КУНАНБАЕВ Абай: Алыкенин адабий архивиндеги Абайдын асыл ойлору (которгон Алым ТОКТОМУШЕВ)

Биринчи сөз

Бул жашка келгиче жакшы өтөдүкпү, жаман өтөдүкпү, айтор бир далай өмүр сүрдүк: алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык — убаракерлик уюгунда келдик. Эми жер ортосу дегидей жашка жеттик: жасаган ишибиздин бардыгынын баянсызын, байлоосу жоктугун көрдүк, баары корчулук экенин билдик. Ал эми калган өмүрүбүздү кантип, не кылып өткөрөбүз? Ушул суроонун өтөсүнө чыгалбай, өзүмдүн да башым маң.

Эл башкаруу керекпи? Жок, эл эч качан башкартпайт. Айыкпас дартка кайылмын деген киши же жүрөгү жалындап токтоналбаган жаштар бул кадамга барбаса, кудай, биздин жүздү андайдан ары кыл!

Мал багуу керекпи? Жок, багалбайм. Өзүнө керек малды балдар өзү багып алар. Эми картайганда анын кайтарымын өзүң көралмак түгүл, ууру, залим, тилемчилердин азыгын багып берем деп, эчкинин жашындай калган өмүрүмдү кор кыла турган жөнүм жок.

Илим багуу керекпи? Жок, илим багуу үчүн да илим тилин түшүнүп, сүйлөшөр адам керек. Ал жок. Билгениңди кимге үйрөтөсүң, билбегениңди кимден сурайсың? Кездемени жайып салып, кайчы, үлгү колуңа алып, ээн талаа, эрме чөлдө отурганыңдан эмне опоо? Муңдашып, сырдашып чер жазар кишиң болбогон соң, илим, тек тез картайта турган күйүт.

Сопулук кылып, аны багуу керекпи? Жок, ал да болбойт, ага да тынчтык керек. Не көңүлдө, не көргөн күнүңдө тынчтык бербеген ушул эл, ушул жерде дилиңди кантип динге айлантасың!

Балким балдарды багуу керектир? Жок, багалбайм! Багар элем, кандай максат аркалап багуунун маани-маңызын да билбейм. Не болсун деп багам, кой элге кошуп, кой максатка жумшайын деп багам? Алдыдагы өмүр, билим үзүрүн бейпил турмуш менен көрөр орун балдарымдын өзүнө тапканым жок, не кыл дээримди билалбай турмун, анан не бол деп багам? Андай милдетти да асырай албайт экем.

Акыры ойлодум: ушул оюма келген нерселерди кагазга түшүрө берейин, ак кагаз менен кара сыяны эрмек кылайын, кимде ким ичинен өзүнө керектүү сөз тапса жазып алсын, окусун, кереги жок десе, өз сөзүм өзүмдүкү дедим да, акыры ушуга бел байладым, эми мындан башка эч бир ишим жок.

«РухЭштен» эскертүү: Алым Токтомушевдин кол жазмаларынын арасынан Абайдын бул эмгектеринин арасынан «Экинчи сөзүн» таба алганыбыз жок.

Үчүнчү сөз

Казак эмне үчүн бири-бири менен тытышат? Эмне үчүн биринин тилин бири түшүнбөйт? Эмне үчүн бири-бирине ачык айтып, ак сүйлөбөйт? Эмне үчүн бийлик десе тытынып өлөт? Жеткен жалкоо, ашкан эринчээктигинин себеби эмнеде?

Дүйнөгө аты дүң акылмандар небак байкаган: жалкоо киши – коркок, кайратсыз тартат, кайратсыз киши – коркок, мактангыч келет; мактангыч киши – коркок, акылсыз наадан болот; акылсыз киши – наадан, арсыз; а арсыз киши жалкоодон үмтөтөт, өзү эчкачан тоюнбайт, тыйынбайт, өнөрдөн куру жалак, эч кимге жакшылыгы жок болот.

Мунун бардыгынын төрт аяктуу малды кантип көбөйтөмдөн башка ой-санаасы жоктугуна байланыштуу; эгин эгип, суу сугарып, соода кылып, өнөр издесе андай болмок эмес.

Жок, жалаң мал издеген адамда өзүмдүн да малым көп болсо, балдарымдыкы да көп болсодон башка максат-маңызы жок. Мал көбөйсө, албетте малчыларга бактырат, өзү күндүзү кымыз, түнү кыз дегендей кызык өмүр сүрүүгө гана куштар.

Кыштоосу тарыса, арыз жеткирип, сый өткөрүп, жалабас жерди жалап, бирөөлөрдүн кыштоосун тартып алмак, сатып алмак, эптеп алмак. Антип кыштоосунан айрылган башка бирөө башкаларга тийишмек же орун таппай башка жакка ооп кетмек. Ар казактын ою ушу.

Анан кантип ушулар бири-бирине жакшылык ойлосун? Кедей көп болсо, эмгегине төлөнөр акы аз болот, малынан айрылгандар арбыса, кыштоо бошойт мүдөөсү менен мен аны кедей болсо экен деп, ал мени кедей болсо экен деп касташып, басташып, соттошуп, партиялашып атабыз. Ошол кастардын катыгын берүү үчүн, мал жыйууга күч жетимдүү болуш үчүн кызмат, боштук, бийлик талашып атабыз.

…Уурулар тыйылбай атыр. Эл тынч болсо, анын уурулугун эчким жөлөп-таямак эмес. Эл эки тарап болгон соң, уурулар да колдогон тарапка сүйөнүп кутурууда.

Элге сап болор адамдарга жалган жалаа жаап, “бизди чапты, талады” деп арыз берип, кылмыш иш козготуу күч. Аларды жоопко чакырган тергөө жүрүп жатат. Көрбөгөнүн көргөм деп жанын жеген күбөлөр да алда качан дайындалган. Таза адамдар шайлоого жетпей, бийликке өтпөй тушалып атат.

…А болуш болгондор, өзү арам жол менен болуштукка жеткен соң, момун, таза адамды кадырлабайт.

Өзүмө дос болуп жардамы тиет, эгер касташсам зыяны тийбесин деп өзүндөй арамзаа, шумпайларды кадырлайт.

Ушу күндө казак ичинде “Иш билбейт, киши билет” деген учкул сөз чыкты. Анын мааниси: “Көздөгөнүңө ишиң менен эмес, кишиң аркылуу жетесиң” деген сөз.

Болуш үч жылга шайланат. Биринчи жыл “сени биз шайлабадык беле” деген элдин милдет-колкосу менен өтөт. Экинчи жылды келерки атаандашы менен алышып жүрүп өткөрөт. Үчүнчү жылды шайлоого жакындап дагы болуш болор бекем менен өткөрөт. Анан эмнеси калат?

Казак калкынын ушинтип кадыры кетип, жылдан жылга төмөндөп баратканын көрүп, менин оюма булар келди: калктын болуштукка шайлайм деген кишиси аз да болсо орусча билим алган киши болсун. Агер арасында андай киши жок болсо же андай кишини шайлагысы келбесе, уезд начальниги менен аскер губернатору тарабынан дайындалган пайдалуу. Биринчиден, кызматка кумар казактар балдарына билим алдырат, экинчиден дайындалган болуштар жергиликтүү билермандарга эмес, жогорку бийликке милдеткер болот. Андай болгондон кийин ушак, жалган жалаа жамынган арыздар азаят.

Казак жайын жакшы билген мурунку адамдар: “Бий экөө болсо, доо төртөө болот” Анын мааниси-так болбосо, жуп билерлер талашып доо көбөйөт дегендик. Бийди антип көбөйткөнчө, ар бир болуш элден үчтөн толумдуу-билимдүү киши шайлап алсак, алар жаманчылыгы  ашкере ачык болгондо гана кызматтан түшсө, антпесе түшпөсө…

Төртүнчү сөз

Баамчыл адам байкаса керек: калжаң каткырык а деле бир мастык. А мастык жасаганы жан оорутат, сүйлөгөнү баш оорутат. Кайран иштин баарын калжаңга айландырган киши не абийирден, не акылдан куру калып, иштеген ишин ийине жеткирбес. Ошону менен өмүр өтөт, эмне кылганын элебеген киши бу дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да жазасыз калбас.

Ар бир убайым-кайгы ойлогуч киши а дүйнөнүн да, бу дүйнөнүн да жайын ойлойт. Ошонун өзү кенч болсо керек. Ошондой экен деп эле убайым-кайгыга чөгө беребизби? Ага адам өмүрү түтөбү? Өмүрү күлбөй өтүүгө жан чыдайбы? Жок, өмүрүң ылайым убайым-кайгы менен өтсүн дебейм. Убайым кайгысыздыгыңа убайым-кайгы кыл дагы, ошол убайым-кайгысыздыктан кутулуунун камын көр. Ошол кам көрүүнүн өзү убайым-кайгыны азайтат, орунсуз күлкү менен азайтпа кайгыны, орундуу аракет менен азайт.

Убайым-кайгынын ичине кирип алып, чыгар эшигин табалбай калуу өзү азап, өзү бир ант ургандык. Жаман кишинин кылыгына күлсөң, ыракаттанып күлбө, ыза болуп күл, ызалуу күлкүнүн өзү да кайгы. Андай күлкүгө ылайым өзүң да кабылбассың, ар бир жакшы адамдын жакшылык тапканына ыракаттанып күлсөң, анын жакшылыкты жакшылыктан тапканына ийбарат кылып күл. Андай ийбарат акмактын өзүн да мастыкка жеткирбей, өз убагында токтотот.

Күлкүнүн барын эле мактаганым жок, анын ичинде бир күлкү бар-гой: кудай жараткан жол — көкүрөктөн келбейт, сырты менен бет — оозун түзөп, күлкүнүн байма-бай бабын келтирип, суктандырып сулуулук жараткан күлкү.

Адам баласы дүйнөгө ыйлап туулуп, кейип кетет. Эки ортодо бул дүйнөнүн ыракаты кайда экенин билбей, бирин-бири аңдып, бири-бирине мактанып, эсил өмүрдүн эбин таппай талаага чачып, жарамсыз ишке жумшап, анан өтүп кеткен соң бир күндүк өмүрүн бүткүл малына сатып алалбайт.

Кудуңдап-шудуңдап, тиленип-суранып жашамак — өнөрсүз иттин иши. Абалы кудайга сыйынып, экинчи өз кайратыңа сүйөнүп, эңкейип эмгек кыл. Эмгегиңди жер жебейт.

Бешинчи сөз

Көкүрөк толгон кайгы кишини өзүнө да бийлетпей муунду бошотуп, бойду алып, же көздөн жаш болуп тамат, же тилден сөз болуп агат. Казактар: “О, кудай, жаш баладай кайгысыз жасай көр!” деп жалынганын көп көрдүм. Анысы өзүн жашоонун кайгы-касиетин көп тарткан жапакеч санап, жаш балдардан акылдуусунганы. Кайгысы кайсы десең, макалдарын карап көр: “Түштүк өмүрүң болсо, күндүгүнө дүйнө жый”, “Өзүңдө жок болсо, өз атаң да жат”, “Малдуунун жүзү-жарык, малсыздын бети-чарык”, “Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон”, “Эр байлыгы элде, эриккенде колдо”, «Береген чеп бузат”, “Алаган колум-береген”, “Мал тапкан эрдин жазыгы жок”, “Кудайдан эмес, байдан үмтөт”, “Кардың ачса, каралуу үйгө чап”, “Кайыгы жок көлдөн кач, кайыры жок элден кач”. Мындай макал-лакаптар эсепсиз.

Бул макалдар эмнени айтат? Казак эч качан тынчтык, акыйкат, актык үчүн, илим, билим үчүн кам жебестигин. Казак байлык үчүн башын казыктай сайып, бирок байлыкты кантип табууну билбестигин. Бир билгени — байлары мактап, жактап, алдап бирдеме өндүрөрүн, эгер өнбөсө, аны өлөрчө душман санап, өчөгүшүп өтөрүн. Байлык үчүн атасын да аябастыгын. Уурулукпу, шумпай-шумдукпу, тилемчиликпи, айтор ар кандай жол менен эптеп мал тапсаң болду — сени эч ким айыптабайт…

Булардын акылы жаш балдардыкынан эмнеси артык? Жаш балдар го, очокто кызарып күйүп аткан оттон коркот, буларың тозок отунан да коркпойт. Балдар уялганынан жерге кирип кете жаздайт, буларың уят деген эмне экендигин да билбейт. Артыкчылыгы ошобу? Буларга колубуздагыны талашпасак, танапташ кылып бөлүп бербесек, же биз өздөрүндөй болбосок — бизден безип, кечип кетүүгө даяр. Эңсеген элибиз ушундайбы?

Алтынчы сөз

Казактын бир макалы: “Өнөр алды — бирдик, ырыс алды — тирилик” дейт. Бирдик кандай элде болот, кандай болсо бекемделет — билбейт. Казак: ат ортодо, аш ортодо, кийим ортодо, дөөлөт ортодо болсо эле бирдик ойнойт деп ойлойт. Андай болсо байлыктан не опоо да, жардылыктан не жапаа? Агайындан айрылышпай  байлык издеп не керек? Ушу бирдикпи? Жок, бирдик деген көроокаттын бирдиги эмес, акылдын бирдиги. Байлыгыңды бөлсөң, атасы башка, дини башка, күнү башкалар деле жалданып бирдик кылат. Бирдик байлыкка сатылса, анык ант ургандык ошол. Агайындар алайын деп жутунбай бирдик күтсө, аркими насибин кудайдан тилейт, антпесе кудайдан да тилебейт, чара да издебейт. Тескерисинче, бири-бирине балээ издейт: бетин сатат, жүзүн сатат, бирин бири алдайт, арбайт. Кана, ушундан кай бирдикти табасың?

“Ырыс алды — тирлик” дейт. Ал кай тирлик? Жан көөдөн чыкпаса эле тириликпи? Жок, андай тирилик итте деле бар. Андай тириликти пир туткан адам өлүмдөн коркот, акыретке душман болот. Жанын корголотуп, жоодон качат, коркок атанат, эмгек кылуудан, кызмат өтөөдөн эригип, дүйнөдө алиги айтылган ырыскыдан куру калат.

Тигил айтылган тирлик бул эмес. Көкүрөгү, көңүлү тирүү болсо, ошол тирлик. Өзүң тирүү болуп, көкүрөгүң өлүү болсо, эч ким сени жөлөп тургуза албайт. Адал эмгек менен жан багууга жигериң жетпейт.

Кеселдүү жалкоо, кылжак баш,
Бекер тамак, белен аш,
Сырты — сыпаа, ичи — пас,
Артын ойлоп уялбас, —

болуп жүрүп, тирүүмүн дебе, андан көрө ак жазган өлүм артык.

Жетинчи сөз

Бала энеден эки мүнөз менен туулат. Бири — ичсем, жесем, уктасам деп туулат. Булар — дендин кумары, булар болбосо — ден жанга конок үй боло албайт, өзү да өсүп, кубат албайт. Бирөө — “билсем экен” мүнөзү. Эмне көрсө ошого талпынып, жалтыр-жултурдун бардыгына кызыгып, оозуна салып, даамын татып, бооруна кысып, бетине басып, керней-сурнай болсо үнүнө умтулуп, андан да чоңойгондо ит үрсө да, кой маараса да, бирөө ыйласа да, бирөө күлсө да тура жүгүрүп, “ал эмне?”, “бул эмне?”, “ал неге антет?”, “бул неге минтет?” деп көзү көргөн, кулагы эшиткендин баарын сурап, тынчтык бербейт. Мунун баары — жан кумары, билсем экен, көрсөм экен, үйрөнсөм экен деген.

Дүйнөнүн көрүнгөн да, көрүнбөгөн да сырын түгөлдөп, эң болбосо этек жеңин билбесе, адам адам болбойт. Антпесе адам жанын айбан жанынан айырмасы не? Кудай таала айбандан адам жанын ошонусу менен айырмалап жараткан. Ошол кубат жетпеген, мээ толбогон эссиз бала күндөгү “бул эмне, ал эмне?” деп, бир нерсени таанып-билсем дегенде, уйку, тамак да эстен чыгып, ак эткенден так эткен кумарды эр жеткенде, акыл киргенде эмне унутабыз? Ордун таап изденип, кишисин таап суранып, илим тапкандардын жолуна неге түшпөйбүз?

Өрүштөн өрүш өңүп, кумарланып жыйган ошол казына жаныбыздын азыгы эмеспи. Дене кумарынан жанкумары артык, денени жанга баш ийдиришибиз керек. Жок, биз антпедик, кузгундай куркулдап, каргадай каркылдап айыл четиндеги кыктан узабадык. Жан бизди жаш кезибизде эле бийлептир. Эр жетип, күч толгон соң бийлетпей калдык. Жанды денеге баш ийдирдик, эч нерсеге көңүл менен карабадык, көз менен карадык, көңүл айтып турса да ишенбедик. Көз менен көргөндүн да сыртына тоёбуз. Ичи кандай деп ойлобойбуз. Аны билбеген киши өлүп кетмек беле дейбиз. Бирөө айтса да укпайбыз. Акыл айтканга: “Өз билгениң — өзүңө, өз билгеним — өзүмө”, “Башканын акылы менен бай болгончо, өз акылың менен жарды бол” деп жаагын жап кылабыз. Артыкчылыгын билбейбиз, айтып турса укпайбыз.

Көкүрөктө шоола жок, көңүлдө ишеним жок. Жалаң көзгө ишенип жашаган айбандан айырмабыз не? Тескерисинче, бала кезибизде тетик экенбиз. Билсек да, билбесек да, билсек экен деген адамдын баласы экенбиз. Азыр айбандан да жаманбыз. Айбан билбейт, билем деп талашпайт. Биз эч нерсе билбейбиз, бирок билем деп тамагыбыз айрылганча талашабыз, наадандыгыбызды билим катары таңуулоого аракет жасайбыз.

Сегизинчи сөз

Ушул акылды ким үйрөнүп, насыятты ким тыңдайт? Бирөө — болуш, бирөө — бий. Алардын акыл үйрөнөйүн, насыят тыңдайын деген ою болсо, ал орунга шайланып отурмак эмес. Алар өзүн озук ойлойт, бирөөлөргө үлгү көрсөтүп, акыл айтабыз деп шайланат. Алар өздөрү ар тараптан өнүп-өскөн, эми элди өстүрмөгү калган. Алар айткан акылды кантип уксун, угайын десе убактысы барбы? Алардын башы да бош эмес: улугуна уят болуп каламбы, калк арасын бүлүндүрүп аламбы, бузукулардын бутасына илинемби, өзүм чыгым болуп, анын ордун толтуралбай каламбы? — деп бирөөнү жетелеп, бирөөнү бөпөлөй турган мээнеттин баары башында, колу да тийбейт.

Байларбы? Алардын башына бир күн болсо да бакыт конуп, дүйнөнүн жарымы жанымда деп турган кезеңи. Өзүндө жокту малга сатып алат. Көңүлү көктө, көзү асманда, алар үчүн адалдык, арамдык, акыл, илим, билимден мал кымбат. Мал болсо кудай тааланы да каралап алса болот дейт. Анын деми, кудайы, калкы, журту, билим-уяты, алысы, жакыны — баары мал. Анан сөз укмак беле? Угайын десе колу да тийеби? Малга чөп бериш керек, сугарыш керек, кайтарыш, багыш керек, соодалаш керек, ууру-бөрү, кыш, суук-сугалактан сакташ керек, анын баарын аткараар киши жалдаш керек. Анын баарын жайгарып, көкүрөк керип, көөдөн көтөргөнгө жеткенче качан? Колу тийбейт.

Ууру-залим, шум шылуундар да тыңшабайт. Анча мынча кой күткөн коңшулар өз күнүн тыңдап өтөй албай жүр. Байларга кереги жок акыл, илим-билим аларга керекпи? Илим-билим кедейге такыр кереги жоктой: “Бизди эмне кыласың, ал сөзүңдү угар жерге айт” дейт. Дүйнөнүн түбү түшүп кетсе да алардын иши жок. Өздөрү катарлуулар менен күн көргөнүнө курсант.

Тогузунчу сөз

Мына мен деле казакмын. Казакты жакшы көрөмбү, жаман көрөмбү? Жакшы көрсөм кулк-мүнөзүн туурабайт белем. Ар кыймылынан адам не жакшы көрөрлүк, не көңүлгө түйөрлүк бир нерсе таппайт белем. Ошону менен үмүткө канат байланмак, анысы болбосо, мунусу бар эмеспи деп, сүйлөшмөк эмесмин, сырдаш, муңдаш, кеңештеш болмок эмесмин. Тобуңа тойдум деп барбай, “не кылды, не болду?” санаа чекпей жамбаштап жатмакмын. Ага да чыдабасам, арасынан көчө качмакмын. Буларың жөндөйүң десең жөндөлөт, үйрөтөйүн десең үйрөнөт деген үмүтүм жок. Андай сезимден куржалакмын. Бул кандай. Бул айткандардын бирин тутпаса болбойт ко.

Мен өзүм тирүүмүн дегеним менен чын тирүү эмесмин. Ушуларга ыза болгонуманбы, өзүмө өзүм ыза болгонуманбы же башка себептери барбы,- билбейм. Сыртым соо болгону менен ичим өлүп калыптыр. Ачуулансам, ызалана албайм. Күлсөм, кубана албайм. Сүйлөсөм өз сөзүм эмес, күлкүм өз күлкүм эмес, баары эле алда кимдики.

Кайратым ашып-ташып турган кезимде казакты кыйып бөтөн жакка кетмек түгүл, өзүн өзөлөнүп жакшы көрүп, үмтөтүп жүрүпмүн. Кандайлыгына көзүм жетип, үмүтүм үзүлгөн кезде башка жакка барып, жатты өз кылып, үйүр-үй күтөр кайрат жалын түгөнгөн экен. Ошол себептен көөдөн көңдөй челектей бош. Бир четинен бу дагы жакшыбы дейм: өлөр кезде “аттигиниң ай, андай, мындай кубанычтарым калды” деп азап тартпай, артка кылчактабай, алдыны тик карап кете берүүгө.

Онунчу сөз

Бирөөлөр кудайдан бала тилейт. Баланы эмне кылат? Өлсөм ордумду бассын дейт. Артыман куран окусун дейт. Картайганда баксын дейт. Андан башкасы барбы?

Балам ордумду бассын дегени эмне? Өзүңдөн калган дүнүйө ээсиз калбасын дегениңби? Калган дүйнөнүн камын сен жейсиңби? Өлүп бара жатканда өзгөдөн кызганып айтканыңбы? Өзгөгө кыйбай турган сенин не өзгөчө ордун бар? Баланын жакшысы — кубаныч, жаманы — кайгы. Кудай кандайын берерин билип сурап атырсыңбы? Дүйнөдө өзүңдүн тарткан  азабың аз болдубу? Эми бала туудуруп, аны да ит кылууга, ага да азап тарттырууга мынча эмне ашыктың?

Балам артыман куран окусун десең, тирүүлүктө жакшылык кылган кишиң көп болсо, ким куран окубайт? Жаманчылык көп кылсаң, балаңдын куранынын жардамы не? Тирүүлүктө өзүң кылбаган ишти өлгөн соң балаң кесип тутуп аткарып береби?

Акырет үчүн бала тилегениң — балам жашында өлсүн дегениң. Эгерде  эр жетсин десең, өзү эр жетип, ата-энесин тушактан куткарар бала казактан туулар бекен? Андай баланы сендей ата сенин элиңдей эл асырап өстүрөр бекен?

Картайганда асырайт деген бу да карайлагандагы сөз. Абалы өзүң каруудан кайтарлык карылыкка жетесиңби, жокпу? Экинчиден, балаң сени картайганда көзүң менен тең айланып багып алар жан-тен менен туулабы, жокпу? Үчүнчүдөн, колуңда малың болсо, сени ким асырабайт? Малың жок болсо, сени бакканын мааниси кайсы? Балаң жыйган дүйнөңдү асырап алабы же чачып салабы-а, – дагы белгисиз.

Кош, кудай таала бала берди, аны өзүң жакшы асырай аласыңбы? Албайсың. Демек, мурдагы өз күнөөңдү өзүң көтөрмөк тургай, балаңдын күнөөсүнө да орток болгонуң ошол.

Абалы “аны берем, муну берем” деп балаңды өзүң алдайсың. Алдап койгонуңа  курсант болуп көкүрөк кагасың. Анан балаң алдамчы чыкса, кимден көрөсүң? “Сөк!” деп бирөөнү сөктүрөсүң, “бу чын тийбеске теңелбе” деп эки жүздүүлүккө  үйрөтөсүң, билим берээрде молдонун арзанын издеп, эптеп кат тааныганына  каниет кыласың. Куу бол, шум бол, “баланчанын баласы сени сыртыңан бажарып кетти” деп тирүү жанга ишенбөөгө үйрөтөсүң. Тапкан таалимиң ушубу? Ошондой өскөн баладан кандай өрнөк күтөсүң?

Дүйнө жыйайын, мал табайын дейсиң. Анын маңызы эмне? Аларды абалы кудайдан сурадыңбы? Сурадың. Кудай берди, бергенине каниет кылдыңбы? Жок. Кудай таала сага эмгек этип, мал табарлык кубат берди. Ал кубатты эмнеге адал аракетке жумшадыңбы? Жок. Ал кубаттын ордун таап, орун-орчорлукка жумшай турган билим берди, аны окубайсың. Ал билимди окуса, дүйнө тааныр акыл берди. Аны кайда жумшаганыңды ким билет? Эңкейип эмгек кылса, илмейип издесе, оңутун таап иштесе, ким бай болбойт? Андай аракет сага жат. Сеники — бу жерден жулуп алсам, бу жерден улуп алсам, бу жерден каргап, бу жерден алдап алсам деген аракет.

Кыргызчалаган Алым ТОКТОМУШЕВ