КОНФУЦИЙ: Конфуций: Өзүн-өзү өнүктүрүү III

* * *

Гун Сунь Чоу сурады: “Кожоюндун кандай мыкты сапаттары бар экенин суроого уруксат этиңиз?” Мэн Цзы жооп берди: “Мен ар бир сөздү талдап чыгуу менен түшүнөм, өзүмдөгү улуу рухту тарбиялоо боюнча чебермин”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Байыркы заманда улуу адамдын катасы күн менен айдын тутулуусундай эле, андыктан аны бүт эл байкачу. Ал өз катасын оңдогонун да баары көрчү. Өзүн улуу сезген азыркынын инсандары  өз катасына көңүл буруп да койбойт, ал турсун анысына алдын ала актануу да ойлоп таап коёт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эгерде адамдар өзүлөрүнө арналган сүйүүңө жооп берүү ордуна сени менен жакындашкысы келбесе бул алардын жамандыгы эмес, тескерисинче, өзүңдөгү адамгерчиликтин жетишээрлик экенинен күмөн жаралуусуна себеп болуусу керек. Эгерде адамдар сенин сылыктыгыңа жооп беришпесе, анда өзүңдүн эл менен болгон мамилелеңде башкаларды урматтоо жетишээрлик эместигин ойлон. Эгерде иш-аракетиң күтүлгөн жыйынтыкты алып келбесе, анда мунун себебин башкалардан эмес, тескеринче, өзүңдөн издөөң керек. Качан өзүңдү өзүң оңдогонуңда сага асман алдындагы өлкөнүн тургундары бүт баш ийишет”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эгерде адам ойлонбостон өтө эле жеңил-желпи сүйлөсө, бул анын өз сөзү үчүн жоопкерчиликти сезбегенинин белгиси”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адамдардын дагы бир күнөөсү – алардын башкаларды үйрөтүүнү жакшы көргөндүгүнө камтылган”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Мен буга чейин өздөрү туура эмес иш кылып алып башкаларды оңолууга мажбурлаган адамдар жөнүндө уга элекмин. Ал эми Кытайды оңдойм деп жатып шерменде болгондор тууралуу эмне десек болот? Адамгерчиликтүү адамдардын жоруктары бир түрдүү эмес, кимдир бирөөсү Императорго жакын, кимдир бирөөсү Императордон алыс, дагы бирөөсү Императорду таштап кетет, ким бирөө мындай ишке бара албайт. Акыркы жыйынтыгында келип баардыгы, кимиси болбосун адеп-ахлак эрежелерин сакташы керек”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Аккан суунун багытынын батышы менен чыгышы айырмаланбайбы, же чындап эле ал жогорку жана төмөнкү агымга бөлүнбөйбү? Адамдын жакшылык кылуусу төмөндү карай аккан суунун агымы сыяктуу… Андыктан боорукерлик кылбаган, жакшылык жасабаган адам болбойт. Бул кудум суунун баары төмөн карап аккан сыяктуу көрүнүш. Ал эми адамдын терс иштерди жасоо табияты кудум басым алдында көтөрүлгөн суу сыяктуу, элестүү айтканда ал кандайдыр кысымга учураганда гана жамандык жасайт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адамдардын көбү тунго же катальпо дарагын өстүргөндү билишет, билбегендери сурап билип үйрөнүшөт. Эгерде өзүн өзү өстүрүү же аң-сезимди өнүктүрүү тууралуу сөз болсо, адамдар бул жаатта таптакыр эч нерсе билишпейт. Чындап эле өзүбүз үчүн кам көрүү катальпо жана тунго дарактарын өстүрүүдөн да татаалбы? Чынында эле адамдар башты иштетүүнү каалашпайт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Кулактар менен көздөр ой жүгүртө алышпайт, ошондуктан аларды чоочун нерселер адашууга алып келиши ыктымал. Заттар өз ара бири-бири менен байланышта, андыктан алар өз ара азгырылышы мүмкүн! Жүрөктүн кан айлантуудан башка дагы бир кызматы: ой жүгүртүү. Ой-кыял менен баарына жетсе болот, ой жүгүртүүсүз эч нерсе жок”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Жасоого милдеттүү эмес жумушту жасаба. Сага зарыл эмес нерсени алууга үмүттөнбө”.

* * *

Мэн-цзы: “Бийик адеп, ыймандуу адам иштин маңызын өзү биринчиден изилдеп көрөт, ошондон кийин гана иш жагдайын башкаларга түшүндүрөт. Азыркы убактагы адамдар иштин көзүн өзү бүдөмүк көргөнү менен аны башкаларга даана билген сымал түшүндүргөнгө аракет кылышат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Падышалык байлыктын үч түрү бар – жер, эл жана саясат. Кайсы бийлик алтынды жана асыл таштарды байлык деп эсептесе, ал кырсыка кабылат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Кимдин сөздөрү жөнөкөй болгону менен айткандарынын мааниси терең болсо, ал киши аңгемелешүүнүн чебери. Ким бекем адеп-ахлак эрежелерин жана жөнөкөйлүктү карманып, илим-билимди жайылтса, ал өз кесибинин чебери.Изги адам сүйлөп жатканда баардык нерселер көз алдыга тартылат, бирок ошол эле убакта анда Дао бар. Үлгүлүү адамдын мыкты жүрүм-туруму өзүн-өзү тарбиялоодон жана өстүрүүдөн башталат. Бул адат акыры жалпыны жан дүйнө тынчтыгына алып келет. Адамдардын кемчилиги – бул алардын өз талаасын калтырып башкалардын жерин айдаганы, бөлөктөрдөн көптү талап кылып, өз мойнуна абдан азды алганы”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Өзүңдүн үстүңдөн иштеп тарбиялангың келсе, анын эң жакшы ыкмасы — каалоолоруңду кыскартканың. Эгерде адамдын каалоолору жупуну болсо жана ага жакшы сапаттар жетишпесе, анын бул кемчилиги баары бир көп деле мааниге ээ болбойт. Көптү каалаган инсандын адамдык мыкты сапаттары сакталып калган күндө да бул абдан эле аздык кылат”.

Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ