КОНФУЦИЙ: Анын окуучулары болгону менен окутуучусу жок эле

Конфуций б.э. чейинки Лу падышачылыгында 531-жылы жарык дүйнөгө келген. Атасы Шулэн Хэ атактуу княздардын тукумунан чыккан эр жүрөк аскер адамы болгон. Биринчи никесинен жалаң кыздар төрөлгөн. Экинчи никесинен көптөн күттүргөн эркек бала туулган, бирок ал майып туулат. Алтымыш үч жашында үчүнчү жолу үйлөнүүгө чечим кабыл алат да, Янь уурусунан чыккан жапжаш, суйкайган сулуу кызга үйлөнөт. Уул баланын жарык дүйнөгө келиши укмуштуудай максаттар менен дал келиши кызык эле. Салтка ылайык айлана-тегерегиндегилерди таң калтырып, ымыркайында эле жаш баланын денесинде 49 улуулуктун белгиси байкалган.
Ошентип Ку-фу-цзы же Кун тукумундагы улуу устат Батышта Конфуций ысмы менен белгилүү болгон адам жарык дүйнөгө келет. Үч жашында атасы каза таап, жаш эне бүткүл өмүрүн жалгыз уулуна арнайт. Анын мүнөзүнүн калыптанышына апасы чоң роль ойногон. Бала кезинде эле Конфуций өтө жөндөмдүүлүгү, алдын-ала айткандары жана көрөгөчтүгү менен айырмаланган. Ал байыркы ыйык каадаларды аң-сезимдүүлүк менен кайталаган. Баланын өтө зээндүүлүгү ошол кездеги аны курчап тургандарды өтө таң калтырган. Кичинекей Конфуций өзү теңдүү балдардын оюнун эмес, акылмандар жана карыялар менен аңгемелешкенди жакшы көргөн.
Жети жашында аны мектепке беришет. Ошол мезгилде мектепке милдеттүү түрдө 6 талапты жакшы билгендер кабыл алынган.
1. Каада-салтты аткара билүү;
2. Музыканы уга билүү;
3. Жаа тартууну билүү;
4. Айланпаны башкара билүү;
5. Жаза билүү;
6. Эсептей билүү.
Анын окууга болгон жөндөмдүүлүгү, кабыл алуусунун чеги болгон эмес. Ал мектепти бүтүрүп жатканда эле өтө татаал сынактарды жүз пайызга эң жакшы бааларга тапшырган. Он жети жашында мамлекеттик чиновник катары амбарларды (мамлекеттик иш кагаздар) сактоочу болуп иштеген.
«Менин эсептерим туура болууга тийиш, бул менин бирден-бир кам көрө турган нерсем” — деген акылман.
Кийинчерээк ал Лу падышачылыгында койчумандыкка алынат. «Ноопаздар менен койлорду жакшы багуу менин негизги ишим”- деген.
Ал өзүнүн 25 жылдык өмүрүндө болуп көрбөгөндөй артыкчылыгы, кара кылды как жарган калыстыгы, таң каларлык жетишкендиктери жана чулу ойдун данакери катары бүткүл маданий коомчулукка таанылган. Анын өмүрүндөгү абдан бир эсте каларлык, кульминациялык кези – өтө кеңпейил башкаруучулардын бири аны Көктеңирдин борборун көрүп келүүгө чакырат. Ошол саякат Конфуцийге өзүн байыркы каада-салттарды коргоочу жана мураскер катары толук таанууга мүмкүнчүлүк берет.
Ал салттуу окутууга негизделген курчап турган дүйнөнүн – жаратылыштын мыйзамдарын таанып, адамдар өздөрүнүн жекече шык, мүмкүнчүлүктөрүн ача турган мектеп ачууну чечет. Конфуций өз окуучуларынан толук кандуу, мамлекетке жана коомго пайдасы тийген адамдарды көргүсү келет. Ошондуктан аларды билимдин түрдүүчө жана ар тараптуу канондорунун негизде окутат. Ал өз окуучуларына катуу да, жумшак да болгон. «Ким өзүнө эмне үчүн деген суроону бербесе, а мен өзүмө эмне үчүн аны окутушум керек деген суроо берүүгө милдеттүүмүн”.
— Сен мени чоң окумуштуу деп эсептейсиңби? — деп Конфуций өзүнүн окуучусунан сураптыр.
— Эмне үчүн жок? — деп жооп берет тиги.
— Жок, — дептир Конфуций, — мен болгону баарын биргеликте байланыштырам.
Анын атак-даңкы кошуна падышачылыктарга да тарайт. Даанышмандыгы ушунчалык чоң даражада таанылат, ошол кездеги мамлекеттин эң жооптуу, эң бийик даражалуу укук таануу боюнча министр кызматында иштейт. Ал өз мамлекети үчүн көп жакшы нерселерди жасагандыктан – кошуна мамлекеттер жалгыз бир личностун күчү менен дүркүрөп өнүккөн мамлекеттен чочулай башташкан.
Чагымчылык, ушакчылык жана көралбастыктын айынан Лу падышачылыгынын башкаруучусу Конфуцийдин кеп-кеңештерине кулак салбай коет. Ал өзүнүн туулуп-өскөн мамлекетин таштап, өлкөнү түгөл кыдырып, башкаруучу же жарды-жалчыбы, жаш-карыбы, кез келгендин баарына өзүнүн акыл-насаатын айтып, дербишчилик күндөрүн өткөрөт. Кайсы жерге барбасын, ага ошол жерде калуусун өтүнүп суранышканда; «Адамдардын бири-биринен айырмасы жок, жер жүзүндөгүлөрдүн баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү, ошондуктан мен ыйык Устаттын мурасын таркатууга, осуятын аткарууга тийишмин” — деген.
Конфуций үчүн билим жана адамгерчилик (кайрымдуулук, боорукерлик, адилеттүүлүк) бирдиктүү жана бөлүнбөс болгон. Ошондуктан анын жашоосу менен айкалышып, философиялык көзкараштары, даанышмандык осуяты өзүнүн окуусунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган. Сократтан айырмаланып, “иш күнүн” өзүнүн философиясынан бөлүп караган эмес. Ал турмуштан алыстап, үстөлгө отуруп алып, өз окуусуна бекинип алчу “курт”да болгон эмес.
Конфуцийдин философиясынын борборунда адеп-ахлак, кулк-мүнөз, ыйман, руханий көрөңгө, жандүйнө азыгы жана таалим-тарбия маселеси турат. Окуусунун башкы жобосу — гумандуулук. Конфуцийдин философиясында мамлекеттик бийлик анын этикасы, бийликтин табияты, жобо-принциптери, б.а. бийлик түзүмү өзгөчө роль ойнойт. Анын оюнча: мамлекеттин башындагылар эл ишенимине ээ болууга, өздөрүнүн жеке жүрүм-туруму менен (үлгү болууга) тарбиялоого тийиш, анткени мамлекетти башкарууда ишке ашырылып жаткан формалар адамдардын, жалпы эле коомдун адеп-ахлагына таасир этет.
Улуу даанышман б. э. чейин 479-жылы көз жумган. Ал өз өлүмү жөнүндө күн мурунтан билген, ажалдын айныккыс экенин шакирттерине да айткан.
Даярдаган Ризван ИСМАИЛОВА