КОНФУЦИЙ: Конфуцийдин мамлекет жөнүндө сабагы

Мэн-цзы айткан: «Аянты жүз ли болгон чакан княздыктарда да жетик башкаруучунун бийлигин орнотууга болот. Эгерде элге карата адамгерчиликтүү саясат жүргүзүлсө, жазаларды жумшартса, салыктарды азайтса, жерлер тыкандык менен иштетилсе, чөп-чар убагында жыйналса, дегеле баардык иштер өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлсө анда жаштар бош убактыларын пайдалуу өткөрүп, өздөрүн өздөрү өстүрүшөт жана ата-энелерин сыйлашат, ошондой эле өздөрүн адептүү алып жүрүшөт, чынчылдыгын жоготпой, сөзүнө бекем турушат. Үйдө карылар менен улууларды сыйлоо кажет, ал эми үйдөн чыкканда жетекчиликке кам көрүү керек. Эгер ушундай тарбияланган элдин колуна жыгачтан жонулган аса таякты берип, Цинь жана Чу падышалыгынын аскерлерине каршы койсо да алар туруштук бере алышат».

* * *

Ци падышалыгынын князы Сюань сурады: «Ушундай изги тазалыкка ээ болуу менен Асман алдындагы өлкөнү багындырууга мүмкүнбү?». Мэн Цзы жооп берди: «Эгерде жөнөкөй адамдарга кам көрүп жана элиңе адилет саясат жүргүзсөң, анда буга каршы туруучу күч чыкпайт”.

* * *

Ци падышалыгынын князы Ци сурады: «Акылмандар да кубанышабы?”. Мэн Цзы жооп берди: «Алар элдин кубанганын көрүп сүйүнүшөт. Эл дагы алардын жакшылыгына кубанат. Аларды элдин азасы кайгыртат, эл дагы алардын кусасына күйүнөт. Кубансак болот, анткени Асман алдындагы өлкө өзү кубанып жатат. Кайгыруу бар, анткени Асман алдындагы өлкө өзү кайгыда.

* * *

Көңүлүң жазгы таңдай ачылып, кайык менен агым ылдый сүзүп баратсаң, кубаныч менен рахаттан кайтаар маал келгенин унутуп калсаң, анда бул жеңил ойлуу жашап жатканыңы билгизет. Жогору жакка жетип көңүл ачуудан башканы ойлобой, кайыкты жип менен өйдөнү карай сүйрөп баратсаң жана кубанычтан кайтар маал болгонун унутуп калсаң, анда бул өзүңө жоопкерчилик алганың. Эгерде мышык дайым нааразы болсо, бул анын картайып калганынын белгиси. Эгерде кимдир бирөө ичкиликти жактырса жана жашоого дайыма нааразы болуп жүрсө, анда бул өзүн кармай албагандык.

* * *

Мэн Цзы айткан: «Эгерде айланаңдагылар сүйлөшүп алышкан болсо, анда кимдир бирөөнү дароо эле кызматка көтөрүүнүн кереги жок. Ошондой эле аткаминерлер өз ара сүйлөшүп алышса дагы кимдир бирөөнү дароо кызматынан жогорулатууга болбойт. Качан гана өлкөдө баары сүйлөшүп кепке келгенде гана анын талапкерлиги боюнча жакшылап ойлонгула жана анын чындап эле мыктылыгына көзүңөр жеткенден кийин гана жогорку кызмат даражасына сунуштагыла. Эгерде тегеректегилер ынтымакташа алышпаса, анда аларды укпагыла. Аткаминерлер өз ара келише алышпаса да аларды укпагыла. Ал эми бүткүл өлкө өз ара келише албаса, анда анын талапкерлигинин үстүндө жакшылап ойлонуп көргүлө жана ал чындап эле бул жумушка жараксыз болсо, ошондо гана аны кызматынан бошоткула”.

* * *

Ци падышалыгында мындай макал бар: «Акылмандыгың бар болсо аны көрсөтүш үчүн түзүлгөн кырдаалдан пайдалан. Ал эми кетмениң бар экенин талаа жумуштары башталганда  айтканың оң».

* * *

Мэн-цзы айтты: «Убакыт жер сыяктуу маанилүү эмес. Бирок жер адамдардын биримдигиндей жогору бааланбайт. Көптөр адеп-нысаптуу адамдардын жардамынан пайдаланышат. Алардын көмөгүн көрүү мүмкүнчүлүгүн аз эле адам колдон чыгарат. Качан гана жардам берүүчүлөр өтө аз болгон учурда аларды жакындары жана таасирдүү адамдар сатып кетишет.Качан гана жардам берүүчүлөр абдан көп болгондо аларга бүткүл Асман алдындагы өлкө өзү баш ийет.Ошентип кытай элинин жардамына таянган алар саткын жакындары менен жана таасирдүү адамдар менен, дегеле чыккынчылык кылгандардын баары менен күрөшөт. Андыктан чыныгы адам  таптакыр согушпайт, болбой эле салгылашууга туура келчү болсо, ал анда сөзсүз жеңип чыгат».

* * *

Мэн-цзы айткан: «Жөнөкөй адамдар адатта туруктуу байлыгы бар адамдардын эрки күчтүү деп ойлошот, ал эми байлык аттуусу жоктордун эрки алсыз деп эсептешет. Адамдын күчтүү эрки болбосо бузук жолдорго түшүп, карасанатайлыктарды жасап, ал тургай кылмыштарды да кылып жиберет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ