КЕМАЛ Орхан: Элүү тыйын (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ 

Кааласа лапылдатып кар жаасын, кааласа шаркыратып жамгыр төксүн, кааласа түңкү аяздын илеби үшүтсүн, баарыбир таңкы саат беш жарымда, караңгы түндү жарып чыккан үнү менен көчө жээгинде пайда болот:

— Газета, жаңылыктар!

Түңкү саат төрттө туруп, машинкамдын маңдайында отурганым үчүн караңгылыкты, жамгырды, аязды теңине албаган бул үн менен дал ушул жерден жолугушам. Газетанын акчаларын кечинде эле үстөлүмдүн үстүнө даярдап койгонум үчүн күттүрбөстөн дароо көчөгө чуркам чыгам. Газеталарым мурунтан даярдалган болот. Колума карматып, акчасын алаар замат санабастан чөнтөгүнө салып, тоңгон мурдунан меш казандын кернейинен чыккан түтүн сымал буу чыгып, алыстап кетет. Кайрадан жандуу, жашоону каалаган үнү менен көчөнү жаңыртат:

— Газета, жаңылыктар!

Таң атып атпай эрте туруп, сатуу түйүнүнө чуркап барат. Өзүнө тең чамалаш мектеп жашындагы балдар көп болгондугунан улам, сатуучу газеталарын назданып араң берет. Эң жаманы — газеталарды алып атканда сатуучуга акча берүүсү!

Бир канча күн келбей калды. Сарсанаа боло баштадым. Сынактардын маалы эле, балким сынактарына даярданып жүрөт ко дедим. Туура ойлонуптурмун. Мага тааныш жөтөлгөн үн кайрадан пайда болду:

— Айыпка буйурбаңыз, байке! Сабактарымды окуп аттым. Түн бир оокумга чейин окуп анан эрте туруу кыйын экен. Эки күн келбей калдым. Дилбер Ханым жөтөлүм үчүн бир дары жаздырып берген, аны да ала албай жүрөм.

— Эмнеге?

— Беш жүз отуз тыйын экен байкебай!

Оюма бир нерсе келди.

— Мен сага бул акчаны берейин?

Суукка тоңгон жүзү менен акырая тиктеди:

— Эмнеге?

— Жөтөлгө дарыларыңды аласың, аванс…

— Түшүнүп турам, бирок сиз мага ким болосуз? Кайра менден эмнени талап кылмакчысыз?

Туура эмес түшүнүп алуусунан коркуп тургам. Ал:

— Атамдын досу дагы акча берген. Сатуучуга карматкам. Кийин газеталарды сатып болгондо алган акчамды алып барып бердим. Сенде калсын, өзүнө колдоно бер, — деди. – Мени башка максатта пайдалангысы бар, дароо акчасын бетине ыргытып жибердим…

— Мен андай максатта берейин деген жокмун…

— Кайдан билейин. Атамдын досу дагы ушундай деген. Мен сенин аяш атаң болом дейт. Ошондон бери үйүнүн алдынан өтө элекмин. Кандай гана жаман нийеттүү адамдар бар бул дүйнөдө… Хаминнем , айлайын балам, өзүнө этият бол дейт. Ахх… Анын айтуусуна деле кажет жок дечи. Мен эми жаш бала эмесмин го?
Ага керектүү беш жүз отуз тыйынды бир шарт менен береримди айттым:

— Шартым мындай: акчаны мага алып келе турчу газеталарың менен акырындап төлөй бересиң. Макулбу?

Бир аз мурун кыжырдануудан өзгөргө түшкөн өжөр жүзү жумшаргандай болду. Бала кыялы менен:

— Эми макулмун, — деди. – Демек сиз…

— Мен сенин атаңдын досу же сатуучу эмесмин. Меники жардам гана. Окуйм деген үмүтүң бар экенин байкадым. Ал ган эмес окуп адам болуу. Мунуң көңүлүмө жакты. Маселе ушунда…

Көздөрү мага кадала түштү. Акчаны бердим. Алды. Чагылгандай тез узап кетти. Көчөнүн алдыңкы жагынан жанакы кайра үн угулду:

— Газета, жаңылыктар!

Күндөр өтүп жатты. Ар күнү таң эрте келип, газеталарымды бергенден кийин кошумчалап:

— Байке, үч лира карызым калды!

Кийинчерээк карызы эки лирага түштү, анан бир лира, андан кийин элүү тыйын. Эки күн келип газеталарымды берсе, карызынан кутулмак, бирок келбей калды. Таң калдым. Эмнеге келбей калды? Элүү тыйынды бербей коет деп эч качан ойлогон жокмун. Балким кокустук болуп, машинага урунуп жүрбөсүн… Чын эле болгондой ичим тыз дей түштү. Катуу келаткан таксинин алдында калып же кандайдыр бир каргаша болгондой канжалап жаткан адам баласынын денесинин токсон жеринен сынып кеткен абалы көз алдыма тартыла түштү.

Күндөр күндөрдү, күндөр жумаларды, жумалар айларды кууп жетти. Унутуп калыпмын.

Башка бир бала газеталарымды алып келип жүрдү. Бул андан дагы алсыз бала, үйлөсөң учуп кетер өңдөнүп турат. Ал байкушту да моюндаган башка маселелери бар.

Бурганактуу кыш күндөрүнүн таңы эле.

Машинкамда отуруп жазып аткамын.

Ушуга чейин угалек алсыз баланын үнү:

— Газета, жаңылыктаар!

Ошол балабы. Жок болушу мүмкүн эмес. Үнү өтө эле алсыз. Тереземдин түбүнө туруп алып көшөрүп кыйкырып атат:

— Газета, жаңылыктаар!

Төмөн түштүм. Газетаны башка бирөөнөн алып койгом. Эшикти ачтым. Кыска пальто кийген, кичинекей бала. Бурганактаган кардан суу болгон газеталары менен титиреп турат.

— Байкем айыпка буюрбасын, — деди агатай!

— Бул эмне?

— Сизге элүү тыйын карызы калган экен…

— Өзү каякта.

Ыйлаган жок. Тек гана таш сыяктуу:

— Өлдү, – деди. – Кечээ Эдирнекапыда жерге бердик…

Элүү тыйынды колума карматты да, кетип баратып:

— Газета, жаңылыктаар!

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу