КОНФУЦИЙ: Конфуцийдин дүйнөгө кеңири тараган ойлорунан

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун кытай тилинен которулган учкул ойлору окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз.

  1. Адамгерчилик

Жакшы адам байкабастан адамгерчиликке жатпаган иш кылып коюшу мүмкүн, ал эми жандүйнөсү пас пенде эч качан адамгерчиликке бара албайт.

* * *

Эгер өзүңдү боорукер адаммын деп эсептеп, буга жараша  турмушта өз ордуңду издеп жүргөн болсоң, анда бул максатыңа жетиш үчүн ушундай эле мүдөө менен жүргөн башка адамдарга жардам беришиң керек. Өзүң бир нерсени аңдап билүүң үчүн, башка адамга  ушул маселени түшүнүүсүнө жардамдаш. Кандай иш болбосун турмуш шарты сеникине окшош адамды өз ордуңа коюп көр. Муну чыныгы жашоодогу  адамгерчилик көрсөтүүнүн бир ылаажысы деп койсок болот.

* * *

Эгер кайсы бир адамдын көкүрөгүндө адамдарга болгон сүйүүсү болбосо, анда анын туура жүрүм-турум жана кубулжуган музыка жөнүндө кеп кылганында кандай маани бар?

* * *

Карапайым элдин алдында көйрөңдөнүү, текебер сүйлөө жек көрүүнү күчөтүү менен катуу каршылыкка кандай алып келсе, ошондой эле  адамгерчиликсиз жоруктар үчүн катуу өкүнүү да козголоң жаратат.

* * *

«Адамда адамгерчилик  сапат  бар экендигин кантип билсе болот?” деп Фан Чи улуу устаттан сурады. Конфуций мындайча жооп кайтарды: “Адамгерчиликтүү адам биринчи кезекте оор эмгектин акысын төлөп берет, ошондон соң гана үзүрүн көрөт”.

* * *

Адамгерчиликтин улуу сапаттарына ээ болбогон адам жакырчылыкта узак жашай албаган сыяктуу эле жыргалчылыкта да көпкө өмүр сүрө албайт. Изги инсан адамгерчиликти сүйөт, ал эми акылман андан пайдаланат.

* * *

Баардык эле пенделер байлыкка жана мансапка жетүүнү кыялданышат. Эгерде кимдир бирөөлөр буларга татыксыз түрдө жетишкен болсо, анда мындай жакшылыктарга алар ээ болбошу керек. Көпчүлүк эл жакыр жана бечара адамдардан жүз үйрүшөт, бирок байгерчилик менен бийик кызматка өзүнүн татыктуу эмгеги менен жеткендер кедей жана байкуш адамдарга сабырдуулук менен мамиле кылышат.

* * *

Кооз сөздөрдүн аркасына жашынып,  башка адамдардын жаркын үмүтү ишке ашышы үчүн калптан кам көрүмүш эткендер чоң адамгерчиликке ээ боло алышпайт.

* * *

Калбаат мүнөздүүлүк, кайраттуулук,  ак ниеттүүлүк, чынчылдык сыяктуу оң сапаттар жана ошондой эле абайлап сүйлөө маданияты адамгерчилик менен түздөн-түз байланышкан.

* * *

«Адамгерчилик деген эмне?” Конфуций мындай деп жооп кайтарды: “Эгер адам беш жакшы сапатты дайыма алып жүрө алса, анда ал адамды адамгерчиликтүү деп эсептесе болот”. Цзы Чжан сурады: “Ал оң сапаттар кайсылар?” Конфуций жооп берди: “Башкаларга урмат-сый менен мамиле жасоо, адамдын көңүлүн оорутпоо, ак ниет чынчылдык, боорукерлик жана тырышчаактык. Бирөөгө урмат-сый менен мамиле жасаган адам эч качан  шылдың болбойт, бирөөлөрдүн көңүлүн оорутпагандар башкалардын колдоосуна ээ болот, ак ниет адам жакшы жумушка орношот, тырышчаак адам  ийгиликке жетет”.

* * *

Көп окуп-үйрөнүү, көздөгөн максатка жетиш үчүн көшөрүү, жан дилди коюп кызыгуу, анан терең ойлонуу –  адамгерчиликтин маңызы.

* * *

Адамгерчиликтүү адам эч убакта жалгыз калбайт, анын сөзсүз түрдө кыйбас жакындары менен ынак кошуналары болот.

* * *

Адамгерчиликтүү инсан каражатын эл ичинде сактайт, бул анын жакшы атын жаратат. Адамгерчиликсиз пенде байлык топтош үчүн жакшы аттан баш тартат.

* * *

Чыныгы адамдын жолу жупуну: ал ашыра жегенди жектейт, кулкунун чектейт, сырткы кебетеси жөнөкөй, бирок жылдыздуу, ак көңүл, мүнөзү тарбиялуу. Ал алыскы максатка кеткен жол жакынкы мүдөөдөн башталарын жана бийик дем менен айтылган сөздөр чын жүрөктөн чыгарын, ошондой эле баардык жашыруун нерселер акыры ачыкталарын тубаса акылы менен аңдай алат, ушундай жол менен гана акылмандыктын жакшылыктуу жолуна түшүүгө болорун билет.

* * *

Мамлекеттин уюшмалуу кат-кабар жеткирүү кызматы боюнча жөнөтүлгөн көрсөтмөлөргө караганда жакшылыктан жаралган жаңылык элге тезирээк таралат.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Адамгерчиликтүү иш жасоо бул — аброй, ал эми адамдыктан кетүү бул — шермендечилик. Азыр адамдар уят болууну каалашпайт, бирок өзүлөрүн адамгерчиликсиз алып жүрүшөт. Бул балчыкты жаман көрүп туруп сазды кечкендей эле жорук. Эгерде жогоруда айтылгандарды көңүлгө алсак, анда адамгерчиликтүүлөрдү урматтап, окумалдарды баалоо кажет, тактыга жан дүйнөсү таза жана татыктуу адамды отургузуп, ал эми таланттууга өзүнө жараша иш таап берүү керек”.

* * *

Мэн-цзы айткан: “Айтылуу Ся, Шан жана Чжоу үч дөөлөттүн өкүмдарларынын тактыга татыктуу боло алышканынын себеби: алар адамгерчиликтүү болуп, элге жакшылык кылууга таянышкан”. Бийликтен кулап кубаланып калуулары да адамдыктан кетип, жакшылыкты жандабай коюунун натыйжасынан. Башкаруучуларынын жакшы-жаман ниеттерине жараша мамлекеттер гүлдөгөн жана кыйраган, өлүп тынган же өз жашоосун улаган.

* * *

Ци падышалыгынын башкаруучусу Цзы Дянь Мэн-цзыдан сураптыр: “Билимдүү инсан эмне кылышы керек?” Мэн-цзы жооп бериптир: “Билимдүү инсан жакшылыкка умтулушу керек”. Цзы Дянь кайра сураптыр: “Жакшылыкка умтулуу деген эмне?” Мэн-цзы жооп бериптир: “Бул адамгерчилик кылуу жана адилет болуу”.

* * *

Асылзаада адам жаратылышты сүйөт жана коргойт, бирок сөзсүз эле ага жанын садага чаппайт; ал өз өмүрүн жөнөкөй элге арнайт, бирок сөзсүз түрдө эле аларды сүйбөйт. Туура жашаган киши адамдарды жакшы көрөт жана буга жараша карапайым пенделерге адамгерчиликтүү мамиле жасап, табиятты сүйөт.

* * *

Адамгерчилик тууралуу айтып жатканда адамды андан бөлүп кароого болбойт. Адамгерчилик менен адамдын биримдиги — бул Даоуну дал өзү.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ