КУЛИЕВ Кайсын: БУКАЛАР ТАҢДА БАРАТАТ

БУКАЛАР ТАҢДА БАРАТАТ

Таңы ушинтип атат эрте июлдун,
Тоолук кыздай жүзү албырып-эриген.
Жылаңайлак түшүп келет уюлгуп
Хулам-Тоонун кызыл тепкичтеринен.

Так астында өрдөп барат букалар,
Табигат бүт нымдалыша чиренип.
Булут челген мүйүзүн-айт!
Бүт алар
Нурларына турат таңдын ширелип!

Буурул-күрөң гранит-тоо табылды,
Булак – анар маңызындай, оо, мына.
Жалтылдак түс саймалуу үртүк жабылды
Букалардын эңгезердей жонуна!

Жаным-Сөздү баарысынан артык бу
Сактайт ко деп жалын-таңда үмүт мөл.
Кандай сыйкыр букаларды жаркытты?
Мүйүздөрү – жалаң алтын-күмүштөр!

Чыңк өйдөдө чыдайт буттар чымырап!
Чылгый таш-жол чыкыроондой муздаган.
А букалар жолдо илгертен кыбырап!
Алыстарды коркпой жыга сүздү алар!

Жаным-Сөзүм, кандай мүшкүл тоспосун –
Жабыкпадың! Жакшы болсун наржагың!
Буркуйган сүр, жаркыган нур коштосун
Букалардын жүрүшүндөй таңдагыл!
1960
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ТЕҢИРДИН КЫЛЫЧЫ

Асан-Үсөн түштү асмандан анаке,
Кандан кызыл, чөптөн жашыл түсү ынайт.
Адамдарды сүйүндүрчү жан экен,
Тоо, деңизди туташтырган күчүн-айт.

Жети түстүү, жети кабат керемет
Баарысын тең кучакка алып турбаспы.
Ашуу, аска, талаа, жалпы тегерек,
Анда иштеген аялдарды нур басты.

Ийгиликке, сүйүнүчкө арналат,
Чынында эле кылычы го Теңирдин!
Балдар аны көргүсү бар кармалап,
Аны менен ойносок дейт кээ бир күн.

Жер үстүндө илинип тур термелбей,
Балдар аны карап суроо салышты:
Артка ийилме мизи кана – шерденген?
Сабы кайда? Бар экени аныкпы?

Кылыч мына – ак жүрөк да, зыянсыз,
Жазалоону, өч алууну билбеген.
Үмүт сыңар – эгер болсо ким алсыз,
Сүйүнүшөт, таңданышат миңдеген!

Асан-Үсөн! Жакшылыгы жатталуу,
Жарак да жок андан картаң, эскирген.
Анын мизи бир тал чөптү чаппады,
Алдында анын жүгүнбөдү эч кимдер.

Кандай сонун ушул жарым айлана,
Билбейт эч бир жандын башын кыйышты.
Талкалап бүт куралдарды шар гана,
Калтыргыла жалгыз ушул кылычты!
1964
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

АПА

Айылына кетбаратат бир аял
Жалгыз аяк, жантайыңкы жолдо бул.
Кучагында уктап калган бала бар –
Бир кездеги менмин го деп ойлодум.

Бара жаткан чоочун аял негедир
Мени өмүрдүн башатына баргызды.
Карапайым кийиминен эле бир
Аңкыыр жыты коон менен аңыздын.

Мени менен иши да жок, карачы,
Наристесин кысып улам жанына.
Бүт денесин жаба салып – баласын
Жамандыктан сактагансыйт дайыма.

Барат апа көзгө илинбей ыраактап,
Бул дүйнөдө баары жаңы башталмай.
Бул дүйнөнүн бар бактысын ырааттап
Көкүрөккө кысып бара жаткандай!

Балким, аны басып алган коркунуч,
Бул ааламдан нени күтүп, нени издейт?
Бараткандыр Ата-Журтка кол сунуп,
Талааны аттап, кылымды аттап – демикпей.

Ал баратат төрөлүүдөн атактуу,
Назик-палбан колдун жетип чыдамы.
Алпаратат биздин да өмүр-башатты
Кудум тиги наристеси сыңары.

Кадамын көр – жымжырттыкка тур калкып,
Булут тургай, чаң жылалбай үңүлүп.
Барат апа! Баратса ага тургансыйт
Тоолор дагы башын ийип – жүгүнүп!
1966
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ЭЛЬБРУС-ТОО

Элдин кыял-чабытысың, Эльбрус-Тоо,
Канаттары кагып турган асманды.
Кудайына сыйынганда эл-журт, оо,
Сени карап, сен тарапты баштанды.

Баатырлар да жоону сүрүп согушта,
Көз жумуптур тиктеп сени алыстан.
Сакляларга терезе-эшик коюшса –
Тоолуктарың сен жак бетке барышкан.

Те мунарык, те түбөлүк мөңгүңө
Телмиришкен, жарданышкан жандар миң.
Тоолук кедей-кембагалдар демдүү не? –
Толук ээси сезет мөңгү-карлардын!

Башка жакта түнөп калган кездерде
Түшүбүздө көрөбүз бүт чокуңду.
Ошол түштөр… ошол ирмем-эскерме
Оорчулукту жеңилдетип отурду.

Жараткандын эрк-амири ылгап бир,
Жаралсам мен бул доордо эмес, баштараак –
Ажылыктын зыяратын кылмакмын
Мекеге эмес, мекен башы сага арнап.

Качандыр бир, айланаңда качандыр
Канын элдин зордук менен төккөндөр…
Каны аккандар – каруу-күчү начар бир…
Кайтпайт баары! Өткөндөр – ал, өткөндөр!

Эльбрус-Тоо, сен – абийриндей элимдин
Улуусуң да, түбөлүксүң! Колдойсуң!
Поэзия, жаратылыш – чениңдир?
Туулсак, өлсөк – карап дагы койбойсуң.

«Өтсөм» да мен – болом катар, жаныңда,
Болгондугум – жаныңда өмүр уланат.
Менин көзүм менен сүйүп-жалындап,
Медер кылып туу чокуңду тура алат.
1963
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

* * *
Жайдаңдадым мен өмүрдө далайга
Жанды койбой ээрчип алып сулуулар.
Асмандатып, таазим кылдым аларга,
Акылдуу сөз уккучакты курулай.

Жол ачылып, чыгып нечен таскагым,
Жолдош болуп бактыга көп күн өткөн.
Эң кыйыны – мен картая баштадым
Жайнаганда эсти оодараар чүрөктөр.

Арзыганым аз деле эмес анчалык,
Садага чаап ырдачумун бул жанды.
Туткуну элем сулуулардын. Картайып –
Туткундуктан чыгыш азап турбайбы?!

Алыстыгын көрдүм жакын нерсенин,
Кыш узарып, жай кыскарды мурдагыл.
Картаюу – оор! Андан да оор – сезгениң
Картаюуңду байкап бирөө турганын…
1974
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

КАРЫЛЫК

Сеникиндей татаал тагдыр жок бейм,
Жаалдансаң да, жарк этсең да – калпыстык.
Досуң дагы, душманың да жок сенин,
Досуң – жалгыз, жалгыз ошол жалгыздык.

Карылыктын жолу кыска, карачы,
Кашаадан бу жөөккө чейин эле бир…
Таттуу деген тамактардын баары ачуу,
Таттуу эстелет ачуу-арман негедир.

Сен, карылык – жүксүң түшпөс далыдан,
Жерди көздөй ийип белди, деле кой!..
Ошончо жүк менен уктайт карылар,
Оор жүктөн канталоодо дене-бой.

Карылык, сен – суу чыкпаган аралсың,
Канаттуулар кайдан барып кыштамак.
Сага кантип кеме сүзүп бара алсын,
Чөптөр өспөс, үрөн өнбөс, кысталак.

Аралсың сен, шагың да жок багыңда,
Кыртышың – туз, жарыгың да жанбай – суз.
Муз эрибей турат август айында,
Муздап-үшүп… жаккан от да жардамсыз.

Карылык, сен – аскалуу, тик аралсың,
Какшып турган сайы менен кудугу.
Жол дагы жок… Бирок жашайт адам, чын,
Жашайт… жашайт… Эмнеде экен утугу?
1964
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

* * *
Жоголбойт ко из-тозу жок эч нерсе,
Жоголбосо – жоготпойт ко санатын.
Ал тургай бул акчардак да кез келсе
Арнап көлгө таштайт бир тал канатын!

Айтылса эле – баары эскире калабы,
Акын сөзү жаңы бекен – күчүн көр.
Кайталангыс – бир тал канат жанагы
Капысынан көлгө чардак түшүргөн!

Кур мактаныч кумарына алдатпай,
Сурабагын сөз акысын айтылган.
Кайкып-ойноп жүр, жүрө бер чардактай
Канат-талын көлгө белек калтырган.

Сыйлайт элиң – корстондукка кол сунба,
Чымчыктан да чымчып үлгү ал, акын.
Белек кылган сымал чардак толкунга
Бер, берип сал калкка сөздүн даанасын!
1973
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

* * *
Көзүнөн эч көрүнбөсө муң-кайгы,
Андай жанга ишенбеймин азыр да.
Суулар деле боздоп-ыйлайт турбайбы
Суру кетип – музга айланып-катыырда.

Биз сыңары күйүт тартат дайра анан
Билип туруп өзгөрөрүн табигат.
Эрип муздар, эрип муздар кайрадан,
Кайың-талдын жалбырагын жамынат.

Түшбаратып – барик онтоп-сыздап тур,
Бутак сынса – буркураган муң башка!
Муз эрисе – муун бошоткон көз-жаш бул,
Муңбайт кантип – чөптү эгерде муз басса?

Батаар күндүн шооласы тур көрсөтүп:
Ат тулкусу намыс тура байкалбай.
Чаңдуу жолго кулайт жашы мөлт этип,
Жаныбар-ай, калса жүгүн тарта албай.

Туюп-сезип турсуңарбы, акындар,
Түп-тамыры кыркылган чөп арманын?
Саргарат не жалбырактар бачымдан?
Зарлатат не таштап кетип ардагың?

Жабыкпастан жашайт адам сомодой –
Жан адамды сүйө албаган каргаша –
Мүңкүрөгөн энесине жолобой,
Мүрт кеткен бир тууганына барбаса.

Көп адамдар сүйүнүшпөйт кайта не
Көрсөткөндө жаштык кезин орчундуу?
Сүйүш оңой адамзатты жалпы эле,
Сүйө билгин, кыйын болсоң, коңшуңду.
1964
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

МЕНИ СҮЙГӨН АЯЛДАРГА

Аялдар-оо, канча айтсам да болоттур,
Асылдыгың арбын сезип – жолду ачкам!
Сонун, сонун сөздөрүңөр сооротту
Кыйын, кыйын күндөрүмдө шор баскан.

Жайкын пейил, жаркын мүнөз айымдар,
Карыздармын – солубай мен жүргөнгө!
Карыздармын – каралбаган багымда
Дарактарым кат-кат мөмө түйгөнгө!

Ой-төрүмдө олтурдуңар кебелбей
Оор күндөрү – жоготкон да айрылган.
Өрчүп-өспөй токтосом да эгерде
Өзүңөрдөн кол үзбөгөн айбым бар.

Бул дүйнө маа көрүнө элек кунарсыз,
Бул өмүрдүн сезиле элек бош жери.
Анткени бар үлгү тутуп, сук артчу
Акылгөй да, пакиза да көп пери!

Мени сүйгөн аялдар-оо күлгүн өң!
Не силерге башымды ийем жер карап? –
Өтө мени өйдө баалап жүрдүңөр
Өзүңөргө, өзүңөргө тең санап!

Баатыр деппи, баш көтөрсөм араң мен,
Бардыгыңар бөлөдүңөр урматка!
Кыстап!.. Күчтөп!..
Болбой калды анан мен
Өзүмдөн да өйдө болуп турбаска!
1974
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

* * *
Кайра каптап кара коога дүйнөнү,
Канча жерде согуш өртү тең-катар!
Тоодо атамдан калган сымал үйрөнүп
Тоолуктарым чөп жыйууда бейкапар.

Дал бүгүн да өткөн кылымдагыдай
Чалгы шаңкыйт, чабылат чөп тоодо куп.
Аңкыйт жыты чапкан чөптүн арыбай,
А булуттар эркин каалгып-ойношуп.

Чеби кулап… тиреги урап… чөгөлөө…
Жер-жүзүнүн коркунучта миң жери.
Жатат тоодо жаңы чөптүн чөмөлө
Жаткан сымал кудум жүз жыл илгери.

Чалгычы тур – жаңы муунга чакырык,
Чабылууга токой-талаа беленби!
Баары, баары бышыктайт ко катырып
«Тагдыр жазса кача албайсың…» дегенди.

Кайкып-учуп куштар көктө кубанды,
А буйволдор алыстарда оттоп жүр.
Адамзаада ажал бүрккөн куралды
Азыр жасап бүтө электей… токтоп тур…

Чалгычынын Күн конууда ийнине,
А төбөдө аппак булут нур чачып.
Тымтырстанган ушул кечтен, билгиле,
Титиреткен согушуң да тур качып.

Жай-баракат чөп чогултуп, тырмоочтоп,
Жарашыктуу жыйып жатат тоолук бу.
Такыр эми ааламда да чыр жоктой –
Тазалады кошо тырмап согушту.
1972
(которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)