КОНФУЦИЙ: Конфуций чынчылдык жөнүндө

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун орус тилинен которулган учкул сөздөрү окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарынан шегибиз жок.

* * *

Цзы-лу сураган: “Устатым, мен сиздин умтулган максаттарыңыз жөнүндө билгим келет” Конфуций мындай жооп берген: “Кары-картаңдар ден соолукта болушса, достор  бири-бирине ишенишсе, жаштарга кам көрүлсө дейм”.

* * *

Конфуций айткан: “Үч жакшы  жана үч жаман дос болот. Жакшы достор: ак ниеттүүлөр, чынчылдар жана түшүнүгү кенендер. Ал эми жаман достордун тизмесине булар кирет: кошоматчылар, жалганчылар жана кооз бирок маанисиз сөздү сүйгөндөр».

* * *

Цзы Гун сурады: “Доско кандай мамиле кылыш керек? Конфуций жооп берди: “Ага чын жүрөктөн кеңеш бер, сабырдуулук менен туура жолго сал. Эгерде ал укпаса жөн кой, өз башыңа шермендечиликти тилебе!”

* * *

Цзэн Цзы айткан: “Изги киши китептерден билим жугузат, ынакташууга жакын келет, достуктун жардамы менен өзүндөгү адамгерчиликти өстүрөт”.

* * *

Цзы Лу сурады: “Үлгүлүү адам деген наамга кантип татыктуу болуш керек?» Конфуций жооп берди: “Андай адамдардын ортосунда чын жүрөктөн чыккан мамиле болот жана алар бири-бирин сакташат, өз ара дем күч беришет, жүздөрүндө ак ниеттүүлүктүн белгилери көрүнүп турат, алардын достору көп болот. Ушундай сапаттары бар адамдарды биз үлгү кылабыз. Достор бири- бирине дем беришет жана жамандыктардан калкалашат, бир туугандар ынтымакта жана бейпилдикте жашашат».

* * *

Изги тилектүү чыныгы адам мамилелердин ички шайкештигине  олуттуу мамиле кылат, ал ымаланы  олуттуу жасайт жана башкалардын таасиринде калбайт. Майда адам тескеринче, мамилени жеңил ойлуулук менен үстүрт жасайт, башкаларга жетеленип калат, ымаланын ички шайкештигине кам көрбөйт.

* * *

Цзы Чжан устаттан адамдардын жүрүм-турумдарынын чен-өлчөмдөрүн сурады. Конфуций айтты: “Чындыкты сүйлө жана өз сөзүңө ишенип бекем тур, өзүңдү айкөл жана сый-урматка татыктуу алып жүр. Ал түгүл бул алыскы түпкүрлөргө, чымыян чөлдөрдүн тургундарына да таасир этет. Эгерде сөзүңдө алдап, иш-аракеттериңде айкөлдүк менен урмат-сый болбосо, анда өз айылдаштарыңдын арасында да баркың көтөрүлбөйт, туулган жериңде да оң таасирлүү боло албайсың.

* * *

Асыл адам үчүн өзүн-өзү сыйлоо маанилүү, бирок ал башка бирөөлөрдү басмырлоого умтулбайт. Анын достору көп болгону менен кылмыштуу топ түзбөйт.

* * *

Байыркылардын үч жаман жагы бар болчу, азыр алар калган жок. Байыркы акылсыздар оюна келгенди сүйлөй беришчү. Азыркы акылсыздар болсо эч нерседен тайманышпайт да, эч кимден уялышпайт. Байыркы заманда өзүнө-өзү ишенген адамдар түз качырышчу, катаал да болчу, ал эми азыркы акмактар оңтойсуз абалга кабылчу болсо кызаңдап жиберишет, эч себепсиз чыр-чатак чыгарышат. Абалкы түркөй кишилердин мүнөзү тайманбас жана түз болор эле, азыркы маңыроолор башкаларды алдаганга маш.

* * *

Цзы Чжан айткан: “Жан дүйнөсү асыл адамдын катасы – күн менен айдын тутулуусундай. Эгерде ал ката кетирсе, баары байкашат. Ал эми катасын оңдосо, баардыгы ага таазим этишет”.

* * *

Айкөлдүктүн жардамы менен элдин колдоосун алса болот, ак ниеттүүлүк менен элдин ишенимине татыса болот, аракет жана тапкычтык менен ийгиликке жетсе болот, ал эми акыйкат башкаруу элди бактылуу кылат.

* * *

Каалоо-тилектеги ак ниеттүүлүк деген бул өзүңдү өзүң алдоонун кереги жок болуп калганы. Кара өзгөйлүккө болгон жек көрүү жаман жытка жийиркенүү сыяктуу. Жакшылык кылуулар сулуулукка болгон сүйүүгө окшош. Мунун баары биригип келип өзүңө өзүң ыраазы болуу деп аталат. Ошондуктан абийирдүү адам  өзү менен өзү жалгыз калганда абайлап кадам таштаганы оң.

* * *

Бай адам үйүн кооздойт, айкөл адам денесин жана жан дүйнөсүн өркүндөтөт. Көз караштын кеңдиги менен ден соолуктун чыңдыгына жетишүү үчүн асылзаада адамга таза ойлор жана ак ниеттүүлүк керек.

* * *

Адам өзүн аңдаган кезде жанын коёр жай таппаса, бир нерсени карайт, бирок  көрбөйт, тыңшайт, бирок укпайт, тамактар даамсыз сыяктанат. Адамдын өзүн өзү аңдоосу жана өнүктүрүүсү — бул өзүнүн жан дүйнөсүн оңдоосунан көз каранды.

* * *

Эң башында баардыгы таза жана айыпсыз болот. Акыйкаттыкты издегендер Улуу Даого жетүүгө умтулушат. Тазалык менен айыпсыздыкка жетүү кыйын эмес, акылман адамдар жасап жүргөндөй: бул үчүн “Ортолук боюнча окууну”өздөштүрүү жетиштүү. Тазалыкка жана ак ниеттүүлүккө жетишүү жакшылыктарды жасоо жана ага умтулуудан тайып кетпөө дегенди билдирет.

* * *

Улуу адамдар өзүлөрүн ак ниеттүүлүктөн табышат, таза пейилин көргөзүү алардын аң-сезимдүү тандаган жолу.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Ак ниет адам болуунун жолдору бар. Жакшылык эмне экенин түшүнбөй туруп  ак ниет боло албайсың. Ошондуктан, чынчылдык деген бул — табигый акыйкаттык, ал эми чынчылдык жөнүндө ой жүгүртүү бул — адамдар жараткан акыйкаттык. Өтө эле жогорку деңгээлдеги чынчылдык жүрөктөрдү таасирлентпей койбойт. Ак ниет болбой туруп адамдардын жүрөгүн козгой албайсың.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Боорукер адам жүрөгүнүн наристеникиндей тазалыгын жоготпойт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эгерде жакшылыктын жардамы менен адамдарды багынууга мажбурлагың келсе, мындан эч нерсе чыкпайт. Адамдарды жакшылык кылуунун жардамы менен тарбияласаң гана өзүңө ишендире аласың. Багынбаган элге падыша болуу мүмкүн эмес”.

* * *

Качан атак-даңк бийик үндө даңкылдаганы менен чындыкка жооп бере албай калса, абийирдүү адам абдан уялат.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Изги адамдын жөнөкөй адамдан айырмасы — ал жан дүйнөсүнө кам көрөт. Асыл  адам жүрөгүндө боорукерлик менен салт-санааны сактап жүрөт. Боорукер жан адамдарды жакшы көрөт, сылык жан адамдарды урматтайт. Ким адамдарды жакшы көрсө, адамдар да аны жакшы көрөт, ким элге урмат көрсөтсө, эл да аны кадырлап сыйлайт».

* * *

Мэн-цзы айткан: “Жашыңа ишеним артпа, ээлеген даражаңа ишенбе, туугандык байланышка таянып дос күтпө. Достор бири-биринин достугун эмес, жакшы сапаттарын баалашат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “И Цю —бүткүл Кытайга белгилүү, анткени ал шахмат оюндары боюнча чоң чебер. Эгерде андан эки адамга шахмат үйрөтүүнү суранса, алардын ичинен окууга бүт дитин койгону Цюдан болгону түшүндүрмө гана ала алат. Кийинки окуучу да оюнду өздөштүргөнүнө карабастан ичинен жакында учуп келүүчү жапайы каздарга жаа менен  мергенчиликке чыгууну ойлонуп отурат. Ал биринчи окуучу менен тең катар эле шахмат үйрөнсө дагы, тиги шериги сыяктуу бул оюнду жакшы ойной албайт. Бул анын башкалар сыяктуу акылдуу эместигинен уламбы? Албетте, жок, байкалып тургандай: оюнга кунтун койбогондугунан“.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Эгерде багып чоңойтсоң, бирок мээрим менен кам көрбөсөң — бул чочко багууга барабар. Урмат-сыйсыз кам көрүү да үй жандыктарын өстүрүү сыяктуу. Сый-урмат, мээримсиз түрдө белек тапшыруу менен гана чектелсе, ал үстүрт жана жасалма болуп калат. Асылзат адам жасалма адаттарга байланбашы керек”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Баардык адамдар жакшылык кылууга умтулушат, чынчыл жана боорукер болуу — бул жакшылыкка болгон үмүт. Боорукерликти иш жүзүндө көргөзүү бул — сулуулук. Боорукерлик иш жүзүнө ашканда жана көрүнүктүү ийгиликтерге жеткенде ал улуулукка айланат. Жан бүткөндүн баарысынын жаралышына таасир эткен улуу жакшылык кылуу — бул акылмандыктын туу чокусу, аны адамдар өлчөй алышпайт”.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ