КАФКА Франц: Шаар герби (притча-аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

ПРИТЧА-АҢГЕМЕ

Вавилон мунарасын курууда башында азбы-көппү тартип бар болчу; керек болсо тартип аябай катуу эле, өзгөчө катуу десек да болот, жол белгилери жөнүндө, котормочулар, куруучулардын жатаканалары, жолдор жөнүндө  күтүп турган  жумуштар кылымдар бою шашпай улануучудай  көп ойлонушту. Ал кездерде курулушту колдон келишинче шашпай, жай жүргүзүш керек деген ойлор басымдуулук кылчу; кантсе да ал ойлорду ашкере күчөтүп,  фундамент куюну токтотуп койгонго чейин жеткирбеш керек эле.

Негизги ой мындай эле: бул иш чарада эң негизгиси — төбөсү асманга жеткен мунараны куруу жөнүндөгү ой болучу. Бул ойго салыштырмалуу калган ойлор эч качан артыкчылыкка ээ боло албайт эле. Өзүнүн улуулугу менен айырмаланып, бир жаралган бул ой — жоголом десе дагы жоголо албай, адамдар бул жарыкчылыкта  жашап турганда, мунара куруу жөнүндө каалоолору күчөгөндөн күчөй бермек.

Бул жагынан алганда, келечек жөнүндө тынсызданбай койсо деле болот, тескерисинче, адамзаттын билими өсүп жатат, кол өнөрчүлүк ийгиликтерди жаратууда, жарата да бермекчи, биз бир жылда бүтүргөн иштерди жүз жылдан кийин балким жарым эле жылда бизден жакшыраак да, сапаттуурак да жасашар.

Анда эмне үчүн бүгүн биз бардык күчүбүздү коротушубуз керек? Эгерде биздин муун жашап жаткан учурда курулушту аяктаарыбызга көзүбүз жетсе, балким бул бир мааниге ээ болмоктур. Бирок мындай нерсени эч качан күтүп болбойт. Азыркыга караганда биртоп билимдүү кийинки муун, мурдакы муун жасаган жумуштарды жактырбай бузуп салып, курулушту кайрадан башташы толук мүмкүн.

Ушул сыяктуу ойлор колу-бутту байлап, мунаранын курулушуна караганда, жумушчулар жашоочу шаарчаны курууну көбүрөк ойлошту. Ар жерден келгендер өз көмөчтөрүнө күл тартып, ар кимиси үйлөрдүн жакшыраагын ээлөөгө жутунушту. Андан майда талаштар чыгып, ал талаштар кандуу кагылуушуларга чейин жетип жатты. Ал кагылуушулар токтогон жок; жетекчилерге бул мунара курууга зарыл  бейпилчиликтин жоктугу,  аны курууну жай жүргүзүүнүн, андан да жакшысы — тынчтык орногончо токтото туруунун шылтоосуна айланды.

Ошентсе да убакытты жалаң эле кагылуушулар менен өткөзүшкөн жок, тыныгуу учурунда шаарды кооздоп жатышты, ал өз кезегинде кайрадан ич күйдүлүктү пайда кылып, жаңы кагылуушулардын себеби болду. Ошентип бир муундун убагы да бүттү, кийинки муундарда деле өзгөрүш болгон жок, болгону адамдардын чеберчилиги, аны менен бирге согуштук кубаты өстү. Андан тышкары, экинчи же үчүнчү муун андай мунара куруунун кажети жогун түшүндү, бирок бири-бирине  сиңишип көнүп алышкандыктан, шаарды таштап кетүү эч кимисинин оюнда жок эле.

Шаарда ушул учурларга чейин пайда болгон эскермелер менен ырлардын мазмуну келечекте болот деп күтүшкөн, качан,  шаардыктардын биринин артынан бири кайталанган кыска соккусунан талкаланып  жок болчу чоң муштум жөнүндө самаган кыялдарга толтура. Ошондуктан шаардын гербинде муштумдун сүрөтү чагылдырылган.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ