КЫСАКЮРЕК Нежип Фазыл: Кожогелди Култегин түрк тилинен которгон Нежип Фазылдын ырлары

АЯЛДАРДЫН БУТТАРЫ
Мустафа Шекибге

Аял буту баскан жерде – жүрөгүм,
Басып эзген сайын жыргайт: “Бас! Эз!..”– деп.
Өмүр-жолдо суроо салса бирөө бир –
Баратам дейм аял изин аздектеп.

Күлкү коштойт аялзатын, ый коштойт,
Жакыныраак көздөн мурда бутуна.
Туруш-турпат, ийкеми анын тилге окшойт,
Аял барда лам дебе да, упура.

Ичке устунда – Кудай берген сулуулук!
Имараттар алганбы өрнөк буттардан?!
Жабуу астында турган сымал улуулук!
Чолпонду айайм мармар ташка тушталган…

Кудай-Элес жүр мойунда тагылып,
Демек, динин айтып турат жообундай.
Аял буту сыласа тур багынып,
Ал – Исанын (Пайгамбардын) колундай.

ӨЛБӨСТҮК
Токойдогу кесик камыш-түтүкпүз,
Уңулдайбыз шамал үйлөп жатса не?
Караңгыдан бул дүйнөгө түшүп биз,
Катар-катар бейит көрдүк. Башка не?..

Өлбөстүк ал – баш сөз, соң сөз! Батабыз!
Өлбөс үчүн күрөштө өлүп жатабыз!
Бер, Жараткан, биримдикти тажагыс,
Өтпөс ирмем, өчпөс ирең?! Башка не?..

ЖОЛДОР ЖАНА АСМАНДАР
Үстү-үстүндө, асты-астында –
Асман, жолдор ашташ мында!

Кат-кат асман – жазылымдар,
Жол бутактап – мажүрүм тал.

Кай тарапка жолдор кеткен?
Асман эмне ойлойт экен?

Асман сырдуу – самайт аңыз.
Аны издеп жол – тарайт алыс.

Титирешет сууда Асмандар!
Жолдор – сууда адашкандар!

Асмандардын жүзү жерде!
Жолдордуку – үстү ченде!

Бул жолдордо издерибиз.
Бул асманда изденүүбүз!

Жолдор, мени алпаргыла!
Асмандарым, каршы алгыла!

КОШТОШУУ
Колумдагы тынчтыктын тамырын карма,
Кармап – көңлүм көтөрүп ийсеңчи бачым:
Көзүң чапчып чачымды – тартылып алга,
Көздөрүмө улгайган кирсеңчи азыр.

Жөнө, тургун, узатат көлөкөң, демек,
Кичирейип узактан – көрүнбөө керек,
Бурулушта а бирок – өмүргө белек –
Бук чыгара бир ирмем кылчайчы азыр.

Капташып тур: жылдардын селине үмүт,
Сапырылган чачыңа, жеңиңе үмүт,
Жалбырактай куураган жериңе үмүт,
Кааласаң сен шамалга учурчу азыр…

КӨЗДӨР
Күл болобуз – жалынбыз,
Күйбөй жалгыз көз калат.
Бүлүнөт – жок жаныбыз,
Бүтүн бойдон көз жанат.

Жылдыз болуп ар бири,
Жымыңдашат жан-дили!
Көңдөй баштан кай бири –
Көрбөс бойдон көз калат…

ӨТКӨН ИРМЕМДЕРИМ
Ким билсин, кайдасыңар,
Өткөргөн ирмемдерим –
Пайдасыз, пайдасы бар.

Чочулайм, жылдыздардын
Кулаган жериндеби –
Ыргышкан, ыргышты арбын.

Аластап кирсем азыр
Жүзүңөр көрүнөр дейм –
Жаркырап бирден асыл.

Жүзүмдө турасыңар,
Карасам сууну эңилип –
А балким, тунасыңар.

Кетишкен бүт сулуулар,
Кучактап калган бирин –
Ошолбу туткунуңар?

Күнү да, сааты келди,
Күнөөкөр – менмин, бер дейм
Эки кез даакы жерди…

ТООЛОРГО ЧЫГЫП ЫРДАГЫН
Колуңа кармагын бир таяк,
Тоого чык, ырда анан сыр катпай.
Ошондо шаар сага ырсаят
Кардондон жасалган кыштактай.

Шаа боюң көк тиреп күчтөнсүн!
Шаарда сен бөжүрөп бүткөнсүң,
Дөө болгуң келчү эле – бүт көрсүн,
Тоодо бул ырдагын тынч жатпай!

ПАРДАЛАР
Пардалар, калың пардалар,
Ар жерде, ар кыл жайда алар!
Терезе, эшик, өткөөлдө,
Кемерде, кең да, тарда алар!
Пардалар, калың пардалар.

Сүйгөндөр – жүздөн шам жанаар,
Сүйүнтпөй, азыр кайда алар?
Бактысын тааптыр – парданын
Артында – чыкпас жайда алар.
Пардалар, калың пардалар.

Көңүлдө дагы парда бар,
Көйкөлтүп ачаар арга бар!
Тоолордун этек туман го,
Тоскучту “белге” кармап ал.
Пардалар, калың пардалар.

Пардага түптүз барган ал –
Баш менен дубал жарган ал!
Багыттар, жолдор адашып,
Башкача сөздөр жалганаар!
Пардалар, калың пардалар.

Бир даана данды кармаңар –
Бир далай кийим анда бар.
Жетишке ачка карынга
Жетимиш тоскоол жалганаар.
Пардалар, калың пардалар.

Жашоонун соңу – пардалар…
Жайнамаз болуп алган ал.
Ошону менен аруулан,
О дүйнө үчүн жардам ал!
Пардалар, калың пардалар.

КҮНӨӨ
Адамдардын ар күнөөсү
үчүн айып менде бар,
Күнөө деген – узун кербен, учу менде, тергеп ал!

БАКТА ОЛТУРГАН КАРЫЯ
Жылдар, жылдар – анын нурлуу жаагынан
Жылт-жулт эте көзжаш болуп аккандай.
Жайнап жерде жалбырак-чач дагы улам,
Буту астында шолоктоп Күз жаткандай.

Көк мейкинде кызарган бир “оюк” тур,
Көзү чалдын караңгыга толуп тур,
Иңир – кайгы пешенеге конуп тур,
Эриндери жымжырттыкты каткандай.

Күйөт кагаз. Бир сап жазуу билинди-аа,
Карартууда ал жазууну иңир да,
Унутулат ушинетип өмүр да –
Ушул бактан учсуз жакка качкандай.