиреп, көкүрөгүн керип конуп турган. Миякава  кушту суктана карап, өзүнө да шумкардын күчү кошулуп кеткенин сезди.

Жазгы кеч болчу. Куурап калган кызыл карагай чулгап оронгон суюк кызгылтым туманга төйнөлүп калган кара ийнени элестетти. Тиги жерде, чокуда айлана-чөйрөдөгүлөргө таптакыр байланышпаган бир нерсе болуп жаткансыды.

“Жок, шумкар бул  жерге туман баскан кечки асман менен учуп келген жок. Ал бул жерге мен үчүн пайда болду. Жана ал эч жакка учуп кетпейт…” – деген өз ою менен Миякава кушка таңгалып карап турду. Ага   жалбырттаган жалынга ак лотостун зор гүлү  түшкөндөй элестелди. Жазгы  өңү өчкөн асман  ага  жалбырттаган жалынды элестеткен жок, ал эми шумкардын ак лотоско эч кандай тиешеси жок болучу. Куураган дарактын чокусунда конуп турган шаадылуу куштан бейгамдыктын, жабырттаган жалындуу апакай лотостун бейгам деми келип турду. Ак лотос…

Бара-бара өрөпкүткөн таңгалуусу да, толкундоосу да бул жерге шумкардын учуп келиши жакшы жышаан деген ишеним менен алмашылды. Миякаваны чексиз кубаныч басты.

Мурда Токиого жакын жердеги деңиз жээгинде жайгашкан бул шаарга шумкарлар учуп келгендиги жөнүндө өзү да көргөн эмес, башкалардан да укпаган. Мына эми шумкар  анын көз алдында туру. Ал бул жерге кайдан келди? Же бу кокусунан эле жолунан адашып кетип, бир азга эс алуу үчүн кызыл карагайдын чокусуна кондубу? Же  анын  белгилүү бир максаты барбы? Акыры дал ушул кызыл карагайдын чокусуна  конушуна эмне түрткү болду? Миякава муну  кокустук эмес деп эсептеди. Жок, дал  ушундай болууга тийиш эле. Миякавага бул шумкар бир нерсе айтуу үчүн учуп келгенсиди.

 

“Бул чириген кызыл карагайды кыйып салбаганым оңдуу болуптур, – деген ой келди башына. – Дөңдүн чокусунда куурап калган чоң карагай  тургандыктан шумкар дал ушул жерге конгон өңдөнөт? Балким бул кызыл карагай болбогондо, өз үйүмө жакын жерде конгон шумкарды өмүрүмдө көрбөйт болчумун”.

“Кызыл карагайды кыйып салбаганым ырас болуптур, – деп кайра-кайра кайталай берди Миякава. – Болбосо канча жолу  кыюуга камындым эле го”.

Миякава үй артындагы куурап бараткан дүпүйгөн дарактан өз очогунун кутун сактап турган купуялуу жышаананы көргөнсүп, негедир зээни кейип тиктеп турган учурлары болгон.

Кызыл карагай анын алдына электричка токтогон платформадан көрүнүп турчу. Алар вагонго түшкөндө же  өз шаарына кайтып келүү менен платформага чыкканда Миякава жана анын үйүндөгүлөргө кызыл карагайга көз чаптыруу адат болуп калган. Алар  кызыл карагайга көз чаптырышканы менен бирок ошол эле убакта аны  байкабай да калгансышчу.

Ал дарак  сезимдерди удургутуп, жүрөктүн назик кылдарын черткен учурлар да болгон. Вагондон платформага чыгууда кызыл карагайга  көз чаптырар замат көңүл жайланып, жүрөктөгү түшүнүксүз  көңүл чөгүү жагымдуу тынчып калчу. Миякава  дарактардын өмүр-жашын көз менен аныктай алчу эмес. Ал  бул үйгө кирген кезде  кырк тогуз жашта болчу, ал эми бир нече жыл мурда жетимишке толгон, бирок  бул узак жылдардын ичинде кызыл карагай таптакыр өзгөрбөгөнсүп көрүнчү. Ага  чынында эле канча жыл болду? Дегинкиси жүз элүүдөн кем эмес.

Кашаанын жанында  өскөн эмен да, камфара лавры жана да бактын ортосунда  бутактарын жайган индия сирени кошулуп, баары  карыган дарактар эле, бирок  аларды  дөңдөгү кызыл карагайга салыштырып болобу. Эмне үчүн дөңдө кызыл карагайдан башка  бир дагы чоң дарак өспөйт? Балким аны менен теңдер эбак чирип жок болуп,  ал гана жалгыз калганбы?

 

Кыязы, андан  аз болбосо да  Миякавадан  эки эсе улуу болсо керек. Албетте, бул жерге  Миякава  көчүп келгенде, кызыл карагай  андан кийин да  калат деп эсептеген. Миякава улан кезинен тартып токойлорду аралап жүргөндө, алардын узак жашоо белгисин туюп, кубаттуу дарактардын алдында  демин ичине катып токтоп калчу. Бирок анда алар адам өмүрүнүн кыска экендигин  туюндурчу эмес, тескерисинче, бул жөнүндө унуткарууга мажбур эле жана ага   өз тамырларын жерге терең  төндүргөн кубаттуу дарактардын жашоосу менен биригип кеткендей көрүнчү.

Ал өзүнөн дөңдөгү кызыл карагайды сезе баштады. Дөңдүн беттери тике болчу жана анын чокусуна  барган бир дагы чыйыр жол жок эле. Ошондуктан Миякава  даракка  чыгып бара алчу эмес жана ага көз салып туруш үчүн багбандан да өтүнө алчу эмес. Кыязы, башынан эле кызыл карагай жапайы болгондуктан: ага бакчадагы дарактардай эч ким  көз салчу эмес. Анын бутактары туш келди өсө бербеди, ал картайганына карабай сымбатынан да кетпеди. Жадагалса тайфун да бутактарын сындыра албады.

Бутактарды мындай кой,  ийне жалбырактар ордунда калчу. Миякава  кире бериштеги бийик терезеден  катуу шамал, катуу жаан дарактарды  терметип турганын далай жолу байкаган. Аба-ырайы бузулганда үй артындагы дөңчөдө эмне болуп жатканын терезеден гана көрүүгө болор эле. Миякава  кызыл карагайды тынчсыздануу менен карачу. Нөшөрлөгөн жамгыр анын туурасынан жайылган айнектеринен тыкылдатчу. Дарактардан үзүлүп түшкөн  жазгы жашыл жалбырактар  короонун  артында да   жайылып жатчу. Кызыл карагайдын ийне жалбырактары гана  өз ордунан козголбогондой көрүнчү. Балким алар деле түшкөндүр, бирок анысы терезеден  көрүнчү эмес,  Миякавага да кызыл карагайдын бутактарынан бир дагы ийне жалбырак учуп түшпөгөнсүп көрүнчү. Шамал  дөңдүн бетиндеги дарактарды жапырып, жалбырактарын жулганы менен жогору жактагы кызыл карагайдын чокусу анча-мынча термелип, Миякавага азоо тайфун анын тегерегинде  гана жүрүп жатпагандай туюлчу. Ал терезенин жанында кызыл карагайга  колдорун созуп кучагына алгансып турчу…

 

Капыстан анын көз алдына   ак хризантемалардын желектери добуш чыгарбай күбүлүп  тургандай элес   тартылды. Никеге туруу алдында гүлдесте  кармап, ак көйнөкчөн келинчек отелдин коридорунда келатты. Υйлөнүү тоюна же  өлгөнгө шашып бараткан болушы да ыктымал. Көйнөктүн этеги   жерге   чубалжып  келатты. Ак желекчелер болсо биринин артынан бири жерге түшүүдө. Колуктуну  коштоп келаткан аял  желекчелерди жерден алып, жашыл сымал килемге  эңкейе калып салып атты…

Миякава мунун баарын бир кезде отелдин коридорунан өтүп баратып көргөн. Колуктуну коштоп бараткан аял болсо килемге чубурган желекчелерди  терип баратты. А колукту өз колундагы гүлдестенин желекчелери күбүлүп баратканын байкады бекен? Эмнеси болсо да байкабагансыйт. Миякава хризантемалардан колукту үчүн мурдатан үзүлгөн гүлдестени даярдаган багбандын кара мүртөздүгүн ойлоп, муну трагедия үчүн  укмуштай сюжет болушу ыктымал деп койду өзүнчө: ак хризантеманын дабышсыз түшкөнү – колуктунун колундагы турмуш бороонунан үзүлүп түшкөн желекчелер эмеспи…

Темир жол платформасынан  жерге түшүп, шаарга чыкканда кызыл карагай да, дөбөчө да үйлөрдүн далдасында калат. Бирок  жашыл күркө турган  имерилиштен бурула калсаң, кызыл карагай кайрадан көрүнүп, Миякаванын үйүнө чейин көз алдыңдан  кетпейт.

Кызыл карагай деңиз тарптан да даана көрүнөт. Миякаванын кызы Кае өзүнүн сүйгөн жигити менен анын яхтасында  алгачкы жолу  деңизге чыкканда алыстагы кызыл карагай менен ал турган дөң үрүл-бүрүл жээкте араң-араң көрүнөрүн айткан.  Кызыл карагайды  көрүп, ыйлап жибериптир.

Миякава  Каего куда түшүү убагында бул жөнүндө анын эсине салган. Ага күйөөлөп келген яхтадагы жигит эмес,  башка улан болгон. Ошол кезде  Миякава  кызыл карагайды көрүп, кызы эмне үчүн ыйлап жибергенин сураштан ыңгайсызданган. Андан кийин да сурашка болбоду.

 

Көзү тирүү кезинде кызыл карагайдын куурап калышы Миякаванын башына да келген эмес. Ошондой эле анын артындагы дөңчөдө кызыл карагай өскөн  үйгө кирээрин да болжолдобогон. Бирок  бул жерде  жүз жылдан бери  турган дарак менен Миякаванын жолугушуусу аны ар дайым коштоп жүргөн. Демек, кызыл карагай аны күтпөстөн жок болуп кетмек эмес. Анткени  кызыл карагай ошол үчүн жашаган да.

Азыр чокунун башындагыларыбы же ортосундагыларбы, а балким этегиндегилериби, айтор, кайсыл ийне жалбырактар биринчи саргара баштаары анын эсинде так жок эле. Υйүндөгүлөр деле муну ар кандай айтышат.

Миякава кызыл карагайдын саргарган ийне жалбырактарын байкаган кезде, анын жакында  жок болуп кетээр белгиси экенин ойлогон эмес. Анын өзүнүн багбаны жок болгондуктан ал жардам сурап досуна кайрылды. Келген багбан  кызыл карагай жок болорун кесе айтты. Ал  кыязы, даракты курт-кумурскалар кемире берип, ийне жалбырактары саргая баштаган соң аны сактоо мүмкүн эместигин кошумчалады. Миякава жок дегенде  бир нерсе кылууну  өтүндү, бирок багбан аргасыздан колдорун  жайып койду.

Υйдөн, короодон, көчөдөгү платформадан, айтор бардык жерден   жок болуп бараткан  даракты  көрүү кыйынга турду. Жандалбастоо узакка созулду. Кызыл карагайдын бир да жашыл жалбырагы калган жок, бирок саргайды, түшүп да калышпады. Куурап калган кызыл карагай Миякавага  жаманчылыкты туюнткан, кебетесинен кете түшкөндөй көрүнгөн күндөр болду. Миякава дайыма “аны көзүм көрбөсө экен” – деп  көп ойлоно турган, бирок эрксизден ага көзүн көпкө кадап тигилчү. Кызыл карагайды эрте эле түбүнөн чаап салууну ойлоду, муну ал өзүнүн жантени менен бирге сезбегендиктен эмес, тек гана кызыл карагайды тезирээк жерге көмүүнү ойлоду.

Дагы бир нече жылдар өттү. Саргайган ийне жалбырактар күбүлүп түштү, майда бутактар чириди, чоң бутактары сынып калышты. Миякава  куурап калган кызыл карагай бар экенин жана аны кыйып таштагысы келгендиги тууралуу чанда эле эстей баштады.

 

Куураган бутактарга кар түштү. Ал  даракты жаңыртып койгонсуп калчу. Кар баскан бутактар муздак болгону менен бирок кээде  алардан жылуулук чыгып турчу.

* * *

Мына эми ошол  дарактын учунан шумкарды көрдү. Миякава кыйып салбаган үчүн куш кызыл карагайга конду. Чокуга жетүү кыйын болгондуктанбы, а балким Миякаванын жалкоолугунан уламбы, кызыл карагай кыйылбай калган эле. Айтору, кызыл карагай дөңдөгү өз ордунда, ага шумкар конуп отурат.

Шумкар кыймылсыз отурду. Миякава демин ичине катып жогору карады эле, шумкардын күчү анын өзүнө өтүп, конгон куш куураган даракка да күч-кубат өткөрүп отургансыды.

Миякава өзү суктанып тиктеген шумкарды кемпири көрсүн үчүн чакырмак болду. Кемпири укпай калбасын үчүн катуурак кыйкырыш керек, бирок өз үнү менен кушту чочутуп албоону ойлонду.

Шумкар колдон жасалган немедей кыймылсыз эле. Анын тырмактары дарак менен дарак болуп матырылып калгансыганын кара. Бирок куш – тирүү жандык, ал акыры учуп кетет. А куураган кызыл карагай калат. Арийне ал шумкар конгон кызыл карагай болот. Миякава бир жолу гана көргөн, бирок эми  шумкар анда көпкө калат.

Шумкар Миякава үчүн кандай кабар алып келди экен? Эгерде анын  пайда болушу жакшы жышаана болсо, анда Миякавага  келүүгө тийиш болгон бакыт эмнеде, кубаныч эмнеде? Ал мүмкүн шумкарды  көргөндүгүндө эмеспи?

Бул  өткөн жазда болгон. Υй артындагы дөңдүн чокусундагы куурап калган зор карагай андан бери дээрлик өзгөргөн жок. Шумкар  андан кийин учуп келбеди. Балким учуп келгендир, бирок Миякава аны көргөн жок.

 

Миякава эми шумкарды өзүнүн ичинде деп ойлоду.

Алар жашаган шаарчага, шаарчаны кой, өз үйүнүн жанындагы дөңдөгү кызыл карагайга шумкар келип конгонун бирөөгө айтса, ишенээр беле?! Бул жөнүндө ал эч кимге ооз ачпоону чечти.

Которгон Роза БЕКТУРОВА