КАФКА Франц: Посейдон (притча-аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

ПРИТЧА-АҢГЕМЕ

Посейдон жумушчу ордунда эсеп-кысабы менен алек болуп отурду. Бардык суулардын эсебин алыш толгон-токой эмгекти талап кылат эмеспи. Ал канча кааласа ошончо жардамчыларды жалдап алса болмок, андай кызматкерлери деле жетишерлик, бирок ага тапшырылган жумуш өтө жоопкерчиликти талап кыларын эске алып, бардык эсеп-кысапты кайрадан текшерип жаткан, бул жерде ага эч кандай жардамчы огожо боло албайт.

Ага бул иш анча деле ырахат тартуулачу эмес, чынында ал иш ага ишенип берилгендиктен, аны чоң милдет катары көрчү, моюнга алганда, ал башка ишке, өзү айткандай көңүлдүүрөк орунду алуу үчүн көп эле аракет жасап көргөн; бирок башка ишти сунуш кылышканда, так  азыркы отурган оруду ага эң ылайыктуу болуп чыкчу. Ага башка орунду табыш да кыйын болчу, ага кантип эле бир деңизди бекитип берип коюшсун, ал жактын эсеп-кысабы деле азыркыдан кем эмес болгону менен майда болмок, барынан да улуу Посейдон жогорку кызматтан башка орунга отура албайт да.

А эгерде, суу менен байланышы жок кызмат сунушталса, ал жөнүндө ойлогондо эле кускусу келип, деми кыстыгып, коло сымал чымыр көкүрөк клеткасы чыңалып көөп чыкчу. Анын бул оорусуна эч ким деле маани берчү эмес; бирок “жогору жактан” шамал соккондо калп да болсо  алардын эркине баш ийимиш болуп, өзүңдүн алардан төмөн турарыңды билдирип коюш керек да.

Чындыгында Посейдонду кызматтан бошотуу эч кимдин деле оюнда жок болучу, эзелтеден эле аны деңиз кудайы кылып дайындашкан, бул жерде андан башкача болушу да мүмкүн эмес эле. Баарынан да жини келгени— анын кызмат абалына алымсынбаган себеби да ошол болучу— элдин ал жөнүндө туура эмес ойдо экендиги: үч илигин көтөрүп алып деңиздерди аралап, чоң толкундардын арасында жүргөн сыяктуу көрүшкөндөрүндө эле; а чындыгында ал дүйнөлүк океандын түбүндөгү кеңсесинде отуруп алып эсеп-кысабын жүргүзөт. Болгону анда-мында Юпитердикине конокко барып келет, ал жактан көбүнчө жинденип кайтканы менен бул анын тажатма жашоосундагы бирден-бир көңүл ачуусу.

Ошондуктан, Олимпке чыгып баратканда чала-була көз кыры түшүп калганы болбосо, деңизди кыдырмак тургай жарытылуу көрүп жыргата элек. Ал бул ишти акыр заманга чейин калтырганын айтып келет, акыр замандын мына-мына болор астында, эсеп-кысабын бүтүрүп, бир бош убак таап, жер шарын тез айланып чыкканга үлгүрөм го деген үмүтү бар.

Cанчо Панса жөнүндө чындык

ПРИТЧА

Кеч кирген сайын рыцарлар менен каракчылар жөнүндөгү романдарды окуп берип жатып, андай деле мактанарлык таланты болбосо дагы, өзүндө минип алган шайтанды сыртка азгырып чыкканга жетишти, кийин аны Дон-Кихот деп атап алды, ал биринен сала бир акылга сыйбаган жоруктарды көрсөтө баштады, бирок да атайын тандап алган сүйүктүү нерсеси жок болгондуктан — андай нерсе так ошол Санчо Панса болуш керек болчу — эч кимге зыянын келтиришкен жок.

Эркин адам катары Санчо Панса кандайдыр бир жоопкерчиликти сезгендиктен, ал Дон Кихотту өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрүүнү кызыктуу жана пайдалуу аракетке айлантып алган эле.

Которгон Абийрбек  АБЫКАЕВ