КОНФУЦИЙ: Конфуций: Үрп-адаттар жана милдеттер

Асылзат адам  милдет менен парзды биринчи орунга коёт. Эгерде анын эрдиги гана болуп жоопкерчилик сезими жок болсо, чыр чыгарышы ыктымал. Эрдиги гана бар, жоопкерчилик сезими жок пас адам каракчы болуп кетиши мүмкүн.

* * *

Жеке кызыкчылыкты эле ойлой берүү душмандашууга алып келет.

* * *

Колго тийген тамакты жеп, муздак суу ичип, жаздык ордуна колуңду башыңа жаздап жатып да бактылуулукту сезсе болот. Ыймансыздык жана терс иштер аркылуу жеткен байлык менен мансап, менин көз карашым боюнча асмандагы булуттай туруксуз.

* * *

Эгерде олуттуу жүрүм-турумга гана көңүл буруп, бирок каада-салтка ылайык иш кылбаса бул көйгөй жаратат. Эгерде абайлык менен иш кылып, каада-салтка көңүл бурулбаса, маани берилбесе, бул коркунучка жана алсыздыкка алып келет. Эгерде каармандык менен эрдикти даңазалап, бирок каада-салт менен үрп-адатка кам көрүлбөсө, бул дүрбөлөңгө алып келет. Эгерде өзүңдү түз алып жүргөнүң менен ырым-жырымдарды сактабасаң, башкаларды шылдыңдаган болосуң.

***

“Асылзаада адамдар ар дайым биримдикте болушканы менен кылмыштуу топ түзүшпөйт. Майда адамдар кандайдыр бир жол менен кылмыштуу топ түзө алышат, бирок ынтымактуу боло алышпайт”.

* * *

Жетекчилер ар кандай шаңдуу салтанаттарды, майрамдарды баалашат, анткени алардын жардамы менен элди оңой башкарууга болот.

* * *

Күнү бою өзара адеп-ахлакка тиешеси жок нерселер тууралуу талкуу жүргүзүп, ушул эле учурда акылдуу көрүнүш мүмкүн эмес.

* * *

Адеп-ахлак ынанымдары изги тилектүү асыл адам үчүн баардык нерсенин негизи болуп саналат, ал жумуш учурунда жүрүш-туруш эрежелерин сактайт, оюн жөнөкөй сөздөр менен билдирип, чынчыл келет, ак ниеттик менен иш кылат. Ушундай жан гана өзүн чыныгы адам атай алат.

* * *

Мамлекетти башкарууда байлыкка эмес адамгерчиликке жана адилеттикке умтулуу керек.

* * *

Сүйүү, ачуулануу, кайгы, кубаныч сыяктуу сезимдер ортолук дегенди туюндура албайт, алар шайкештик деп аталган тартипке дал келери көрүнүп турат. Ортолук бул — дүйнөнүн башкы өзөгү, шайкештик болсо дүйнөнүн баардык чар тарабын жөндөп турган жалпы эл кабыл алган мыйзам.

* * *

Эгерде пайданы биринчи орунга, ал эми милдетти экинчиге койгон болсоң, анда күрөшмөйүн руханий канааттануу ала албайсың. Адеп-ахлак эрежелерин карманган адамда ата-энесин таштап кетейин деген ой да болбойт. Үрп-адаттар менен милдетти бирдей аркалаган адамда  өз өкүмдарын тоготпой коюу деген болбойт. Өкүмдар адамгерчилик менен милдет туралуу гана кам көрүүгө тийиш, пайда үчүн гана жанталашуу эмнеге алып келет?

* * *

Өз үй-бүлөсүндөгү улууларга сый мамиле жасап көнгөндөр башка карыларга да урмат көрсөтө билишет. Өз балдарыңды сүйсөң, башка балдарды да жакшы көрө аласың. Ушундай жол менен гана асман алдындагы өлкөнү алакан чаап ойногондой оңой башкара аласың.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Бийлик төбөлү жашоосунда каражат менен камсыз болбосо гана майышпас эркке ээ боло алат. Ал эми  жөнөкөй адамдар байгерчиликке жетишпей туруп бекем эрктүү боло алышпайт. Күчтүү эрки жок адамдар эч нерседен кайра тартпастан, карөзгөй иштерди жасай беришет”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Изги адам туура эмес ырым-жырымдарды жасабайт, акыйкаттыкка жооп бербеген милдетти аркалабайт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Сөздөрүң жүрөккө жеткидей сүйлө. Чындап эле жүрөктөрдү байланыштырып турган өзүнчөлүк жана жалпылык жокпу? Дегеле адамдардын жүрөгүндө жалпылык барбы? Бул — тартипти жана жоопкерчиликти сезүү. Кеменгерлиги жетилген инсан биринчи кезекте ар бирибиздин жүрөгүбүздөгү жалпылыкка жетүүгө далбастайт. Үй жаныбарларынын эти  бизге кандай жагымдуу болсо, тартип жана жоопкерчилик сезими да жүрөктөргө ошол эле кубанычты алып келет”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Мен балыкты жана чүйгүн тамак болгон аюунун таманын жакшы көрөм. Эгерде экөөсүн бирге сатып алууга акчам жетпесе, анда мен балыктан баш тартып, аюнун таманын тандайм. Мага жашоо керек, ошондой эле бийик милдетке болгон жоопкерчиликтүү сезим керек. Эгер бул экөөнүн бирөөсүн тандоого туура келсе, анда мен өмүрдөн баш тартып, милдетти аркалайм”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адамга уят-сыйытты жыйыштырып коюп жашаганга болбойт. Чын дилден чыккан уялуу сезими жок инсан — чындап эле бүтүндөй абийрин жоготкон адам”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Эгерде инсан адамгерчиликти урматтап, үрп-адаттар менен жоопкерчиликти сүйсө, бул аны толук канагаттануу сезимине алып келет. Ошондуктан эстүү адам кыйынчылыктарга учураса да адеп-ахлак эрежелерин сактайт, жоопкерчилик сезимин жоготпойт. Атак-даңкка жеткен күндө да жакшылык кылуунун жолунан чыкпайт. Жүрүм-турум эрежелерин жетектеген, милдетти сезе билген изги адам кыйынчылыктарга учураса да өзүн жоготпойт. Жакшылыктын жолуна түшкөн асыл адамдар абдан атактуу жана таасирлүү болушса да өз жолунан чыкпайт. Байыркылар максатына жеткенден кийин  жөнөкөй адамдарга кайыр садага аркылуу жардам кылышкан. А эгерде максаттарына жетпей калышса, дүйнөгө көрүнүү үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү үстүндө талыкпай иштешкен. Кыйын замандарда өзүң жөнүндө кам көрүшүң керек, даңкка жеткениңде башкалар менен биргеликте мамлекетке кам көрүшүң керек”.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ