КИПЛИНГ Редьярд: Көпөлөк кантип жерди тепкени (аңгеме-жомок, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ-ЖОМОК

Кымбаттуу менин досторум, эми мен силерге акылман Сулайман пайгамбар жөнүндө мурдакыларга таптакыр окшобогон  жаңы жомок айтып берейин. Ал жөнүндө менден мурун үч жүз элүү беш жомок чыгарышкан. Менин жомогум алардын бири эмес.

Бул жомок өзүнө кантип ичкенге суу издеп тапкан көгүчкөн тууралуу эмес же канатынын көлөкөсү менен Сулайман пайгамбарды куйкалап тийген күндүн нурунан калкалаган кичинекей чымчык жөнүндө да эмес. Бул жомокто айнек көпүрө, же чиеленген тешикчелери бар рубин, же Султандын жары Балкистин алтын дарбазасы жөнүндө да айтылбайт. Бул жомок көпөлөктүн жерди кантип тепкени тууралуу баяндалат.

Анда эмесе көңүл коюп уккула! Сулайман пайгамбар теңдешсиз акылмандыгы менен белгилүү эле. Ал жер бетиндеги айбанаттардын, асманда учуп жүргөн канаттуулардын, суу ичиндеги балыктардын тилин билчү. Ал жер алдындагы кагылышып онтологон аскалар эмне деп жаткандарын, таң алдында дарактар жалбырактарын шуулдатып эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүн түшүнчү. Ага дүйнөдөгү бардык нерселердин тили түшүнүктүү болучу. Султандын байбичеси Балкис сулуу акылмандык жагынан андан кем калышчу эмес.

Сулайман пайгамбар өзүнүн кубаттуулугу менен айырмаланчу. Анын ортонунда шакеги боло турган. Аны бир айлантса – жер алдындагы жиндер, эки жолу айлантса – асмандагы периштелер анын буйругун аткарууга даяр болуп туруп калышчу. Эгерде шакекти үч айландырса – анын алдына кылычын жалаңдатып, улуу даражалуу Азраил периште өзү келип, үч дүйнөдө — жер алдында, жер үстүндө жана асманда эмне иштер болуп жатканы жөнүндө билдирип турчу.

Ошондой болсо да Сулайман пайгамбар текебер эмес эле. Ал өз касиеттерин пайдалангандан качып турчу, эгер айла жок пайдаланууга туура келсе өкүнүп калар эле. Бир жолу ал дүйнө жүзүндөгү жаныбарларды чогултуп коноктоп коюну чечти. Дасторконду кенен жайып, түркүн тамактарды жайнатып койгон кезде, деңиздин тереңинен бир жаныбар чыга калып, үч сугунуп, дасторконду бошотуп салды. Сулайман пайгамбар аны карап таң кала сурады:

— Сен ким болосуң, кайдан келдиң?

Жаныбар ага мындай деп жооп берди:

— О өкүмдар, өмүрүңүз кылымдан кылымга узара берсин! Мен деңиз түбүндө жашаган отуз үч миң бир туугандардын эң кичүүсүмүн. Сиздин дүйнө жүзүндөгү жандыктарды конокко чакырып жатканыңызды угуп, бир туугандарым тамак качан даяр болорун билип кел деп жиберишти.

Сулайман пайгамбар мурдагыдан да катуу таң калып, мындай деди:

— О жаныбар! Сен менин бүткүл дүйнөнүн жаныбарларына камдаган тамагымды үч сугунуп жалмап салдың.

Анда жаныбар:

— О падыша, өмүрүңүз кылымдан кылымга узара берсин! Сиз ушуну тамак деп ойлойсузбу? Биз турган жайда, тамакка чейин бир аз шамшум эткенде мындан эки эсе көп жейбиз.

Ошондо Сулайман пайгамбар жерге чөгөлөй калып айтыптыр:

— О жаныбар! Мен бул тамакты жаныбарларды бир тойгузуп коюу үчүн эмес, өзүмдүн кандай бай жана кубаттуу падыша экенимди аларга көргөзүп, мактанайын деп берип жаткам. Мен эми уят болдум, бул мага сабак болот.

Сулайман пайгамбар чындыгында эле акылман болгон, менин кымбаттуларым. Ошондон кийин мактануу келесоолук экенин такыр эсинен чыгарган жок.

Бул жомоктун башталышы эле, чыныгы жомок эми башталат.

Сулаймандын аялдары көп эле — керемет сулуу Балкистен башка, токсон тогуз аялы бар болучу. Алар фонтан атырылган жашыл бакчанын арасындагы, алтын менен кооздолгон сарайда турушчу. Сулайман пайгамбар анча көп аял алгысы келген эмес, бирок ал кездеги салт ошондой эле, эркектердин баарынын көп аялдары бар болчу, а султандыкы баарынан көп болушу керек эле.

Кээ бир аялдары сулуу болучу, кээ бирлери серт эле. Сулуу эместери сулуулары менен урушчу, анан баары биригип, султан менен урушуп жатып калышчу. Байбичеси Балкис гана эч качан Сулайман менен талашып-тартышчу эмес. Анткени ал аны аябай сүйчү, өзүнүн алтындалган бөлмөсүндө олтуруп, ал жөнүндө ойлоп, аны аяп кетчү.

Албетте, Сулайман пайгамбар шакегин бурап, жер алдындагы жиндерди чакырып, токсон тогуз аялын ак эшектерге, же кабаанак канчыктарга, же болбосо анардын уругуна айлантып салса болмок; бирок мындай чечкидүү кадамды жасагысы келген жок, анткени ал аны өз күчүм жана бийлигим менен мактануу болуп калат деп эсептөөчү. Ошондуктан аялдары чыр баштаганда, бакчанын арасына кирип кетип, өзүн Кудайдын бул жарыкчылыгына келген мүнөтүнө нааразы болуп басып жүрчү.

Бир жолу токсон тогуз аялынын баары бири-бири менен урушуп, чыр үч жумага чейин уланып кеткенде, — Сулайман пайгамбар адаттагыдай, кооз бакчасына чыгып кетти. Апельсин дарагынын көлөкөсүнөн султан кабылган абалга катуу кайгырган Балкис сулууга жолукту. Ал ага мындай деди:

— О менин өкүмдарым, көздөрүмдүн каректери! Шакегиңди бир бурап Египеттин, Месопотамиянын, Персиянын жана Китайдын тиги чоёке канышаларына өзүңдүн кубатыңды көргөзүп, каардуу өкүмдар экениңди эскертип койбойсузбу.

Сулайман пайгамбар башын чайкады:

— О менин жан курбум, менин күндөрүмдүн кубанычы! Деңизден чыккан жаныбар мени бүткүл жаныбарлардын алдында текеберчилигим үчүн кандай уят кылганын эстечи.

Эгерде, Египта, Египеттин, Месопотамиянын, Персиянын жана Китайдын канышаларына алар чырлашкан үчүн эле өз кубатымды көргөзсөм, андан да катуу уятка калбаймынбы.

Балкис сулуу суроо салды:

— О менин өкүмдарым, жан-дүйнөмдүн казынасы! Анда эмне кылайын деген оюңуз бар?

Сулайман пайгамбар минтип жооп берди:

— О жан курбум, жүрөгүмдүн толтосу! Мен тагдырдын башка салганын көрүп, токсон тогуз аялдын азап-тозогун чыдамдуулук менен көтөргөндөн башка аргам жок.

Ал дагы бир канча убакытка чейин лилиялар, розалар жана жыпар жыттуу имбирь өскөн бакчаны аралап басып жүрүп, жакшы көргөн камфар дарагынын көлөкөсүнө барып олтура кетти. Балкис түрдүү кооз гүлдөрдүн арасында өскөн жалбырактуу бамбук дарагынын артына жашырынып, сүйүктүү күйөөсүнөн алыстай албай акмалап турду.

Аңгыча дарактын бутагына бири-бири менен урушуп, эки көпөлөк келип конуп калышты. Сулайман пайгамбар алардын сөздөрүнө кулак төшөп калды. Алардын бири экинчисине мындай деди:

— Мага ушундай жаман сөздөрдү кантип батынып айтып жатканыңа таң калып турам. Сен эмне, азыр жерди бир тепсем  — Сулайман пайгамбардын хан сарайы, мобул татынакай бакчасы менен жер бетинен жок болорун билбейсиңби?

Сулайман пайгамбар ажылдашкан токсон тогуз аялын унутуп койду. Көпөлөктүн мактанганына ал ушунчалык катуу каткырып күлдү дейсиң, камфар дарагы силкилдеп кетти. Ал сөөмөйү менен көпөлөктү өзүнө чакырды:

— Бери келчи, кичинекейим.

Көпөлөк коркуп кеткенине карабай, канаттарын жайып, султандын колуна келип конду, султан эңкейип анын кулагына акырын шыбырады:

— Кичинекейим, мени укчу, сен канчалык тепкилесең да бир тал чөптү сындыра албасыңды жакшы билесиң да. Анда эмнеге болбогон нерсени айтып аялыңдын башын айландырып жатасың. Тиги сенин аялың да, туурабы?

Көпөлөк Сулайман пайгамбарды карап, анын көздөрү аяздуу түндөгү жылдыздардай жымыңдап турганын көрдү. Ал бүт эркин жыйнап, башын бир жакка кыйшайтып мындай деди:

— О падышам, өмүрүңүз кылымдан кылымга узара берсин! Тигил чынында эле менин аялым. А сен аял деген эмне экенин билесиңби?!

Сулайман пайгамбар ичинен жылмайып койду:

— Билем, бир тууганым.

— Кадырыңды ылдый түшүрбөш керек, — деп түшүндүрө баштады көпөлөк. — Аялым таң аткандан бери ызылдап, кулак мээмди жеп бүттү. Аны тынчтандырыш үчүн эле айтып койдум.

Сулайман пайгамбар күлүп койду:

— Кудайдан болуп, ошентип айтканда аялың тынчып калса болду. Бара бер, ага  эми эмне деп айтар экенсиң.

Ал жалбыракта, коркконунан титиреп олтурган аялынын жанына учуп келди.

— Ал сенин айтканыңды угуптурбу? Сулайман пайгамбардын өзү сенин айтканыңды уктубу!

— Албетте укту, — деди көпөлөк. — Мен аны уксун деп атайын айткам.

— Ал эмне деди? Эмне деп айтты? Батыраак айтчы.

— Гм! — деди көпөлөк маанилүү немедей мостоюп. — Башкалар укпай эле койсун, менин сүйүктүүм, — ал аябай коркуп кетти, бирок мен аны түшүнөм. Хан сарайын салганга аябай чоң акча короткон сыяктуу, анын үстүнө апельсиндери да жаңы эле бышып келатыптыр. Ошондуктан ал менден жерди теппечи деп суранды, мейли деп убада берип койдум.

— О жараткан! — деп жалынып жиберип, аялы тынчып калды.

А Сулайман пайгамбар көзүнөн жаш чыккыча күлдү, митайым көпөлөктүн уялбай туруп калп айтып жатканы анын көңүлүн көтөрүп, күлкүсүн келтирген эле.

Сулуу Балкис да көркөм лилиялардын арасында туруп, тигилердин сөзүн угуп күлүп жатты. Ал минтип ойлоду: «Эгерде, мен ушул жерден акыл менен аракеттенсем, өкүмдарымды ажаан канышалардын ызы-чуусунан куткарып алат окшоймун».

Ал сөөмөйү менен көпөлөктүн аялын чакырып, ага минтип шыбырады:

— Бери мага келчи.

Ал чочулап, канаттарын акырын жайып, Балкистин аппак колуна конду.

Балкис татынакай сулуу башын эңкейтип, тигинден акырын шыбырап сурады:

— Айтчы, кичинекей, сен эриңдин азыркы айкандарына ишендиңби?

Көпөлөк Балкисти караса, анын көздөрү жылдыздар чагылышкан терең деңиздей чалкып турган эле. Ал кайратын жыйып мындай деди:

— О канышам, сенин сулуулугуң кылымдан кылымга сакталсын! Сен күйөө деген эмне экенин билесиң да!

Каныша Балкис, акылман Балкис, сөөмөйүн эрдине такап, күлкүсүн араң жашырып, жооп берди:

— Билем, сиңдим.

— Алар болбогон нерселерге эле таарына беришет, — деди көпөлөк, канаттарын ылдам-ылдам каккылап, — биз дайыма алардын оюн табууга аракеттенишибиз керек. Алардын айткандарынын  жарым-жартылайы жөн эле айтылган кеп. Күйөөм жерди тээп, Сулайман пайгамбардын хансарайын жок кылып жиберем дегенине, мени ишенип калды деп ойлоп калды. Мен ага анча деле маани берген жокмун, ал эртең эле эмне деп айтканын унутуп калат.

— Сен туура айтасың, сиңдим, — деди Балкис. — Эми бир мактанса, калпын чыгарганга аракет кыл, сөзүнөн кармап, жерди тепкиң келсе теп деп көр. Эмне кыларын көрөлүк. Биз күйөө деген кандай экенин жакшы билебиз да, — чынбы? Аны уялтып коюу ашык болбойт.

Көпөлөк күйөөсүнүн жанына учуп кетти, беш мүнөттөн кийин экөө баштагыдан да катуу  уруша башташты.

— Эсиңе кел, — деп кыйкырды эри, — азыр жерди тепсем эмне болорун унутпа!

— Мен сага ишенбейм, —дейт анда аялы. — Кана, кыйын болсоң тээп көрчү, бол теппейсиңби.

— Мен Сулайман пайгамбарга берген убадамды бузгум келбейт. Болбосо…

— Сен убадаңды бузгандан эч нерсе өзгөрбөйт, — дейт аялы. — Канча тепкилесең да, бир тал чөптү да сындыра албайсың. Кана, теп, теппейсиңби.

Сулайман пайгамбар камфар дарагынын көлөкөсүндө олтуруп, тигилердин сөзүн эч нерсесин калтырбай угуп жаткан. Ал ажаан аялдарын да, деңизден чыгып дасторкондогу бүт тамакты жалмап кеткен жаныбарды да, дегеле дүйнөдөгү бардык нерселерди унутуп коюп, жыргап каткырып жатты. Гүлдөрдүн арасында Балкис анын кымбаттуу күйөөсүнүн көңүлү ачылганын карап, кубанып турду.

Толкунданып алган көпөлөк, карбаластап Сулайман пайгамбардын жанына учуп жетти:

— Ал мени жерди теп дейт! Ал мага ишенбей жатат! О Сулайман пайгамбар, менин мактанып койгонумду билесиң да. Мындан кийин ал менин бир да сөзүмө ишенбейт. Өмүр бою мени шылдыңдап жүрүп өтөт.

— Жок, бир тууганым, — деди Сулайман пайгамбар. — Ал сени шылдыңдабагандай кылабыз.

Ал манжасындагы шакегин бурады, — ал муну өзүнүн күч-кубаты менен мактануу үчүн эмес, көпөлөккө жардам кылуу үчүн жасады, — көз ачып жумгуча жер алдынан төрт сүрдүү жиндер чыга келишти.

— Кулдар! — деди Сулайман пайгамбар. — Менин колумда олтурган мырза жерди сол буту менен биринчи тепкенде – менин хансарайымды бакчалары менен кошо асманга булуттардын арасына көчүрүп алып кеткиле, дагы бир тепкенде – аны кайра ордуна койгула. — Эми, бир тууганым, — деди ал, — аялыңа учуп бар да, жерди тепкилей бер.

Көпөлөк аялына барганда ал кыйкырды:

— Мен сенден талап кылам! Теп жерди! Тебем дедиң беле, теп!

Көпөлөк сол буту менен жерди бир тепти. Жиндер хансарайды бакчасы менен жерден миң мил аралыкка көтөрүп учуп кетишти. Чагылган чартылдап, алай-дүлөй түшүп калды. Ошол убакта Балкис төрт кубаттуу жин хансарай турган бакчанын төрт бурчунан көтөрүп учуп баратышканын көрдү, сүйүнгөнүнөн алакандарын чаап жиберди.

«Акыры, — деп ойлоду ал, — Сулайман пайгамбар көпөлөк үчүн, көптөн бери өзү үчүн жасабаган нерсени жасады. Эми корккон ажаан канышалар эстерине келишер».

Көпөлөктүн аялы алактап, жүрөгү оозуна тыгылды:

— О, болду, болду, экинчи каяша айтпайм! Эмне үчүн минтип айттым экен?! Бардыгын ордуна кой, менин кымбаттуум! Мен мындан ары сага баш көтөрүп сөз айтпайм.

Күйөөсү аялынан кем чочуган жок. А пайгамбар боору эзилгиче күлүп, сөз да айталбай бир нече мүнөт каткырып жатты. Акыры ал каткырыгын токтотуп, эси ооп турган көпөлөккө шыбырады:

— Теп кайра, бир тууганым, дүйнөдөгү сыйкырчылардын сыйкырчысы, менин хан сарайымды кайтарып бер!

— Ооба, тезирээк хансарайын алып кел! — деди аялы, каптап калган караңгынын кучагынан. — Хансарайын кайрып бер да, экинчи мындай жүрөктүн үшүн алган сыйкырыңды кайталаба!

— Жакшы болот, кымбаттум, — деп жооп берди көпөлөк көкүрөгүн көтөрүп. — Өзүң көрдүң го, сенин көк беттигиң эмнеге алып келгенин. Мага баары бир. Бирок Сулайман пайгамбарды сыйлайм, ошондуктан анын хансарайын кайрып берейин.

Ал жерди тээп койду эле, жиндер хан сарайды гүл бакчасы менен этияттык менен өз ордуна коюп кетишти. Күндүн нуру кайрадан апельсин дарактарынын жалбырактарында ойноп, чымчыктар ырларын созуп жатты, ал эми ургаачы көпөлөк камфар дарагынын астында канаттарын араң кыймылдатып, толкунданган үнү менен мындай деди:

— Экинчи андай кылбайм! Экинчи андай кылбайм!

Сулайман пайгамбар күлкүсүн тыя албай, сүйлөгөнгө да алы калбай калды.

Ал сөөмөйүн кезеп көпөлөккө мындай деди:

— Ах сен, көз боочу! Мени күлкүдөн боорумду эзип өлтүрө турган болгондон кийин, хансарайымды кайра эмнеге кайтардың дейм да?

Аңгыча жакындап келе жаткан катуу ызы-чуу угулду. Булар, хансарайдан чуркап чыгып, балдарын издеп жүргөн Сулайман пайгамбардын токсон тогуз аялы ызы-чуу болуп жатышкан эле. Алар жүз баскычтуу мрамор тепкич менен ылдый түшүп, фонтанды көздөй чуркашты.

Акылман Балкис алардын алдын тосо чыгып, суроо берди:

— Канышалар, силерге эмне болду?

Алар жүз баскычтуу, кенен мрамор тепкичке токтошту да чурулдап киришти:

— Эмне болду дейсиңби? Биз алтын сарайда олтурсак, капыстан эле хан сарай жок болуп кетип, көзгө сайса көрүнгүз караңгы түндүн ичинде калдык. Чагылган чартылдаган соң, ал жерде жиндер пайда болушту. Ушундай коркунучтуу нерсе болду, байбиче. Мындай коркунучту бул дүйнөгө жаралганы башыбыздан өткөрө элек болчубуз.

Ошондо акылмандуулугу Сулайман пайгамбардан кем эмес Балкис сулуу мындай деди:

— Тынчтангыла, канышалар! Бир көпөлөк аялы менен уруша кетип, ал ага баш ийбей жатканын айтып арызданып келиптир. Сулайман пайгамбар анын аялына сыр көргөзүп, күйөөсүнө баш ийбесе эмне болорун сабак катары бир аз көргөзүп койду.

Анын айтканына фараондун кызы, египеттик каныша ишенбей мындай деди:

— Биздин кансарайыбыз бир кичинекей көпөлөк үчүн кумдун бүртүгү сыяктуу асманга көтөрүлүшү мүмкүн эмес. Жок, антпей эле Сулайман пайгамбар өлүп, жаратылыш аны чагылганын чартылдатып, караңгылыкка бөлөп угузуп жатса керек.

Балкис башын чайкап, канышаларга жооп кайтарды:

— Баргыла, өзүңөр көргүлө.

Алар жүз баскычтуу мрамор тепкичинен түшүп, камфар дарагынын көлөкөсүндө турган, жер шарынын акылмандарынын эң акылманы, улуу өкүмдарды көрүштү. Сулайман пайгамбар алигиче күлкүсүн тыя албай жатыптыр. Анын эки колунда эки кичинекей көпөлөк бар болчу. Ал аларга мындай деп айтты:

— О абада каалгыган досумдун сүйүктүү жары! Эсиңде болсун, мындан ары күйөөңдүн айтканын угуп, сыйлап жүр. Болбосо ал жерди кайрадан тээп жибериши мүмкүн. Сен анын кандай сыйкырчы экенин көрдүң го. Сулайман пайгамбардын хан сарайына батынып уурдаш ар кимдин колунан келе бербейт. Жакшылык коштоп жүрсүн балдарым. Эми бара бергиле.

Ал тигилердин канаттарынан өөп, учуруп жиберди.

Балкистен башкалары, сырттан карап турушкан канышалар үч бүктөлүп жерге маңдайларын тийгизип, пайгамбардын алдына жыгылышты. Алар мындача ойлонуп жатышкан: «Эгерде бир көпөлөктүн аялы эрин укпай койгон үчүн ушунча алаамат болуп жатса, өзүбүздүн түгөнбөгөн талаш-тартыштарыбыз менен пайгамбарды тажатып жиберсек кандай болуп кетет?»

Алар чүмбөттөрүн жамынышып, колдору менен ооздорун басып, буттарынын учтары менен жөргөлөй басышып, хансарайын көздөй жөнөп кетишти.

Ошондо Балкис сулуу камфар дарагынын көлөкөсүндө өсүшкөн, бийик кызыл лилиялардын аркасынан чыгып, Сулайман пайгамбардын жанына келди да, анын далысына колун коюп мындай деди:

— О менин өкүмдарым, менин жан дүйнөмдүн ээси! Кубана бер!  Египттин, Эфиопиянын, Абиссиниянын, Персиянын, Индиянын жана Китайдын канышалары жакшы сабак алышты, эми алар ал сабакты эч качан унутушпайт.

Күн нуруна канаттарын жаркылдатып учуп бара жаткан көпөлөктөргө көз салып турган Сулайман пайгамбар мындай деди:

— О менин жан курбум, менин бактымдын жаркыраган асыл ташы! Мен аны байкабай калыптырмын. Мен көпөлөктөрдүн тамашасына батып жатпадымбы.

Ал Балкиске эртеден берки көпөлөк менен болуп өткөн окуяны толук айтып берди.

Назик сүйүүсүнө мас Балкис минтип жооп берди:

— О өкүмдарым, менин өмүрүмдүн жол көрсөтүүчүсү жана ээси! Мен камфар дарагынын артында жашырынып алып, болгон окуялардын бардыгын көрдүм. Көпөлөктүн аялына күйөөсүнө жерди теп деп айтырган мен болчумун. Мен өкүмдарым тамаша иретинде бир улуу сыйкыр көргөзсө, канышалар аны көрүп, корккондорунан тынчтанып калышат ко деп үмүт кылгам.

Ал канышалар эмнени көрүшкөнүн, эмнени сезишкенин, эмнени ойлоп, эмне деп айтышкандарын толугу менен айтып берди.

Көңүлү ачык, Сулайман пайгамбар аны колунан кармап өзүнө тартты да, ага мындай деди:

— О курбум менин, менин күндөрүмдүн ширини! Билип кой, эгер мен бул сыйкырды өзүмдүн күчүмдү жана кубатымды көргөзүү үчүн жасаган болсом, анда баягы дүйнө жүзүндөгү айбанаттардын баарын тойгузам деп уят болгондон да жаман уят болмокмун. Мен бул сыйкырды көпөлөктүн көңүлү үчүн жасагам. Көрсө, сенин акылмандыгың менен ошол убакта ажаан аялдарымдын уруш-талаштарынан кутулуптурмун да. Айтчы, курбум, жүрөгүмдүн толтосу, мындай акылмандыкты кайдан алдың?

Сулуу жана келишимдүү каныша Балкис, Сулайман пайгамбардын көзүнө тигиле карады да, тиги көпөлөк сыяктуу башын бир жагына кыйшайтып, мындай деп жооп берди:

— Биринчиден, мен сени сүйөм, менин өкүмдарым. Экинчиден, аялдардын ой жүгүртүүсүн жакшы билем.

Алар хансарайга кайтышты жана өмүр соңуна чейин бактылуу өмүр сүрүштү.

Чындыгында эле Балкис жакшы ойлоп тааптырбы?

Которгон Абийрбек Абыкаев