КАФКА Франц: Он бир уул (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Менин он бир уулум бар. Улуу уулум көзгө толуму жок, бирок акылдуу жана иш билги. Аны өтө баалабасам дагы, башка балдарымдан кем көрбөйм. Менин оюмча анын ички дүйнөсү чектелген; ал оңго дагы, солго дагы, астыга дагы умтулбайт; менимче ал  айлананын ичинде тегеренип, бир орунду эле тепкилеп жүргөнсүйт.

Экинчи уулум сулуу, келишимдүү, кылыч шилтегенин көрсөң тим эле адамдын көзү сүйүнөт. Ага кудай акылды да берген, көп жерлерди кыдырып, көп нерселерди билип алган, жада калса жаратылышыбыз да ага үйдөн чыкпай отургандарга караганда сырын көп ачат. Анын мыкты сапаттары жалаң саякат кылуудан эле жаралган жок, эң биринчиден ага туулгандан берилген өзгөчө мүнөзү себепкер экенине аны туурап бийиктиктен сууга секирүүгө аракет кылышкан туугандар күбө:  анын эч жалтанбай  абада бир нече башмалдак атып барып сууга кирип кайра чыкканын туурайбыз дешип, артынан ээрчигендердин эрдиктери, секирүүчү секичеге жеткенде бүтөт; ал жерден секирүүнүн ордуна баштары айланкөчөк болуп тегеренип, алакан жайып отуруп беришет.

Мындай уулга ким эле сыймыктанбасын, ошентсе да  анда мени тынчсыздандырган бир нерсе бар. Анын сол көзү оң көзүнөн бир аз кичирээк, анысы аз келгенсип тез-тез ирмелип турат; бул өтө деле чоң кемчилик эмес дечи, кайра ал менин уулума тиешелүү ийгиликтүү жигиттин ооздукталбаган курч мүнөзүн күчөтүп тургансыйт, эч кимге сырын ачпаган мүнөзүн билгендер анын тынбай көз кысканына анча деле көңүл бөлүшпөсө керек. Бирок ата катары менин жүрөгүмдү бир түпөйүл нерсе өйүп турат.

Мени анын денесинин кемчилиги ойлонтпойт деле, мага анын жан-дүйнөсүндө бир жарака бардай сезилет, анын канында мага гана белгилүү, мен гана сезген, бул жашоого келген максаттарына жетүүгө кедерги болчу бир уу жүргөнсүйт. Ошол эле убакта бул кемчилик уулум экөөбүздү бөтөнчө жакындатат, себеби, ал уулумда өзгөчө күчтүү бөлүнүп көрүнгөн, биздин үй-бүлөбүздө ата-бабаларыбыздан бери келе жаткан мурас сыяктуу нерсе.

Үчүнчү уулум дагы экинчи уулумдан кем эмес сулуу, бирок анын сулуулугу кубандырбайт. Анын сулуулугу артистерге тиешелүү сулуулук: даана бөлүнүп көзгө урунуп турган оозу, кыялкеч көз карашы, баркыт көшөгөнүн фонуна гана куп жараша турган башы, кең көөдөнү, асманга көтөрүп учуруп кетчүүдөй өйдө-ылдый сермелген колдору, көтөрүп басып жүрүү үчүн эмес, элге көрсөтүүгө жаралгандай узун, сулуу буттары аны өзгөчөлөнтүп турат. Бирок артист болуш үчүн үнү жетишсиз. Анын алдамчы келбетине билермандын көңүлү бир көз ирмемге эле бурулат да, тутана албай жатып өчүп калат. Башка бирөө балким мындай уул менен сыймыктанмак, бирок мен аны көмүскөдө кармаганга аракет кылам, ал өзү деле эл көзүнө чалдыга бергенди жактырбайт. Бул анын өз кемчилигин билгенинен эмес, жөн гана арамдыгы жок, жүрөгүнүн тунуктугунан. Ал кээде өзүн башка убакытта, башка бир жоголуп кеткен үй-бүлөдө туулуп калгандай сезип, капа болот.Андай убактарда анын көңүлүн эч нерсе ача албайт.

Менин төртүнчү уулум бардыгынан элге жакыныраак. Өз заманын чыныгы уулу, ал ар бир адамга түшүнүктүү, жашоодо бутуна бекем турат, жолуккан ар бир адам аны менен чын жүрөктөн алик алышат. Балким анын элге жугумдуулугу анын жашоосуна— жеңилдик, кыймыл аракетине— кандайдыр бир эркиндик, ой-жүгүртүүсүнө— бейкапарсыздыкты берип жаткандыр. Анын кээ бир айткандарын кайра-кайра кайталагың келет— ооба, кээ бир эле айткандарын, адатта алар да абдан жеңилдиги менен айырмаланып турушат. Ал жерден жеңил көтөрүлүп, кайра бечаранын кейпин кийип  чаңга оонап калыш үчүн эле асманга чабалекейдей кайкып учуп чыккан немедей сезилет. Ушул ойлор менин төртүнчү уулума болгон сүйүүмдү ууландырып турат.

Бешинчи уулум— ак көңүл, мыкты жигит; ал убаданы аз берип, ишти көп жасайт; ал аябай тынч жүргөндүктөн анын бары-жогу билине бербейт; ошентсе да анын жооштугу турмушта бир топ ийгиликтерди жаратышына тоскоол болгон жок. Менден анын кантип ийгилик жаратканын сурашса айтып бере алмак эмесмин. Балким анын жан-дүйнөсүнүн тазалыгы бул дүйнөнүн бороон чапкындарынан оңой өтүшкө жол салып жаткандыр, ал эми анын тазалыгына эч шек жок. Ал тургай бөтөнчө таза. Кандай адам болсо дагы ага бүт дүйнөсү менен берилет. Берилгенде да бөтөнчө берилет. Чынымды айтсам аны мага мактап келишкенде, анча деле кубанбайм. Менин уулум сыяктуу мактоого татыктуу адамга куру мактоонун деле кереги жок да.

Менин алтынчы уулум, бир караганда бир туугандарынын ичинен эң терең натура. Ал меланхолик жана ошону менен бирге көп сүйлөйт. Аны менен сөз талашуу кыйын: кичинекей эле жеңилүү аны терең кайгыга салат, эгерде утуп алса утушун көп сөз менен бекемдегиси келип жаткансып, тынымсыз сүйлөп, токтоно албай калат, анда кандайдыр бир өзүмчүлдүк, кызуу кандуулук бар; кээде терең ойго кирип алганда чак түштө эле уйку-соонун ортосунда жүргөнсүп темселеп калмайы да бар. Кудайга шүгүр, анын ден-соолугу абдан жакшы, оорудум дегенин  азырынча уга элекмин, бирок эмнегедир анда-мында ары-бери теңселип кеткенин көрөм, айрыкча кеч кирген кезде. Балким ал тез өсүп жатканынанбы деп да коём, ал өзү теңдүүлөрдөн бир топ бойлуу. Сулуулук  жагынан өзгөчөлөнбөйт, ошентсе да анын денесинин айрым бөлүктөрү өз-өзүнчө сулуу, мисалы: колдору менен буттары. А чекеси анча эмес, териси эле эмес, сөөгүнөн бери бырыш түшкөнсүп көрүнөт.

Баарынан өзүмө жакыны менин жетинчи уулум. Эл аны көп баалабай жүрөт, анын өзүнө гана тиешелүү курч акылын көпчүлүк түшүнө бербейт. Мен өзүмдүн уулумду ашкере мактап жаткан жерим жок, ал асмандан жылдыз алам деп кол созбойт; уулумду жетишерлик баалашпагандыктары эле болбосо, элге  эч айып тагууга болбойт. Эмнеси болсо да бул уулумдун орду өзгөчө;  ал бир эле убакта адат-салтка сын көз менен карайт жана ошол эле убакта аны айныксыз аткарат, менимче, ал бул эки нерсени бир бүтүн нерсеге айлантып алгандай. Чындап келгенде ал ошол бүтүн нерсени кайда алпарып, кантип колдонорун билбейт; ага келечектин дөңгөлөгүн кыймылга келтирүү вазыйпасы берилген эмес; бирок анын жаркын маанайында көңүл көтөрүүчү жагдай, кандайдыр бир үмүт жана убада  бар; мен андан неберелүү кылса, неберелерим чөбүрөлүү кылса деп күтөм. Тилекке каршы, үйлөнүү анын оюнда да жок. Мени капага салып, өз жашоосуна курсант болуп дайыма жалгыз жүргөндү жактырат. Ага кыздардын эмне кереги бар? Ал аларсыз деле көңүлдүү жашайт.

Анчалык деле маанилүү себеп болбосо да мени көп кайгыга салган— сегизинчи уулум. Мен ага деген аталык сезимим күчтүү болсо дагы, ал мага чоочун кишиге мамиле кылгансып оолактап турат. Ал жөнүндө дайыма тынчым кетип бассам-турсам ойлонуп жүргөн убактарым болгон,  азыр ал кездер арта калгансыды. Ал өз жолу менен баратат, менден биротоло  кол үздү; ал өзүнүн чоюн башы, атлеттердикиндей чымыр денеси менен— бала кезинде буттары бир аз алсыз эле, убакыт өтүшү менен ал кемчилиги да кеткенсийт— ал каалаган максатына жетет. Кээде мен аны чакырып алып анын жашоосу  кандай өтүп жатканын, эмне үчүн атасына каршы болуп алганын, дегеле бул жашоодо анын самаганы эмне экенин сурагым келет, бирок убакыт экөөбүздүн ортобуздагы аралыкты ушунчалык алыстатыптыр— мейли, эми айла канча, ошол боюнча кала берсин. Балдарымдын ичинен сакал койгон жалгыз ошол дешет. Анын бекене боюна сакал деле жарашпаса керек.

Менин тогузунчу уулумдун  келишкен келбети, аялзатын өзүнө тартып арбап, күйүп турган каректери бар. Өзүнүн назик көз карашы менен ал мени да жибитип алмак, бирок мен анын сырткы жалтырагын суу чүпүрөк менен сүртүп койсо эле жок болуп кетерин билчүмүн. Баарынан таң калыштуусу – бирөөлөрдүн ага берилип жакшы көрүшүн каалачу эмес. Ага өмүр бою диванга чалкасынан түшүп, шыпты тиктеп, андан да жакшысы — көзүн бекем жуумп коюп жаткан кызык эле. Ал ошол кездерде кайсы бир чекке жеткиче, чын дилинен берилип токтобой, оюн так жана түшүнүктүү сөздөр менен  сүйлөчү. Ал чектен өткөн соң (ал чектин аралыктары кыска, тар болгондуктан,андай учур тез эле келчү), анын сөздөрү эч  мааниси жок былжыракка айланчу. Тажаганда  чыдамсызданып  жаңдап да болсо токтоткуң келчү, бирок анын уйкулуу көздөрү  балээни көрөбү.

Менин онунчу уулумду эл кытмыр дешет. Мен буга каршы да боло албайм, кошула да албайм. Карагылачы, ал өз жашынан бир топ улуу  немедей болуп, салтанаттуу маанайда, кемселинин бүчүлүгүн кекиртегине чейин топчуланып алып, катыра тазалаган капкара калпакчан, жүзүнөн сырын билгизбей мостоюп, ээгин бир аз алдыга чыгара, көзүн жүлжүйтүп, эки манжасын эрдине такап сүйлөп жатса— тим эле жеткен эки жүздүүнүн эле өзү! — деп ойлошуңар бышык. Бирок айткан сөзүн тыңшап көргүлөчү!  Айтканында эч бир ашык сөз жок, баары ойлонулган, орундуу, эч кандай ашык суроо туудурбайт, кандайдыр бир эч талашсыз, эч кайталанбас сезимге, мойнуңду өйдө созсоң денең учуп кетчүдөй  асманга умтулган бир кубанычтуу сезимге туш кылат.

Далай акылдуусунган кишилердин ою боюнча адеп көргөндө аларга менин уулумдун сырткы кебетеси жаман таасир бергени менен, анын андан кийинки айткан сөздөрү кишини өзүнө тартып алат экен. А кай бирлерин сырткы келбети анча деле тынчсыздандырбайт, алар уулумдун  айткан сөзүнүн так өзүндө эки жүздүүлүк жатат деп эсептешет. Мен атасымын го, уулум жөнүндө тиги-бу деп айта албайм, а бирок ачыгын айтсам, экинчи жактын айткандары менин оюма төп келет.

Он биринчи уулум кол тийсе сынып калчудай үлбүрөп, өтө назик. Ал баарынан алсыз, бирок анын алсыздыгы алдамчы алсыздык; ал кээ бирде катаал жана чечкиндүү мүнөзүн көрсөтө алат, бирок ошол учурларда деле анын мүнөзүндө алсыздык алдыңкы орунда турат. Чындыгында бул уяла турган деле нерсе эмес, ал жөн гана биздин планетада алсыздык деп эсептелет. Асманга көтөрүлүп учууга даяр болуу бул — белгисиздик, ишенбөөчүлүк  жана да толкунданып алдыга умтулуу – баары бир жерде эмеспи. Ушуга окшогон нерселерди уулумдан көрөм. Мындай алсыздык ата катары мени капа кылат, анткени ал акыры үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет. Ал кээ бирде мени карап: “Мен өзүм менен сени да кошо ала кетем, ата!” дегиси келгенсийт. А мен ойлойм: “Сен мен ишенчү адамдардын эң акыркысысың!” Ал болсо мага жооп кылып: “Мейли, акыркысы болсо, акыркысы болоюн!” деп ойлоп жаткансыйт.

Алар так ушундай — менин он бир уулум.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ