КОНФУЦИЙ: Конфуцийдин сабактары: Мамлекет башкаруу жөнүндө

Конфуций айткан: “Мамлекетти асыл ой менен туура башкаруу – бул кудум эле Кут жылдызындай болуу. Анын ордунда туруу айланта тегеректеген көп сандаган элдин ортосунда болуу дегендик”.

* * *

Цзы Гун устаттан саясатты кантип жүргүзсө болорун сураганда Конфуций мындай деп жооп берди: “Тамак-аш жана курал-жарак жетиштүү болушу керек, ошондо гана элдин өкмөткө болгон ишеними артат!” Цзы Гун кайра сурады: “Тамак-аш, курал-жарак жана эл. Эгерде бул үчөөнүн ичинен бирөөсүнөн баш тартууга туура келсе, кайсынысын тандайбыз?» Конфуций жооп берди: “Эң биринчи кезекте куралдан баш тартуу керек”. Цзы Гун кайрадан сурады: “Эгер кайрадан эле калган экөөнүн бирөөнөн баш тартууга  мажбур болсок, кайсынысын тандаган оң?» Конфуций жооп берди: “Тамактан баш тартуу керек, байыркыдан азыркы күнгө чейин адам өмүрү ченелүү жана ишеними эң кымбат. Эли жок бийлик эч ким эмес, ошол эле калкынын ишенимине арзыбаган өкмөт — кембагал өкмөт”.

* * *

Конфуций айткан: “Эгерде өзүңдүн жүрүм-турумуң үлгүлүү болсо, анда эл сенин буйругуңсуз эле аракет кылат. Эгерде өзүң туура эмес иштерди жасасаң, анда элге буйрук берсең да баш ийбейт”.

* * *

Цзы Лу саясый иштерди кантип жүргүзүү керектигин сурады. Конфуций жооп берди: “Адегенде азап-тозоктон өт”. Цзы Лу дыкаттап түшүндүрүп берүүсүн өтүндү.Конфуций кыска айтты: “Шалаакылыкка жол бербе”.

* * *

Министр Ай сурады: “Эл ишенимин жаратыш үчүн эмне кылуу керек?”. Конфуций жооп берди: “Чынчыл адамдарды таап, аларды бузулгандардын башына кой. Ошондо сага эл ишеним артат. Эгерде бузуку адамдарды тандап, аларды чынчыл адамдардын үстүнөн койгон болсоң, эл сага ишенбейт”.

* * *

Цзи Канцзы сурады: “Элди канткенде сый-урматчыл, берилген жана аракетчил кылууга болот?» Конфуций жооп берди:  “ Адамдарга урмат-сый менен мамиле кыл, ошондо гана алар сени урматташат. Улууларды сыйлап, кичүүлөргө кам көр, ошондо  сага элиң берилет. Абийирдүү адамдарды көтөрмөлөп кызмат бер жана тартипсиздерди тарбияла, ошондо гана эл өзү аракет кыла баштайт”.

* * *

Конфуций айткан: “Эгерде буйруктардын жардамы менен башкарып, кылмышты ооздуктаган мыйзамдардын көмөгү менен тартип орнотсо, эл жазалануудан качат, түз аракет кылат, бирок анда уялуу, ыйбаа кылуу сезими болбойт. Эгерде өкүмдар таза бийлик жүргүзүп, адилеттиктин негизинде башкарса, ошого жараша каада-салттын жардамы менен тартип орнотсо, элде уялуу сезими өзү эле пайда болуп, анын таасири менен жарандар туура жолго да түшүшөт”.

* * *

Цзы Чжан саясатты кантип жүргүзүү керек экенин сурады. Конфуций жооп берди: “Башкаруу кызматында иштеп туруп, көңүл кош жана шалаакылык жарабайт. Башкаруу буйруктары ачык, бекем жана туруктуу болушу керек”.

* * *

Цзи Канцзы Конфуцийден саясатты кантип жүргүзүү керектигин сурады. Конфуций жооп берди: “Башкаруунун маңызы чынчылдыкта. Эгерде өзүң адилет башкарсаң, анда өзүн абийирсиз алып жүрүүгө кимдин дити барат?”.

* * *

Цзи Канцзы Конфуцийден кайрадан мамлекетти кантип башкаруу керек экенин сурап, мындай деп кошумчалады: “Эгерде жаман иштерди кылган митаамдарды жазалап, ак пейил адамдарга кол сунса эмне болот?” Конфуций жооп берди: “Эгерде сиз саясатты башкарсаңыз, анда жазалоону колдонуп кереги не? Эгерде сиз жакшы иштерди жасасаңыз, анда эл дагы сүйүү менен жооп берет”.

* * * *

Конфуций айткан: “Эгерде чоң мансапты ээлеген адам чынчыл жана адилет болсо, анда кызматчылары анын буйругусуз эле жумуштарды бүткөрө беришет. Эгерде чоң кызматтагы адамдын адилеттиги болбосо, анда ал тургай буйрук бергенинде да кол алдындагылары аны аткарышпайт”.

* * *

Конфуций айткан: “Ишти болушунча тезирээк бүтүрүүгө шашылыштын кажети жок. Кыска убакыттык пайда үчүн убара болуу керек эмес. Эгерде ишти шашылыш бүтүрүүгө жанталашсаң, тескерисинче, максатка жетпейсиң. Эгерде учур чактын пайдасы үчүн шашылыш кам көрсөң, анда улуу иштерде ийгилик жарата албайың”.

* * *

Ички изгилик, сырткы тазалык булар – эң негизгилери катары бийик тепкичте туруусу кажет, байлык менен мүлк экинчи деңгээлде болуусу керек. Эгерде алар орун алмашса, анда пайда үчүн эл менен күрөш башталат, мындайда өлкөдө талап- оноолор орун алат. Эгерде мамлекет дайыма эле мыйзамсыз жолдор менен эл байлыгын тартып алаар болсо, анда элдин элдик сезими бөлүндү болот. Эгерде байлыкты элге тегиз бөлүштүрсө, анда элдин сезими биримдикке келет”.

* * *

Өндүрүш жыргалчылыгында улуу маани бар. Өндүрүүчүлөр көп, ал эми керектөөчүлөр аз. Өндүрүштө эмгектенгендер өз учурунда жерди иштетүүлөрү керек. Керектөөчүлөр өз каражаттарын үнөмдөшөт, андыктан акча дайым жетиштүү болот.

* * *

Туура жол менен мамлекеттин жетектелиши анын башкаруучусунун  чыныгы адам экендигине  байланыштуу.  Башкаруучу жакшы ойлуу жана изги тилектүү адам болуусу керек. Андыктан император болсоң биринчиден өзүңдү оңдо. Ал эми актыктын бул деңгээлине көтөрүлүш үчүн Улуу асман жолун жолдоо керек. Ал эми Улуу асман жолуна туура багытталыш үчүн сүйүү менен адамгерчиликти негиз кылып алуу милдет.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ