КИПЛИНГ Редьярд: Амурдун жебелери (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Өткөн бир убактарда Симледе жергилүктүү кедей,  бирок сатылбаган таза соттун сулуу кызы жашаптыр.  Ал кыз абдан ак көңүл, татынакай кыз эле, тек өз күчүн баалай алчу да эмес, колдоно да алчу эмес.  Анын апасы бардык эле жакшы энелердей кызынын келечек тагдыры жөнүндө дайыма ойлоп кабатырланчу.

Симледе комиссардык кызматты аркалаган,  илимдин баклавары наамы бар бир адам жашачу.  Ал көрүнүктүү күйөө болчу жигиттердин  бири эле, бирок чиркин, ага келбетти кудай бербептир.  Ал Азия боюнча кебетеси өтөле суук адамдардын катарына кирчү.  Анын аты – Саггот, Барр-Саггот же толук айтканда – Энтони Барр-Саггот эле.

Чиновник катары ал Индиядагы эң мыкты өкмөт кызматкерлеринин бири болгондуктан, көзүнө илинген ургаачынын баарына напсиси ала качып турма катынпоз-горилла болчу.

Ал мисс Бейтонго көзү түшкөн кезде миссис Бейтон болсо тагдырдын карылыкта берген бактысына кубанганынан ыйлап жибергенине менин көзүм даана эле жетип калган.

Мистер Бейтондон бир ооз да сөз чыккан жок. Ал мүнөзү жумшак, жоош  адам болчу.

Комиссардын байлыгы бир топ боло турган.  Ал чоң маяна алчу, сараңдыгы жок, тескерисинче, кенен жашоону жактырар эле. Күлүктөрдү кармап, үйүндө конок күтүп, шаан-шөкөттөрдү өткөзчү, өлкөдө кадыр-барктуу, сөзү салмактуу, маанилүү жерде үнү бак-бак, чечкиндүү чыкчу.

Мен силерге баяндап берер окуя тээ  атамзаманда,  Индия Британиянын кол алдында турганда болбосо да, бир топ жыл мурда эле болуп өткөн.  Балким кээ бириңердин эсиңерде луан-теннис чыга элек учур бар чыгар, ал убакта баарыбыз крокет ойночу эмес белек. А мен силерге айтып берер окуя андан да мурун, ал тургай крокет да чыга электе болгон. 1844-жылы Англияда азыркы учурда луан-теннис кандай көңүл ачуунун кеңири таралган түрү болсо,  жаа атуу да дал ошондой таралган оюн эле; дал бүгүнкүдөй эле ал жөнүндө баарын билген билерман сыяктуу,  киши укпаган акылдуу терминдерди колдонуп талкуулаганды жакшы көрүшчү.

Мисс Бейтон алыскы аралыктан атууда астына киши чыгарчу эмес, алтымыш ярд аралыктан атууда — Симледеги эң мыкты жаачы эле.  Эркектер аны тара-девилик Диана атап алышкан.  Башында айткандай,  Барр-Сагготтун Дианага көзү түшүп, анын энесин чексиз кубанычка бөлөдү.  Китти Бейтон бул ишти суз кабыл алды.  Комиссар сыяктуу бүт шаарга кадырлуу адамдын көңүлү түшүп жактырып калышы жагымдуу эмей не; курбуларынын ичтери күйгөнү андан бетер жагымдуу эмеспи. Аттиң,  бирок тиги шоркелдейдин кебетесинин адамдан башкача сууктугун кантип көрбөй коё алат.  Ал эми Киттиге жагыш үчүн сулууланымыш болуп жасанып алганычы,  тим эле адамдын боорун эзет.  Бекер жерден эл аны “лангур” боз маймыл деп жүрүшүппү эй.  Бут алдыңда ушундай маанилүү комиссардын тизе бүгүп,  улуу башын кичүү кылып турушу — жагымдуу нерсе деп ой жүгүртөт Китти, бирок эртеңки күн менен иши да жок, баарына кол шилтеген, сырт келбети келишкен, оюн-зооктун үстүндө жыргап жүргөн атчан аскерлердин сулуу офицери Кеббон менен качып кетүү андан да жакшыраак эмеспи.

Киттинин аны менен турмушка болгон көз караштары көп жагынан окшош болгондуктан, бирге убакыт өткөзүүдөн ырахат алычу, бирок Кеббон аны менен өз келечегин чогуу өткөрөм деген максаты болбогондуктан, таза жүргөн адам катары, өзүнө Кеттиге карата ашыкча мамиле жасаганга эч качан жол берген жок. Барр-Саготтун жабыша бергенинен тажаган Китти, ал кавалер менен ар кайсы жактарга кетип калмайы көп кайталанчу болгон. Жолугушууларга энесинин жаны күйүп каршы болгонуна Китти:

— Апа, мистер Сагготтун түрү суук экенин өзүң деле билесиң го!—десе:

— Эми, кудайдын берген кебетеси ошол болсо кантмек эле?  Ага капа болбош керек.  Чыдаш керек, чырайын чылап ичмек белең.  Энең сага жамандык каалабайт ко?  Мен сенин бактылуу болушуңду тилейм.  Менин айткандарымды уксаң жаман болбойсуң, кызым. Эстүү бол.  Элге шерменде боло көрбө, — дейт энеси акыл-насаатын айтып.  Китти ага жооп кылып адептүүлүк, эстүүлүк жөнүндө, комиссар, үйлөнүү тууралуу ушунчалык жаман оозго алгыс сөздөрдү айтты дейсиң…

Мистер Бейтон кулагын жапырып, унчукпай угуп тим болду.  Ал мүнөзү жумшак,  жоош адам эле.

Сезон аягында убакыт бышып жетти,  учуру эми келди деп эсептеген Барр-Саггот, өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтүп, мыкты долбоор иштеп чыкты.  Ал айымдар арасында жаа атуу боюнча мелдеш уюштурмак болду, байгесине кымбат баалуу бриллиант билерик койду.  Мелдештин шарттары ушунчалык кылдат, билгичтик менен башкы байгени кандай болсо да мисс Бейтон утуп алгандай кылып түзүлдү, эл муну дароо эле түшүндү. Аралык отуз алты ярд менен чектелип, отуз алты жебе менен атуу белгиленди.

Мелдешке бүткүл Симла чакырылды. Дарактардын көлөкөсүнө чай ичүүгө үстөлдөр коюлду.  Көрүнөө жерде күн нуруна чагылышып көк баркыт менен тышталган кутучада бриллиант билерик жаркырайт.  Мисс Бейтон бир топ эле толкунданып алыптыр.  Ал андан да кем эмес, толкундангандан улам бышкан токочтой кызарып алган жаш Кеббон экөө атчан келишкен.  Китти өң-алеттен кетип тынсызданып, көпкө чейин билерикке көз салып турду.  Ага жасанып алган Барр-Саггот мурдагысынан да түрү суук, демейдегиден да жийиркеничтүү сезилди.  Миссис Бейтон кадыры бийик комиссардын болочок кайын энеси катары тегерегиндеги тааныштарына карап,  бой көтөрө жылмайып  компоёт.

Мелдеш башталды. Мелдешке катыша турган айымдар атайын камдалган аянтчага тизилип, күйөрмандар аларды тегеректей уй мүйүз болуп жайгашышты.  Бул дүйнөдө жаачылардын мелдешинен тажатма эч нерсе болбосо керек.  Улам бири аткылай берип, аткылай берип, күн да уясына батты.  Эл мисс Бейтондун чыгып, байгени утуп алышын күтүп жатты.  Кеббон жарым айлананын бир учунда, Барр-Саггот анын маңдайында, жарым айлананын экинчи учунда турушкан.  Мисс Бейтон тизменин акырында катталыптыр.

Атаандаштар аябай начар атышты, билерик комиссар менен бирге сөзсүз мисс Бейтондун энчисине тийерине эч кимдин шеги жок болчу.

Комиссар жаанын жебесин өзүнүн атту-баштуу кожойкесине тиешелүү колу менен октоп берип четке чыга берди.  Мисс Бейтон алдыга чыгып, билерикке дагы бир жолу көз жүгүрттү да, жебени коё берди.  Жебе мишендин так ортосуна кадалды.  Жаш Кеббондун жүзү бир аз кубара түштү, ал эми Барр-Сагготтанын жүзүндө билинер-билинбес жылмаюу пайда болду. Китти ал жылмаюну байкап,  Кеббонго көз жүгүрттү.  Башын бир аз кыймылдатып,  ага башкаларга байкалбаган белги бергенсиди да, кайрадан жебелерди атууга киришти.  Андан кийинки болуп өткөн окуяны мен ийине жеткизип сүрөттөп беришке дараметим жетпейт окшойт.

Эч ойдо жок нерсе болуп кетти.  Мисс Бейтон мыкты аткыч болчу. Ал өтө этияттык менен жебени жаанын керилген жибине илип, кылдат мээлеп, жебени коё берип жатты, бирок жебе мишендин ортосундагы алтындалган айланага тийбестен, четиндеги актай жерлерге сайылып жатты.  Дал ошентип беш жебе  сая кетти.  Барр-Сагготтун өңү кара-көк болуп чыкты.  Китти билерикти уткан жок.  Өңү серт жеткинчек кыздын көкүрөктү жарып чыккан кубанычтуу үнү чыкты: “Демек, мен утуптурмун да!”

Шордуу мистрис Бейтон өзүн жоготуп койду, эл көзүнчө эле шолоктоп ыйлап жиберди.  Китти жагдайга жарашпаган орунсуз кубанычын билдирген кыймыл менен жаасын таштады да ордуна кайтты.

Барр-Саггот өңү серт кыздын күнгө күйүп кызарган жагымсыз билегине билерикти тагып жатып, ак көңүл жана баарына ыраазы адамдын кейпин кийүүгө аракеттенди. Абал ыңгайсыз эле, өтө эле ыңгайсыз болчу.  Бардыгы тез-тез тарап,  Киттини энеси менен калтырышты.  Бирок аны энеси менен сүйлөшүүгө жеткирбей Кеббон алып кетти. Андан аркысын айтып деле кереги жок.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ