КУНАНБАЕВ Абай: Казак калкынын бузукулугу-ай… (которгон Майрамбек САПАРБЕКОВ)

«Керегем сага айтам, келиним сен ук»
Кыргыз накылы

Биринчи сөз

Бул жашка келгенче жакшы өткөздүкпү, жаман өткөздүкпү, айтор далай өмүрүбүздү өткөздүк; алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык – оорчулукту көрө-көрө келдик.Эми эл ортону жашка келдик: кажыдык, жалктык. Кылып жүргөн ишибиздин баары баянсыздыгын, байымсыздыгын көрдүк, бир корчулук экенин билдик. Ал эми калган өмүрүбүздү кантип, эмне кылып өткөрөбүз. Ошону таба албай өзүм да айранмын.

Мал багуу? Жок, бага албайм. Балдарым өздөрүнө керегинче өздөрү багаар. Эми картайганда кызыгын өзүң түгөл көрө албай турган, ууру, залим, тилемчилердин азыгын багып берем деп калган аз кана өмүрүмдү кор кылар жайым жок.

Илим багуу? Жок, илим багарга да илим сөзүн сүйлөшөр адам жок. Билгениңди кимге үйрөтөсүң, бибегениңди кимден сурайсың. Элсиз – күнсүздө кездемени жайып салып, колуна кезин “метирин” алып олтургандан эмне пайда бар. Муңдашып чер таркатышар киши болбогон соң илим өзү бир тез картайта турган күйүт.

Сопулук кылып дин багуу? Жок , ал дагы болбойт, ага да тынчтык керек. Же көңүлдө, же көргөн күнүңдө бир тынчтык жок, ушул элде, ушул жерде эмне кылган сопулук ?

Балдарды багуу.? Жок, бага албайм, багаар элем, кандайча багуунун маанисин да билбейм. Ким болсун деп бала багам, кайсы элге кошом, кандай арекетке кошомун? Балдарымдын өзүнө илгери өмүрүнүн, билиминин пайдасын тынчтык менен көрөрлүк орун тапканым жок. Бияка бар, муну кыл дээримди биле албай олтуруп не бол деп багам, аны дагы эрмек кыла албадым.

Акыры ойлодум: ушул оюма келген нерселерди кагазка жаза берейин, ак кагаз менен кара сыяны эрмек кылайын, кимде-ким ичинен керектүү сөзүн тапса, жазып алсын же окусун, кереги жок десе ошо сөзүм өзүмдүкү дедим да, акыры ушуга байландым. Эми мындан башка эч бир жумушум жок.

Экинчи сөз

Мен бала күндөн укчуу элем, биздин казак сартты көрсө күлчү эле: “Энеңди урайын, кең колтук сүйрөлгөн тажик, аркасына үйдүн төбөсүнө салам деп камыш арткан, баарынан корккон, көзү көргөндө “аке-үкө” деп өтүп кетсе, кызын боктошкон сарт-сүрт деген ушул деп.

Ногойду көрсө аны да боктоп күлөр эле: «Төөдөн коркон ногой, атка минсе чарчап, жөө жүрсө дем алат. Ногой демекчи, кокуй ногой десеңчи, эч нерсеге ыгы жок солдат ногой, качкын ногой, соодегер  ногой» деп.

Оруска да күлчү эле: “Айылды көрсө чапкан жаман сасык баш орус” деп. «Орус оюна келгенин кылат, эмнени айтса ошого ишенет»…»Узун кулакты таап бер» дептир – деп.

Ошондо мен ойлочу элем: «Ай , кудай-ай бизден башка калктын баары, ант урган жаман болот экен, эң туура калк биз экенбиз» деп. Элде айтылган сөздөрдү бир туура, кызык көрүп кубанып күлчү элем.

Эми карап турсам, сарттын экпеген эгини жок, соодогердин жүрбөгөн жери жок, кылбаган чеберчилиги жок. Өзү менен өзү болуп, бири менен бири эч бир чекене жоолашпайт. Оруска карабай турганда казактын өлгөнүнүн, акреттигинин, тирүүсүнүн киймин ошол жеткисип турду. Ата-балага кылбай турган малыңды кирелеп, ошол айдап кетип турду го.

Оруска карагандан кийин да, орустун өнөрлөрүн алар көп үйрөнүп кетти. Чоң байлары да, үлкөн молдолору да, эптүүлүк мартабалык сыпайылык – баары ошолордо. Ногойду карасам, солдаттыка да чыдайт, кедейликке да чыдайт, азага да чыдайт, молдо медиресе сактап дин күтүүгө да чыдайды. Эмгек кылып мал табууну да ошолор билишет, салтанат да ошолордо…

Алардын малдарына кузгундай тамагыбыз үчүн бирибиз жалчы, бирибиз кош айдоочубуз .Биздин эң байыбызды -“Сенин булганыч аягың менен үйгө бышырып койгон жок, чык сасык казак», – деп үйүнөн кууп чыгат.

Анын баары бирин-бири кууп кор болбой, чарба кууп, өнөр таап, мал курап, зор болгондуктун үзүрү.

Оруска айтар сөз да жок, биз кулу-күңүнө да татыбайбыз.

Баягы мактанган, баягы кубанган, күлгөн сөздөр кайда.

Үчүнчү сөз

Казактын бири-бирине күндөш болгонунун, биринин тилегин бири тилешпей турганын, туура сөз аз боло турганынын, кызмат талаш болуп тургандыгынын, өздөрү жалкоо боло тургандыгынын себеби эмнеде?

Бааардык ааламга белгилүү даанышмандар алда качан байкаган: ар бир жалкоо киши коркок, кайратсыз: ар бир кайратсыз – коркок, мактанчак келет; ар бир мактанчак – коркок, акылсыз, наадан келет; ар бир акылсыз – наадан, арсыз келет; ар бир арсыз жалкоолуктан сурамчы, өзү тоюмсуз, тыйымсыз, өнөрсүз эч кимге достугу жок жан болот.

Мунун баары төрт аяктуу малды көбөйтүүдөн башка оюнун жоктугунан; өсүүгө эгин, соода, өнөр, илим шекилдүү нерселерге аралашса мындай болбос эле.

Ар бир мал издеген малым көп болсо, өзүм да, балдарым да малдуу болсок экен дейт. Ал мал көбөйсө малчыларга бактырмак, өздөрү этке кымызка тоюп, сулууну жайлап, жүрөктү байлап олтурмак.

Кыштоо тардык кылса, арызы жеткен, сыйы өткөн, баардык амал менен бирөөнүн кыштоосун сатып алмак, эптеп алмак, тартып алмак. Ал кыштоосунан айрылган жана бирөөгө тийишмек же болбосо орунсуздугунан элден кетмек, эр казактын ою ошондой.

Ушулар бири-бирине достук ойлой алабы? Кедей көп болсо, акысы аз болор эле, малдан айрылгандар көбөйсө, кыштоо бош болор эле деп, мен аны кедей болсо экен деп, ал мени кедей болсо экен деп, адегенде ичибизден касташтык, андан соң сыртыбызка чыкты жоолаштык, доолоштык, партиялаштык. Ушундай кастарга сөзүм өтүмдүү болсун жана да эптеп мал жыйууга күчүм жетимдүү болсун деп кызматты, болуштукту, бийликти талаштык.

Ошондон кийин же момундун баласы бөтөн жакка чыгып, эмгек кылып, мал издебейт, эгин, сооданын кереги жок болот. Өз башын өзү ушундай талаш менен киши көбөйтөбүз деп партия жыйнагандардын бүгүн бирөөнө, эртең бирөөнө сатылат да жүрөт.

Уурулар тыйылбайт. Эл тынч болсо анын уурулугун эч ким сүйбөс эле. Эл эки жакка бөлүнгөн соң ким ант ичип актап, арамдыгын жактап сүйөмүн десе, ошол жактык болуп сүйүнүп, мурункудан уурулугун алда нече эсе артырат.

Элдеги жакшы адамдардын баарынын үстүнөн бекер өтүрүк – калп, “чапты-талады» деген ар түрдүү кылмыш иш көрсөтүп арыз берет.

Ага “дознание“ жоопко чакыруу – тергөө чыгарат. Өтүрүк – калп, көрбөгөнүн көрдүм дечү куулар да, алда качан дайындалып коюлган, абырою жакшы адам шайланууга жарабаш үчүн, ал адам башын куткаруу үчүн жамандарга жалынса, анын да адамдыктан кеткени. Эгер жалынбаса соттолгон адам болуп, эч бир кызматка жарабай башы катардан түшүп өткөнү.

Ал болуш болгондор өзү куулук, арамдык менен болуштукка жеткен соң, момунду кадырлабайт, өзүндөй арам кууларды кадырлайт, өзүмө дос болуп жардамы тийет деп, эгер кас болсо да өзүмө залал жасоого колунан келет деп. Ушул күндө казак ичинде “иш билбес, киши билер” деген макал чыкты. Анын мааниси : “Ишиңдин түбүнө жетпесең – кишинин амал айласын жетерсиң» деген сөз.

Үч жылга болуш шайланат. Абалкы жылы: “Сени биз шайладыкпы?» – деп элдин куттуктоолору менен күн өтөт. Экинчи жылы кандидаттык менен аңдышып күнү өтөт. Үчүнчү жылы шайлоо жакындап, дагы болуш болуп калууга мүмкүндүк болор бекен деп күнү өтөт, эми эмнеси калды.

Ушу казак калкынын ушундай бузукулукка тартылып, жылдан жылга төмөндөп бара жаткандыгын көргөн соң, мага оюм келет: калктын болуштукка шайлайм деген кишиси баарына кадырлуу, орусча “образование“ билим алган киши болсун. Эгерде ортолорунда ошондой киши жок болсо же болсо да сыйлабаса, уезный начальник менен военный губернатордун “назначениеси“ кызматка дайындоосу менен болот десе, бул калкка пайдалуу болор эле. Анын себеби: Абалы кызматка кумар казак балдарына образование берүүгө ал да пайдалуу иш. Экинчиси – назначение менен болгон болуштар калкка эле милдеттүү болбостон, эми улуктарга да милдеттүү болор эле. Ооба, жана назначение кылганда тергөө сурагы барына карабаса, өтүрүк көп арыз берүүчүлөр азаяр эле, балким жоголор эле. Ооба, жана ар бир болуш элде старшина башы бир бийликке шайлагандык, бул калкка көп залал болгондугу көрүнүп сыналып билинди. Бул бийлик деген биздин казак ичинде ар бир шайланган кишинин колунан келбейди. Эшим хандын “эски жолу“; аз Тобокел хандын “Күн төбөнүн башында күндө кеңеш» болгон “Жети жаргысын“ законун билүү керекпи. Эми ал эски сөздөрдүн кайсынысы заман өзгөргөндүк менен эскирип, бул жаңы заманга келишпей турган болсо, анын ордуна татымы толук бийлик чыгарып, төлгө саларга жарарлык киши болушу керек эле, андай киши аз же такыр жок.

Мурунку казак жайын жакшы билген адамдар айтыптыр: “Бий экөө болсо, доо төртөө болот“ деп. Анын мааниси так болбосо жуп бийлер талашып доо көбөйө берет деп айтылган сөз. Антип бий көбөйткөнчө ар бир болуш элден толумдуу, билимдүү үч кишини бийликке тандап алып, үстүнө бирөөнү посредникке шайлап алып бийлей берсе. Эгер анда да ынтымакташа албаса, баягы үч бийдин бирөөнү алып, же жиребий менен шайлап алып жүрсө, ошондо доо узабай бүтүм болор эле.

(Уландысы бар)

Которгон Майрамбек САПАРБЕКОВ