ЛЕВЧЕВ Любомир: Ырлар

* * *

Кайтып келдим кечинде мен үйүмө.

Капысынан кимдир-бирөө ийнимден

карс эттире кармады.

Шарт бурулуп жылмайганча карасам

жан-жагымда эч ким жок.

Анан гана ийнимден

ай астында жарк этти

аябай чоң саргыч-кызыл алакан –

жайылган бир

жалбырагы каштандын.

Жаркылдап тур

жагып мага ушул кеч.

Абай салып турган окшойт баятан,

апам мага үн катты:

— Ана, кайра таптың эски досуңду!

 

* * *

Биздин ушу көчөдө

бир айныган дарак өсүп алыптыр.

Жазындасы эргулуң

жайнап-гүлдөйт

башкалардан башкача,

туура он күн эртерээк.

Тун сүйүүнүн ээлерине ар кечте

турат жомоктогудай

гүлтаажысын

күлпөт менен кийгизип.

Ушул укмуш гүлтаажыны кийгендер

койкоңдошуп, баарынан бай сезинген

кожоюнга айланбаспы жердеги.

Бүгүн бир жүк машине

түтүктөрүн канализациянын

түшүргөнү ушул жакка келатып

сүзгөн экен – бүкөнбара кулаптыр

бөтөнчө ошол өсүмдүк.

Башка бардык дарактар

бапырашып гүлдөйт… гүлдөйт мына эми.

 

БАЛДАРДЫН ТҮШҮ

Түн бир маалда ойгонуп,

турдум суусун ичкени.

Көрдүм анан кандайча

көөшүгөнүн дүйнө менин канымда…

Эх, чоңдор, биз түшкө да

этияттап киребиз

эң маанилүү мекемеге киргендей:

кыл-адистер сыяктанып кыйратчу

кырданабыз зымпыйып.

Балдар ана, кандай сонун укташат!

Баатырлардай чоң казаттан кийинки

чоюлушуп жатат майдан талаада.

Комсоо көзгө – колдору бул үшүгөн.

Азыр эле колдору бул туу кармап,

айгай сала ыргап-тоскон жеңишти!

Балким, дале кармап тур.

Башка жоокер

жерге шылк деп атынан,

жеңилбеди а бирок.

Ак шейшепте мына бул

азыр эле тарс жарылган каратып

снаряды душмандын.

Бул театр,

бул согуштук театр

көкөлөттү

көңүлүмдү те кайда…

Артык жеңиш – жеңишинен согуштун

а чынында жок окшойт

адамзатка жортуулчул!

 

ТОСТ

Сүйлөйүн.

Туруп да алдым.

Тымтырстык тыноо какпай уюп калды.

Бүт болгон боюм менен турганымды-айт.

Бүйрөрөөк тост белендеп сунмагым – шарт.

Мыкчылып турат рюмка

мыкты кол гранаттай.

Ыргытчу болсом аны

бир азда… төрт ирмемде

быт-чыты чыгат жердин кыяматтай…

Арты анан?..

Аны койчу!

Алайып күтүшүүдө. Баштоом керек.

Урматтуу достор! Достор!

Ушу биз баарыбыз тең элден чыктык.

Бир кезде менин апам

иштечү айнек-ийдиш заводунда.

Ийдиштин чекелерин тегиздөөчү

айланып-зуулап жаткан ташка тосуп.

Кантип мен айтсам… м-да…

кадимки чоргодон суу агып мында,

айланып турчу чарык тептегерек.

А бардык ыстакандар

чарыкка чарыкталып өтүү керек

жардамы менен колдун.

Ошентип уч-миздери жылмаланып…

ооз-илеп кесилбей эч,

ой-келди жутуп канча жыргабадык!

Айтып мен олтурбайын

а суулар ревматизм болтурганын,

апамдын тамырга окшош

ийрейген манжаларын,

иши үчүн канча алаарын.

Ошентип жүрсө да апам

оо, мени болсо дечү скрипач,

анчалык түшүнө албай турган менен

аябай сүйчү өнөрдү.

Мындан мен айтмакчымын –

ичели… ичели деп

өнөрдүн эркиндиги үчүн мына!

Акындар үчүн – жалдап жаздыра албас!

Терең ой сүрөтчүлөр үчүн мына!

Түшүнтүү мүмкүн болбос сезим үчүн

дүнүйө тартып албас!

Жана да те-тетигил

жаркын жүз тообуз үчүн ичели биз

жалын-от түнү менен тынчыбаган!

Ичели таш үчүн да!

Жалындаш үчүн ташка… ташка тийип –

жакшына, эринге бап кыр чыгарган!

Ичели соолугубуз үчүн, демек!

 

ТАБЫШМАК

Дале сен мени күтүп жатасыңбы

аты жок жылдыздын бир астындагы

жолу жок көпүрөдө?

Билбейм мен,

бир кездерде айттым бекен:

-Ачкын, – деп, – асылым, сен жүрөгүңдү.

Киргеним ырас анда чын сүйүүгө

киргендей ыйык жайга жүрөк түшөөр.

Жанардай сыйкыры күч карегиңди

жана да көз-жашыңды мөлтүрөгөн

жарып да, тешип өтүп,

сүйүүгө… сүйүүгө мен киргем, ырас.

Түшүнүп калдым азыр

түртүшүп… түртүлүшүп жатканымды

күзгүлөр дүйнөсүндө.

Андыктан чагылдырып турат мени

жан дүйнөң сенин ушул.

Жана да менин көзүм

сен жактан

мени дайым тиктеп турат.

Карасам кайсы гана жериңди мен –

капырай, дөөнүкүндөй,

кайра анан мылжык баланыкы сымал.

Эсимден тана түшөм

өзүмдү күзгүдө өзүм уруп-согуп.

Андыктан мен чагылып-көрүнбөймүн

кайшийган эрдим менен.

Сенден мен сендиректеп

эч качан чыгып келбейм,

эркетайым.

Сен болсо дале мени

сенейип күтүүдөсүң

аты жок жылдыздын бир астындагы

жолу жок көпүрөдө.

 

КҮНДҮЗГҮ АЙ

Аалам өзү

Жерден жана Асмандан,

анан дагы Эмне үчүндөн түзүлгөн.

Мына

мен да

башкалардай каалаймын

ар нерсенин ачык, даана болушун.

Формула да формуладай калышын.

Билим пайда беришин.

Эмнеликтен а бирок

окуганда трамвайда баратып

соңку жаңылыктарды –

ошол замат же болбосо кечирээк

чоңдорумдун талдагансып айтканын

сыдырып бүт карап өтөм асманды

кыры менен көзүмдүн?

Эмнеликтен караймын?

Дал ошондо,

Күндүзгү ай,

туям, сезем сенин чыгып турганың –

эмдегенде калган издей бүлбүлдөп.

Эмнеликтен караймын?

…Ашканада тамак ичип жатканда,

макаламды бүтүрөрдө шашылыш

сезем дайым сени мен.

Алаксыткыч белемсиң маа,

Күндүзгү ай –

аппак аян, тунук аян –

албан сыр…

Жатасың сен эмне кылып, болбосо,

жаркыраган убакта бу түш оогон?

Кеч болсо да кармалып,

кезересиң убак-саатсыз не мынча?

Баары бирдир кеч калганың, а балким?

Баса, мунуң мен гана үчүн эмес дейм!

Мен деген бир убактылуу жан дечи.

Мен кыскамын ырларымдай өзүмдүн.

Ачык, даана болсо экен дейм ар нерсе.

Күндүзгү ай, сен –

үйлөнүү үлпөт күнүндө

үмүт менен кийчү фата белемсиң

көк ааламга ташталган.

Сенби – ал түндүн эскерткичи аялуу…

сенби – эртеңди алдынала сезчү күч?!

Кыргызчалаган Кожогелди КУЛТЕГИН