КОНФУЦИЙ: Конфуцийдин айткандары: Окуп үйрөнүү

Конфуций айткан: “Ар дайым окуп үйрөнүү жана окугандарыңды өз учурунда кайталоонунун өзү бакыт эмеспи? Же эмне алыс жолго досуң менен чыксаң жагымдуу болбойбу? Адамдар сени түшүнүшпөй калганда, ошол эле учурда алар сени менен душмандашкысы келбесе, анда бул ак ниеттүү изги адамдын жакшы сапаттарынын шарапаты эмеспи?”

* * *

Конфуций айткан: “Эски сабактарды өз учурунда  кайталоо менен жаңысын да тынымсыз үйрөнө алабыз. Ушундай жол менен гана чыныгы устаттыкка жетсе болот”.

* * *

Конфуций айткан: “Эгерди сабакты тек гана жаттап, бирок ал тууралуу ой жүгүртпөсө  бул адашууга алып келет. Эгерде ой жүгүртүп, бирок окубасаң шектенүү менен арсарлыктын ортосунда адашасың”.

* * *

Конфуций айткан: “Чжун Ю, сен мугалимдин насааттарын жазып алдыңбы? Билгениңди билем деп айт! Билбесең билбейм де! Ушул гана акылмандык”.

* * *

Конфуций айткан: “Үчөөсү бирдей кесипке ээ, алардын ичинде сөзсүз түрдө менин мугалимим бар: алардын артыкчылыктарын таап, аны үйрөнүү керек, ошондой эле кемчиликтерин изилдеп билип, оңолуу жолуна багыттоо зарыл”.

* * *

Конфуций айткан: “Изги тилектүү чыныгы адам тамак менен суусундуктан канааттануу таппайт, жашаганга жайлуу орун издебейт. Ал эптүүлүк менен иш кылып, абайлап сүйлөйт, жакшы адамдарга жакын болуп, кемчиликтерин оңдойт. Мындай адамдарга ынтызар, дилгир деген сыяктуу жакшы бааларды беришет”.

* * *

Конфуций айткан: “Студентти окутуп жатып, ал бир нерсени түшүнүүгө аракет кылып, бирок эч нерсени түшүнбөсө аны үйрөтүү кажет эмес. Ал бир нерсени айтууга аракет кылып, бирок айта албаса, туура жолго салып кереги жок. Ага төрт бурчтуктун бир гана бурчун окут, калган үчөөсүн кайталап үйрөтүүнүн кажети жок”.

* **

Конфуций айткан: “Туулганда эле билимдүү боло калган жокмун, байыркы маданиятты сүйүп үйрөндүм, аны шыктануу менен окуй баштадым, жигерлене акыл издедим жана акырында илим-билимге ээ болдум”.

* * *

Конфуций шакирттерин окутууда билимдин төмөндөгү төрт түрүн колдонгон. Алар: классикалык жазма эмгектер, коомдук тажрыйбалар, жарандар менен баарлашуудагы берилгендик, адамдардын ишенимине олутту мамиле жасоо.

* * *

Конфуций айткан: “Толук жетилген акылмандык менен адамгерчилик боюнча айтсам, менде “канткенде аларга жете алам?” –деген бир гана суроо бар. Мен болгону бул жолдо тырышчаактык менен бара жатам, ага жетүүдө эч бир чарчабаймын жана эч качан башкаларды буга үйрөтүүдөн эринбеймин. Болгону ушул”.

* * *

Конфуций айткан: “Үч эле жыл окуп аткаминер болуу боюнча кыялданып, ой жорубаган адам абдан сейрек”.

* * *

Конфуций айткан: “Билим алуу – бул бир нерсенин артынан кубалап баратып ага жетпей калам деген коркуу сыяктуу. Ал эми ага жеткен кезде алган билимимди кайра жоготуп алам деп корко баштоо”.

* * *

Конфуций айткан: “Адамдарды окутууда аларды кембагал жана байларга, акылдуу жана кемпайларга жана башка ушул сыяктуу деңгээлдерге бөлбөш керек”.

* * *

Конфуций айткан: “Чжун Ю качандыр бир алты түрдүү адеп-ахлак сапаттарынын да кемчиликтери бар экенин уктуң беле?» Цзы Лу жооп кылган: “Жок, улуу устат, уккан эмесмин”. Конфуций сөзүн улады: “Отур, сага айтып берейин! Бирөө адамгерчиликтүү болууну каалайт, бирок окугусу келбейт, бул жердеги кемчилик – макоолук. Дагы бирөө акылдуу болууну жактырат, бирок окугусу келбейт, бул жердеги кемчилик – шалаакылык. Ошол сыяктуу эле бирөө чынчылдыкты жактырат, бирок окугусу келбейт, мындагы кемчилик – өзүңө жана жакындарыңа зыян келтирип алуу тобокелчилиги. Түз жүрүүнү жактырганы менен окугусу келбегендер да бар, булардын кемчилиги – ойлонбой сүйлөөчүлүк, заар тилдүүлүк. Кайраттуу жана эр жүрөк болууну жактыргандар болсо окугусу келбесе, алардын кемчилиги – башаламандык, бейбаштык. Бекем мүнөздү жактырат, бирок окугусу келбейт, бул жердеги кемчилик – текеберчилик менен менменсинүүчүлүк”.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ