КИБЕР Манфред: Сөөлжандар конгресси (аңгеме, которгон Адилет ШАДЫКАНОВА)

Немисчеден которгон Адилет ШАДЫКАНОВА

АҢГЕМЕ

Сөөлжандар өз конгрессин өткөрмөк болушту.Бул абдан олуттуу, заманбап конгресстерден эле. Ошондуктан сөөлжандар конгресси эч кандай аталышы жок эле кыскартылып, С.К. деп аталды.С.К.нын отуруму бак ичинде, чаңы асманга сапырылган жерде өтүп жатты. Топурак ресурстары боюнча талкуу жүргүзмөк болушту. Андан башка нерселер менен алардын иши деле жок эле. Анткени алар жерде сойлоп жүрүүчүлөрдөн жана топурак менен гана тамактанышат.

Алар жакыр, эч нерсеге зыяны жок момун жандар, анын үстүнө алардын жерге пайдасы да, кереги да бар. Жер үстүндөгү топурак аларсыз семирбей, кунарсыз болуп калышы мүмкүн эле. Алардын жумушу дайыма так аткарылып, иш тынымсыз жүрүп турушу керек. Көз байланган кез эле. Иңир чалган, күүгүм каптаган жолдор менен сөөлжандар туш тараптан сойлоп келип чогулуп калышты. Өзү улгайып калган узун бойлуу сөөлжан чогулушту башкарууну колго алды. Ал өзү иштеген бак ичиндеги топурактын курамы боюнча маселелер жөнүндө айтып берди. Бул баарын кубандыра турган жыйынтыктардан эле.

– Биз жердин эң терең түпкүрүнө чейин кирип ээлик кылышыбыз керек, — деди С.К.нын президенти. – Биз ушул убакка чейин эч ким ал жөнүндө эч нерсе билбеген көптөгөн жер катмарын жер бетине ташып чыгардык. Аларды иретке келтирип, майдалап жумшарттык. Бирок жердин алды биз ойлогондон да тереңирээк окшойт. Жер үстүнө ташып чыгарганыбыздан да көбүрөк топурак ташыш үчүн жер астына улам көбүрөк киришибиз керек болуп калды. Биз мындан ары да тырышчаактык менен жер астынын төрт тарабын кыдырып, жойлоп-сойлоп, топурак жешибиз керек. Бул өзү абдан чоң иш, чоң тапшырма. Ушуну менен С.К. жабык деп жарыяланат. Ал сылык гана ийилип койду.

Ошентип С.К.нын расмий бөлүгү аяктады. Курамы кошуна-колоң, жоро-жолдоштордон турган расмий эмес көзкарандысыз топтор түзүлүп, денеге жаңы тегерек-шакекчелерди жаратуу мүмкүнчүлүктөрү, жолдору жөнүндө кеп козголду, анткени бардык жагынан чоң, узун болуу алардын мүдөөсү эле. Мындан алар прогрессти, өнүгүүнү көрүштү. Ушундан ары карай жаңы ыкмалар дайыма көңүл чордонунда, иштин борборунда турмак болду.

– Узарыштын эң жаңы ыкмасы – ”саманга орол” деп аталат, — деди бир жаш сөөлжан. — Бул ыкма булчуңду күчтөнтүп өстүрөт жана денедеги тегерек-шакекчелерибизди бири-биринен алыстатып чоёт, жаңы шакакчелердин пайда болушуна шарт түзөт. Карасаңар, мына минтип! — Ал бир тал саманды сыйпалап таап, жаңы ыкманы бардык күчү менен ишенимдүү демонстрациялады.

Ошол учурда анын денеси бир нерсеге урунду, урунган нерсе бүдүр-бүдүр жана түктүү экенин сезди.

– Ой, бул эмне деги? Жүнү бар, анан да кыймылдайт экен! — ал коркконунан тептегерек болуп түйүлүп, самандан алыс качты.

– Кечирип коюңуз, мен аябай чарчадым. Ошондон улам ушул бир тал самандын үстүндө отурдум эле, — деди баягы түктүү неме.

– Сиз кимсиз? — деп сураган сөөлжан абайлап, кайра жакыныраак сойлоп келди.

– Мен аткарган кызматым боюнча куртмун. Эгерде катуу чарчабасам самандын үстүнө, албетте, отурмак эмесмин. Мен бул жерге абдан узак жол жүрүп, араңдан зорго жеттим. Жол бою чаңга бөлөнүп, чаң жутуп келдим. Анда-санда гана көк чөпкө туш келип жаттым. Өзүм кичине бала кезимден эле чабалыракмын. Анын үстүнө ар бир кадам сайын белиңди бүкүрөйтүп, жылып-сойлоп жүрүштүн өзү азаптын азабы экен. Азыр болсо алдан тайдым. Абдан чарчадым. Өлөрчө чарчадым.

Куртту аябай чаң басып, араң эле жаны бар экен. Буттары да титиреп алсыз эле. С.К.нын бардык катышуучулары аны аяп, колдон келген жардамдарын берүүгө даяр турушту.

– Сиз бир аз күчтөнүп алышыңыз керек, — деди бир сөөлжан жан тартып боору ооруп. – Сиз топурактан аз да болсо жеп алууңуз зарыл.

– Жок, рахмат,- деди курт, — тамак жегенге алым жок. Акыбалым бир кызыктай, таң каларлык болуп турат. Кандай десем? Мындан ары жер үстүндө таптакыр сойлоп жүргүм келбей калды.

— Мен Сизден суранамын, андай дебеңиз. Жер үстүндө боортоктоп сойлоп жүрүш да, топурактан тоё жеш да анык жашоонун өзү эмеспи! Эгер аны кылууга чама-чаркы түгөнсө, анда жашоо бүтөт, өлүм күтөт. Бирок ар бир тирүү жан өз жанын сактап жашашы керек жана боюн узартууга кам көрүш керек. Мен Сизге бул багытта бир нече түрдүү ыкмаларды сунуш кылар элем.

— Менин оюмча мындан эч ким өлбөйт, — деди курт. — Катуу кыйналып, сойлоп жүрүүгө алың жок калганда, куурчакчага айланасың, ошол куурчакчадан кызыл-тазыл кооз көпөлөк учуп чыгат. Канат жайып, күн нуруна чайынып, жаңы ачылган байчечекей гүлдөрүнүн шыңгыр үнүн тыңшайсың. Бирок муну кантип жасоону мен али билбейм. Ал жөнүндө ойлонуп отурууга алы-күчүм да жок.

Сөөлжандар дүрбөлөн түшүп, тегерек болуп ийилип, аргалары түгөнгөндөй бири-бирин карап калышты.

—  Учуп чыгат?

— Күн нуру?

— Ал өзү деги эмне?

— Андай нерсе бул дүйнөдө жок болушу да мүмкүн эмес!

– Сиз эмне, катуу сыркоолоп калгансызбы? — деп сөөлжандар туш-туштан жарышып суроо жаадырышты.

— Сиз чет өлкөлүк өзгөчө сөздөрдү колдонот экенсиз, — деди С.К.нын президенти. — Бир аз табыңыз жок окшойт!

Курт эч кимисине жооп бере албады. Ал абдан чарчаган эле. Өлөрчө чарчаган эле. Ал болгон-толгон акыркы күчүн топтоп, бир тал саманга жармашты. Андан соң ал караңгылыкка курчалды, анткени анын ичинен үлбүрөгөн жибек жип чубалып чыгып, курттун чаң басып, кыймылдан калып чарчаган денесине оролуп жатты.

— Бул өтө коркунучтуу оору го, — дешти сөөлжандар.

— Бул кубулуш, феномен, — деди С.К.нын президенти. — Биз буга байкоо жүргүзүп туралы.

Көрүнүктүү адистердин кээ бирлери макулдугун билдирип, иймелеңдеп баш ийкешти.

Күн артынан күн, жума артынан жумалар өтүп жатты. С.К.нын президенти баш болгон бир нече көрүнүктүү мыкты адистер күн сайын феномендин жанына чогулуп, аны абайлап, акырын сыйпалап карап жүрүштү. Феномен агара баштаган эле. Ал жөргөмүштүн желесиндей жипке оролгон бойдон эч кыймылсыз, өлүктөй болуп жерде жатты. Акыры бир күнү таң атып-атпай эртелеп, баягы оролуп-чулганган неме кыймылга кире баштады. Кичинекей, кооз, кызыл-тазыл көпөлөк анын ичинен суурулуп чыгып, тегерегине таң кала көз жүгүрттү. Ал канаттарын бүгүлгөн бойдон кармап, эмне кыларын билбей турду. Көпөлөк боло элек курт кезинде эмнени ойлоп, эмнеге ишенип, эмнени айтканын ал унутуп койгон болчу, ал абдан чарчаган эле да, өлөрчө чарчаган…

Күн нуру тийгенде анын канаттары чоңоё баштады. Канаттары күчтөнүп, түсү мурдагысынан да көз тайгылткан кооз боло түштү. Ошондо ал канаттарын күүлөп, кере жайып, жер үстүнөн алыстагандан-алыстап, күндүн нуру төгүлүп турган жакты көздөй сызып жөнөдү. Байчечекейлердин, коңгуроо гүлдөрдүн шыңгыр добуш үн берип ачылганы угулду ага. Ылдый жакта, чаңдын арасында сөөлжандардын конгресси өтүп жатты. Учуп кеткен көпөлөктүн курт кезиндеги бош калган кабыгын таап алышканда, бардык көрүнүктүү адистер сойлоп келип, чогула калышты.

— Бул бар болгону бир чапан эмей эмне!? — деди адистердин бири көңүлү эч нерсеге чаппаган түр менен.

— Оорусу бул жерде эле калып калды го, — деди адистердин дагы бири.

— Чапандын өзү оору болуп эсептелинет да, — деди адистердин үчүнчүсү.

— Ал толугу менен эми жан таслим болду, — дешти калган сөөлжандар.

Алардын көзү жок көр денелеринен алыста-алыста, күн нуруна чайынып, чайыттай ачык көк асмандын таптаза абасын аралап көкөлөп учуп, көпөлөк жүрдү.

— Resurrexit! Тирилди! — деп миңдеген добуш жарык дүйнөгө жар сала ырдап жатты.