КРИСТИ Агата: Күтүлбөгөн конок (аңгеме, которгон Роза БЕКТУРОВА)

Аңгеме

Мен  Ла-Манш аркылуу өтүүдөн  абдан ырахат алган адамдарды  билчүмүн. Алар   жол   бою  палубада  бейгам  отура   беришет  да,  кеме токтоп байлангыча буюм-тайымдарын шашпай алып жээкке чыгышат. А мен таптакыр анте  алчу эмесмин.  Бортко чыгарым  менен  кандайдыр  бир  иш менен алектенүүгө убактым абдан эле аздай сезилчү. Мен чемодандарымды бир ордунан орунга жылдырып  коюп,  ылдый   ресторанга  түштөнүүгө жөнөйм , кеме жээкке  жеткиче  үлгүрбөй  калчудай  шаша-буша  тамактана баштайм. Бул болсо аскердик өргүүдөн  калган адат болсо керек. Анда үч же  беш  күндүк  өргүү  учурунда  эң  кымбат  балуу убакыттын  ар  бир   мүнөтүн  текке кетирбөөгө, кемеден биринчилерден болуп түшүп  кетиш үчүн босого жактан  орун алчубуз.

Ушул июлдун таңында тутканын жанында туруп алып, жакындап келаткан Доувердин аппак аскаларына  көз  чаптырып,  анан мен  тааныш  жээкти  бир баш көтөрүп,  бир  карап  койбостон – отургучтарда  мелтиреп гана  тынч   отурган  жүргүнчүлөргө абдан таң калдым. Биз алар менен бирдей сезимдерге кайдан кабылмак элек. Алардын көпчүлүгү  мендей  болуп  бир жарым  жыл  Аргентинадагы  ранчодон  эмес,  Париждеги уикендден  кайтып  келатышса  керек. Менин иштерим  абдан жакшы жүрдү,  аялым  экөөбүз Түштүк  Американын түйшүксүз  жашоосунан  ырахат алдык. Барыбир  мен  тааныш  жээкке жакындаганда,  кусалуу  сезимдер менен  карадым.

Эки күн мурун  Франциядан  кемеден  түшүп  калып, бардык жумуштарымды бүткөрүп, эми Лондонду көздөй  бет алдым. Мен бул жакта бир нече  ай жүрө турган болдум. Эски досторум менен, өзгөчө бирөөсү – көк  көз , жумуртка баш , кичинекей – Эркюль Пуаро менен кайрадан кездешүү турду.  Мен ага күтүлбөгөн жерден келип калайын деп ойлодум . Мен Аргентинадан акыркы жазган катымда быякка келээрим жөнүндө айткан эмесмин. Ишимдеги кыйынчылыктар  болгонуна байланыштуу  шашылыш жыйналып, жолго чыгууга аргасыз болдум. Досумдун мени көрүп таң кала сүйүнөөрүн кайра-кайра элестетип келаттым .

 

Мен аны үйүнөн табам деп ойлогом. Анын Англиянын бир четинен экинчи четине иликтөө иштери менен  аркы-терки убараланып жүргөн мезгили да өттү. Атак-даңкка жеткенден кийин кандайдыр бир жумушка баш-отунан берилип  кетпестен, Харли-Стриттин врач адистигиндей  детектив – кеңешчи  болууга уламдан-улам умтула баштаган. Мен билгенден, ал дайыма сырт келбетин  укмуштай өзгөртө алган жана ар бир кол тактарды ченөө үчүн токтой берген атактуу “изкубар адамдын” образын шылдыңдап күлөр эле.

– Жок, досум Гастингс,- деп кайталоочу ал, – аны Жиро менен анын досторуна калтырдым. Эркюль Пуаронун ыкмасы өзгөчө: ирээттүүлүк, ыкма жана кичинекей сур  чатыраштар. Биз үйдө креслодо тынч отуруп алып, алар байкабаган нерсени көрөбүз. Жепп сыяктуу шашылыш жыйынтык чыгарбайбыз.

Ооба, Пуаро жол  жүрүп кетет деп деле коркпош керек.

Лондонго жетип,  жүгүмдү  мейманканага таштадым да, түз эле эски дарек боюнча жөнөдүм.  Эмнегедир  көз алдыма эски чак эске  түштү! Картаң  кожойке менен учурашуудан кармалып калбас үчүн дароо тепкич өйдө  көтөрүлдүм да, Пуаронун  эшигин такылдаттым.

– Кириңиз, – деди тааныш үн.

Мен кирдим. Пуаро  эшик тарапты карап   турган экен. Ал колундагы кичинекей  саквояжын тарс  эткизе колунан  түшүрүп жиберди.

– Досум Гастингс! – деп кыйкырды ал. Досум Гастингс !

Ал алдыга жүткүнүп,  мени кучагына алды. Бири-бири менен байланышы жок сөздөр менен сүйлөшүп аттык. Бир эле учурда баарын сурашып, баарына жооп бериштик. Аялымдын салам дубайын, келгенимдин себебин айттым

– Мүмкүн, менин бөлмөм бош эместир, – деп сурадым бир аз демибиз  басылганда – Кайрадан ушул жерде сиздин жаныңызга катарлаш калсам жакшы болот эле.

 

Пуаронун өңү өзгөрүлүп кетти .

.- Кудайым ай ! Кандай гана ыңгайсыз учур. Тегерегиңди, карачы досум.

Буга чейин үйдөгү абалга  таптакыр көңүл бурбаптырмын. Дубалдын жанында чоң эски  модалуу сандык, ага катар көлөмүнө жараша ирээти менен катар коюлган чемодандарды байкадым.

Мен жаңылбаптырмын.

– Сиз  кетип  атасызбы?

– Ооба.

– Кайда ?

– Түштүк Америкага.

– Эмне ?

– Мына сага фокус, туурабы? Мен Риого баратам. Ар  күнү  өзүмө айтам: бул  каттар жөнүндө ооз ачпоо керек. Картаң Гастингс мени көрүп абдан кубанат деп ойлодум.

– Анан качан кеткенатасыз?

Пуаро саатын карады.

– Бир сааттан кийин.

– Бирок сиз деңиз менен узак  жүрүүгө  мени эч нерсе мажбурлай албайт деп дайым айтчу эмес белеңиз.

Пуаро көзүн жуумп, ордунан козголуп койду.

 

– Аны айтпаңыз, досум. Менин докторум мындан өлбөйт деп ишендирди. Анын үстүнө бул биринчи жана акыркы  сапарым:  түшүнүп атасызбы? Мен эми эч качан келбейм.

Ал мени креслого  отургузду .

– Бул кандайча болгонун мен айтып берейин. Бул дүйнөдө эң бай адам ким экенин билесиңби? Керек десе Рокфеллерден да бай.

Эйб Райленд.

– Америкалык самын королубу ?

– Дал өзү. Мени менен анын катчыларынын бири байланышты. Риодогу ири компанияларынын биринде кандайдыр бир жагымсыз нерселер болуп атыптыр. Ошол жерде мен иликтөө иштерин жүргүзүүмдү каалайт экен. Мен баш тарттым. Эгер ал бардык фактыларды алып келип берсе, адис катары оюмду айтайын дедим. Бирок ал быякка келүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирди. Бардык фактылар  мен барган жерге алып  барып берилээрин  айтты.  Адатта  мындай учурларда сөздү узартпай эле баш тартчумун. Эркюль Пуарого өз шарттарын таңуулаган – бул эмне деген  наадандык . Бирок мага сунушталган акчанын суммасы ушунчалык чоң  болгондуктан, өмүрүмдө биринчи жолу азгырылдым. Бул өзүнчө эле чоң байлык! Экинчи себепчиси, сиз болдуңуз досум. Акыркы бир жарым жыл бою жалгыздык жанга батты. Анан ойлодум: эмнеге болбосун? Түгөнбөгөн бир табышмактардын жандырмагын издөө тажатып жиберди. Көпчүлүкө таанымал болуп калдым. Акчаны алып, өзүмдүн эски досумдун жанына  жайгашып орун-очок  алсам эмнеге болбосун?

Мени Пуаронун мындай мамилеси абдан толкундатты .

– Мен макул болдум, – деди ал, – бир сааттан кийин поездге отурушум керек . Тагдырдын тамашасы , туурабы ? Мойнума алам Гастингс , эгер бул  чоң акча болбогондо жакында эле өзүм үчүн деп кичирээк иликтөө ишин баштап койгом да . Айтыңызчы,  “Чоң төртилик “ деген сөздү кандай чечмелесе болот ?

 

– Менимче, биринчилерден болуп Версалдагы конференцияда угулса керек . Дүйнөгө белгилүү “Чоң төртилик “ киносу жана ушундай ат менен бир нече уюмдар болушу мүмкүн .

– Түшүнүктүү, – деп ойлуу керилип койду Пуаро. Мен бул сөздөрдү жанагы айткандардын бир да бирөөнө дал келбеген  жагдайларды уктум . Бул сөздүн артында эл аралык кылмышкерлер тобу же ушул сыяктуу бир нерсе катылып жаткандай  сезилет , бирок …

Ал унчукпай ойлонуп калды .

– Эмне бирок ? – дедим.

– Бирок , абдан чоң деңгээлдегидей сезилди мага. Менин кичинекей оюм ушундай . Эми жыйналып бүтөйүн . Убакыт аз калды .

– Калыңызчы,- дедим мен, – билетиңизди өткөрүп, кийинчерээк мени менен бирге кетиңизчи .

Пуаро көкүрөгүн көтөрүп , мени жек көрүп тургандай көз карашта болду .

– Эх, сиз түшүнбөй атасыз . Мен  сөз берип койдум , түшүнсөңүз, Эркюль Пуаронун сөзү. Мени өлүм менен өмүрдүн  гана  маселеси  токтото алат .

– Бул айткандарыңыз күмөндүү , – деп күңгүрөндүм мен . – Акыркы көз ирмемде , “эшик ачылып , күтүлбөгөн конок кирип келсечи” ?

Мен эски ылакапты айтып  күлүмүш болдум . Күтүүсүздөн эле ортодогу жымжырттыкты бузуп, коңшу бөлмөдөн шарак дегендей  дапдаана добуш чыкты . Биз селдейе түштүк .

– Бул эмне ? – деп сурадым.

– Мына сага! –  Пуара  үн катты . – Сыягы менин уктоочу бөлмөмдө сиздин  “Күтүлбөгөн коногуңуз” пайда болгон окшобойбу .

 

– Бирок ал кантип  ал жерде болуп калды. Уктоочу бөлмөңүзгө бул эшик аркылуу өтөт да .

– Сиз унутпаптырсыз , Гастингс, эми ойлоно бериңиз .

– Терезе аркылуу! Ууру кирдиби ? Кантип  чыкты  экен , мен анте алмак эмесмин .

Мен өйдө болуп , эшикти көздөй бастым да каалганы ачып , көргөн көзүмө ишенбей катып калдым .

Эшик акырын ачылды . Эшиктин түбүндө бир адам турду .

Ал баштан аяк топурак , баткак болуп булганган жана бети абдан арыкчырай , жүдөгөн  адам көрүндү . Ал бир азга бизди карап туруп , теңселип барып кулап түштү. Пуаро ага чуркап барды .

– Бренди апкел ,  тез, – деди ал .

Мен стаканга бренди куюп келдим , ал  болсо Пуаро брендини тигинин оозуна бир аз куйду. Биз тигил кишини диванга көтөрүп келдик . Бир нече мүнөттөн кийин ал көзүн ачып,  бөлмөгө көз чаптыргандай болду.

– Сизге эмне керек, месье ? -деди Пуаро.

Кишинин эриндери кыймылдап,  жаттап алган сыяктанып сүйлөдү.

– Месье Эркюль Пуаро, 14, Фаррэвей – стрит .

– Ооба , ооба бул мен .

Тиги киши эч нерсе түшүнгөн жок окшойт , ошол эле калыбында таң калычтуу кайра кайталай берди.

– Месье Эркюль Пуаро, 14, Фаррэвей – стрит .

 

Пуаро ага бир нече  суроо узатты .

Тиги киши анда- санда жанагы сөзүн кайталагандан башка эч сөз айта албады . Пуаро мага телефонду көрсөттү .

– Доктор Риджуэйге чалыңызчы,  буцл жерге  келсин .

Бактыга жараша доктор үйүндө экен , үй бурчунда жашагандыктан беш мүнөт өтпөй бөлмөгө шашып кирип келди.

– Деги сизге эмне болуп кетти ?

Пуаро ага эки  ооз сөз менен  түшүндүрдү  эле,  доктор бизди да, анын  келгенин да сезбей жаткан  таң калычтуу биздин коногубузга эңкейди.

– Гм! – деди доктор Риджуэй, – аны көрүп болуп. Болуп көрбөгөндөй окуя.

– Мээнин  сезгениши!  Мээнин сезгениши деген эмне?  Андай нерсе болбойт, бул  жазуучулардын чыгарганы. Жок, бул адам өтө оор нерсени башынан өткөргөн.  Ал бул жакка  Фаррэвей-стрит N 14 номурунда жашоочу месье Эркюль Пуарону  табуу үчүн  абдан  аракет кылып  келген  жана бул сөз  эмнени  билдирээрин  түшүнбөстөн эле  кайталап атат .

– Афазиябы? – мен  кызыгып сурадым.

Менин минтип болжогонум  доктордун анчейин жинин деле келтирген жок .

Ал эч нерсе деп жооп бербестен, тиги кишинин колуна бир барак кагаз менен карандаш сунду.

– Муну менен эмне кылаар экен азыр көрөбүз , – деп койду ал .

 

Бир нече секунд киши эч нерсе кылган жок, анан бир маалда бат- бат жаза баштады. Күтүүсүздөн тез эле токтой калды да, кагаз менен карандашты колунан түшүрүп жиберди . Доктор кагазды алып , башын чайкады.

– Эч нерсе . Бир гана 4 деген сан ,  бир нече жолу кайталанган , кийинкилери  мурункусунан чоңураак .

Балким , 14 Фаррэвей – стрит деп жазганга аракет кылса керек. Абдан кызыктуу окуя . Сиз муну кечке чейин  бул жерге калтыра аласызбы ?

Мен бир аздан соң ооруканада болушум керек , түштөн кийин кайра келем, баарын жайгаштырам . Мындай кызыктуу учурду чыгарбас керек ко.

Мен Пуаронун кетип атканын жана аны Саусэмптонго чейин узатып  коерумду түшүндүрүп айттым .

– Мейли, ал бул жерде кала берсин. Анын эч кандай деле зыяны жок , ал абдан алсырап бүткөн , бери болгондо сегиз сааттан кем уктабайт. Мен биздин татынакай миссис Мордашка менен сүйлөшүп көрөйүн .

Тиги кишиге көз салып тур деп суранайын .

Доктор Риджуэй өз буюмдарын алып, бөлмөдөн чыгып кетти . Пуаро шашылыш жыйналып бүттү да, саатты улам-улам  карай баштады .

– Убакыт учкан куштай тез өтүп атты. Мына сизге эрмек табылды , Гастингс . Кандай гана кызыктуу табышмак. Кандай келген адам ? Ким өзү ? Аты ким ? Каргыш тийгир! Эгер кеме эртең жылса, мен эки жылдык өмүрүмдү бермекмин. Бул иште кандайдыр бир сырдуу нерсе бар, бирок убакыт керек , убакыт ! Тигил адам бизге эмне айткысы келгенин билдиргиче далай күндөр, балким айлар да өтүшү мүмкүн .

 

– Мен аракет кылайын , Пуаро деп аны  ынандырдым . Сиздин эң жакшы ыкмаңыз менен.

– Чын элеби ?

Анын жобунда күмөн саноо турду. Мен бир барак кагаз алдым да, манжаларым менен аны тыкылдата баштадым .

– Эгер мен роман жазсам , сиздин акыркы алектенген ишиңиз менен байланыштырмакмын да “Чоң төртиликтин сыры “ деп атамакмын, – деп тамашалап алып, чочуп кеттим . Биздин оорулуу күтүүсүздөн көзүн ачты да диванга отуруп , таптак мындай деп айтты:

– Ли Чанг Йен.

Ал азыр эле ойгоно калгандай көрүнүп турду. Пуаро мага унчукпа дегендей белги берди. Тиги киши лекция же доклод окуп аткансып ачык , даана , так үн менен сүйлөй баштады.

– Ли Чанг Йенди Чоң төртиликтин эң чоң мээ борбору деп айтса болот.

Ал  анын кыймылдаткыч жана багыт бергич күчү. Ошондуктан , мен аны “номер биринчи” деп атадым . Экинчи номердин аты сейрек айтылат.

Анын белгиси белинен эки сызык менен чийилген доллардын S тамгасы же эки сызыгы бар жылдыз . Ал америкалык экенин жана акча менен бийликти билдирет. Номер үчүнчү – аял киши , улуту француз. Балким ал дүйнөдөгү сулуулардын бири болсо керек, бирок ал тууралуу эч нерсе белгисиз. Номер төртүнчү … Анын үнү калтырап жана үзүлүп кетти. Пуаро ылдый эңкейди.

  • Ооба, -толкунданган үн менен кайталады ал .
  • Номер төртүнчү ?

 

Ал тиги кишинин жүзүнө үңүлүп карады. Ал коркконунан шалдая түштү да, калчылдап ,өңү бузулду.

– Кыйраткыч! – деп үшкүрүндү тиги киши. Анын бүт денесин калтырак басып , ал кайрадан эсин жоготту.

– Кудай ай, – деп Пуаро шыбырады. Демек , мен туура айтыпмын . Меники туура экен да.

– Сиз ошентип ойлойсузбу …

Ал менин сөздөрүмдү бөлдү.

– Аны менин керебетиме алып келгиле . Мен поездге  жетишейин десем бир да мүнөттү текке кетирбешим керек. Мен муну такыр каалаган эмесмин , бирок менин абийрим жол бербейт . Мен сөз берип койгом . Жүрүңүз, Гастингс.

Биз табышмактуу коногубузду миссис Пирсондун карамагына калтырып, жолго чыктык да, поездге араң дегенде үлгүрдүк. Пуаро бирде унчукпай калат , бирде бакылдап сүйлөп кирет. Бирде ой басып терезени телмире тиктеп менин сөздөрүмдү кулагынын сыртынан кетирип , бирде жан киргенсип мага толгон – токой тапшырмаларды берип , болгон нерсенин баардыгы тууралу телеграмма менен билдирип тур деп суранды.

Уонингге жетээрге аз калганда узакка созулган тынчтык өкүм сүрдү . Поезд Саусемптонго чейин токтобой келген, бирок бул жерде светофордун жарыгына токтоого аргасыз болду.

– А ! Күндүн күркүрөгү менен чагылган ! – күтүүсүздөн Пуаро кыйкырып  жиберди. Мен кандай  гана макоо болгом. Эми мага  баары  түшүнүктүү болду.  Колдоочулар поезди   токтотконуна шектенбейм. Секириңиз,  Гастингс, секириңиз дейм.

Көз  ирмемде купенин эшигин ачып, жолдон секирип түштү. Ошол замат мен да анын артынан  секирдим. Поезд андан ары  жөнөн кетти.

 

– Эми,  Пуаро, – дедим мен  бир аз калтыраган үн менен, – мага иштин чоо-жайын түшүндүрүңүзчү?

– Иштин жөнү мындайча, досум, менин көзүм ачылды.

– Мен да түшүнүп калдым, – дедим.

– Сиз эч нерсени түшүнгөн жоксуз го деп коркуп турам, – деди Пуаро. Сиз бул эки саквояжды  көтөрүңүз,  калгандарын өзүм  эптейм.

Которгон Роза БЕКТУРОВА