МОПАССАН Ги де: Перль айым (аңгеме, которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы)

Французчадан которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

АҢГЕМЕ

Ушул кечте мен Перль айымды кайсы шайтан азгырып, ханышалыка көрсөттүм экен десең!!!

Ар жылы мен чокунуу майрамын биздин эски досубуз Шанталдардын үй бүлөсү менен өткөрүүнү салт кылгамым. Ал менин атамдын эң жакын досу эле. Бала кезимде эле ээрчитип, алардын үйүнө көп каттачубуз. Андыктан, менин да бул үй бүлөгө тыгыз байланышым бар. Балким өмүрүмдүн акырына дейре көзүмдүн тирүүсүндө Шанталдин үй бүлөсү бул дүйнөдө бар болсо биздин катышыбыз эч үзүлбөс.

Айткандай бул Шанталь үй бүлөсү элден өзгөчө жашоо кечиришет. Парижде эмес эле, кайсы бир башка Грассадабы, Иветодобу, Понт а Муссондобу, айтор, башка бир жерде жашаган элдердей кызык үй бүлө.

Алардын кичинекей хан сарайы илимий байкоочулардын имаратынын жанында жайгашкан. Алар бул жерде өздөрүн эркин сезип, провинциялыктардай күн кечиришет. Бул үй бүлөнүн Парижде жашап туруп, чыныгы Париждин кандай экендигинен эч маалыматтары жок. Булар Парижден аябай эле алыста, тээ артта.

Ошондой болсо да кээде борборго чыгууга туура келет. Кожойке Шанталь  айткан “базарлыка” чыгууга мажбур. Бул базарлык өзүнчө эле бир чоң түйшүк. Ал күн төмөнкүчө өтөт.

Азык-түлүк сакталуучу  кампанын ачкычы Перль айымда болгондуктан (а башка кийим кечек, сандыкчаларынын ачкычы үйдүн кожойкесинде), ал кожойкеге шекердин аз калгандыгын, консерва азыктарынын дээрлик түгөнүп бүткөндүгүн, а кофе ичимдиги каптын түбүндө бир уучтай гана турганын эскертет. Андан соң Шаталь кожойке үй бүлөөсүнүн эртеңки күндөгү курсагынын камын ойлонуштуруп баштайт. Калган азык түлүктү эсептеп, жандептерине жазып, калган дагы толгон токой эсеп-кысабын жүргүзгөн соң эки саат Перль айым менен талашып-тартышат. Бирок акыры бир келишимге келген соң, азык-түлүктүн үч айга жетиштүү болгон тизмесин, эсебин жазып чыгышат. Булар: шекер, күрүч, кайналы, кофе, варенье, буурчак, нокот, омар, ышталган жана туздалган балык банкалары, деги койчу, дагы… дагы түгөнгүс тизмелер…

Андан соң базарлык күнү башталат. Бул күнү алар жүк ташыган арабаны жалдап,  шаардын тиги тарабындагы жаңы кварталдарда жайгашкан көрүнүктүү дүкөндөргө жөнөп кетишет.

Кожойке Шанталь менен Перль айым таңы менен үйдөн жашыруун чыгып кеткен бойдон түшкө маал толкунданып, бир аз жүдөп, кайра үйгө келип калышат. Бул экөөнүн жону түйүнчөк баштыктарга, капка толуп, көч ташыган арабага окшоп, араба жолдон чайкап отуруп эстерин оодарып салгандагы жүдөңкү кебетенин эле өзү.

Шанталь үй бүлөсү үчүн Сена дарыясынын аркы тарабындагы жаңы кварталдарда отурукташкандар жексур, чуулгандуу, анчалык сый-урматы жок адамдардай сезилер эле. Булардын оюнча ал жактагылар күндүзү оюн-күлкү, шапар тээп, түнкүсүн арак, шарап, кумар үчүн акчаларын асманга сапырышат. Бирок кээде кыздарын “Тамашалуу опера”, «Француз тамашасы” аттуу театрларга алып чыгып турушат. Эгер ошол жаңы чыккан пьесаны гезиттер мактап чыкса гана Шанталь айым гезиттен окуганынан улам жөнөп калат.

Кыздарынын бири он эки, экинчиси он жети жашта. Бул эки кыз абдан сулуу, бойлуу, таза, тыкан, тартиптүү, өтө эле адептүү бул экөөнүн ушунчалык тартиптүүлүлүгүнөн улам экөөнү куурчакка алмаштырып алууга да болот. Мага бул эки Шанталь секелекти көз жаздымыма алып жандап жүрөйүн деген эч бир ой деле жок. Алардын ушунчалык аруулугунан; эки сөздү алардын алдында араң курайсың. Жөн гана саламдашуу булар үчүн адепсиздикке жатып калышы толук мүмкүн.

Алардын атасы жылдыздуу. Билимдүү, жүрөгү таза, ар дайым саламы түз киши. Бирок бул адам эс алууну, тынчтыкты, жалгыздыкты жакшы көргөндүгүнүн кесепетинен үй бүлөсүнө да туруп калган саз кейпин кийгизип салган. Ал көп окуйт, чын дили менен маяектешет, өтө эле боорукер, жашык. Адамдар менен карым-катнашы, талаш-тартышы, иши да жок жалгыздап жүрүп, бул адамдын жан-дидары өтө эле жумшак болуп калган. Кичинекей эле нерсе бул адамды толкундантып, же тең салмактуулуктан чыгарып, же убайымга салып койот. Бул үй бүлө болгону жылына эки, же үч ирет алыскы туугандарына каттап, же туугандары буларга келишет.

А мен бул жерге он бешинчи августта жана чокунуу майрамында гана келем. Бул күндөр католиктерге пасха парзын аткаруу керек болгондой, мен үчүн да милдеттүү, атайын бул үй бүлө менен өткөрүүчү күндөр.

Бул жылы да адаттагыдай Шантелдердикинде чокунуу майрамынына арналган түштөнүүдө элем.

Көнүмүш адатымча Шантель мырза, кожойке Шантель жана Перль айым менен өбүшүп учураштым, да Луиза Полина бийкечтерге ийилип саламдаштым. Алар мага калаадагы болуп жаткан окуялар, саясат жана Тонкинг ишинин абалы, чоңдор жөнүндө суроолорун жаадырып киришти. Шанталь кожойке өтө толук аял болгондуктан анын ойлогон ойлору, сүйлөгөн сөздөрү да мага бышырылган кирпичтей төрт бурчтукту элестете берер эле. Айрыкча саясатка болгон көзкарашын угуп болгон соң “Көрөсүңөр, мунун аягы жакшылыкка алып келбейт!” деп тыянак чыгарып койгонучу. Эмне себептен улам билбейм, Шанталь айым эмне жөнүндө кеп кылбасын, оозунан чыккан сөздөрү өзүнө окшош төрт бурчтукту элестете берээр эле. А кээ бир адамдар менин көзкарашым боюнча ойлогон ойлору, сөздөрү тегерек болуп алкактай айланып турар эле. Мындай адамдарга ооз ачтың дегиче сөздөр тегеренип, чимирилип кичинеси, чоңу да элү, алтымыш айлампа болуп тээ обологон бойдон чексиздике кетет ко, чиркин. Ою курч адамдар бар дечи, бирок азыркы кептин аларга эч тиешеси жок.

Түшкү тамагыбызды башкы өткөн жылдардагыдай эле эч кандай өгөрүүсүз адаттагыдай ичип болдук. Тамактан соң чокунуу майрамына арналып, атайын жасалган таттуу пирог кесимдери ар бирибиздин алдыбызга коюлду. Ал пирог кесимдеринин биринин арасына атайы буурчак кошулуп, ал пирог ар дайым Мырза Шантелдин пирогунан табылар эле. Мен ал пирог атайылап эле мырза Шантелдин алдына коюлуп, ал бул майрамдын ханы аталып,  кожойке Шанталь майрамдын ханышасы болот ко деп ойлоп койчумун. Ошондуктан жеп аткан пирогумдун арасынан аз эле жерден тишимди сындырып кое жаздаган катуу нерсе урунганда чочуп кеттим. Оозумдан ал нерсени акырын чыгарып, буурчактын көлөмүндой фарфордон жасалган  кичинекей куурчакты көрдүм. Таңгалганыман оозуман “Аа!” деген сөз чыгып кеткенин өзүм байкабай калдым. Баары мени карап калышты, а Шанталь кол чаап кыйкырып кирди:

— Гастондо экен! Гастондо! Жашасын ханыбыз! Жашасын ханыбыз!

Калгандары коштоп киришти:

— Жашасын ханыбыз!

Бул кызыктай болгон, күтүлбөгөн окуяга сүрдөп, кулагымдын учуна чейин кызарып алдастай түштүм.

Ал куурчакты эки колум менен кармалап, жер карап калп эле күлүмүш болуп, өзүмдү кыйнап жылмайып эмне кылаарымды, эмне айтаарымды билбей нес болуп отуруп бердим.

— Эми ханышаны танда! — деген сөздү угарым менен өзүмдү биротоло жоготуп койдум. Бир эле көз ирмемде миң сан ойлор, миң сан божомолдор башымда чуулдап жатты. “Мүмкүн мени Шанталь бийкечкеринин бирин тандоомду талап кылып жатышаттыр? Же бул атайын эле уюштурулуп, мени ал бийкечтердин кимисин жактырар экен деген сыноолорубу? А балким, бул аярдык менен алардын бирине үйлөнүшүмө жасалган мытайым аракеттериби? Бойго жеткен кыздары бар үй бүлөлөрдө мындай көрүнүш, мындай ишарат тандоолор, жеке кыйытмалар боло келген иш эмеспи.

Айласы кеткен жанымды текебер бой көтөрүү канына сиңген Полина же Луиза бийкечтер менен тагдырым аргасыздан байланып калабы деген коркунуч ойлор басты. Баарынан да экөөнүн бирин тандаш мен үчүн эки тамчыны тандагандай кыйынчылык жаратты. Анын үстүнө бул жерден тузакка илинип калбоо аракети да эсимди оодарды. Азыр бул жерден оюндан от чыгып, кара басып, мени бул ак сөөктөрдүн митаам аракеттери алардын бирине үйлөнүүгө түртүп койбосун деп чочулап турдум.

Күтүлбөгөн жерден эң сонун ой келип, мен куурчакты Перль айымга суна салдым.

Биринчи бул кылыгыма баары таңгалганы менен, менин тартипүүлүгүмө, адептүүлүгүмө баа берип кол чаап, кайрадан кыйкырып киришти.

— Жашасын ханыша! Жашасын ханыша!

Бул кара далы айым байкуш чочуп, таптакыр өзүн өзү жоготуп, дирилдеген үнү менен былдырыктап жатты:

— Жоок.. жок… жок ай мени эмес! Сураныч, мени эмес, суранам!…

Ошол убакта гана мен Перль айымды биринчи жолу кылдат карап, ага көңүл буруп, “Чындыгында кандай айым болду экен?” деп өзүмө суроо бердим…

Мен бул үйгө нечен ирет келсем да, бул айымга көнүмүш болгон эски бала кезден көз көнгөн отургучка көңул бурулбаган сыяктуу, эч эле назар салып, этибарга албаптырмын.  Бирок күн нурунун жарыгы ал отургучка түшкөндө гана көзгө илинген сындуу.  “Бул кызык отургуч тура!”  деп суктанып алып кылдат карай келсең, жыгачтарындагы оймолору көркөмдөп жасалып, сырткы кабы эң соонун болот эмеспи. Мен да буга чейин  Перль айымга бир да көңүл бурган эмесмин.

Ал Шанталь үй бүлөсүнүн мүчөсү болчу. Бирок эмнеге? Кантип? Кандайча?

Бул айым арык чырай, бою узун аял эле. Көзгө көрүнүктүү аял болсо да, ар дайым өзүн көлөкөдө билинбей жүргөнгө аракет кылар эле. Шанталь үй бүлөөсү бул айымды аябай сыйлап, жакшы мамиле жасашат. Үй кызматчыдан жогору, туугандан төмөн көрүшкөндөй аны. Эми гана мен аны кожойке Шанталь аны “Перль”, а кыздарынын “Перль айым”, ал эми мырза Шанталдын ага болгон сый-сылык жөн гана “Айым” деген чакыруусун эске алдым.

Мен аны аябай кызыгуум менен көз жүгүртүп карап отурдум. “Жашы канчада болду экен?  Ооба, кырктарда болушу мүмкүн”. Ал кемпир деле эмес эле, бул кара далы айым өзүн өзү кары көрсөтчү эле. Мен бул ачылышка аябай таңгалдым. Анын чач жасалгасы, тагынган жасалгалары, көйнөгү, күлкүнүштүү эле. А чынында күлкүнүчтүү эмей эле, табигаттын берген сулуулук көркөмүн уялып жаап-жашырган нерселер эле.

Мына сага кызык!! Эмнеге мен аны мурун этибарга албагам? Анын чач жасалгасы көрксүз, ар кандай кемпирлердин чач бастыргычтары эби жок басылган. Ал чачтарынын алдында ойлордон пайда болгон эки сызык бырышы гана бар, жазы маңдайы аруулугунан кабар берип турат. Көздөрү күйүп, бала кездеги ойнооктук али тунук, бирок кандайдыр бир кайгы санааларды тээ түпкүрүнө катса да жадырап ары жылдыздуу, ары сулуу эле.

Анын жүзүнөн асылзат жөнөкөйлүктүн эпкини уруп турду. Бул жүз эч бырыш баспай өтө турган, чарчоонун да, кумардын да тагын көрсөтпөгөн жүз эле.

Кандай гана оймоктой соонун оозу, берметтей тизилген тиштери бар, бирок бул сулуулуктун көркүнө көрк коштогон күлкүнүн гана жетишсиздиги, ал күлүүгө даабайт эле.

Ушу жерден кожойке Шанталь экөөнү салыштырдым. Албетте, Перль айым жүз эсе өйдө  арык чырай,  нуру төгүлгөн,  сымбаттуу эле. Дагы да көпкө таңгалып, суктанып турдум. Шампан куюлган соң, бокалды майрамдын ханышасына сунуп, ашыкча мактоолорум менен ага арнап тост көтөрдүм.

Ал уялгандан жүзүн аз болсо кол аарчы менен жаап, жашынып калгысы келген уялыңкы кыймылы менен акырын бокалды көтөрүп ооз тийди. Баардыгы бир ооздон:

— Ханыша ичип жатат! Ханыша ичип жатат! — деп коштоп турушту…

Ууртаган соң чаңкап кеткен ага баардыгы жапырт күлүп калышты. Бирок мен ал күлкүдөн алардын аны аябай жакшы көрүп, сыйлоосун байкадым.

Түшкү тамагыбыздан соң Шанталь мырза мени колдон тартты. Эң ыйык мүнөттөр, ал чылым чегүүчү убакыт келип жетти. Коноктор жок кезде ал сыртка чыгып чегип, а эгерде коноктор болсо алар менен бильярд бөлмөсүндө ойноп жүрүп чегер эле. Ошол кечеде атайын майрам үчүн бильярд бөлмөсүн жылытып койушкан экен. Жолдошум ичке кий таякчасын алып, аны бор мене сүрткөн соң мага:

— Анда эмесе башта, балакай, — деп мага жол берди.

Ал мени бала кезимден билгени үчүн жыйырма бешке чыкканыма карабастан, ар дайым “сен” дээр эле.

Ошо менен оюндун биринчи саамын мен баштадым. Бир нече жолу мен уттум, бир нече жолу уттурдум, бирок эмнегедир Перль айым башымдан чыкпай койду акыры:

— Шанталь мырза, айтынызчы… Перл айым сиздин тууганыңыз болобу? — деп  сурадым.

Абыдан таңгалган ал оюнун токтотуп мени карап калды.

— Кандайча, сен билбейсиңби? Перл айымдын тарыхын уккан эмес белең?

— Жоок.

— Атаң эч убакта айтып берген эмес беле?

— Жок, айткан эмес.

— Кыз-зык… Аябай кызык! О-о! Бул деген бир укмуштуу окуя да.

Бир аз тычтыктан соң, сөзүн улантты:

— Эгерде сен билгенде, кызыгы — сенин так ушу күнү, чокунуу майрамында гана ал жөнүндө сурап атканыңды көр! Таңгалыштуу!!

— Эмнеси таңгалыштуу?

— Эмнеси дейсиңби? Анда эмесе угуп тур. Бүгүн ушу чокунуу майрамында туптуура кырк бир жыл мурун болгон окуя. Биз анда Рүи-лө-Тордө крепостук жалда турчубуз. Мен сага эң биринчи биздин үйдү сүрөттөп берейин, сага түшүнүктүү болсун үчүн. Руи тоонун жарым кыркасында жайгашып, талаалардан жогору турчу. Биздин ал жерде ажайып  үйүбүз, жарда кыркалай ийилген бак-дарагыбыз бар эле. Үйүбүз эски крепост дубалдарына кармалып, жанында бак-дарагыбыз өсүп турчү. Үйүбүздүн негизги дарбазасы чoң жолго чыгып, а бак-дарактар талаа тарабында болчу. Талаага чыгуучу тарапка атайын кашаа орнотулуп, ал жерден бак аралап тээ төмөн түшүү үчүн жасалган, тепкич сындуу ылдый кеткен чыйыр жол баскычтары бар эле. Кашаанын жанында атайын дыйкандар азык-түлүк жеткиркенде тоону айланып убара тартпай, бизди чакырып алуу үчүн коңгуроо да орнотулган.

Сен көз алдыңа бул жайды элестеттиң да, туурабы?.. Ошол жылы чокунуу майрамына бир апта калганда, кар катуу жаады. Акыр заман келгендей сезилет десең. Биз жашаган ошол тектирден талааны карасаң, жалаң эле уч-кыйры көрүнбөгөн апапак түпсүздүк. Ажайып бир жылтылдап тоңгон кар ак сыр менен сырдап койгонсуган түпсүздүктү элестетет. Кудай-талаам атайы эле бул көрүнүштү өчүп бараткан дүйнөгө жасап койгондой, ары коркунучтуу да, кунарсыз бир көрүнүш эле.

Биз анда үй бүлөбүздүн баардыгы чогуу турар элек, биз огеле көп элек. Атам, апам, апамдын агасы келинчеги менен, эки агам, апамдын агасынын төрт жакшынакай бойтойгон кыздары! Мен кийинчерээк алардын эң кичүүсүнө үйлөндүм. Алардын ичинен көзү тирүү жалгыз гана менин кемпирим менен Марселде жашаган балдызым калды. Кудайыма тобоо кылдым, бир үй бүлө ушинтип билинбей эле туш-туш тарапка чилдей тарап кетет тура. Мен аларды ойлогондо көкүрөгүмдү куса сагынычы басат. Ал убакта мен он беш гана жашта элем, эми өзүң көргөндөй элүү алтыны аттап отурам.

Ошентип биздин үй бүлө чокунуу майрамына даярданып жаткан элек. Баарыбыздын көңүлүбүз шатыра-шатман!  Биз конок үйдө отуруп, майрамдык тамагыбызды күтүп жатканбыз, бир маалда эле улуу агам Жак “Мен он мүнөттөн бери талаа жактан улуган иттин үнүн угуп жатам, кайсы бир ит адашып калган окшойт” деп калды. Ал айтып оозун жыйгыча кашаада орнотулган коңгуроо кагылды. Коңгуроонун үнү чиркөөдө көзү өткөндөргө кагылгандай, акырын гана угулуп турду. Баарыбыз чочуп кеттик. Атам үй кызматчыбызды барып карап келүүсүн талап кылды. Биз үн-сөзсүз анын келишин күтүп аттык, бирок үй кызматчыбыз эч ким көрүнбөгөндүгүн айтып кайра келди.

Бирок иттин улуганы басылбай, ошо талаа тараптан чыгып жатты. Тамак ичкен тактайды тегеректеп тамака отурган менен баарыбыздын санаабыз тынчыбай турду, өзгөчө жаштардын. Жакшы эле жаңыдан тынчыганыбызда баягы коңуроо дагы кагылды. Коңгуроо бул ирет үч  жолу узакка кагылгандыктан, баардыгыбыздын дене боюбузду аралап өтүп, баарыбыз нес боло түштүк. Тамакта отургандыктан айры кашыгыбызды кармаган бойдон, бири-бирибизди карап азезил үнүн уккандай; коркунучтан бир заматта тоңуп калдык.

Тайкем Геркулес сындуу эч нерседен коркпогон өз күчүнө ишенген адам эле. Ал дароо оордунан турду. Атам ага “Мылтыкты алып ал, ким билет, ал жакта ким бар” деп кеңеш берди, бирок тайкем колуна болгону бир таякты көтөргөн бойдон үй кызматчыбыз менен чыгып кетти.

Калганыбыз дем чыгарбай тынчтанып, тамак жемек турсун үн чыгарбай калтырап отуруп калдык. Атам бизди тынчтандыруу үчүн “Коркпогула, бул жолунан адашып калган бечара жолоочу болсо керек, биринчи жолу коңгуроо какканда эч ким чыкпаган соң кетип калып, кайра жол таппай, экинчи ирет коңгуроону кагып жатат да”, — деп жооткотту.

Биз үчүн тим эле тайкем бир саатка жоголуп кеткендей сезилди. Акыры тайкем келди, кагынып жинденип: “Эч бир жан жок шайтан алгырдыкы десе. Кылаарга иши жок бирөө ойноп жатат көрүнөт, а жанагы  ит тээ жүз метр алыстыкта улуп жатат. Колумда мылтык болгондо жаагын жабыштыра атып салат элем да, кап атаңдын көрү!”

Кайрадан дастарконго отурганыбыз менен ар бирибизде билинбеген коркунуч бар эле. Баарыбыз тең сезип турдук: ушу менен эле бул иш бүтүп калбасын, коңгуроонун кайрадан кагылышын ар бирибиз күтүп жаттык.

Коңгуроо бул ирет кожойке чокунуу майрамынын пирогун кесип жатканда кагылды. Баардык эркектер атып турушту. Франсуа тайкем бир аз шарапка кызып калгандыктан, бул акмакты азыр барып көзүн тазалайм деп албууттанып кирди. Апам менен жеңем аны араң тынчытты. Бейиши болгур атам аябай токтоо жана алсыз адам эле (аттан кулап сынган буту аксак болуп, сылтып басчу), ал бул ирет кошо барып эмне болуп жатканын билмей болду. Агаларымдын бири жыйырма, экинчиси он сегиз жашында эле, алар дароо мылтыктарына жүгүрүштү. А мага эч ким көңүл бурбай койгонуна карабастан, колума таяк көтөрүп, аркаларынан жөнөп калдым.

Жолго чыктык. Атам менен тайкем фонар көтөргөн Батисти жандап алдыга түштү. Алардын аркасынан агаларым Жак жана Поль. Апам менен жеңемдин  босогодо калып, коркунучтан сыйынган дубаларына көңүл бурбай, мен да алардын аркасынан түштүм. Бир саат мурун жааган кар дагы жаагандыктан, бактын бутактары карды көтөрө албай ийилип калган экен. Кызыл карагай болсо бул кыттай болгон кепинди көтөрө албай таза эле бүгүлүп калган. Алар катар тизилген пирамидалардай болуп бутактары шекер оронгон баштардай эле, түбүндөкү майда тал чыбыктар апапак арбактай коркунучтуу көрүнүп турду көзүмө. Кар тим эле укмуш жаап салгандыктан алдыдагы он метрден кийин эч нерсени көрүүгө мүмкүн эмес болчу. Жалгыз гана фонардын жарыгы алдыда жол көрсөтүп жарык берип турду. Биз буралган баскычтардан ылдый түшүп баратканыбызда мен коркуп баштадым, аркамда бирөө келаткандай сезилип, артка карай качып бергим келди. Бирок артка кетүү үчүн бакчаны аралап баруу керек болгондуктан гана токтоп калдым. Мен кашаа ачылып, тайкемдин ачууланган үнүн уктум: “Шайтан алгыр десе, дагы качып кеттиби? Азырбы, сени шашпа, көлөкөңдү көрсөм эле соо калбайсың!!” Эң эле жүрөктү оозго кептеткен коркунучтуу көрүнүш талаа тарапта: сoлдон өйдө-төмөн тарабы бар апапак кепиндей болуп.

Кайрадан тайкемдин үнү чыкты: “Угуп атасыңарбы, ит дагы деле улуп атат. Мен ага кандай атаарымды азыр көрсөтөм. Жок дегенде ошонун оозун баспасамбы!!”

Боорукер атам аны токтотуп: “Баарынан жакшысы, барып ал байкуш жандыкты алып келүү керек. Ал байкуш да жан талашып бизди жардамга чакырып жатат да. Жүргүлө!”

Биз кайрадан  апапак чүмбөттү көздөп, белчеден карды кечип  ылдый түштүк. Кар калың жаап, суук ызгаар бороондо ызгарылып, денеңе тийсе ачыштырып, сапырылып жатты. Тизеден өйдө карды жиреп басуу үчүн бутту так өйдө көтөрүп басуу керек эле. Биз илгерилеген сайын иттин улуганы бизге жакындап, так таасын угулуп турду. “Мынакей!! Баарыбыз душман менен бетме-бет кездешкендей катып калдык. Мен эч нерсе көралбай койгодуктан алдымдагыларды кууп жетип карадым. Бул килейген кара калың жүндөрү жылтылдаган,  карышкыр тумшуктуу  овчарка ит тээ фонардын жарыгынын түпкүрүндө туруп, тири укмуштай көрүндү.

Ит катып калгандай болду. Биз жакындап келгенде ал улуганын токтотуп, бизди карап гана туруп берди. Тайкем: “Таң калыштуу, колумду кычыштырып же ары кетип калбай, же бери баспай турганын карасаң тобоо!! Бир ок менен чекесин оюп алсамбы!”

Атам караманча каршы болду: “Жок, сөзсүз түрдө биз аны алып кетүүбүз керек!”

Ал аңгыча Жак кыйкырып жиберди: “Ал жалгыз эмес экен, бул жерде анын жанында дагы бир нерсе турат!” Чынында иттин ары жагында дөмпөйгөн бир караан турду. Ошол караанды көздөй бастык. Биз жакындаганда эми гана жаны жай алып, бизди чакырып алганына өзүнө өзү ыраазы болгонсуп ит жай отуруп калды.

Атам ага түз эле барып жонунан сылап кирди, ит чочулабай, кайра атамдын колун жалап ийди. Биз ошондо гана ага байланган балдардын бешик арабасын байкадык. Ал бешик арабада беш алты кабат оролгон бир нерсе жатты. Оронгучтарды ачып, Батист фонарын ал жакка каратканда гана уядай болгон тээ түпкүрүнөн бейкапар уктап жаткан наристени көрдүк.

Күтүлбөгөн бул ишке оозубуздан келмебиз түштү да, калды. Эң биринчи атам эсин жыйды. Ал ушунчалык боорукер жан болгондуктан жаны ачып, бешик арабанын үстүнөн сылап: “Байкуш таштанды бала десе, биз сени үй бүлөбүзгө кошуп алабыз”, — деди да, Жак агама бешик арабаны үйгө сүйрөп баруусун буйруду.

Андан соң ойлогон оюн үн чыгарып күбүрөндү: “Бул сүйүүнүн наристеси го, байкуш энеси менин коңгуроомдү чокунуу майрамынын атына какты го дейм”

Унчукпай калды да, аздан соң төрт тарапты карап катуу кыйкырды: “Биз баланы багып алабы-ыз!!” анан колун тайкемдин далысына коюп: “Сен итти атып салганда эмне болот эле, Франсуа?”

Ал үн дей алган жок, бирок караңгыда шашып чокунганы көрүнүп турду. Ал жөнү жок адыраңдаганы менен аябай динчил адам эле.

Итти бошотуп койдук, ал биздин артыбыздан ээрчип алды.

Ооба!!! Биздин үйгө кайтуубуз чынында эле сөз менен айтып бере алгыс кубаныч эле. Биз кыйынчылык менен бешик арабаны тепкичтен өйдөгө көтөрүп чыктык.

Апамдын кубанычтан толкунданып, жанын койор жер таппай чебелектегени ай!!! А менин төрт жээним (кичүүсү алты жашта эле) уяны тегеректегендей, оромолду тегеректеп калышты.

Акыры наристени бешиктен сууруп алып чыктык. Ал болжол менен алты жумалык кыз экен. Элестет, жалаягына кошо оролгон он миң алтын франк таап алдык… Он миң франк…. Атам аны дароо эле наристенин эсебине болочоктогу себине арнап банкка салып койду. Андыктан бул наристе кедей-кембагалдын баласы болушу толук мүмкүн эмес эле…. Бир байдын же шаардыктардын баласы болушу мүмкүн же сөз менен биз миң божомолдорду божомолдоп жаттык… Бирок баарыбир биз аныгын биле алган жокпуз… Эч нерсе.. учугун да… Итти да эч ким тааный алган жок… Ал ит дагы биз тараптык эмес болуп чыкты. Кандай болсо да биздин дарбазанын коңгуроосун каккан адам менин ата-энемди жакшы билген адам болсо керек, бизге ишенип таштагандыгына караганда.

Ушундай себеп менен Перль айым биздин үй бүлөгө кошулган эле. Кийин аны Перль айым атап алдык, а чиркөөдөн берилген толук аты “Мари Симона Клер” эле. Клер анын атасынын аты болушу керек.

Баарынынан да биз ашканага кайтып келгенде, алда качан ойгонуп, айланасын чоочуркай карап жаткан наристени тегеректеп отургандар кызык көрүндү.

Биз кайрадан дасторконго отурдук. А пирогдор ар бирибиздин алдыбызга кесилип коюлду. Ал чокунуу майрамында хан мен болдум жана ханышалыкты Перль айымга бердим, сен ага ханыша наамын бергендей. Бирок ал убакта ал эч нерсени түшүнбөгөн кичинекей наристе эле да.

Ошентип менин ата-энем ал баланы багып алышып, биздин үй бүлөдө чоңойтушту. Жылдар өтүп, кыз чоңойду. Ал сүйкүмдүү, жоош, ийкемдүү эле. Баары аны аябай жакшы көрөр элек. Менин энем болбогондо укмуш эрке кылып салышар беле балким.  Апам аябай тартипти катуу сактаган, талапты так койгон адам эле. Ал Клерди өз баласындай жакшы көрүп турса да баары бир бизди бөлүп турган аралыкты милдеттүү түрдө так сакталып туруусун талап кылды.

Ошондуктан кыз эс тартар замат дароо ага өз окуясын төкпөй-чачпай отургузуп алып, ушундай жумшак сөздөр менен айтып берди. Жада калса мээрим менен жай, кыздын кулагына сиңире, ал жөн гана биздин Шанталь үй бүлөсүнүн  багып алган кызы экендигин куйду. Тагыраак айтканда, бөлөк-бөтөн эле бирөө экендигин.

Клер дээриндеги сезимталдыгы менен биздин үй бүлөдөгү өзүнүн абалын сезди. Байкачтыгы менен өз оордун билип, чектен ашпай, өзүнө тиешелүү гана орунда, атамды кай бирде жашыткан сапаты жадыраган жылдызы менен сактай алды.

Кээде бул кыздын сылык сыпайы, жөнөкөйлүгү, уялчаак, кыйышпас жароокер жумшак назиктиги, жада калса апамдын жүрөгүн жибитип жиберер эле. Акыры апам да жибип, ага эне мээримин төктү. Аны “кызым” деп чакырууга өттү. Кээде бул кыздын өтө эле назик, жагымдуу жалооруткан кыймылын көргөндө апам көзүндөгү көз айнегин көтөрүп: “Жок, бул перлдин[1] баласы. Чыныгы перлдин!” деп кайталап калар эле.

Ошентип кичинекей Клердин өз аты өчүп унутулуп, биз эркелеткен, Перль айым Перль атка конду.

Шанталь мырза үндөбөй калды. Бильярддын столунун үстүнө бутун салаңдатып отуруп алып, бильярд шарларын ары-бери ыргытып, бирде колундагы бильярд оюнунда биз тактадагы упай жазууларын тазалоочу  бор аарчыгычын мыкчыгылап отурду. Ал жүзү билинер билинбес албырып, күбүрөнүп, өз алдынча сүйлөнүп жатты. Анын бирде угулуп, бирде угулбаган сөздөрүнөн, ошол өткөн күнөрдү  аралап жүргөндүгүн байкадым. Биз балалыгыбызда аралаган бакчаны аралагандай ал да болбогон эң эле майда окуялардан бери эстеп, ошол күндөрдү эскерүү сепкиндери менен алек болуп жатты. Жашап өткөн күндөрүбүздөгү балалыгыбыз, биз чоңойгон туулган жер, ошондогу ар бир бак, тал чырпык, атүгүл таманыбызды сайган тикендер көздөн учкандай. Анын да көз алдында болбогон эле, бирок ал үчүн эң кымбат эскерүү, таттуу күндөрү биринин артынан бири,  көз алдынан сызылып өтүп жатты. Биздин азыркы жашообуз ушундай майда, биз этибарга албаган майда мүнөт, көз ирмемдерден куралат турбайбы көрсө.

Мен анын алдында дубалга жөлөнүп, керектен чыккан бильярд таякчасын таянып ага көз салып турдум.

Бир азга унчукпай калып, кайра сүйлөп баштады:

— Кудайым ай, ал он сегиз жашында кандай гана чүрөк эле!  Келбеттүү… сулуу… ооба!..  супсулуу… супсулуу… чүрөк… ак көңүл… мээримдүү… укмуштуудай… Көздөрү көк, таза, тунук эле… Мен андай көздөрдү эч убакта, эч жерден көргөн да эмесмин, көрө алган да жокмун… эч убакта!..

Ал кайра үн катпай калды.  Мен суроо салдым:

— Ал эмнеге турмушка чыккан жок?

Ал менин суроомо эмес, “турмушка чыгуу” деген сөзгө жооп берди.

— Эмнеге? Эмнеге? Каалаган жок… каалаган жок!! Анын аркасында отуз миң франк себи бар болгондуктан колун сурагандар көп болду. Ал болсо каалаган жок… Ал эмнегедир муңайыңкы жүрдү. Так эле тайкемдин кичүү кызына  кичинекей Шарлоттага  алты жыл мени күткөн жубайыма үйлөнгөн жылдары.

Мен Шанталь мырзаны жалт карадым да, анын ойлоруна аралап киргендей болдум. Күтүлбөгөн жерден анын бирден бир жүрөгүн ооруткан, азап тарттырган жүрөк санаасына. Болгондо да таза кең пейил, тээ түпкүрүнө катылып, чыныгы айтылбай калган, убагында жообу чечилбей калган, жада калса ошол азаптын күүнөөкөрүнүн алдында да жандырылбаган табышмак бойдон калган сезимди көрдүм.

Күтүлбөгөн жерден кызыгуумду козгогон оюмду айта салдым:

— Сиз ага эле үйлөнсөңүз болмок экен, Шанталь мырза.

Чочуп кеткен ал суроомду кайра тактап калды.

— Менби? Кимге үйлөнсөм болмок эле?

— Перль айымга.

— Эмнеге?

— Анткени сиз аны тайкеңиздин кызынан да өйдө сүйчү экенсиз.

Ал мени чочугандан тептегерек боло калган көздөрү менен карап булдуруктап кирди:

— Мен аны сүйчүмүн… менби? Эмне? Ким айтты?

— Аттын кашкасындай эле айкын болуп турат ко, шайтан алгыр десе! Ошол үчүн сиз тайкеңиздин кызы менен боло турган тойуңузду жылдырып отуруп, аны алты жыл күттүрдүңүз да!!

Ал колундагы шарды түшүрүп жиберди. Анан баягы бор сүрткүчтү жүзүнө басып, өңгүрөп ыйлап кирди. Ал үмүтсүз, олдоксон көз жашын төгүп жатты. Жаштары мурдунан да, оозунан да, көздөрүнөн да куюлгандай сезилди, көз жашын жамгырдай төгүп, бирде жөтөлүп, какап-чакап да, чүчкүрүп да, качанкыдан толуп ташкындаган жашын токтото албай боздоп жатты.

Мен айран таң болуп, бир чети уялып, кайда качаарымды билбей, эмне деп, эмне кылаарымды билбей туруп калдым.

Күтүлбөгөн жерден кожойке Шанталдын ылдый жактан үнү угулду:

— Сиздер ал жактан жакында сигаретиңерди чегип бүтөсүңөрбү?

Мен эшики ачып жооп бердим:

— Ооба, биз азыр түшөбүз кожойке Шанталь!

Андан соң Шанталь мырзанын жанына келип, чыканактан алдым:

— Шанталь мырза, Шанталь досум, эсиңизди жыйыңыз. Уксаңыз, сизди жубайыңыз чакырып жатат, эсиңизге келиңиз батыраак… биз ылдый түшүүбүз керек.

Араң жооп берди:

— Ооба, ооба..  баратам.. бечара кыз десе…  баратам…  айтып коюңузчу, мен азыр келем…

Ал жүзүн көп жылдар бою бор тазалаган аарчыгыч менен сүрүп кирди. Жүзүнөн колун алганда анын бети кара, кызыл, ак, мурду маңдайы эки бети апапак болуп жатып калды, көздөрү шишип дагы деле толо жаш.

Мен аны колдон тартып, уктоочу бөлмөгө сүйрөп кирдим:

— Мени кечирип коюңузчу, суранам, мени кечирип коюңуз, Шанталь мырза. Мен сиздин жүрөгүңүздү оорутуп алдым… Бирок мен билген жокмун, сиз мени түшүнүп жатасызбы?

Ал менин колумду кысты:

— Ооба.. ооба… мындай учурлар боло берет..

Андан соң жүзүн чарадагы сууга малды, бирок жүзүн жууп болгон соң деле өңдөн кетип турду. Менин оюма бир амал келди. Күзгүдөн өзүн  кайра-кайра карап турган ага мен сунуш киргиздим:

— Билесизби, сиз азыр аларга көзүңүзгө тыпын кирип кетти деп айттыңыз, анан каалашыңызча ыйлай берсеңиз болот эч ким, эч нерсени сезбей калат.

Чынында эле бул амалкөйлүккө баары ишенип, жок тыпынды чыгаруу керектигин айтып жатышты. Ал тургай буга окшогон окуядан соң кай бири бейтапканага чейин кайрылган учурларды баяндап, тызылдап отурушту.

Мен дастарконго отургандан соң эми Перль айымды дыкаттык менен кызыгым артып карап отурдум. Ээ жаа бербеген кызыгуум мени да кыйнап эзип жатты. Ооба, ал кайсы бир убакта чынында эле жакшынакай чүрөк эле.

Бакырайган жакшынакай чоң көздөрү  тоңуп калгандай, эч убакта ирмелип жабылбагандай мелтиреп турду. Чынында кызыктай, олдоксон кийимдери кара далы кыздын дайынынан  кабар берип, өтө деле жараша бербесе да таза көрктөн чыгарып салбаптыр.

Мен азыр гана Шанталь мырзанын оюн окугандай, ушул ирет Перль айымдын ички дүйнөсүн окуп жаткандай болдум. Менин көз алдыма анын баштан өткөн бүт тагдыры тартылды. Тагдырга моюн сунган, жөнөкөй, кыйышпас жан турду маңдайымда. Мен тилим кычышып, азыр андан Шанталь мырзаны ал дагы ал сүйгөндөй сүйдү беле. Анын да жүрөгүндө Шанталдыкындай уюп, эч ким билбей калган, айтылбай жүрөктүн тээ түпкүрүнөн оорун алган махабат барбы?… Ал дагы Шанталдай толуп калган бугун эч ким жок жерде, жалгыз гана бөлмөсү гана күбө болгон көз жашын төктү бекен деген суроолорумду жаадыргым келип араң карманып отурдум. Мен аны карадым, мойнуна салынган оромолунун алдынан кичинекей жүрөгү тез-тез согуп турду. Өзүмөн өзүм сурап жаттым. Кантип  ушул кичинекей таза аруу эч күнөөсүз жан нечен жылдар бою бөлмөсүндө гана арманын жаздыгына айтып, көз жашын төгүп уйкусуз түндөрдү өткөрдү экен?

Анан акырын бөбөктөр оюнчугунун ичин ачып көрүү үчүн аяр талкалап, экиге бөлүп жаткан сындуу, мен дагы анын жанынан күбүрөнүп калдым:

— Азыр сиз Шанталь мырзанын кандай ыйлагандыгын көргөн болсоңуз, чындап бооруңуз ооруйт эле да.

Ал селт этип алды:

— Кандайча ыйлады?

— Ооба, ооба ыйлады.

— Эмне үчүн?

Мага ал кабатыр болгондой сезилди:

— Сиз үчүн.

— Мен үчүнбү?

— Ооба. Ал мага сизди убагында ушунчалык сүйгөндүгүн, сизге эмес тайкесинин кызына үйлөнгөнү канчалык кыйынчылыкка тургандыгын айтты…

Анын бопбоз болгон жүзү ылдый карап, эч ирмелбеген бакырайган көздөрү тез эле түбөлүккө жумулгандай жумулду. Ал жерге  жылмышып түшкөн оромолдой, отургучтан  жай жылмышып, эсин жоготуп сулап түштү.

Мен кыйкырып жибердим:

— Жардамга! Жардамга! Перль айым өзүн жоготуп койду!

Анын жанына кожойке Шанталь, кыздары менен жетип келди. Алар анын тегерегинде уксус, суу, кол аарчылары менен чебеленип жатканда, мен акырын  баш кийимимди алдым да, көздөн кайым болдум.

Мен тез-тез басып жөнөдүм. Үрөйүм учуп, кылган ишиме өкүнүп да, бир чети уялып да бараттым. Бирок кээде сүйүнүчтүн да эпкиндери желп этип жатты. Анткени мен өзүмдү туура иш кылдым деп эесептедим.

“ Туура кылдымбы же жокпу? Алардын жүрөгүнө махабат ок болуп кирип, ал огу ичинде калып жарат сыртынан бүткөндөй бүтүп калган тура. Балким мындан ары экөөнө жеңил болот чыгар? Кайрадан махабат азабына батууга кеч дечи, ошондой болсо да, ошол күндөрүн мындан ары кубаныч менен эскерүүгө азыр да кеч эместир деген суроолор мени жеп жатты…

Балким качандыр бир убакта, тээ күүгүмдөрдө, келээрки жаздарда, ай ажарын жер жүзүнө чачканда, ай жарыгында бул экөө  акыры кол кармашар. Бул жөнөкөй кол кармашуу, ал экөөнүн сыр болуп нечен жыл катылган, жашыруун махабатын кайра жаралган өңдүү, эки жанга кайра жан салаар.

Балким ошол болуучу бактылуу, акылдан тайган, махабаттын отуна мас  болгон кыска  мүнөттөр,  бул эки арзыган эки жанга аз болсо да буга чейинки бүт өмүрү бир тең, ошол мүнөттөр бир тең болгон бакыт тартуу кылар!

[1] Перль бул жакут бермет дегенди түшүндүрөт