КАФКА Франц: Чака мингенде (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Көмүр түгөндү; чака бошоду, калак пайдасы жок жатат; меш оозунан муздак аба бүркүп, бөлмө сөөгүнө чейин тоңгон, терезенин түбүндө кыроо баскан дарактар кыймылсыз тоңуп турат; асман – жардам сурап кайрылгандарга каршы көтөрүлгөн зор күмүш калкандай калдаят. Көмүр табыш керек; биротоло тоңуп өлмөк белем! Арт жагымда – аёну билбеген меш, асты жагымда – ошондой эле боору таш асман; экөөнүн ортосунан шырп алдырбай өтүп барып, көмүрчүдөн жардам суроого туура келет. Бирок адаттагыдай сурап барсам бербеси бышык, ага кандай болсо да салмактуу далил келтирип, чакамда көмүр тургай анын чаңы да жок экенин, демек, ал мага асмандагы күн менен барабар экенин түшүндүрүшүм керек.

Мен ага ачкачылыктан улам кожоюндун босогосуна сойлоп барып, боорукер кызматчы аял куюп берген, чала ичилген кофенин түбүнө ыраазы болгон кайырчыдай баш уруп, бүжүрөп барышым зарыл. Мейли, көмүрчү ачуусу менен бакырып-өкүрүп тилдеп, жетээр жериме жетсин, бирок “жакыныңды өлтүрбө” деген кудайдын бизге жиберген осуятын эсине алып, чакама бир калак көмүр ыргытып кубалап чыкса эле болгону.

Кебетемди көргөндө эле ал, мени кур кол коюуга болбосун түшүнгөндөй болуш керек, ошондуктан чакамды минип алып ага бармай болдум.

Сабын тизгин кылып, чакамды миндим да, бурулуштардан мүдүлүп отуруп тепкичтен ылдый түштүм. Ылдый түшүп алган соң, жонуна таяк тийип тура калган төө кебетеленип чакчаңдап, кайран чакам башын бийик көтөрүп алды. Жорго жүрүш менен тоңголок баскан кыска жолдо бараттым. Бирде өйдөлөп экинчи кабатка чейин көтөрүлүп, бирде ылдыйлап, бирок сыртка чыгуучу эшикке чейин жетпей жүрүп отурдум. Акыры калем сабын кытыратып бир нерселерди чиймелеп отурган көмүрчүнүн жертөлөдөгү кеңсесинин алдына келгенде бууга калкыгансый түштүм; ысыктан улам жертөлөнүн каалгасын ачык ташташыптыр.

– Эй, көмүрчү! – суук тийип кыркыраган үнүм менен кыйкырдым, өз оозумдан чыккан калың буунун арасында калдым, – бай болгур, мага бир аз көмүр бер. Көрдүңбү, ал таптакыр бопбош калганынан минтип, чаканы минип алдым. Бир жакшылык кылып кой, кандай акча тапсам, төлөп берем.

Көмүрчү алаканын кулагына такап тыңшап калды.

– Мен чын эле угуп  атамынбы? – моюнун буруп, көпчүккө отуруп алып бир нерсе токуп олтурган аялына кайрылды, – Бирөө сүйлөгөндөй болдубу ыя? Кардар келгенби?

– Мен эч нерсе уккан жокмун, – дейт аялы, шиштерин дем алган сайын деми менен чогуу шыпылдата кыймылдатып, аркасына өткөн жылуулукка магдырап отурган жеринен.

– Ооба, бул менмин, силердин кардармын, – деп кыйкырдым, – эзелтеден берки туруктуу, бирок убактылуу акчасы жок кардарыңармын.

– Уксаң, тиякта бирөө жүргөнсүйт. Бирөө барбы дейм ыя? – дейт көмүрчү,– азырынча кулагым түзүк эле, каңырыш боло элекмин. Чынында эле эски кардарлардан болуп жүрбөсүн.

– Ой деги, сага эмне болгон? – деп аялы токуп аткан буюмун көкүрөгүнө кысып бир аз токтой калды. – Көчөдө бир да жан жок, кардарлардын баары көмүрлөрүн эчак эле камдап алышпадыбы. Эки-үч күн соода болбойт, ойлонбой эле эс ала берсең болот.

– Кантип, кантип! Мына мен чака минип астыңарда турбаймынбы! – деп кыйкырдым, ызалангандан эмес, сууктан чыккан көз жаштан ачышып чыккан каректеримди ушалап. – Башыңарды өйдө көтөрүп карасаңар эле мени көрөсүңөр, суранам, бир эле калак көмүр берип койгулачы, ал эми экини берсеңер такыр эле бактылуу кылат элеңер. Калган кардарлар көмүр менен камсыз болушуптур. Бир аз каралашсаңар менин чакамда да көмүр болуп калат эле!

– Азыр чыгам! – деп көмүрчү жөргөлөй басып тепкичти көздөй жөнөгөндө, аялы кууп жетип жеңинен кармап токтотту.

– Токто, барба. Андай эле барыш керек десең, мен барам сенин ордуңа. Сен эмне таң аткыча карсылдап жөтөлүп чыкканыңды унутуп койдуңбу? Жумуш десе аялыңды да, балдарыңды да, өпкөңдү да унутасың кургурум. Коё тур, мен өзүм барам.

– Мейли, кандай сорттогу көмүрлөр бар экенин унутуп калбай толук айтып бер. Бааларын унутуп калсаң кыйкырып коём.

– Макул, унутпайм, – деп макул болуп жертөлөдөн сыртка чыкты да мени көрдү.

– Саламатсызбы, кожойке! Сизден өтүнөм, сураганым бир эле калак көмүр; мынакей, чакага бир аз салып берсеңиз өзүм көтөрүп кетем. Эң арзан көмүрүңүздөн бир калак бериңизчи. Албетте, бекер эмес, акысын сөзсүз төлөп берем, бирок бир аз кечирээк. «Бир аз кечирээк» деген сөз жанаша жайгашкан чиркөөдөн чыккан коңгуроонун үнү менен жарыша чыгып, аны менен куюлушуп, жагымдуу кабардай  угулду.

– Ага эмне керек экен? – деп кыйкырды ылдыйтадан көмүрчү.

– Эч нерсе, эч нерсе деле эмес, – деп жооп берди көчөдөгү аялы. – Киши жок, эч ким көрүнбөйт, коңгуроо алты жолу какты, дүкөндү жабуу керек. Эшиктин суугун айтпа, эртең жумуш чачтан көп болот окшойт.

Ага эч нерсе көрүнгөн да жок, угулган да жок. Ошондой болсо да ал белдемчисин чечип алып мени көздөй шилтеп калды.Тилекке каршы, анын аракети текке кеткен жок. Менин чакамда тулпарга тиешелүү бардык жакшы сапаттар болгон менен, бир олуттуу кемчилиги бар, ал өтө эле жеңил болгондуктан бекем тура албайт, белдемчи тийгенде анын буттары чалыштап аз жерден жыгылып кала жаздады.

– Ах жылаан! – деп кыйкырдым артка кетенчиктеп баратып, ал болсо дүкөнүн жаап жатып жогол дегенсип колун шилтеп койду. – Ооба, жылаансың! Бир калак арзан көмүр сурасам бербей ууңду чачтың.

Ушул сөздөрдү айттым да жогору көтөрүлүп, экинчи кайткыс болуп түбөлүктүү муздардын арасына житип кеттим.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ