КОНФУЦИЙ: Берилгендик жана Айкөлдүк

“Чыгыш адабияты жана искусствосу” Басма компаниясы тарабынан “Конфуцийдин дүйнөгө кеңири таралган ойлорунан” аталышындагы китеп басмага даярдалды. Улуу ойчулдун орус тилинен которулган учкул сөздөрү окурмандарыбыздын чоң кызыгуусун жаратарына ишенебиз.

* * *

Цзэн Цзы айткан: “Улуу устаттын (Конфуцийдин) асыл ойлорунун өзөгүн эки сөз түзөт. Алар— Берилгендик жана Айкөлдүк”.

* * *

Башкы кол  башчысынан айрылып  калган күндө да жоокерлер ал баштап бараткан багыттан чыкпашы керек”.

* * *

Башка бирөө менен бирге кандайдыр бир илимди окуп-үйрөнүүгө болот, бирок ошол эле киши менен айкөлдүктүн айрым тепкичтерине көтөрүлүш кыйын. Ага кошулуп, айрым жакшылыктарды жасоо мүмкүнчүлүгү дагы деле бар, бирок аны менен биргеликте  эрежелерди бузбай жашаш абдан оор. Айла кеткенде башкалар сыяктуу эле ал киши менен биргелешип, эрежелер боюнча чыдап жашай берсе болот, бирок ушул эле киши менен өзгөргөн кырдаалдарга ыңгайлашып кетүү мүмкүн эмес.

* * *

Фан Чи сурады: “Адамгерчилик деген эмне?” Конфуций мындай жооп берди: “Үйдө бул адептүү жүрүш-туруш, иште – абийирдүүлүк, ал эми адамдар менен сүйлөшүүдө бул – ак ниеттен жана чын дилден чыккан сөздөр. Ал тургай артта калган жапайы элде жүрсөң дагы бул ынанымдардан баш тартпашың керек.

* * *

Билимдүүлөр деп бири-бирине дем-күч берип, тынчтыкта жана өзара түшүнүшкөн ынтымакта жашаган инсандарды айтса болот. Достор өзара үйрөнүшөт жана бири-бирин алга умтулууга үндөшөт, бир туугандар биримдикте жашашат.

* * *

Жакырчылыктан жаралган кыйынчылык үчүн кайгырып же даттанып кереги жок, оңой байыганың үчүн да сыймыктануу же мактануу кажет эмес.

* * *

“Изги тилектүү адамга тынчсызданбоо үчүн, жалгыздап жашагандан өтөрү жок. Ал тынчы жок жерден жөн гана  башка жакка көчүп кетиши керек. Адамдардын жүздөрүнө нааразылыктын “сүрөтү” тартылбаш үчүн жаман сөз сүйлөгөндөн, богооздонуудан качуу кажет.

* * *

Эгер аңгемелешүү учурунда уланган сөз удулунан чегинбесең же өз билгениңди бербесең, таланттуу адамды байкабай калышың ыктымал жана анын айтайын деген баалуу сөзүн укпай коюшуң мүмкүн. Эгерде маектешүү учурунда темадан четтебесең, сөздөрдү курулай коротуп алышың ыктымал. Акылман инсан таланттуу адамды байкабай калбайт жана сөздөрдү текке кетирбейт.

* * *

Цзы Гун сурады: «Өмүр бою аткарылышы керек болгон эреже барбы?». Конфуций жооп берди: «Бул кечиримдүүлүк жана мээримдүүлүк! Өзүңө каалабаганды башкага таңуулаба!».

* * *

Кооз бирок маанисиз сөздөр изги адамдарды бузат. Майда жумуштардагы чыдамсыздык  чоң иштердин ойрондойт.

* * *

Эгерде адамдардын көзкарашы ар түрдүү болсо, алар бир максатты көздөй алышпайт.

* * *

Адамгерчилиги жогору киши адамды кооз сүйлөй алганы үчүн эле  алдыга сүрөбөйт. Ошондой эле жаман адам айткандыгы үчүн эле  туура көз карашты четке какпайт.

* * *

Жакшы бүткөрүлгөн иштерди көргөнүңдө кудум башкалардан артта кала тургандай болуп аны жанталашып үйрөн. Жаман ишти байкасаң, колуңду кайнак шорпого байкабай малып алгандай чочуп, боюңду дароо оолактатып кет. Мен мындай адамдарды көргөм, ушундай сөздөрдү да уккам. Дүйнөдөн оолактай качып жалгыздап жаша, бул максаттарыңа ишенимдүү бойдон калышың үчүн керек. Кыялдарыңды ишке ашыруу үчүн адилет бол. Мен ушундай сөздөрдү укканмын, бирок аны аткарган адамдарды көргөн эмесмин.

Орусчадан оодарган Кубанычбек АРКАБАЕВ