КУНАНБАЕВ Абай: Ушу күндө айбандан да жаманбыз (которгон Майрамбек САПАРБЕКОВ)

«Керегем сага айтам, келиним сен ук»
Кыргыз накылы

Төртүнчү сөз

Ар бир байкаган адам билсе керек: Күлкү өзү бир мастык экенин, ар бир мас кишиден кополдук көп өтө тургандыгын, ар бир мастын сүйлөгөн кезинде баш ооруй тургандыгын. Мындай болгондо күлкүгө кабылган киши чарбадан, акылдан кур калып уятка каларлык ишти кополдукту көп өткөзүп олтурса керек. Ошондой кополдукту көп өткөзүп элебеген кишинин бул дүйнөдө да, тиги акыреттен да башы оорубай калса керек.

Ар бир убайым кайгыны ойлогон киши бул дүйнөнүн чарбасына, тигил акыреттин чарбасына да өзгөдөн тыканырак болушу керек. Ар бир тыкандыктын түбү кенч болсо керек. Эми андай болгондо түнт убайым кайгы менен жүрө алабызбы? Түнт, убайым, кайгыга жан чыдайт болду беке? Үндөбөй, күлбөй жүрө алабызбы, үндөбөй, күлбөй жүрүүгө жан чыдайт болду бекен? Жок, мен үндөбөй убайым кайгы менен бол дебейм.

Убайым кайгысыздыгың, убайым кайгы кылтагы, ошол убайым кайгысыздыктан кутуларлык орундуу аракет табуу керек, кам көрүү керек. Ар бир орундуу аракет өзү да убайым кайгыны азайтат, орунсуз күлкү менен азайткан кайгыны, орундуу арекет менен азайт.

Чыгаар эшигин таба албай, убайым кайгынын ичине кирип алып камалып калмак, ал өзү да ант ургандык жана ар бир кишинин кылыгына күлсөң, ага ырахаттанып күлбө, ыза болгондугуңдан күл, ызалуу күлкүнүн өзү да кайгы. Андай күлкүгө үнүңдү өзүң да чыгарбассың. Ар бир жакшы адамдын жакшылык тапканына ырахаттанып күлсөң, анын жакшылыкты жакшылыгынан тапканына курсант болуп күл. Ар бир курсант болуу да мастыкка жибербейт, убакыт менен токтолот. Көп күлкүнүн баарын мактаганым жок. Анын ичинде бир күлкү бар – кудай жараткан орундуу иштен, көкүрөктөн келбейт, колдон жасап сырты менен бетин-оозун түзөп, балкыган күлкүнүн үнүн коштоп сыпыйычылык үчүн күлгөн колдоо күлкү.

Адам баласы ыйлап туулат, кейип өлөт. Эки ортодо бул дүйнөнүн ырахаты кайда экенин билбейт. Бирин-бири аңдып, бирин-бири мактап, эзели кайран өмүрдү эскерүүсүз, бошко, жарамсыз кылык менен кор кылып өткөзөт да, издеген күнүндө бир күндүк өмүрдү бир малына сатып алууга таба албайт.

Куулук, саамак, көз сүзүп тиленип адам саамак – өнөрсүз иттин иши. Алды менен кудайга сыйынып, экинчи өз кайратыңа сүйөнүп эмгегиңди саа, эмгек кылсаң кара жер да берет, кур таштабайт.

Бешинчи сөз

Көкүрөктө толгон кайгы кишини өзүнө да билинбей бойду чымыратып, муунду бошотуп, же көздөн жаш болуп агат, же тилден сөз болуп агат. Казактар: “ Уа, кудай жаш баладай кайгысыз кыла көр! “ – деп тилек тилегенин өзүм көрдүм. Анысы жаш баладан көрө өзү эстүү киши болуп, эскерер нерсеси жоксунуп, кайгылуу киши болбогонунда. Кайгы не десең макалдарынан таанырасың: “ Түштүк өмүр болсо, күндүк мал жый.”, “Өзүңдө жок болсо, акең да жат “, “Мал – адамдын боор эти “, “ Малдуунун бети – жарык, малсыздын бети – чарык “, “ Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдо “, “ Берген пирди бузаар “, “ Алаган колум берешен “, “ Мал тапкан эрдин жазыгы жок “, “ Байдан үмүтсүз – кудайдан үмүтсүз “, “ Кардың ачса каралуу үйгө чап “, “ Айыңы жок көлдөн без, кайыры жок элден без “, — деген сөздөр көп, эсепсиз толуп жатат.

Бул макалдардан эмне чыкты? Маалим болду: казак тынчтык үчүн, илим үчүн, билим үчүн, адлеттик үчүн кам көрбөйт экен, ал малды кандайча табууну билбейт экен, бар билгени малдарды алдап мактап алмак экен, эгер малдуу болсо акесин жөөлөгөндү да уят көрбөйт экен. Айтор уурулук, куулук-шумдук, тилемчилик ушуга окшогон кылыктын кайсынысы болсо да — эптеп мал тапса, жазалуу дебеш керек экен. Ошолбу артыкчылыгың ? Колубуздагыны үлүштөтүп таратпасак, биз да өзүңдөй болсок дейт экен. Издеген элибиз ушулбу.

Алтынчы сөз

Казакта бир макал бар: “ Өнөр алды – бирлик, ырыс алды – тирлик “. Бирлик кандай элде болот, кантсе таттуу болот билбейт. Казак ойлойт: бирлик ат ортодо, аш ортодо, кийим ортодо, дөөлөт ортодо болсо экен дейт, андай болгондо байлыктан эмне пайда, кедейликтен эмне залал? Агайын курулай мал издеп эмне керек? Жок, бирлик – акылга бирлик, малга бирлик эмес. Малыңды берип олтурсаң, атасы башка, дини башка, күнү башкалар да жалданып бирлик кылат. Бирлик малга сатылса ант ургандыктын башы ошол. Агайын албай бирлик кылуусу керек, ошондо ар ким насибин кудайдан тилейт, антпесе кудайдан да тилебейт, чарбадан да издебейт. Алгач бири-бирине балээ издейт. Же түсүн, же ажарын, же өпкөсүн пулдап, ал болбосо, бир балээ салып корголотуп айтор бирин-бири алдоонун амалын издешет. Мунун кайсы жеринен бирлик чыкты?

“Ырыс алды — тирүүлүк “, дейт, ал кайсы тирүүлүк? Ал ушу жан көөдөндөн чыкпагандыкпы? Жок, андай тирүүлүк итте да бар. Андай тирүүлүктү кымбат көрүп, пулдаган адам өлүмдү жоо көрүп акыретке душман болот, жанын корголотуп жоодон качып, коркок атанып эмгек кылуудан, кызмат кылуудан качып, эринчек атанып, дүйнөдө алиги айтылган ырыска душман болот.

Ал айткан тирүүлүк алар эмес. Көкүрөгү, көңүлү тирүү болсо ошону айткан.Өзүң тирүү болсоң да көкүрөгүң өлүк болсо, акыл табууга сөз уга албайсың. Адал эмгек менен мал табууга жигердик кыла албайсың.

Кеселдүү жалкоо, калжаң баш.
Бекер тамак, бекер аш.
Сыртың – бышык, ичиң – пас.
Артын ойлоп уялбас, — болуп жүрүп тирүүмүн дебе, андан көрө Алла жиберген ак буйруктуу өлүмдүн өзү артык.

Жетинчи сөз

Жаш бала энеден туулганда эки түрдүү мүнөз менен туулат. Бирөө ичсем, жесем, уктасам деп турат. Булар – дендин кумары, булар болбосо ден соолук жанга конок үй боло албайт, бала өзү өспөйт, кубат таппайт. Бирөө билсем экен деп эмне көрсө ошого талпынып, жалтырак-жултуракка кызыгып оозуна салып, даамын татып карап, тамагына, бетине басып карап, сурнай-керней болсо, добушуна умтулуп, анан эр жетиңкирегенде ит үрсө да, мал чуулдаса да, бирөө күлсө да, бирөө ыйласа да тура жүгүрүп “ал эмне? – деп, ал эмнеге өтөт. «Бул эмнеге минтет?» — деп көзү көргөн, кулагы уккандын баарын сурап тынчтык көрбөйт. Мунун баары жан кумары, билсем экен, көрсөм экен, үйрөнсөм экен деген.

Дүйнөнүн көрүнгөн жана көрүнбөгөн сырын түгөлдөп, эч болбосо дааналап билбесе адамдыктын оорду толбойт. Аны билбеген соң, ал жан адам жаны болбой, айбан жан болот. Эзелтен Кудай таала айбандын жанынан адамдын жанын ири жараткан, ошонун өзгөчөлүгүн көрсөтүп жатканы. Ошол кубат жетпеген же толбогон эссиз бала күндөгү “ал эмне, бул эмне?“ – деп бир нерсе сурап билсем экен дегенде уйку, тамак да эсибизден чыгып кете турган кумарыбызды, эр жеткен соң акыл киргенде, ордун таап изденип, кишисин таап суранып, илим тапкандардын жолуна эмнеге салбайт экенбиз?

Ошол өрүштөтүп өрүшүбүздү узартып,кумарланып жыйган казаныбызды көбөйтүшүбүз керек. Бул жандын азыгы эле. Денден жан артык эле, денди жанга баш ийдириш керек эле. Жок, биз андай кылбадык, чөкөтаандай чуулдап, каргадай каркылдап, айылдагы боктон узабадык, жан бизди жаш күнүбүздөй билип жүргөн экен. Эр жеткен соң, күч жеткен соң ага бийлетпедик. Жанды денеге баш ургустук, эч нерсеге көңүл менен карабадык, көз менен карабадык, көңүл айтып турса ишенбедик. Көз менен көргөн нерсени да сыртын көргөнгө тойдук, сыры кандай болот деп көңүлгө албадык, аны билбеген кишинин эмнеси кетиптир дейбиз. Бирөө айтса да укпайбыз. Бирөө акыл айтса: “Өз билгениң – өзүңө, өз билгеним – өзүмө”, “Кишинин акылы менен бай болгончо, өз акылың менен жарды бол”, — деген дейбиз, андан артыгын билбейбиз, айтып турса укпайбыз.

Көкүрөктө шоола жок, көңүлдө ишеним жок. Кур көз менен көргөн биздин айбан малдан эмнебиз артык. Кайта бала күнүбүздө жакшы экенбиз. Билсек да, билбесек да,билсек экен деген адамдын баласы экенбиз. Эми ушу күндө айбандан да жаманбыз. Айбан билбесе билемин деп талашпайт. Биз түк билбейбиз, биз да билебиз деп наадандыгыбызты билимдүүлөргө бербей талашканда, өлөр-тирилерибизди билбей. Күрөө тамырыбызды адырайтып кетебиз.

Которгон Майрамбек САПАРБЕКОВ