КОНФУЦИЙ: Конфуций: Мыкты жетекчи карапайым адамдарга пайда табууга жол берет

Конфуций айткан: «Менин билимим деле башкалардыкындай эле дал китепте жазылгандай, бирок чыныгы турмушта али асылдыкка жетише элекмин”.

* * *

Цзэн Цзы айткан: «Жөндөмдүү адам жөндөмсүздөн жардам сурайт; акылдуу акылы чектелүүдөн кеңеш алат; билими жогорулар сыртынан сабатсыздай көрүнөт; сыпайы адамга билгендери тайкыдай сезиле берет; адамдар кемсинткенде аларга кечиримдүүлүктү көрсөткөн оң, менин досум мурун ошентчү».

* * *

Цзы Чжан чыныгы адам деген атка татыктуулардын жолу тууралуу сураганда Конфуций жооп берди: «Эгерде мындай адамдар байыркы акылмандардын жолун жолдобосо, алар алыска бара алышпайт».

* * *

Эгер ички ойдо ишенимсиздик болсо, сөз жыйнаксыз сүйлөнөт. Эгерде сөз чар жайыт болсо, анда ишиңде ийгилик болбойт. Эгерде ишиңдин ийгилиги болбосо, анда тиешелүү каада-салт расмилери менен музыка коштогон ырым-жырым жөрөлгөлөрү атайын тартипке ылайык келбейт. Эгерде каада-салт менен музыка жайында болбосо, анда жазалоолор да жөнсүз. Ал эми жөнү жок жазалоолор карапайым элге кимди угуп ишенерди билбеген арсар сезимди жаратат”.

* * *

Мындай деп айтылат: «Жакшылык кылуу сыйланат, бул кандайча?”

Конфуций жооп берди: «Мен өзүмө жакшылык кылган адамдарды кандайча сыйлаймын? Адамдарды адилеттик менен сыйлоо керек — сага кайрымдуулук кылгандарга жакшылык жаса».

* * *

Конфуций Янь Юань тууралуу мындай дечү: «Өкүнгөнүм, анын тынымсыз алдыга гана баратканын көрүп батына албагам, токтогонун көрсөм, сүйлөшмөкмүн».

* * *

Конфуций айткан: «Тогуз учурда чыныгы изгилиги бар адам жүрөгү менен кеңешип иш кылууга тийиш: бирдемени караганында аны даана көрүп жатамбы деп ойлонушу керек; сөздү тыңшаганда аны так уктумбу деп өзүнө суроо бериши кажет; адамдар менен сүйлөшүп жатып, жагымсыз түрдө сурданган жокмунбу, бетимде урмат-сыйдын белгиси барбы деп ойлонушу керек;  иш кылганында аны абайлап жасоосу зарыл; күмөнсүнсө башкалардан кеңеш суроону ойлонушу абзел; ачуусу келсе анын акыры эмне менен бүтөрүн боолголошу кажет; киреше алуунун мүмкүндүгүн көрүп туруп, бул адепсиздик эмеспи деп өзүнө суроо берүүсү милдет”.

* * *

Цзы Чжан Конфуцийден сурады: «Саясат менен кантип алектенүү керек?». Конфуций жооп берди: «Беш изги жакшылыкты урматта, жаман башкаруунун төрт жолунан баш тарт, ошондо саясат менен алектене аласың. Чжан кайра сурады: «Бул кайсы беш изгилик:”. Конфуций айтты: “Мыкты жетекчи карапайым адамдарга пайда табууга жол берет, бирок өзү көп эле ысырап боло бербейт.  Ал өзү жөнөкөй элди жек көрө албайт, андыктан адилет башкарууга каалоосу бар. Анын мүнөзү бейкапар жана ачык-айрым; бирок текебер эмес; каадалуу жана өкүмчүл, бирок каардуу эмес».

* * *

Ошондо Цзы Чжан кайрадан сурады: «Начар башкаруунун сиз айткан төрт белгиси кайсылар?». Конфуций жооп берди:

«Кайра тарбиялабай туруп дароо жазалоо – бул ырайымсыздык. Алдын ала эскертпей туруп баарын дароо аткарууну талап кылуу бул – шашмалык. Буйрукту кеч чыгарып, бирок аны күтүүсүздөн кыска мөөнөттө аткарууну талап кылуу бул – зыянкечтик. Бардыгы биригип адамдык, каржылык жана материалдык каражаттарды берип атканда сараң болуу бул — майдачылдык».

* * *

Конфуций айткан: «Топурактан бийик тоо жасап жатып, бир себет топо жетишпей калса деле баары бир тоо болуп жатып калат. Ал эми башталган курулуш өзүң токтоткон себептүү гана туруп калат. Эгерде тегиз жерге бир себет толо топуракты төгүп алсаң, бул дагы алга жылуу, себеби сен токтоп калбай ишиңди улантып жатасың».

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ