МЭН-ЦЗЫ: Кызматка жетүүнүн да, кызматты таштап кетүүнүн да жолдору бар (кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ)

Конфуцийдин мамлекет башкаруу жөнүндө сабактарынан

Мамлекетти башкаруу үчүн бир гана боорукер жүрөк жетишсиз. Баардыгы өз алдынча иштеп кетиш үчүн бир гана мыйзам жетишсиз.

* * *

Ошентип, шаар дубалдары бекем эмес жана курал-жарак жетишсиз болсо, бул мамлекет үчүн кыйроо эмес! Эгин талаалары иштелибесе, жер байлыгы жыйналбай жатса, бул да мамлекет үчүн кырсык эмес. Эгерде жетекчилик каада-салттарды билбесе жана төмөн жактагылар үйрөнгүлөрү же окугулары келбесе, анда митаамдар биринин артынан бири пайда болуп, мамлекет тез арада жок болот.

* * *

Андыктан мамлекетти башкарган адамдын өз бийлигиндеги ар бир адамды бактылуу кылуусу үчүн бир өмүрү жетишпейт.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Билимдүү адам басып өтө албаган узак жолдон кошоматчы менен жалганчы  өтүп кетиши мүмкүн. Эгерде жетекчи кошоматчы менен ушакчыга кошулуп жашаса, анда мамлекеттин жакшы башкарылуусу мүмкүнбү? “

* * *

Мэн-цзы айткан: «Кызматка жетүүнүн да, кызматты таштап кетүүнүн да жолдору бар. Адамдар менен адеп сактап, сый-урмат көрсөтүп мамилелешип, берген убадаларыңдын баарын аткарсаң кызматка жетесиң. Эгерде сылыктыгың жайында болгону менен берген убадаңды аткара албасаң, анда өз эркиң менен ээлеген кызматыңды таштаганың оң. Эгерде адам убадаларын аткарбаса, бирок жарандарга адеп сактап, урмат сый менен мамиле кылса, мында да кызматка жетүүгө болот. Эгерде адам сылык болбосо,оройлук кылса анда токтоосуз иштен айдалат”.

* * *

Мэн-цзы айтты: «Жакшы жана кооз сөздөр адамдардын жүрөгүнө мыкты музыкага караганда начар жетет. Жакшы саясат адамдардын жүрөгүнө кайра тарбиялоого караганда кеч жетет. Эл жакшы саясаттан коркот, бирок кайрадан болсо да мыкты тарбиялоону абдан жактырат. Мыкты саясаттын жардамы менен элди байгерчилик жашоого жеткирсе болот, мыкты тарбия аркылуу адамдардын жүрөгүнө жетүүгө мүмкүн”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Өз өлкөңдү мыкты башкаруу менен, ошондой эле жөнөкөй адамдар үчүн салыкты жеңилдетүү аркылуу элди байытууга болот. Тамак-ашты жыл мезгилдерине жараша туура бөлүштүрүү жана каражатты адеп-ыйман эрежелерине жараша колдонуу менен, ошондой эле жоопкерчилик сезими менен коротуу аркылуу байлыкты түгөнгүс кылууга болот”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Иштөө бул – кудук казуу сыяктуу. Кудук качан гана абдан терең казылып, бирок суу дагы деле көрүнбөсө, анда ал ошол бойдон ташталат”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Чуньцю мезгилинде адилеттүү согуштар жок. Ооба, бир тарап экинчи жактан күчтүүрөк болгон учур кезигүүдө. Аскердик жортуулдар деп аталган жүрүштөр — бул жер ээлеринин өзүнө көзкарандыларды жазалоосу. Күчү жагынан тең келген мамлекеттер бири-бирине жазалоо жүрүштөрүн уюштурушпайт».

* * *

Мэн-цзы айткан: «Аскердик жүрүштөрдүн маңызы адилеттүүлүктө камтылган. Эгерде мамлекеттер ортосунда адилеттүүлүк орносо, анда согуштун эмне кереги бар?».

* * *

Мэн-цзы айтты: «Эгерде адамгерчиликтүү жана таланттуу адамдарга ишеним болбосо, анда мамлекеттин бедели бошоңдойт, өзү бош калат. Эгерде каада-салттар менен жоопкерчиликтүүлөрдү колдобосо, анда бийик адамдар менен пас пенделер аралашып калат. Эгерде жогортодон туура жетектөө болбосо, анда өлкөгө каражат жетишпейт”.

* * *

Мэн-цзы айткан: «Баарынан маанилүүсү – эл, экинчи орунда жер менен түшүмдүн рухтары турат, император акыркы орунда”.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ