НЕСИН Азиз: Кофе жана демократия (аңгеме, которгон Абийрбек АБЫКАЕВ)

АҢГЕМЕ

Биздин өлкөдө эки нерсе жетишсиз: ал кофе жана демократия. Бул экөө тең бизге чет өлкөдөн келет.

Биз өз жерибизде кофени өндүрө алган жокпуз. Ага биздин жаратылыш шартыбыз  туура келбейт окшойт.

Ал эми демократияга келсек… Чынында, анын бизде гүлдөп өсүшү үчүн күчүбүздү аяган жокпуз. Тарыхка кайрылсак, анын уругун алып келип сепкенибизге жүз жыл болуптур. Жүз жыл!!!

– О кудай! Биздин демократия тамыр алып, бүр ача баштады.

– Биздин жаш демократиябыз…

– Демократиянын бүчүрлөрү… – кубанычыбыз коюн-кончубузга батпай, тынымсыз ахалап, охолоп жаттык. – Аны сепкендерге даңк!

Жүз жыл өттү, а биздин демократиябыз бүчүрлөгөн боюнча калды. Бирок бирөөлөргө ал чынар теректей көрүнөт.

Эгерде жүз жыл ичинде демократияны өстүрүүгө жумшаган күчүбүздү кофе өстүргөнгө жумшасак, эмдигиче кофе токою өсүп чыгып жунглиге айланмак.

Убагында байкабай калыптырбыз да. Демократиянын уругунун ордуна кофенин уругун сепсек болмок экен.

Мына эми жыйынтык ушул. Биз кудайга ыраазыбыз – демократия жагынан көйгөй жок болсо, кофе боюнча көп кыйынчылыктарды көрүп келебиз.

Кофенин жагымдуу жыты бар, демократиянын жада калса жыты да жок. Кофени чыныга куюп ичесиң. Демократияны жей да албайсың, иче да албайсың. Анда анын пайдасы кайсы десең.

Чет өлкөдөн бизге демократия ашыгы менен келип турат, а кофе андай эмес. Кофе сатылат, демократияны жөн эле беришет. Биринчисине – акча бересиң, экинчиси – бекер. Кофе сатып алуу үчүн валюта керек, демократияны алуу үчүн эч нерсенин кереги жок.

Кофеге биз кандай көңүл бурганыбызга көз жүгүрткүлөчү. Биз ага кандай гана көнүп алганбыз! Жакшы кофеби же жаманбы, эскирип калганбы же жаңыбы, аралашмасы барбы, же тазабы – дароо эле аныктайбыз. Башка заттардан кофе жасап чыгарганды үйрөнүп алган азаматтарга кудайым ден-соолук берсин!

Адегенде арпадан кофе жасашты – биз кабыл албай койдук. Андан кийин буурчактан жасалган кофелер чыкты,– ал да бизге жаккан жок. Азыр буурчактын башка түрүнөн жасап жатышат – биз андай кофени  көрөлүк деген көзүбүз жок. Биз, түрктөр, кофени жандан артык көргөн элбиз. Башка нерселерди алмаштырышса мейли, бирок кофени башка дандардан жасалышына жол бербейбиз.

Оо, Улуу Кудай! Биз кофени жакшы билгендей, демократияны да ошончолук жакшы билсек эмне!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ