КАРАОСМАНОГЛУ Якуп Кадри: Маркумдун каттары (аңгеме)

АҢГЕМЕ

Принцесса Бейза айым тамактанып отурганыбызда бизге айткан каттарын алып келди. Булар жыйырма беш жыл мурун аны акылдан адашып сүйүп, кийин үмүтү өчкөндө өзүн Элжизе бакчасындагы бакка сыйрытмактап, аянычтуу өлүмгө дуушар болгон жаш жигиттин ага жиберген махабатнамелери эле.

Принцесса эски сулуулугунун зоболосун жана улуулугун тастыктап турган бул каттарды, бир топ саргарып өңү да өчүп калган кагаз бөлүктөрүн тизесинин үстүнө коюп, жыйырма беш жылга улгая түшкөн эриндеринен бир кызыктай жылмаю пайда боло бизге күлүп:

— Буларды силерге окуп берейин, каалайсыңарбы?.. Келгиле, жакындагыла! – деди.

Баарыбыз билүүгө куштарланып, ал отурган креслонун айланасына топтоло калдык. Түн ортосу болчу. Биз отурган бөлмөнүн терезеси ачык турат. Сырттан, бакчадан, түңкү караңгылыктын ичинде коркунучтуу элес калтырган узун бактын кара бир сабагы коркутуп-үркүтүүчү кол сыяктанып бөлмөнүн ичин көздөй кирип келатты. Аялдар күлүп жатышат, эркектер токтоо, олуттуу, ойлуу көрүнөт. Бейза айым ичке жибек кездемелерди уйпалаган жөндөмсүз колдорго окшогон, түркөчөгө бираз чоочун тилдин жөндөмү менен сүйлөмдөрдүн рухун жаралап, кээде токтоп өзү үчүн түшүнүксүз сөздөрдүн маанисин сурап, каттарды катары менен окуп баштады:

-1-

Айым, кечээ Элжизеде ат арабаңыздын жанынан, жаныңыздан өтүп баратканымда мага карап эмнеге күлдүңүз?.. Мени тааныбайсыз, мени эч тааныбайсыз. Же жагып калдымбы?.. Муну божомолдой албайм. Күлкүнүчтүү белем? Балким… Бирок эриндериңизди кооздоп турган жылмаюуда чымчып алар эч нерсе жок болчу, ал жерде эч кандай нерсе жок болчу, э? Сиз күлүп жатканда жөн гана көңүлдүү жана жөн гана… аял заты болчусуз. Бул сөздү жүйөөлүү деп эсептеңиз! Ооба, жөн гана аял заты болчусуз. Бирок ушундай жылмаюу бир эркек үчүн канчалык зыяндуу? Билесизби, бир аялдын эриндеринин ортосунда жаркыраган жылмаюу, карматпас чагылгандай эркектин жүрөгүндө укмуштуудай бороон-чапкынды жаратарын? Өзгөчө ал аял сиз сыяктуу болсо, сиздей сулуу, сиздей улуу, сиздей принцесса болсо…

Сиз принцессасыз, алгачкы жумушум ушуну билүү болду. Билээрим менен үмүтүмдүн, менин байкуш үмүтүмдүн канаттары үзүлдү. Сиз принцессасыз. Мени сизге бул саптарды жазуума мажбурлаган ушулар. Бир принцесса кынтыксыз жана кооз  ат арабасы менен көчөдөн жолуктурган он тогуз, жыйырма жаштагы маанисиз, колунда жок, жөө жүргөн жаш балага эмнеге жана эмне болду деп күлөт. Чындыгында, айым, сиздин жылмаюуңуз мен үчүн оюн болду. Муну жайгарып бериңиз. Эртең, кайрадан Элжизеге эс алууга чыгып, мени менен кездешип калганыңызда жол жээгиндеги келесоо жана бечара жаш балага жүзүңүздүн эң  жагымдуу түрүн көрсөтүңүз. Бул абалдан мен кечээки жылмаюу бардык адамга мүнөздүү экенин түшүнөйүн.  Жөн гана жылмаюу жана кадимки аялзаты дейин.   Ушундай кылыңыз жана мени кыйноодон куткарыңыз. Кичи пейилдикке…

Бул катты сизге кантип берем, бул катты ат арабаңызга кантип тайманбай ыргыта алам? Билбейм. Катты кызыгып жазганымды билишиңиз керек. Ошол мамилени түшүнүү үчүн… Эриндериңиздин гүлгүн жана аесуз мамилесин…

-2-

Айым, кечээ дагы күлдүңүз. Эриндериңиз кечээ дагы ошол комедияны аткарды. Сизден коркуп турам. Сиздин жылмаюуңуз мен үчүн коркунуч жарата баштады. Бул оюндун, күлкүнүн соңу жагымсыз жана кейиштүү болорун азыртадан сезип жатам. Бардык күчүм менен тилек кылам, бул оюн дайыма ушундай улана берсин. Мен дайыма ат арабаңызды айланчыктайын, сиз дайыма күлүңүз! Экөөбүз тең бул жагымдуу комедиянын эки таланттуу актеру бойдон калалы. Бирок…

Бирок бизди ким бир күнү бул эки актердун таланты, бардык толкундоолору, бардык тилектери менен бирге көзмө көз тиктешкен бир эркек менен аялдан жыпжылаңач бир бүтүндүк жаралат деп ишендире алмак…

Айым, адамдар өзүн-өзү жакшы тааный албаганынан улам дайыма бейтаалай болушат. Сиздин жана менин жан дүйнөмдө эшиги эч ачылбаган казыналар бар. Алардын караңгы жана сырдуу түпкүрүндө эмне бар, эмне сакталган? Аны эч ким билбейт. Кээде бир кол, кээде шамал ошол эшиктердин бирөөсүн түрткүлөйт; ошондо сиз укмуштуудай бир нерсенин маңдайында титиреп, катып каласыз. Жан дүйнөнүн ошол түпкүрүнөн, далистеринен, караңгы жеринен эмнелер чыгарын билесизби? Келесоо, жиниккен, күркүрөгөн жана кутурган бир топ жаныбар. Мына булар биздин мендигибиздин билинбеген жана жашыруун мендиктери жана биздин мендигибиздин билинбеген жана жашыруун мендиктери бейпил уйкусунан дайыма сүрдүү, күркүрөгөн жаныбардар ойгонушат жана алар дайыма коркунучтуу.

Мына мен ушундан корком, айым! Анткени мен өтө акылсызмын, сиз сулуусуз. Анткени мен оорукчанмын, кичинекей жүрөгүм бар, сиздики күчтүү жана жылмаюуңуз жарык чачып турат. Анткени мен акынмын, сиз илахи көздөрдүн эгедерисиз. Өтүнөм, айым, өтүнөм принцесса, этият болуңуз.

-3-

Айым, кечээ көпчүлүктүн ичинен көздөрүм сиздин арабаңызга урунганда жүрөгүмдүн катуу туйлаганын сездим. Бул абал, бул толкундоо менде биринчи жолу пайда болду. Демек, сиздин ат арабаңыз менин жашоомдо барган сайын өз оордун таап баратат окшойт. Сизге кезиккенге чейин, ар кечте Элжизе көчөлөрүнө чыгуу көнүмүш адатым эле, эми саат бешти какканда  ошол жакка чуркап жөнөйм, жол жээгиндеги чайканаларды кыдырып сизди күтүү мен үчүн көнүмүш адат эмес, ишеним жана ибадат болуп калды.

Сиз акырындык менен менин жашоомдо, менин арзыбаган жашоомдо бардык нерсем болуп баштадыңыз. Көздөрүмдүн үстүндө, азыртадан эле яшмагыңыздын[1] ак булуту айланып жүрөт. Түңкүсүн бөлмөмдө кимдир бирөөнүн феражесинин[2] шуудураганын уккандай болуп атам. Ат арабаңыздын жанынан өтүп баратканымда, бир секунд ичинде мени өзүнө байлап алган бинапша жытыңыз аркамдан калбай ээрчип жүрөт. Булардын бардыгы мага ойгонуу сезимин жаратып жатат деп түшүнсөк болот.

Коркуп жатам…

Жок, жок! Мен кандай гана макоо жана дөдөймүн, туурабы?..

-4-

Принцесса, кечээ дагы күч-кубат бердиңиз жана мен дагы арсыз элем. Гарем агалардын коркунучтуу, каардуу назарлары болбогондо ким билет, дагы эмнелерди, кандай тентектикти жасайт элек. Кечириңиз, жасайт элем. Жаныңыздагы аял бир кызыктай адам! Ал сизди өтө көп көңүл ачтыртат, э?..  Ат арабаңыздын алдынан өтүп баратканда байкашымча сизге өтө күлкүнүчтүү бир нерсе айткан окшойт,  сиз каткырып, башыңызды ат арабанын терезесинен чыгарып алып, мени бир топко узатып карадыңыз. Ким билет, балким мени шылдыңдап жаткансыңар? Бул жагы мага белгисиз.

Жан дүйнөмдөн аткан кечээки бакыт-таалай күнүнүн таза нурларын бул жийиркеничтүү шектенүүлөрдүн көлөкөсү менен кара так калтыргым келбейт. Билсеңиз, кечээ мени канчалык бактылуу кылдыңыз, айым!.. Дүйнөнүн  бардык сулуулары, бардык наздуулары, ойсокелери жана бардык аялзатынын дүйнөсү бир жерге чогулса, баары биригип “биз сенбиз” десе дагы кечээки жылмаюуңдун жан дүйнөмө тартуулаган аруулугун бере албайт болчу.

Эй жараткан! Кечээ катты колумдан сиз, сиз өзүңүз, колумдан алып жатканда эриндериңизди көрккө бөлөгөн ошол жылмаюу!.. Сиз, ишенип турам, ошол минутада көңүлдүү болчусуз. Наздуу жана кылыктуу болчусуз. Мага ушундай сезилди, ошол маалда, айым, чын жүрөктөн берилгендей туюлду; бир энедей боорукер жана сүйкүмдүү элеңиз.

Тегеректе эч ким жок болчу. Арабачы аттар менен алектенип жүргөн. Гарем ага   отургучта уйку сурап отурган. Мен акырын, титиреп жатып чөнтөгүмдөн катты сууруп чыктым. Сиз кагазды көрөрүңүз менен колуңузду ат арабадан сыртты көздөй сунуп, сиз алып, мен берип жатканда – ах ошол көз ирмемдер! – эмне болгонун билесизби. Сиз муну сезген жоксуз, бармактарым бармактарыңызга тийип кетти. Дагы эле колумдун учунда колуңуздун жылуу титиреги сезилип турат. Түнү бою, таң атканга чейин, диндар бармактарымдын учун балким ал жерде сизден бир нерсе калды деген ой менен – ох, бул сүйкүмдүү айым! – өптүм жана жыттадым.

-5-

Принцесса, күнүмдүк жашоомдун жараяндары өзгөрүүдө. Менде бир кызыктай, жаңы көнүмүштөр пайда боло баштады. Үйүмдө жана эч бир жерде убакыт өткөрө албай калдым. Кандай жумуш, кандай гана оюн-зоок болбосун… Мен азыр таң аткандан күн батканга чейин, сиздин көчөгө чыга турчу саатыңызга чейин Элжизе жолдорунда темселеп жүргөн жолоочумун!.. Мен үчүн убакыт жана үй-жай жок, мен үчүн убакыт сиздин ат арабаңызга түшүп алып саякатоого чыккан ошол эки саатыңыз жана үй-жайым ат арабаңыздын  артынан калган жолдогу кош издер. Сизди мага эстетпеген жерлер мен үчүн караңгылык, ошол саат бештен жетиге чейинки мүнөттөр, оозуңуздун жылмаюудагы мүнөттөрү!..

Элжизе бакчасынын абасына сиз мендигиңизден бир нерсе таштап кетип атасызбы? Ал жакка бинапша жытыңыздан бир үзүм калып жатабы? Билбейм.

Жок, айым, жок! Мен сизди эч качан сүйө албайм да, э? Ошол жылмаюу жетиштүү, ошол жылмаюу жетиштүү…

* * *

Принцесса каттардын бир канчоосун жерге ыргытты:

— Булардын баары бири-бирине окшош: ыр, сүйүү, кыял дагы бир нерселер! – деп кошумчалады. — Сиздерге бөлөгүнөн, эң маанилүүлөрүнөн окуюн.

-6-

Кечээ сиздин сымбаттуу, таза, периштедей дүйнөңүздө бир жырткыч ойгонду окшойт!.. Кечээ… Ооо, Жараткан. Эсиме келе калган сайын!.. Ошо кечээ, ошол балекет, ошол түн! Кечээ айым; кара жолтой дүйшөмбү!.. сиздин кылмышкер болгон күнүңүз… Кылмышкер, ооба, кылмышкер!.. Анткени сиз кечээ киши өлтүрдүңүз, кынтыксыз ат арабалардын, даңазалуу хан сарайлардын кымбат баалуу жасалгаларын, алтындарын; бүтүндөй байлык кудуретин, кооздугун, тазалыгын жана жаштыгын колуңузга берген курал менен, кечээ, сиз кылмыш, өтө чоң кылмыш кылдыңыз. Аты айтып тургандай эле киши өлтүрүү. Анткени кылмыштын тазасы да болот, бирок сиздики аянычтуусу. Сиздин куралыңыз бир тамчы кан төкпөстөн, эч кан төкпөстөн өлтүрдү жана кан төкпөстөн өлтүрүү, мына ушул кылмыштардын эң жексуру; өлүмдөрдүн эң аянычтуусундай…

Муну таза аялдар, сиз сыяктуу аялдар жасайт. Муну сиз жасайсыз. Муну сиз, тентек жана начар тарбия көргөн баланын көлөкөсүнө жашынып алып сиз жасайсыз, эмнеге мындай кылдыңыз; аялдар, кээ бир аялдар бул жексурлукту эмнеге кылат билбейм. Жасалма жылмаюулар менен, жасалма кылык менен, жасалма наз менен эркек аңчылыгына чыгып жана алардан бир канчоосун кармагандан кийин тентек, келесоо бир баланын жапайы ырахаты менен аларды тытмалап, аларды жаралоо… бул эмнеге жарамак эле? Оюн-зоокпу? Оюн-зооктун эң маанисизи! Ырахаттануубу? Ырахаттануунун эң жийиркеничтүүсү?

Сиз мени башкалардай деп ойлоп жатасызбы? Мен бир гана эркекмин. Башкалардай, башкалар сыяктуу бир адам. Ушундай ойлоп жаткан болсоңуз жаңылышасыз. Ишенип коюңуз айым, ишенип кой эй аялзаты! Мен кооздуктардын, алтындардын үстүнө түкүрүп, керек болгон учурда сулуулукка жана аялзатына далымды салып коем. Мен ушунчалык бийик, силердин хан сарайлардан да бийик, силерден да бийик, улуу рухка ээмин жана ошончолук өжөрмүн…

Дүйнөдө урматтала турчу жана ыйык деп эсептеген бир нерсем болсо, сиздин мага таттырган он беш күндүк таттуу кумар жана сүйүүдөн урматтала турчу жана ыйык деп эсептеген бир нерсем болсо ал менин намысым, өзүмө карата сыйым. Менин өзүмө болгон сыйыма… ага эч ким тийише албайт; ага эч ким тийбеши керек, укугу жок. Ал бардык нерседен жогору. Анын тагы, таажысы бар. Аны салттанаттуу күндө кишендесеңиз, үстөмдүк көрсөтсөңүз… анда аны өлтүрүп аласыз.

Келесоомун, келесоомун мен, жыйырма төрт сааттан бери өкүнүү менен пайдасыз жерге башымды муштагылап отурам, муштагылап. Ах, эмнеге сизди аңдыдым, эмнеге?..

Түн бир оокумда, Өзбекийе аянтында, кир көйнөктөрүнүн этектерин көтөрүп, ар өткөнгө балтырларын көрсөтүп, эки кадамдан кийин бир жолу тилемчидей болуп аркасына кайрылып, “келетат болду бекен?” деп каранып, кээде караңгы көчөлөрдө эр жүрөк боло, кечиккендердин ийнинен тартып “кел чогуу…” деген таризде жалдыраган бир аялдын кыймылы менен мени чакырган эки жүздүү көздөрүңүздү, эки жүздүү колдоруңузду, аларды аңдып жүрүү келесоолугу: мына бул менин жашоомдогу эң чоң катачылыгым болду. Өтө, кечирилгис, адепсиз катачылык!.. Катачылыктан кара так… Жибек кездеменин үстүнө төгүлүп секунд сайын көлөмүн чоңойто турчу ыплас катачылык… Менин жаштыгымдын жалгыз кара тагы…

“Мага кел” дегениңизде сиздин ошолордой экениңизди түшүнүшүм керек эле. Сиз дагы бир..

Охх! Өтүнөм муну мага түшүндүрүп бериңиз. Түшүндүрүп бериңиз. Мени эшигиңиздин алдына чейин чакырып, кайрадан жардамчыларыңыздай артка кайтаруу…мени, жашоосунда бардык нерсени жана бардык адамдарды өзүндөй улуу көрбөй бардыгынан жана бардык нерседен үйрөнгүдөй абийирдүү жашоого көнгөн жаш баланы эшигиңизден сизден дагы жексур кызматкерлериңизге басынттыруу!.. Бул эмне деген жорук?

Кош болсун, он беш күн жана кечээкиге, августун он биринин кара жолтой дүйшөмбүсүнө… Ал менин жашоомдо эч качан ачылбай турчу барак болот… Жана сен жана сен дагы мен үчүн эскерүүгө арзыбаган жүз болосуң, булганган жүз, булганган аялдын жүзү…

* * *

— А! А! Ооо!.. Кандай гана акылсыз, кандай гана тарбиясыз неме бу!.. – деп күлүп калышты.

Принцесса:

— Токтогула, кийинчерээк түшүнөсүңөр, анын кандай келесоо болгонун, — деди.  Эми катка окшобогон бир топ бүктөлгөн кичинекей кагаздарды окуй баштады; ал гана эмес эки сөздүн башын дагы бириктирбеген каттар жүрөт арасында…

Бөлмөдөгү баарыбыз таңдануунун үстүндө элек.

— Ушул каттан кийин дагы кайрадан жаздыбы? Кандай гана өткүрдүк, — деп аттык.

-7-

Сизге ушундай сулуу көз менен ушунчалык начар жүрөктү берген табиятка каргыш тийсин.

-8-

Мындан ары сизди унутууга аракет кылам.

-9-

Бүттү.

-10-

Бир нерсе кайрадан бүйүрүмдү ойготту. Кагаздарымды дагы эле кабыл алып жатасызбы. Ортобузда эч нерсе болбогондой…  Демек, бушайман болдуңуз?

-11-

Жок! Кечээ акыркы сөздөрдү туура эмес жаздым. Мени кечире алдыңызбы деп сурагым келет. Эч кандай шегим жок, мени кечирдиңиз. Бирок эмнеге дайыма эриндериңиз жылмаюусуз, көздөрүңүз түнт? Эмнеге дайымкыдай заалым эмессиз? Эмнеге көңүлсүзсүз? Ар кечте кайтып баратканда, көпүрөдөгү көпчүлүктүн арасында Нилдин кир сууларына карап өлүмүн ойлогондой көңүлсүз…

-12-

Кагаздарым чарчады, канаттары сынган көпөлөктөрдөй ат арабаңыздын  ичине түшкөн сайын, эми аларды эңкейип колуңузга алгыңыз келбей атса керек! Эми кагаздарым бармактарыңыздын учун өбө албай жана уучуңуздун ичи аларга керектүү сагынууну тартуулабай жатат ко. Кагаздарым үшүп, титиреп жатат, айым! Мен дагы титиреп жатам. Бардык күнөөлөрүмдүн астында ийиндерим майтарылып, саргарып арабаңызга жакындап жүзүңүзгө караган сайын эриндериңизди, көңүлүңүздү башка жакка учуп кеткендей көрүп, ар күнү акылдан адашып атам. Жүзүңүздө катылган жашыруун маанини окуй алсам, ал жакта эмне бар? Коркутуубу? Азап тартуубу? Эмне бар? Түшүнө алсам. Сиздин мага карата чын эле көңүл кош эмес экениңизди сезсем, андан кийин армансыз өлөт элем, муну угуп атасызбы, андан кийин арманыз өлөм!..

Бир нерсени унутуп калыпмын айым, алгачкы каттарымда айтууга тийиш болгон бир нерсени азыркыга чейин сактап жүргөнүмө өкүнөм… Бирок айтууга тийиш болгон нерсени айтуудан мен ушунчалык корком, ушунчалык титирейм, аны өзүмө да айтууга батына албайм.

Бул эмне экенин билесизби, айым?.. Бул: келесоолук…ооба, мен келесоомун! Мээмде атамдан калган келесоолук уруктары бар! Оорукчанмын. Доктурлар мага дайыма саякат кылууну, ойноп-күлүүнү жана душка түшүүнү сунушташкан. Бул жакта, Мысырда жүрүшүмдүн себеби дагы ушул. Эртең ким билет, каякка кетем, оорукчанмын. Көрүп турасыз го! Түшүнүп атсаңыз керек, оорукчанмын… Мага боор ооруңуз…

-14-

Эгер сиз мага бир жолу жылмайып койсоңуз шыпаа болуп, айыгып кетем.

-15-

Ох, жалдырайын, сизге; сага жалдырайын,  эй аял! Эй менин биринчи сүйгөн айымым. Эски жылмаюуңдан бираз дагы, бираз дагы?.. Кудай үчүн, бираз гана!.. Мени куткаруу, мага шыпаа болушу үчүн… Шыпаа, шыпаа, шыпаа…

-16-

Бир жолу дагы күлүңүз, бир жолу дагы жылмайыңыз, эми жолуңуздан тосуп тилемчидей жолтоо болбойм. Бир жылмайыңыз, акыркы жолу жылмайыңыз… андан кийин Элжизеден, сизден, сиздин дүйнөңүздөн, Мысырдан алыстап кетем. Кетем, туулган жериме, Стамбулга.. Ал жакта кир жана баткак Византия урандыларынын бир бурчунда будда кечили сыяктуу, жарды индиялык сыяктуу, ачка сандалган Стамбул иттери сыяктуу акырындык менен акка моюн сунам. Бир жолу жылмайып коюңузчу. Акыркы жолу. Мен акыркы жылмаюңуздун, акыркы күндүн нурун ичиме катып сизден, сиздин дүйнөңүздөн алыстайм. Акыркы жылмаюуңуздун нурун жүрөгүмө катып, сизге ыраазы болуп, көрүстөнгө беттеп сапарга чыгам, эми сизге жолтоо болбойм.

-17-

Таалайсыз аял; кылмышкер болосуң. Анткени бир күнү ат арабанын астына ыргытылып…

* * *

Принцесса күлүп:

Көздөрү барган сайын акылдан айныгандай карап, мени коркута баштады. Саякаттоого да чыга албай калдым. Он беш күндөн кийин почта менен могул кат келди:

Айым; эртең, суранам, эртең мененки уйкуңузду бөлүп, таң агарып дүйнө ойгоно электе, айлананы караңгы түн кое бербей кармап турган маалда, ат арабаңызга түшүп, Элжизе бакчасынын эң тынч бөлүгүнө келиңиз. Сизге жагат деп ишендире  алам. Анткени жашооңузда ушул күнгө чейин жана бул күндөн кийин дагы көрүүңүз мүмкүн болбогон күлкүлүү, таң каларлык нерсеге туш болосуз. Жолдун үстүндөгү, бактардын бирөөсүндө…ушундай бир нерсе бар дейсиз. Кааласаңыз жаныңызга кулдарыңызды, кызматчыларыңызды ээрчитип алыңыз. Эгер туура көрсөңүз мага төмөнкү адреске кабар жөнөтүңүз. Бирок мени теңиңизке алуу менен…

* * *

Принцесса:

— Алгач көпкө ойлондум, корктум; күмөн санадым, — деди. – Калпыс иш кылат, маскарачылыкка себеп болот деп. Бирок ичимдеги кызыгуу бардык коркунучтарды жок кылды. Сабыр кыла алган жокмун. Кызматчылардын бир тобун ээрчитип, эки ат араба менен ал айткан дарекке жөнөдүк… Көчөгө мындай маалда чыгып көргөн эмесмин. Бир кызыктай экен. Чар тарап тыптынч, жымжырт… Адамга теребел, бактар уктап жаткандай көрүнөт.

Көпүрөдөн өттүк. Алыстагы ехрамлар[3] али көрүнө элек. Жолдо бизден башка эч ким жок. Элжизеге жете берерде эмне болуп кетет деген ой менен кызматчылардын ат арабасын алдыга өткөрүп жибердим. Бактардын арасын бир топко чейин кыдырдык. Курт-кумурскалардын үндөрү угулат. Бакчанын жымжырттыгынан коркуп жаттым. Эмне болот? Бу келесоо эмне кылып жиберет деп титиредим. Ошол маалда алды жактан үн чыкты. Эмне болду деп башымды терезеден чыгардым. Гонжагүл Ханым экен. Колун арабадан сыртка чыгарып алып, бир бакты көрсөтүп:

— Айланайын Жараткан, кайталы, кайталы, — деп кыйкырып кирди.

Колун жаңсаган жакка карадым. Чоң бактын бутагында бир нерсе салаңдап турат. Эски кийим-кечеге окшогон бер нерсе… Таамайлап карадым: бир адам. Ошол адам. Андан кийин карай албай, арабадагы жаздыкты көздөй куладым. Канчалык коркконумду сезе турган болсоңор. Ошондон бери эстеген сайын төбө чачым тик турат.

* * *

Бардыгы мелтиреп отуруп калышты, күлкүлөрү келип жатат. Жерде, столдун үстүндө, принцессанын тизесинде саргарган, өңү өчкөн кагаз бөлүктөрү жатат. Арабыздан бирөө:

— Бул маселеде бир нерсеге көңүл бурулбай калды. Маанилүү чекитке, — деди. – Эстеп жатасыңарбы? Бул жаш жигит каттарынын бирөөсүндө өлүмдөрдүн эң аянычтуусу кансыз болгону, — деген. Карагыла эми, акырында өзү дагы…

Баарыбыз бир ооздон шашкалактап:

— Ооба, көрдүңөрбү, — деп калдык.

Принцесса дагы биз менен бирге жыйырма жылдан бери бул маанилүү чекит көңүлүнө урунбаганына таң калып жатты…

 

Якуп Кадри Караосманоглунун 1914-жылы жарык көргөн “Bir serencam аттуу аңгеме китебинен алынды.
Которгон: Урматбек Нурсейит уулу

[1] Яшмак – аялдардын жүзүн жапкан бир чадра түрү.
[2] Фераже – түрк аялдарынын жерге чейин жеткен узун чапаны.
[3] Ехрам – Мысырдагы фараондордун пирамит түзүлүшүндөгү мүрзөлөрү.